Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 3-июну № 79
Аткаруу өндүрүшү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 443-беренеде:
а) 1-бөлүктө:
- биринчи абзац "Соттук аткаруучунун" деген сөздөрдөн кийин ", жеке соттук аткаруучунун" деген сөздөр менен толукталсын;
- экинчи абзацта "50" жана "230" деген цифралар тиешелүүлүгүнө жараша "70" жана "250" деген цифраларга алмаштырылсын;
б) 3-бөлүктө:
- биринчи абзац "соттук аткаруучунун" деген сөздөрдөн кийин ", жеке соттук аткаруучунун" деген сөздөр менен толукталсын;
- экинчи абзацта "150" жана "450" деген цифралар тиешелүүлүгүнө жараша "170" жана "470" деген цифраларга алмаштырылсын;
в) 4-бөлүктүн экинчи абзацында "55" деген цифралар "75" деген цифраларга алмаштырылсын;
2) төмөнкүдөй мазмундагы 443-1-берене менен толукталсын:
"443-1-берене. Балдарды же эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж ата-энелерди багууга каражаттарды төлөбөө
1. Алиментти мезгилдүү төлөө милдети болгондо катары менен үч айдан ашык мезгилде же суммалык бир жыл ичинде пайда болгон карыздын суммасында каражатты соттун чечиминин негизинде баланы же болбосо жашы жеткен, бирок эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж балдарды багууга ата-эненин төлөөдөн баш тартуусу -
үч суткага камакка алууга алып келет.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган, кайталанып жасалган ошол эле жосун -
жети суткага камакка алууга алып келет.
3. Эмгекке жарамдуу жашы жеткен балдардын эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж ата-энелерин багууга каражаттарды жалпысынан үч ай бою соттун актысын же алименттик макулдашууну бузуп төлөбөөсү -
үч суткага камакка алууга алып келет.
Эскертүү. Ушул беренеге ылайык адам жоопкерчиликке тартылгандан кийин 12 айдын ичинде кайталап жасалган укук бузуу кайталанган укук бузуу деп таанылат.
Эгерде адам алименттик милдеттенмелер боюнча карызын толук төлөсө, ал жоопкерчиликтен бошотулат.";
3) 444-беренеде:
а) биринчи абзац "соттук аткаруучу" деген сөздөрдөн кийин ", жеке соттук аткаруучу" деген сөздөр менен толукталсын;
б) экинчи абзацта "30" жана "130" деген цифралар тиешелүүлүгүнө жараша "50" жана "170" деген цифраларга алмаштырылсын;
4) 445-берененин биринчи абзацы "сот аткаруучуга," деген сөздөрдөн кийин "жеке соттук аткаруучуга," деген сөздөр менен толукталсын;
5) 454-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"5) укук бузуулар жөнүндө протоколдор аткаруу документтерин аткаруу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу орган тарабынан түзүлүүчү ушул Кодекстин 443-1-беренеси боюнча.";
6) 486-берене "443" деген цифралардан кийин ", 443-1" деген цифралар менен толукталсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 82-берененин 2-бөлүгүнүн 7-пункту "173" деген цифралардан кийин "жана 178" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 178-беренеде:
а) 1-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"жүз сааттан эки жүз саатка чейинки мөөнөткө коомдук иштерге тартуу же бир жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу менен жазаланат";
б) 2-бөлүктө:
- биринчи абзацта "12" деген цифралар "24" деген цифраларга алмаштырылсын;
- экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"эки жүз сааттан үч жүз саатка чейинки мөөнөткө коомдук иштерге тартууга же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.";
в) 3-бөлүктө:
- биринчи абзац "соттун чечими" деген сөздөрдөн кийин "жана сот аткаруучусунун токтому" деген сөздөр менен толукталсын;
- экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.";
г) эскертүүдө:
- биринчи абзац "соттун чечими" жана "соттун чечимин" деген сөздөрдөн кийин тиешелүүлүгүнө жараша "жана сот аткаруучусунун токтому" жана "жана сот аткаруучусунун токтомун" деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Ушул беренеде каралган кылмыштарды жасаган адамдарга карата ушул Кодекстин 57 жана 82-беренелеринин талаптары колдонулбайт; көрсөтүлгөн адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте баланы же болбосо жашы жеткен, бирок эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж балдарды багууга каражаттарды төлөө боюнча карыздар толук көлөмдө төлөнгөнгө чейин кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулбайт.";
3) 248-беренеде:
а) берененин аталышында "Жеке нотариустар" деген сөздөр "Жеке сот аткаруучулар, жеке нотариустар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 1-бөлүктө "Жеке нотариустар" деген сөздөр "Жеке сот аткаруучулар, жеке нотариустар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 353-берененин биринчи абзацы "соттук аткаруучуга," деген сөздөрдөн кийин "жеке соттук аткаруучуга," деген сөздөр менен толукталсын;
5) 373-берененин аталышы жана 1-бөлүгү "Сот аткаруучусун", "сот аткаруучусунун" деген сөздөрдөн кийин тиешелүүлүгүнө жараша ", жеке сот аткаруучусун" жана ", жеке сот аткаруучусунун" деген сөздөр менен толукталсын.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 1 (2), 13-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 23-1-главанын аталышы "сот аткаруучусунун" деген сөздөрдөн кийин ", жеке сот аткаруучусунун" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 211-1 жана 211-2-беренелеринин аталышы жана тексти "Сот аткаруучусунун" деген сөздөрдөн кийин ", жеке сот аткаруучусунун" деген сөздөр менен толукталсын;
3) 211-3-беренеде:
а) аталышы жана 1-бөлүк "Сот аткаруучусунун" деген сөздөрдөн кийин ", жеке сот аткаруучусунун" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 2-бөлүктө:
- биринчи сүйлөм "Сот аткаруучусунун" деген сөздөрдөн кийин ", жеке сот аткаруучусунун" деген сөздөр менен толукталсын;
- экинчи сүйлөм "сот аткаруучулары кызматынын бөлүмдөрүнө" деген сөздөрдөн кийин ", же жеке сот аткаруучусуна" деген сөздөр менен толукталсын;
4) 211-4-беренеде:
а) аталышы жана 1-бөлүгү "Сот аткаруучусунун", "сот аткаруучусунун" деген сөздөрдөн кийин ", жеке сот аткаруучусунун" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 5-бөлүк "сот аткаруучусуна" деген сөздөрдөн кийин ", жеке сот аткаруучусуна" деген сөздөр менен толукталсын;
5) 211-5-беренеде:
а) 1-бөлүк "сот аткаруучусунун" деген сөздөрдөн кийин ", жеке сот аткаруучусунун" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 3-бөлүк "кызмат адамына" деген сөздөрдөн кийин "же жеке сот аткаруучусуна" деген сөздөр менен толукталсын;
6) 211-6-беренеде:
а) аталышы "сот аткаруучуларынын" деген сөздөрдөн кийин ", жеке сот аткаруучуларынын" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 1-бөлүктүн биринчи абзацы "Сот аткаруучуларынын" деген сөздөрдөн кийин ", жеке сот аткаруучуларынын" деген сөздөр менен толукталсын.
4-берене.
"Банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 17-августу, № 72-74) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
58-беренеде:
а) 1-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Юридикалык жана жеке жактардын банк эсептеринде же сактоодо турган акча каражаттары жана башка баалуулуктары өндүрүп алууга тийиш болгон сумманын чегинде соттук актынын негизинде, ошондой эле "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 2 жана 3-пункттарында көрсөтүлгөн аткаруу документинин негизинде чыгарылган сот аткаруучусунун же жеке сот аткаруучусунун токтому менен камакка алынат.";
б) 2-бөлүктө "аткаруу документтеринин негизинде сот тарабынан," деген сөздөр "өндүрүп алууга тийиш болгон сумманын чегинде "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 2 жана 3-пункттарында көрсөтүлгөн аткаруу документтеринин негизинде сот аткаруучу, жеке сот аткаруучу тарабынан," деген сөздөргө алмаштырылсын.
5-берене.
"Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 1 (2), 15-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-берененин 3-бөлүгү "сот аткаруучулардын" деген сөздөрдөн кийин ", жеке сот аткаруучулардын" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 2-беренеде:
а) 2-бөлүктүн 5-пункту "сот аткаруучунун" деген сөздөрдөн кийин ", жеке сот аткаруучунун" деген сөздөр менен толукталсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"3. Аткаруу өндүрүшү кагаз жана/же электрондук формада жүргүзүлөт.
Аткаруу өндүрүшүнүн электрондук формасы автоматташтырылган маалыматтык тутумдарды, ошондой эле корголгон байланыш каналдарын колдонуу менен жүзөгө ашырылат.";
3) 3-берене төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Эгерде ушул Мыйзамдан башкасы түздөн-түз келип чыкпаса, ушул Мыйзамдын максаттары үчүн мыйзам тарабынан сот аткаруучуларга жүктөлгөн ыйгарым укуктар, укуктар жана милдеттер жеке сот аткаруучуларга да жайылтылат.";
4) 4-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына караштуу Сот аткаруучулар кызматынын борбордук аппаратынын (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) кызматкерлери сот аткаруучулар болуп саналат жана өз ишин ушул Мыйзамга ылайык жүзөгө ашырышат.";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 10-бөлүк менен толукталсын:
"10. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацынын, ошондой эле 5 жана 6-бөлүктөрүнүн колдонулушу жеке сот аткаруучуларга жайылтылбайт.";
5) 5-беренеде:
а) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жобосу жана түзүмү Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору тарабынан бекитилет.";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"3. Ушул берененин колдлонулушу жеке сот аткаруучуларга жайылтылбайт.";
6) 6-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. 21 жашка толгон жана мамлекеттик аккредитациясы бар билим берүү программалары боюнча "Юриспруденция" адистигинен жогорку юридикалык билимге ээ же "бакалавр" жана "магистр" квалификациясында "Юриспруденция" даярдоо багыты боюнча жогорку билим алган, ден соолугунун абалы жана психофизиологиялык маалыматтары боюнча ага жүктөлгөн милдеттерди аткарууга жарактуу Кыргыз Республикасынын жараны сот аткаруучу боло алат.";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-бөлүк менен толукталсын:
"1-1. Төмөнкүдөй адам сот аткаруучу боло албайт:
1) соттун чечими менен аракетке жөндөмсүз деп таанылган же болбосо соттун айыптоо өкүмү менен мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын кызматкери катары иш жүргүзүүгө же белгилүү бир кызмат ордун ээлөөгө тыюу салынган;
2) ушул бөлүктүн 3-пунктунда каралган учурларды кошпогондо, мыйзамдарда белгиленген тартипте жоюлбаган соттуулугу бар;
3) соттуулугу жоюлганына же алынганына карабастан, коррупциялык жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы башка кылмыш жасагандыгы үчүн соттуулугу бар;
4) ага карата ушул бөлүктүн 3-пунктунда көрсөтүлгөн кылмыштар боюнча кылмыш иши реабилитацияланбоочу негиздер боюнча токтотулган;
5) башка мамлекеттин жарандыгы бар.";
в) төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"5. Ушул берененин колдонулушу жеке сот аткаруучуларга жайылтылбайт.";
7) 7 жана 8-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7-берене. Сот аткаруучуларын кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу тартиби
1. Башкы сот аткаруучу Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
2. Башкы сот аткаруучунун Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу орун басарлары болот.
3. Улук сот аткаруучулар жана сот аткаруучулар мамлекеттик жарандык кызмат жөнүндө мыйзамдарга жана эмгек жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Башкы сот аткаруучу тарабынан кызмат ордуна дайындалышат жана кызмат ордунан бошотулушат.
4. Ушул берененин колдонулушу жеке сот аткаруучуларга жайылтылбайт.
8-берене. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган
1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган
1) өзүнүн карамагында турган сот аткаруучулардын аймактык бөлүмдөрүнүн, кызмат бөлүмдөрүнүн ишин координациялоону жана контролдоону жүзөгө ашырат;
2) сот аткаруучулар кызматынын адистештирилген бөлүмдөрүн түзөт;
3) жеке сот аткаруучуларга жеке сот аткаруучунун ишин жүзөгө ашырууга укук жөнүндө күбөлүк берет (мындан ары - жеке сот аткаруучунун күбөлүгү);
4) Кыргыз Республикасынын Жеке сот аткаруучуларынын бирдиктүү реестрин түзөт, аны жүргүзүү тартибин аныктайт жана аны расмий сайтта жарыялайт;
5) жеке сот аткаруучунун ишин жүзөгө ашыруу укугун токтото турат жана токтотот;
6) жеке сот аткаруучулардын иш-аракеттерине сотко чейинки тартипте даттанууларды карайт;
7) Милдеттенмелердин реестрин түзөт жана жүргүзөт;
8) ушул Мыйзамда каралган башка функцияларды жүзөгө ашырат.
2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган сот аткаруучулардын ишин контролдоону жана координациялоону ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жөнүндө жобого ылайык жүзөгө ашырат.
3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мекемелерди түзүүгө укуктуу. Аларды түзүү жана иштөө тартиби Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору тарабынан бекитилүүчү жобо менен жөнгө салынат.
4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына отчет берет. Алардын өз ара аракеттенүү тартиби Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору тарабынан аныкталат.";
8) 9-берененин 1-бөлүгүндө:
а) 2-пунктта "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 6 жана 7-пункттарда "областтын башкы сот аткаруучусунун,", "областтын башкы сот аткаруучусун," деген сөздөр алып салынсын;
в) 8-пункт "Башкы сот аткаруучу" деген сөздөрдөн кийин ", жеке сот аткаруучунун өндүрүшүндө турган аткаруу документтерин кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын;
9) 10-берене күчүн жоготту деп таанылсын;
10) 11-беренеде:
а) биринчи абзацта "Улук сот аткаруучуларга" деген сөздөр "1. Улук сот аткаруучуларга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 6-пунктта "областтын" деген сөз алып салынсын:
в) төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"2. Ушул берененин колдонулушу жеке сот аткаруучуларга жайылтылбайт.";
11) 12-берененин 1-бөлүгүндө:
а) 2-пункт "токтомдорду чыгарууга" деген сөздөрдөн кийин ", жеке сот аткаруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген укук бузуулар үчүн жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуш киргизүүгө" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 11-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11) ушул Мыйзамда белгиленген тартипте карызкорлордун банктарда, финансы-кредиттик уюмдарда, башка финансылык институттарда жана казыналыкта турган акча каражаттарына, салымдарына, башка баалуулуктарына жана активдерине, ошондой эле баалуу кагаздарына аткаруу документинде көрсөтүлгөн өлчөмдө камак салууга;";
в) төмөнкүдөй мазмундагы 15-2 - 15-4-пункттар менен толукталсын:
"15-2) карызкорго жана анын мүлкүнө мамлекет аралык жана/же эл аралык издөө жарыялоого;
15-3) мамлекеттин кычыкчылыгында аткаруу өндүрүшүнүн алкагында эл аралык келишимдерге ылайык чет мамлекеттин аймагында аткаруу иш-аракеттерин жасоого;
15-4) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен ишке орноштуруу жөнүндө келишим түзүлгөн уюмдарга жана мекемелерге карызкорлорду жөнөтүүгө;";
12) төмөнкүдөй мазмундагы 12-1-берене менен толукталсын:
"12-1-берене. Жеке сот аткаруучунун башка ыйгарым укуктары
1. Жеке жана юридикалык жактар аткаруу өндүрүшү чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузгандыгы аныкталган учурларда жеке сот аткаруучу аткаруу документинин талаптары аткарылбагандыгы жөнүндө акт түзөт.
Аткаруу документинин талаптары аткарылбагандыгы жөнүндө акт жазуу жүзүндө таризделет жана жеке сот аткаруучу тарабынан кол коюлат.
Аткаруу документинин талаптары аткарылбагандыгы жөнүндө акт укук бузуунун бар экендигин ырастоочу документтер менен бирге жеке сот аткаруучунун сунушу менен жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маселени кароо үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга же болбосо анын аймактык бөлүмүнө жиберилет.
2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же болбосо анын аймактык бөлүмү материалдарды карап чыгат жана укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарда каралган тартипте чечим чыгарат.
Ыйгарым укуктуу орган же болбосо анын аймактык бөлүмү кабыл алынган чечим жөнүндө жеке сот аткаруучуга жазуу жүзүндө кабарлайт.
Кабыл алынган чечимге макул болбогон учурда, жеке сот аткаруучу чечимди жогору турган сот аткаруучуга же сотко даттанууга укуктуу.";
13) 13-беренеде:
а) 2-бөлүктө "областтын башкы сот аткаруучусуна," деген сөздөр алып салынсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"4. Ушул берененин колдонулушу жеке сот аткаруучуларга жайылтылбайт.";
14) 14-берене төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:
"6. Ушул берененин колдонулушу жеке сот аткаруучуларга жайылтылбайт.";
15) 15-берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"4. Ушул берененин колдонулушу жеке сот аткаруучуларга жайылтылбайт.";
16) 16-беренеде:
а) 1-бөлүк "сот аткаруучуларына" деген сөздөрдөн кийин "жана жеке сот аткаруучуларга" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 2-бөлүктө:
- экинчи абзац "мамлекеттик бийлик органдары," деген сөздөрдөн кийин "башка органдар," деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын маалымат системаларынын ээси болуп Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы саналат.";
17) 17-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 3-1-пунктунда каралган аткаруу документтери, эгерде сумма 500 эсептик көрсөткүчтөн ашса, мажбурлап аткартуу үчүн жөнөтүлөт.";
18) 18-берененин 1-бөлүгүндө:
а) 4-пунктта "алар бар болгондо" деген сөздөр алып салынсын;
б) 5-пунктта "эгерде ал белгилүү болсо," деген сөздөр алып салынсын;
19) 20-беренеде:
а) 5-бөлүктө "же областтын башкы сот аткаруучусунун" деген сөздөр алып салынсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 5-1-бөлүк менен толукталсын:
"5-1. Сот аткаруучу зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык чет мамлекеттин аймагында аткаруу иш-аракеттерин жасайт.";
20) 21-беренеде:
а) 1-бөлүктө:
- экинчи абзацта "22 саат өткөндөн кийин" деген сөздөр "саат 22:00 болгондон кийин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Ушул эле учурларда жеке сот аткаруучуда турган аткаруу өндүрүшү боюнча ал ушул бөлүктүн экинчи абзацында каралган тартипте Жеке сот аткаруучулардын палатасына кабарлайт.";
б) 3-бөлүк "улук сот аткаруучуга" деген сөздөрдөн кийин ", ал эми жеке сот аткаруучу - Жеке сот аткаруучулардын палатасына" деген сөздөр менен толукталсын;
21) 22-беренеде:
а) 2, 3 жана 4-бөлүктөрдө "же областтын башкы сот аткаруучусу" деген сөздөр алып салынсын;
б) 6-бөлүк "сот аткаруучу" деген сөздөрдөн кийин ", жеке сот аткаруучу" деген сөздөр менен толукталсын;
в) төмөнкүдөй мазмундагы 8-бөлүк менен толукталсын:
"8. Жыйынды жана контролдук аткаруу өндүрүшүн жүргүзүү зарылдыгы болгондо, жеке сот аткаруучудан сот аткаруучуга аткаруу өндүрүшүн өткөрүп берүү өндүрүп алуучунун жазуу жүзүндөгү макулдугу менен жүргүзүлүшү мүмкүн.";
22) 23-беренеде:
а) 2-бөлүктүн 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) сот аткаруучулардын кызматынын аймактык бөлүмүнүн аталышы - сот аткаруучулар үчүн, жеке сот аткаруучунун күбөлүктөрүнүн реквизиттери - жеке сот аткаруучулар үчүн;";
б) 3-бөлүктүн экинчи абзацы "Сот аткаруучунун", "сот аткаруучунун" деген сөздөрдөн кийин ", жеке сот аткаруучунун" деген сөздөр менен толукталсын;
в) 5-бөлүк "кызматынын бөлүмүнө" деген сөздөрдөн кийин "же жеке сот аткаруучуга" деген сөздөр менен толукталсын;
23) 31-берененин 4-бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
24) төмөнкүдөй мазмундагы 31-1-берене менен толукталсын:
"31-1-берене. Сот аткаруучулардын мамлекеттик органдар жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенүүсү
1. Сот аткаруучулар өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди мамлекеттик органдар жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенүүдө аткарышат.
Көрсөтүлгөн органдар жана уюмдар сот аткаруучуларга сот актыларын жана башка органдардын актыларын мажбурлап аткартууну камсыз кылууда көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.
2. Сот актыларын жана башка органдардын актыларын мажбурлап аткартууну камсыз кылуу максатында:
1) ички иштер органдары:
а) сот аткаруучунун токтомунун негизинде карызкорду - жеке адамды, алынып коюуга тийиш болгон баланы, ошондой эле автомототранспорт каражаттарын издөөнү жүзөгө ашырат;
б) сот аткаруучуга келүүдөн баш тарткан адамдарды белгиленген тартипте мажбурлап алып келүүнү камсыз кылат;
в) аткаруу иш-аракеттери өндүрүлүп жатканда, анын ичинде сот аткаруучу аткаруу иш-аракеттерин жасоосуна кандайдыр бир тоскоолдуктар болгондо коомдук тартипти сактоону камсыз кылат;
г) сот аткаруучунун тапшырмасынын негизинде мыйзамда белгиленген мажбурлап аткартуу чараларын көрүү үчүн, анын ичинде автомототранспорт каражатын өндүрүп алууга айландыруу үчүн автомототранспорт каражатын мажбурлап токтотууну камсыз кылат;
д) аткаруу иш-аракеттерин жасоонун жүрүшүндө сыпатталган автомототранспорт каражаттарын кароодон өткөрүүгө мыйзамда белгиленген учурларда катышат;
2) транспорт каражаттарын каттоо, кайра каттоо, айдоочулук күбөлүктү, тракторист-машинист күбөлүгүн берүү жана айдоочуларды транспорт каражаттарын башкарууга киргизүү жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча орган:
а) сот аткаруучунун жазуу жүзүндөгү суроо-талабы боюнча үч күндүк мөөнөттүн ичинде автомототранспорт каражатынын ээси жөнүндө, тиешелүү карызкорлорго катталган автомототранспорт каражаттары жөнүндө маалыматты, ошондой эле автомототранспорт каражаттарына менчик укугун жана башка буюмдук укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө башка маалыматты берет;
б) аларды каттоого же кайра каттоого сот аткаруучулар тарабынан белгиленген тыюуларды аткарат;
3) жер ресурстары жана жерге укуктук мамилелер, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, кадастрдык баалоо, геодезия жана картография, жер ресурстары боюнча толук кандуу геомаалымат системасын түзүү, ошондой эле топографиялык-геодезиялык, картографиялык жана жерге жайгаштыруу иштерин аткаруу жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу орган:
а) сот аткаруучунун суроо-талабы боюнча үч күндүк мөөнөттө кыймылсыз мүлккө, анын ичинде жер участогуна болгон менчик укугун жана башка буюмдук укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө, укук ээлери тууралуу, ошондой эле башка кадастрдык маалыматтарды берет;
б) соттун чечиминин же сот аткаруучунун токтомунун, же болбосо сот аткаруучу тарабынан бекитилген өндүрүп алуучу менен карызкордун ортосундагы кыймылсыз мүлктү өткөрүп берүү актысынын негизинде кыймылсыз мүлккө, анын ичинде жер участогуна болгон менчик укугун жана башка буюмдук укуктарды мамлекеттик каттоону жүзөгө ашырат;
в) сот аткаруучунун жазуу жүзүндөгү тапшырмасы боюнча мыйзамдарда белгиленген тартипте кадастрдык ишти түзүүнү жана кыймылсыз мүлккө, анын ичинде жер участогуна болгон менчик укугун жана башка буюмдук укуктарды мамлекеттик каттоону жүзөгө ашырат;
г) сот аткаруучу тарабынан белгиленген кыймылсыз мүлктү ажыратууга жана жер участогуна болгон укукка тыюу салууну аткарат;
д) жер участогун алып коюу жана өткөрүп берүү жөнүндө аткаруу иш-аракеттерин жасоого, ал эми мыйзамдарда белгиленген учурларда аткаруу иш-аракеттерин жасоонун жүрүшүндө сыпатталган башка кыймылсыз мүлктү кароодон өткөрүүгө катышат;
4) мамлекеттик салык кызматынын органдары:
а) бюджетке жана мамлекеттик максаттуу фонддорго милдеттүү төлөмдөр боюнча карызды карызкордун мүлкүнүн эсебинен өндүрүүнү караган аткаруу документтерин мажбурлап аткартууну камсыз кылууда сот аткаруучуларына көмөк көрсөтөт;
б) сот аткаруучунун тапшырмасы боюнча карызкордун салык жана бюджетке башка милдеттүү төлөмдөрү боюнча карызын эсептөөнү жүзөгө ашырат жана аны сот аткаруучуга берет;
в) сот аткаруучунун жазуу жүзүндөгү суроо-талабы боюнча карызкор - салык төлөөчү жөнүндө мамлекеттик салык кызматы органдарынын маалыматтар базасында болгон маалыматты үч күндүк мөөнөттө берет;
г) салык жана башка милдеттүү төлөмдөрдөн баш тарткан карызкордун эсепке алынбаган кирешелерин аныктоодо сот аткаруучуларга көмөк көрсөтөт;
д) мыйзамдарда белгиленген учурларда, сатылбай калган мүлктүн баасынын төмөндөтүлүшүнө катышат;
5) казыналык органдар:
а) сот аткаруучунун токтомунун негизинде аткаруу документинин талаптарын аткаруу үчүн он күндүк мөөнөттүн ичинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинен же бирдиктүү казыналык эсептен акча каражаттарын которот;
б) карызкордун - бюджеттик уюмдун бирдиктүү казыналык эсепте турган акча каражаттарын камакка алуу жөнүндө сот аткаруучунун токтомунун, ошондой эле сот аткаруучунун токтомунда каралган карызкордун акча каражаттарын пайдаланууга карата башка чектөөлөрдүн аткарылышын камсыз кылат;
6) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы:
а) карызкордун - жеке жактын Кыргыз Республикасынан чыгуусуна убактылуу чектөө коюу жөнүндө соттун чечиминин же сот аткаруучунун токтомунун аткарылышын камсыз кылат, сот актысынын же башка органдын актысынын, ошондой эле өндүрүп алуу каралган мүлктүн талаптарын аткаруудан баш тарткан карызкорлордун - жеке жактардын Кыргыз Республикасынан чыгуусунунун алдын алуу боюнча чараларды көрөт;
б) Кыргыз Республикасынан чыгууга убактылуу чектөө киргизилген же болбосо алып салынган карызкорлор - жеке жактар жөнүндө маалыматты мажбурлап аткартуу органдары менен ыкчам алмашууну белгиленген тартипте жүзөгө ашырат;
7) улуттук коопсуздук органдары Кыргыз Республикасындагы Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү тутумуна корголгон байланыш каналдары аркылуу жеткиликтүүлүктү берет, анын тартиби ведомстволор аралык буйруктар менен аныкталат.
3. Мыйзамдарда сот аткаруучулардын мамлекеттик органдар жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенүүсүнүн башка да формалары белгилениши мүмкүн.";
25) 34-беренеде:
а) 3-бөлүктүн экинчи абзацында "областтын башкы сот аткаруучусу, ал эми областтын башкы сот аткаруучусун четтетүү жөнүндө маселе" деген сөздөр алып салынсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-бөлүк менен толукталсын:
"3-1. Жеке сот аткаруучуну четтетүү жөнүндө маселе ушул беренеде белгиленген тартипте Жеке сот аткаруучулардын палатасы тарабынан каралат.";
26) 35-беренеде:
а) 2-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Жеке сот аткаруучу өзүн өзү четтеткен учурда, аткаруу өндүрүшүнүн материалдары өндүрүп алуучунун жазуу жүзүндөгү макулдугу менен башка жеке сот аткаруучуга өткөрүлүп берилет, же болбосо аткаруу документи өндүрүп алуучунун арызы боюнча ага кайтарылат.";
б) 3-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Жеке сот аткаруучунун өзүн өзү четтетүү жөнүндө токтомун тараптар сотко даттанууга укуктуу.";
27) 38-берененин 6-бөлүгүндө "бузуулар" деген сөз "укук бузуулар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
28) 40-беренеде:
а) биринчи абзац "алты айдан ашпаган мөөнөттө," деген сөздөрдөн кийин "укук бузуулар жөнүндө токтомдор токтомдун колдонулуу мөөнөтүндө аткарылууга тийиш," деген сөздөр менен толукталсын;
б) экинчи абзац "белгиленген мөөнөттөр" деген сөздөрдөн кийин ", эгерде ушул Мыйзамда башкача каралбаса." деген сөздөр менен толукталсын;
29) 43-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Аткаруу өндүрүшүнө катышкан адамдар аткаруу иш-аракеттери жана мажбурлап аткартуу чаралары жөнүндө төмөнкү ыкмалардын бири менен кабарланат: СМС-билдирүү, кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервистери, телефонограмма, телеграмма, электрондук почта, электрондук же тиешелүү кабарлоону сот аткаруучусу жиберген жана даректелүүчү алган фактысын белгилөөгө мүмкүндүк берүүчү телекоммуникациянын башка ушуларга окшош формалары аркылуу, ал эми мындай мүмкүнчүлүк жок болгон учурда чакыруу кагазы же болбосо тапшыргандыгы жөнүндө билдирүү менен кабарламаны жиберүү жолу менен.";
б) 3-бөлүктүн биринчи абзацы "чакыруу кагазы" деген сөздөрдөн кийин "мобилдик телефон номери," деген сөздөр менен толукталсын;
30) 44-берененин 1-бөлүгүнүн 1-пункту "жана дарегин" деген сөздөрдөн кийин "же болбосо жеке сот аткаруучунун жайгашкан жерин" деген сөздөр менен толукталсын;
31) 45-беренеде:
а) 1 жана 3-бөлүктөрдө "сот аткаруучулар бөлүмүнө" жана "сот аткаруучулардын бөлүмүнө" деген сөздөрдөн кийин "же болбосо жеке сот аткаруучуга" деген сөздөр менен толукталсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 7-бөлүк менен толукталсын:
"7. Ушул берененин ченемдери сот аткаруучунун токтомун жана ыктыярдуу аткаруу жөнүндө сунушун жеткирүү тартибине жайылтылат.";
32) 46-беренемин 1-бөлүгүндө "өзүнүн дареги алмашканы жөнүндө сот аткаруучулар бөлүмүнө" деген сөздөр "уюлдук телефон номерин, өзүнүн дарегин алмашканы жөнүндө coт аткаруучулар бөлүмүнө же болбосо жеке сот аткаруучуга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
33) 7-глава төмөнкүдөй мазмундагы 46-1 жана 46-2-беренелер менен толукталсын:
"46-1-берене. Милдеттенмелер реестрин жүргүзүү
1. Милдеттенмелер реестринде ушул Мыйзамдын 114-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4 жана 7-пункттарында көрсөтүлгөн негиздер боюнча өндүрүшү токтотулган аткаруу документтери боюнча маалыматтар убактылуу сакталат.
2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аткаруу документтери боюнча маалыматтарды камтыган Милдеттенмелер реестрин жүргүзөт.
3. Милдеттенмелер реестрине киргизилген аткаруу документтери боюнча аткарылбаган милдеттенмелердин болушу мамлекеттик органдар-жана башка уюмдар тарабынан онлайн режиминде текшерилет.
4. Мамлекеттик органдар жана башка уюмдар Милдеттенмелер реестрине киргизилген аткаруу документтери боюнча маалыматты ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен белгиленген тартипте ыкчам алмашууну жүзөгө ашырат.
46-2-берене. Милдеттенмелер реестрине аткаруу документтер боюнча маалыматтарды киргизүү тартиби, сактоо жана алып салуу мөөнөттөрү
1. Аткаруу документтери боюнча маалыматтар автоматташтырылган тутум аркылуу Милдеттенмелер реестрине киргизилет жана он жыл бою сакталат.
2. Аткаруу документи боюнча маалыматтарды Милдеттенмелер реестрине киргизүү мыйзамда белгиленген негиздер пайда болгондо карызкорду банкрот деп таануу жол-жобосун баштоого тоскоолдук кылбайт.
3. Аткаруу документтер боюнча маалыматтар Милдеттенмелер реестринен төмөнкүдөй учурларда алып салынат:
1) аткаруу документи иш жүзүндө аткарылганда;
2) өндүрүп алуучунун арызы боюнча;
3) аткаруу документин соттун же документ берген башка органдын талабы боюнча аткарылбастан кайтарып берүүдө;
4) соттун карызкорду - юридикалык жакты банкрот деп таануу жөнүндө чечими болсо;
5) карызкор - юридикалык жак юридикалык жактардын бирдиктүү мамлекеттик реестринен чыгарылса;
6) карызкордун мүлкү же акча каражаттары жөнүндө маалыматтар он жыл ичинде аныкталбаса.";
34) 47-беренеде:
а) 1-бөлүктүн биринчи абзацы "чараларын көрүү жери боюнча" деген сөздөрдөн кийин "тиешелүү сот аткаруучулар бөлүмүнө же жеке сот аткаруучуга" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 2-бөлүктүн экимчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Башкы сот аткаруучу көрсөтүлгөн документтерди сот аткаруучулардын тиешелүү бөлүмүнө алар алынган күндөн тартып беш күндүк мөөнөттө, а эгерде аткаруу документтери токтоосуз аткарылууга тийиш болсо алар алынган күнү жиберет.";
35) 48-беренеде:
а) төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-бөлүк менен толукталсын:
"1-1. Өндүрүп алуучу аткаруу документин берүү менен кайрылган учурдан тартып кийинки күндөн кечиктирбестен жеке сот аткаруучу аткаруу документин кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө маселени кароого же мажбурлап аткартуу боюнча кызмат көрсөтүүгө өндүрүп алуучу менен келишим түзүүгө милдеттүү.
Аткаруу документтерин мажбурлап аткартуу боюнча кызмат көрсөтүү жөнүндө келишим жарандык мыйзамдарга ылайык түзүлөт.
Кызмат көрсөтүү жөнүндө типтүү келишим ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"4. Ушул берененин 3-бөлүгүнүн колдонулушу жеке сот аткаруучуларга жайылтылбайт.";
36) 49-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-пункт менен толукталсын:
"2-1) аткаруу документи жеке сот аткаруучуларга уруксат берилбеген аткаруу документтеринин категориялары боюнча берилди;";
37) 50-берененин 3-бөлүгүнүн биринчи абзацында "карызкор алган" деген сөздөр "карызкорго талаптагыдай тапшырган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
38) 51-беренеде:
а) 1-бөлүктө:
- 2-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 5-1-пункт менен толукталсын;
"5-1) менчигинин түрүнө карабастан, карызкордун - юридикалык жактын жетекчисинин Кыргыз Республикасынан чыгуусуна убактылуу чектөө киргизет;";
б) 2-бөлүк "5" деген цифрадан кийин ", 5-1 жана 7" деген сөздөр менен толукталсын;
в) 3-бөлүк "5" деген цифрадан кийин "жана 5-1" деген сөздөр менен толукталсын;
39) 56-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"56-берене. Банктарда жана башка финансы-кредиттик уюмдарда турган акча каражаттарына, салымдарга жана башка баалуулуктарга камак салуу
1. Сот аткаруучу ушул Мыйзамдын 17-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 2 жана 3-пункттарында каралган аткаруу документтерине ылайык карызкордун банктарда, финансы-кредиттик уюмдарда, башка финансылык институттарда жана казыналыкта турган акча каражаттарына, депозиттерине, башка баалуулуктарына жана активдерине, ошондой эле баалуу кагаздарына аткаруу документинде көрсөтүлгөн өлчөмдө камак салат. Камакка алуунун өлчөмү өндүрүп алуучунун талаптарын канааттандыруу үчүн жана аткаруу өндүрүшү менен байланышкан чыгымдарды, анын ичинде сот аткаруучунун сыйакысын өндүрүү үчүн зарыл болгон көлөмдө аныкталат.
2. Ушул Мыйзамдын 17-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 2 жана 3-пункттарында көрсөтүлгөн сот актысынын же аткаруу документтеринин негизинде чыгарылган карызкордун акча каражаттарына, депозиттерине жана башка баалуулуктарына камак салуу жөнүндө токтом сот аткаруучу тарабынан банкка, финансы-кредиттик уюмга, башка финансылык уюмдарга жана казыналыкка жиберилет. Карызкордун акча каражаттарына, депозиттерине жана башка баалуулуктарына камак салуу жөнүндө токтомго ушул Мыйзамда белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.
Банк же финансы-кредиттик уюм карызкордун акча каражаттарына, салымдарына жана башка баалуулуктарына камак салуу жөнүндө токтомду токтоосуз аткарат жана соттук аткаруучуга, жеке сот аткаруучуга карызкордун камакка алынган акча каражаттарынын, салымдарынын жана башка баалуулуктарынын өлчөмү жөнүндө билдирет.
3. Сот аткаруучу карызкордун банктар тарабынан ашыкча камакка алынган акча каражаттарын, салымдарын жана башка баалуулуктарын камактан чыгаруу боюнча токтоосуз чараларды көрөт.
4. Ушул берененин жоболору баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун атайын эсебинде турган карызкордун акча каражаттарына карата да колдонулат.";
40) 57-берененин 7-бөлүгү "сот аткаруучулар кызматынын тиешелүү бөлүмүнүн" деген сөздөрдөн кийин "же жеке сот аткаруучунун" деген сөздөр менен толукталсын;
41) 66-беренеде:
а) 1-бөлүктө:
- биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Карызкордун - юридикалык жактын сейфтеринде, кассасында табылган, карызкордун - юридикалык жактын башка жайларында болгон, же банктарда, финансылык жана кредиттик уюмдарда сакталган улуттук жана чет өлкөлүк валютадагы накталай акча каражаттары камакка алынат же алып коюлат.";
- экинчи абзац "бөлүмдөрүнүн" деген сөздөн кийин ", жеке сот аткаруучунун" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Карызкордун эсептеринен акча каражаттарын которуу аткаруу документинин, сот аткаруучунун, жеке сот аткаруучунун сот тарабынан берилген аткаруу документинин негизинде чыгарылган токтомунун негизинде банк же башка финансы-кредиттик уюм тарабынан жүргүзүлөт жана банкка карызкордун төлөм тапшырмасын берүүнү талап кылбайт.
Акча каражаттанып өндүрүп алуу жөнүндө токтомдо карызкордун аталышы, карызкордун банктык реквизиттери, жеке сот аткаруучунун, сот аткаруучулар кызматынын тиешелүү аймактык органынын депозиттик эсебинин реквизиттери, өндүрүлүп алынуучу каражаттардын суммасы камтылууга тийиш.";
в) 4-бөлүк "сот аткаруучулардын" деген сөздөрдөн кийин ", жеке сот аткаруучулардын" деген сөздөр менен толукталсын;
42) 84-беренеде:
а) 4-бөлүктүн 2-пунктунун биринчи абзацы "сот аткаруучулардын" деген сөздөрдөн кийим ", жеке сот аткаруучунун" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 5-бөлүктүн биринчи абзацында "23:59да" деген сөздөр "23:59дан өткөндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 7-бөлүк "сот аткаруучулардын" деген сөздөрдөн кийин ", жеке сот аткаруучунун" деген сөздөр менен толукталсын;
г) 9-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Ушул берененин 8-бөлүгүндө каралган учурларда, жеке сот аткаруучунун депозиттик эсебине түшкөн шертпулдун суммасынын 1/3и жеке сот аткаруучунун тескөөсүндө калат, сумманын 2/3си жеке сот аткаруучу тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аткаруу өндүрүшүн өнүктүрүү боюнча атайын эсепке которулат.";
43) 85-берененин 5-бөлүгүнүн биринчи абзацында "шертпул мамлекеттин пайдасына айлантылган кирешелерге жиберилет" деген сөздөр "ушул Мыйзамдын 94-беренесинин 8-бөлүгү колдонулат" деген сөздөргө алмаштырылсын;
44) 89-берененин 1-бөлүгүндө:
а) 2-пунктта "Өкмөтү" жана "эки жүз" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө жана "500" деген цифраларга алмаштырылсын;
б) 4-пунктта "эки жүз" деген сөздөр "500" деген цифраларга алмаштырылсын;
45) 93-беренеде:
а) 6-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Карызкор алименттик макулдашууну же алиментти төлөө боюнча сот актысын аткарбаганда же толук эмес көлөмдө аткарганда (жалпысынан үч айдын ичинде), сот аткаруучу Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протокол түзөт жана сотко жөнөтөт.";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 7-бөлүк менен толукталсын:
"7. Он эки айдан ашкан мөөнөттө пайда болгон карыз бар болсо, сот аткаруучу материалдарды ички иштер органдарына өткөрүп берүүгө милдеттүү.";
46) 94-беренеде:
а) 5-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Эгерде ушул берененин 3-бөлүгүндө белгиленген айыпты төлөө үчүн мөөнөт аяктагандан кийин сот аткаруучуда карызкор тарабынан тиешелүү акчалай сумма төлөнгөндүгү жөнүндө маалымат жок болсо, анда ал сот актысын чыгарган сотко жаза катары дайындалган айыпты эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазага алмаштыруу жөнүндө сунуш киргизет. Эгерде адам айыпталуучу деп таанылган берененин санкциясы эркиндигинен ажыратууну карабаса, адам Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 370-беренесинин негизинде кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылат. Сотко сунуш менен бирге аткаруу барагы да кайтарылат.";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:
"6. Ушул берененин колдонулушу жеке сот аткаруучуларга жайылтылбайт.";
47) 95-берене төмөнкүдөй мазмундагы 8-бөлүк менен толукталсын:
"8. Ушул берененин колдонулушу жеке сот аткаруучуларга жайылтылбайт.";
48) 98-берене төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"5. Эгерде кызматкерди мурунку жумушуна калыбына келтирүү мүмкүн болбосо (кызмат орду кыскартылган, бөлүм жоюлган же башка учурларда), анда сот аткаруучу сотко соттун чечимин аткаруунун ыкмасын өзгөртүү боюнча сунуш жөнөтөт.";
49) 102-берене төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Ушул берененин колдонулушу жеке сот аткаруучуларга жайылтылбайт.";
50) 103-берене төмөнкүдөй мазмундагы 8-бөлүк менен толукталсын:
"8. Ушул берененин колдонулушу жеке сот аткаруучуларга жайылтылбайт.";
51) 104-берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"3. Ушул берененин колдонулушу жеке сот аткаруучуларга жайылтылбайт.";
52) 105-берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"4. Ушул берененин колдонулушу жеке сот аткаруучуларга жайылтылбайт.";
53) 117-берененин 2-бөлүгү "операцияларды жасоо жөнүндө" деген сөздөрдөн кийин ", юридикалык жактын жетекчи-карызкору алмашканда" деген сөздөр менен толукталсын;
54) 121-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Токтом даттанылбаган учурлардан тышкары, сот аткаруучунун токтомуна, ошондой эле анын аракеттерине (аракетсиздигине) даттануу жогору турган сот аткаруучуга же сотко берилет.
Токтом даттанылбаган учурлардан тышкары, жеке сот аткаруучунун токтомуна, ошондой эле анын аракеттерине (аракетсиздигине) даттануу башкы сот аткаруучуга же сотко берилет.
Сотко берилген даттануу сот тарабынан процессуалдык мыйзамдарда белгиленген эрежелерге ылайык каралат. Эгерде даттануу бир эле учурда жогору турган сот аткаруучуга жана сотко берилген болсо, анда даттануу соттук тартипте каралууга тийиш.";
55) 129-беренеде:
а) 4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Көрсөтүлгөн документти ыктыярдуу аткаруу үчүн сот аткаруучу белгилеген мөөнөттө мүлктүк мүнөздөгү аткаруу документинин талаптары, ал эми ыктыярдуу аткаруу жөнүндө сунуш берилбеген аткаруу документтери боюнча талаптар аткарылбаган учурда, сот аткаруучу токтоосуз токтом чыгарат, ал боюнча карызкордон өндүрүлүүгө тийиш болгон суммадан же өндүрүлүүчү мүлктүн суммасынан 10 пайыз, бирок 5 эсептик көрсөткүчтөн кем эмес өлчөмүндө аткаруу жыйымы өндүрүлөт.
Мүлктүк эмес мүнөздөгү аткаруу документинин талаптары аткарылбаган учурда карызкор - жеке жак үчүн аткаруу жыйымы 50 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө, карызкор - юридикалык жак үчүн 100 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө белгиленет.";
б) 10-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10. Мажбурлап аткарууну камсыз кылуучу сот аткаруучу өлчөмү жана тартиби Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору тарабынан бекитилүүчү жобо менен аныкталуучу сыйакы алат:";
в) 11 жана 11-1-бөлүктөр күчүн жоготту деп таанылсын;
г) 12-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12. Карызкор аткаруу жыйымын өндүрүп алуу жөнүндө сот аткаруучунун токтомун талашууга, ошондой эле анын өндүрүлүшүнүн мөөнөтүн кийинкиге калтырууну же бөлүп төлөөнү, анын өлчөмүн азайтуу же аткаруу жыйымын өндүрүп алуудан бошотуу жөнүндө соттон суранууга укуктуу.";
д) төмөнкүдөй мазмундагы 16-бөлүк менен толукталсын:
"16. Ушул берененин колдонулушу жеке сот аткаруучуларга жайылтылбайт.";
56) 130-беренеде "Бузуулар" деген сөз "Укук бузуулар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
57) Төмөнкүдөй мазмундагы VI бөлүм менен толукталсын:
"VI БӨЛҮМ
ЖЕКЕ COT АТКАРУУЧУЛАРДЫН ИШИНИН НЕГИЗГИ ЖОБОЛОРУ
21-глава. Жеке сот аткаруучунун уюштурулушу, иш тартиби жана укуктук статусу
131-берене. Жеке сот аткаруучу
1. Жеке сот аткаруучу пайда табуу максатысыз жүзөгө ашырылуучу кесиптик иштин субъектиси болуп саналат.
2. Жеке сот аткаруучуларга ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилүүчү тиешелүү үлгүдөгү кызматтык ырастамалар берилет.
3. Жеке сот аткаруучулардын ишин контролдоону жана координациялоону Жеке сот аткаруучулар палатасы жүзөгө ашырат.
132-берене. Жеке сот аткаруучуга коюлуучу талаптар
1. 25 жашка толгон, жогорку юридикалык билими бар жана сот аткаруучуда же жеке сот аткаруучуда алты айдан кем эмес үзгүлтүксүз такшалмадан өткөн же жогорку кесиптик билим жөнүндө диплом алгандан кийин юридикалык кесиби боюнча үч жылдан кем эмес иш стажы бар, квалификациялык экзамен тапшырган, жеке сот аткаруучунун күбөлүгүн алган Кыргыз Республикасынын жараны жеке сот аткаруучу боло алат.
Жеке сот аткаруучунун такшалмадан өтүү тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
2. Квалификациялык экзаменден өтпөстөн туруп жеке сот аткаруучунун күбөлүгүн төмөнкүлөр алууга укуктуу:
1) судьялар, ошондой эле судьянын ыйгарым укуктарын токтоткон адамдар;
2) прокурор же тергөөчү кызмат ордунда беш жылдан кем эмес иштеген адамдар;
3) төмөнкү талаптарга жооп берген сот аткаруучулар:
а) үч жылдан кем эмес үзгүлтүксүз иш стажынын болушу;
б) кызмат орундан бошотулган күндөн тартып арыз берилген күнгө чейинки мөөнөт беш жылдан ашпайт.
3. Ушул берененин 2-бөлүгүнүн колдонулушу ээлеген кызмат ордунан терс жүйөлөр боюнча бошотулган адамдарга жайылтылбайт.
4. Төмөнкү адам жеке сот аткаруучу боло албайт:
1) ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген талаптарга жооп бербеген;
2) сот тарабынан аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген же аракетке жөндөмсүз деп таанылган;
3) мыйзамда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар;
4) реабилитацияланбаган негиздер боюнча кылмыш-жаза куугунтугу кыскартылган;
5) нотариат жана адвокаттык иш жөнүндө мыйзамдардын талаптарын бузгандыгы үчүн лицензиясы жокко чыгарылган;
6) аткаруу өндүрүшү жөнүндө мыйзамдардын талаптарын бузгандыгы үчүн жеке сот аткаруучусунун күбөлүгү жокко чыгарылган;
7) судья, прокурор же болбосо укук коргоо органдарынын кызматкери кызмат ордунан, ошондой эле мамлекеттик же муниципалдык кызматтан беделин кетирүүчү негиздер боюнча бошотулган.
5. Жеке сот аткаруучу өз ишин жүзөгө ашырууда башка акы төлөнүүчү (окутуучулук, илимий жана чыгармачылык, эксперттик иштен тышкары) же ишкердик иш менен алектене албайт.
6. Жеке сот аткаруучу өз ишин өзүнүн атынан жана өзүнүн жоопкерчилиги астында жүзөгө ашырат. Жеке сот аткаруучунун ишине акы төлөө суммаларына салык салуу салык мыйзамдарында каралган тартипте жүзөгө ашырылат.
133-берене. Жеке сот аткаруучунун укуктары жана милдеттери
1. Эгерде ушул Мыйзамдан башкасы түздөн-түз келип чыкпаса, ушул Мыйзамдын 12-беренесинде каралган сот аткаруучунун укуктары жана милдеттери жеке сот аткаруучуларга жайылтылат.
2. Жеке сот аткаруучулардын сунуштары жарандык процесстик мыйзамдарда сот аткаруучулар үчүн каралган тартипте каралат.
134-берене. Жеке сот аткаруучуну убактылуу алмаштыруу
1. Жеке сот аткаруучуну убактылуу алмаштыруу бир жеке сот аткаруучудан аткаруу өндүрүшүн башка жеке сот аткаруучуга аткаруу үчүн убактылуу өткөрүп берүүдөн турат.
2. Жеке сот аткаруучуну убактылуу алмаштыруунун негиздери төмөнкүлөр болушу мүмкүн: эмгек же окуу өргүүсү, оору, кызматтык иш сапар жана жеке сот аткаруучунун ушул Мыйзамда каралган милдеттерин аткарууга убактылуу тоскоолдук кылган башка жагдайлар.
Жеке сот аткаруучунун эмгек же окуу өргүүсүнө, кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүгө, ошондой эле баланы багуу боюнча өргүүгө чыгуу тартиби Жеке сот аткаруучулар палатасы тарабынан аныкталат. Эмгек мыйзамдарынын жеке сот аткаруучунун өргүүсүн төлөө бөлүгү ушул беренеде каралган учурларга жайылтылбайт.
3. Жеке сот аткаруучуну убактылуу алмаштыруу Жеке сот аткаруучулар палатасы тарабынан аныкталган тартипте, аткаруу өндүрүшүнүн тараптарына милдеттүү түрдө кабарлоо менен жүзөгө ашырылат.
4. Өндүрүп алуучу анын аткаруу документин башка жеке сот аткаруучуга аткарууга убактылуу өткөрүп берүүгө макул болбогон учурда, аткаруу документи анын арызы боюнча сот аткаруучулар кызматынын тиешелүү бөлүмүнө берүү үчүн өндүрүп алуучуга кайтарылып берилиши мүмкүн.
Аткаруу документин аткарууга берүү мөөнөтү аткаруу өндүрүшү жөнүндө мыйзамдарда каралган тартипте эсептелет.
5. Жеке сот аткаруучусу убактылуу алмаштырылган учурда, аны алмаштырган адам өзүнүн иши үчүн акы алууга укуктуу.
6. Өткөрүлүп берилген аткаруу өндүрүшү боюнча жол берилген бузуулар үчүн жоопкерчилик аларга түздөн-түз жол берген жеке сот аткаруучуга жүктөлөт.
135-берене. Жеке сот аткаруучунун жоопкерчилиги
1. Жеке сот аткаруучунун өзүнө жүктөлгөн кызматтык милдеттерин жана ыйгарым укуктарын аткарбоосу же болбосо талаптагыдай эмес аткаруусу, анын укук бузууларды жасашы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке алып келет.
2. Жеке сот аткаруучунун чечимдери, аракеттери (аракетсиздиги) аткаруу өндүрүшү жөнүндө мыйзамдарга ылайык Башкы сот аткаруучуга же административдик процесстик мыйзамдарга ылайык сотко даттанылышы мүмкүн.
3. Жеке сот аткаруучу аткаруу өндүрүшү чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузгандыгы сот тарабынан аныкталса, сот тартиптик мүнөздөгү чараларды көрүү жөнүндө жеке аныктама чыгарат жана аны ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберет.
Сот тарабынан жеке сот аткаруучунун аракеттеринде (аракетсиздигинде) кылмыш-жаза жосунунун белгилери аныкталган учурда, сот кылмыш-жаза мүнөзүндөгү чараларды көрүү жөнүндө жеке аныктаманы керектүү материалдар менен бирге ыйгарым укуктуу укук коргоо органына жиберет.
4. Жеке сот аткаруучу тарабынан келтирилген зыяндын орду Кыргыз Республикасынын жарандык процесстик жана кылмыш-жаза-процессуалдык мыйзамдарында каралган тартипте толтурулууга тийиш.
136-берене. Жеке сот аткаруучунун ишинин негиздери
Аткаруу өндүрүшү жөнүндө мыйзамдарда каралган бардык аткаруу документтери, төмөнкүлөр жөнүндө аткаруу документтерин кошпогондо, жеке сот аткаруучу тарабынан аткарууга кабыл алынат:
1) мамлекеттен өндүрүү жөнүндө;
2) добуш берүүчү акцияларынын (уставдык капиталга катышуу үлүшүнүн) 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке жана аны менен аффилирленген юридикалык жактарга таандык болгон юридикалык жактан өндүрүү жөнүндө;
3) мамлекеттин пайдасына өндүрүү жөнүндө, мында өндүрүүнүн өлчөмү 5000 эсептик көрсөткүчтөн ашат;
4) мүлктү конфискациялоо жөнүндө же болбосо мүлктү мамлекетке өткөрүп берүү жөнүндө;
5) кылмыш жасагандыгы үчүн жаза катары дайындалган айыпты өндүрүү жөнүндө;
6) укук бузууларды жасагандыгы үчүн жаза катары дайындалган айыпты өндүрүү жөнүндө;
7) көчүрүү, көчүрүп киргизүү, бузуу, жер тилкелерин алып коюу жана мамлекеттин кызыкчылыгында жүргүзүлүүчү иштердин башка категориялары жөнүндө;
8) баланы алып коюу жана бала менен пикирлешүүгө болгон укукту ишке ашыруу жөнүндө.
137-берене. Аткаруу документтерин аткаруу боюнча иштин кепилдиктери
1. Жеке сот аткаруучу өз ишинде калыс жана көз карандысыз болот жана Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшүн жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актыларды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жетекчиликке алат.
2. Жеке сот аткаруучуга кызматтык милдеттерин аткарууда, ошондой эле анын кеңсесинде иштеген жактарга, мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, аткаруу иш-аракеттерин жасоого байланыштуу аларга белгилүү болгон маалыматтарды, анын ичинде ыйгарым укуктарын токтоткондон же жумуштан бошотулгандан кийин да жарыялоого, документтерди ачыкка чыгарууга тыюу салынат.
Аткарылган аткаруу иш-аракеттери жөнүндө маалыматтар (документтер) бул аракеттер алардын атынан, алардын тапшырмасы боюнча же аларга карата жасалган адамдарга гана берилиши мүмкүн.
Аткарылган аткаруу иш-аракеттери жөнүндө маалымкаттар соттун, прокурордун, тергөө органдарынын талабы боюнча алардын өндүрүшүндө турган кылмыш же жарандык иштерге байланыштуу берилет.
138-берене. Квалификациялык комиссия
1. Жеке сот аткаруучунун ишин жүзөгө ашырууга талапкер адамдардын кесиптик даярдыгынын деңгээлин аныктоо үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда курамы 5 мүчөдөн турган квалификациялык комиссия түзүлөт.
2. Квалификациялык комиссиянын ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:
1) экзамен тапшырууга уруксат берүү жөнүндө чечим кабыл алуу;
2) квалификациялык экзамен өткөрүү;
3) жеке сот аткаруучунун күбөлүгүн берүү же болбосо берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алуу.
3. Квалификациялык комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын эки өкүлү жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын үч өкүлү киргизилет.
Квалификациялык комиссия жөнүндө жобону жана анын курамын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекитет.
4. Экзаменди өткөрүү жана жеке сот аткаруучунун күбөлүгүн берүү тартиби жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору тарабынан бекитилет.
139-берене. Тартип комиссиясы
1. Тартип комиссиясы ыйгарым укуктуу органда түзүлүүчү жеке сот аткаруучулардын тартиптик органы болуп саналат. Тартип комиссиясы жеке сот аткаруучулардын кесиптик жүрүм-турум эрежелерин жана аткаруу өндүрүшү жөнүндө мыйзамдарды бузууга байланышкан аракеттерине (аракетсиздигине) даттанууларды карайт, ошондой эле аларды тартиптик жоопкерчиликке тартуу маселелерин чечет.
2. Тартиптик өндүрүштү кароонун жыйынтыгы боюнча тартип комиссиясы жеке сот аткаруучуга төмөнкү таасир этүү чараларын колдонуу жөнүндө сунушту ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга киргизүүгө укуктуу:
1) эскертүү;
2) жеке сот аткаруучунун күбөлүгүнүн колдонулуусун токтото туруу;
3) жеке сот аткаруучунун күбөлүгүнүн колдонулуусун токтотуу (жеке сот аткаруучунун ишин жүзөгө ашыруу укугунан ажыратуу).
3. Тартип комиссиясынын курамы жана иш тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилүүчү жобо менен аныкталат.
4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жеке сот аткаруучуга жаза чарасын колдонуу жөнүндө чечими Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына же сотко даттанылышы мүмкүн.
140-берене. Жеке сот аткаруучуларга таасир этүү чараларын колдонуу жана аларды аткаруу тартиби
1. Жеке сот аткаруучуларга таасир этүү чаралары аткаруу документтерин аткаруу боюнча ишти жүзөгө ашырууда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, аткаруу өндүрүшүнүн тараптарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле жеке сот аткаруучулар институтунун жогорку беделин жана кесиптик этикасын колдоо максатында колдонулат.
2. Жеке сот аткаруучуга таасир этүү чараларын колдонуу төмөнкү принциптердин негизинде жүзөгө ашырылат:
1) мыйзамдуулук - таасир этүү чарасы ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында түздөн-түз каралган негиздерде жана тартипте гана колдонулушу мүмкүн;
2) негиздүүлүк - аткаруу өндүрүшү жөнүндө мыйзамдарды бузуу фактысын жана жеке сот аткаруунун күнөөсүн ырастаган жетиштүү далилдер болгондо гана таасир этүү чараларын колдонууга жол берилет;
3) адилеттүүлүк жана тең салмактуулук - колдонулуучу таасир этүү чарасы жасалган жоруктун оордугуна, аны жасоо жагдайларына, келип чыккан кесепеттерге ылайык келүүгө, ошондой эле жеке сот аткаруучунун инсандыгын жана анын мурдагы ишин эске алууга тийиш;
4) жоопкерчиликтин сөзсүз болушу - аткаруу өндүрүшү жөнүндө мыйзамдарды бузуунун ар бир аныкталган фактысы белгиленген тартипте каралууга тийиш;
5) күнөөсүздүк презумпциясы - жеке сот аткаруучу анын күнөөсү ушул Мыйзамда каралган тартипте далилденмейинче жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын күчүнө кирген чечими менен аныкталмайынча, аткаруу өндүрүшү жөнүндө мыйзамдарды бузууда күнөөсүз деп эсептелет. Күнөөнү далилдөө жүгү тартиптик өндүрүштү демилгелеген органдарга жүктөлөт.
3. Жеке сот аткаруучуга карата тартиптик өндүрүштү козгоо үчүн негиз болуп жеке сот аткаруучунун аракеттеринде (аракетсиздигинде) тартиптик жоруктун белгилеринин болушу жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга маалыматтын келип түшүүсү саналат. Мындай маалыматтар болуп төмөнкүлөр саналат:
1) аткаруу өндүрүшүнүн тараптары болуп саналган же аткаруу өндүрүшүнүн жүрүшүндө жеке сот аткаруучунун аракеттери (аракетсиздиги) менен укуктары жана мыйзамдуу кызыкчылыктары козголгон жеке жана юридикалык жактардын даттануулары;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жеке сот аткаруучунун бузган фактылары аныкталган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын дарегине чыгарылган соттордун жеке аныктамалары;
3) прокуратура органдарынын жеке сот аткаруучунун ишиндеги мыйзамдуулуктун бузулушу жөнүндөгү сунуштамалары;
4) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлгөн жеке сот аткаруучулардын ишин текшерүүнүн материалдары, анын жүрүшүндө тартиптик жоруктардын белгилери аныкталган;
5) жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган, жеке сот аткаруучулар тарабынан мүмкүн болгон бузуулар жөнүндө конкреттүү фактылар камтылган жана текшерүү жүргүзүү талап кылынган билдирүүлөр.
4. Таасир этүү чарасы жеке сот аткаруучуга тартиптик жорук табылган күндөн тартып алты айдан кечиктирилбестен, бирок ал жасалган күндөн тартып бир жылдан кечиктирилбестен колдонулушу мүмкүн.
5. Узакка созулган бузуу жасалган учурда (мисалы, архивди жүргүзүү боюнча милдетти аткарбоо, өндүрүлгөн каражаттарды которбоо) жаза чарасы ал аныкталган же токтотулган күндөн тартып алты айдан кечиктирилбестен колдонулат.
6. Ушул берененин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн эскирүү мөөнөтүнүн өтүшү материалдарды сотто кароо мезгилине, ошондой эле жеке сот аткаруучунун медициналык документтер менен тастыкталган убактылуу эмгекке жарамсыз болгон убакытка токтотулат.
7. Жеке сот аткаруучу тарабынан аткаруу өндүрүшү жөнүндө мыйзамдарды мүмкүн болгон бузуусу жөнүндө маалыматтарды камтыган бардык материалдар (даттануулар, аныктамалар ж.б.) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталат жана келип түшкөн учурдан тартып үч жумуш күндүн ичинде тартип комиссиясынын кароосуна берилет.
8. Тартип комиссиясынын төрагасы баяндалган фактыларга алдын ала текшерүү жүргүзүүнү материалдарды алган учурдан тартып беш жумуш күндүн ичинде тартип комиссиясынын мүчөлөрүнүн бирине тапшырат.
9. Мөөнөтү он беш жумуш күндөн ашпоого тийиш болгон алдын ала текшерүүнүн жүрүшүндө тартип комиссиясынын ыйгарым укуктуу мүчөсү жеке сот аткаруучудан болжолдонгон бузуунун маңызы боюнча жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрдү, ошондой эле тиешелүү аткаруу өндүрүшүнүн материалдарынын жана башка зарыл документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн талап кылууга укуктуу.
10. Алдын ала текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча жеке сот аткаруучунун аракеттеринде (аракетсиздигинде) аткаруу өндүрүшү жөнүндө мыйзамдарды бузуу белгилеринин бар же болбосо жок экендиги жөнүндө жыйынтык камтылган жүйөлөштүрүлгөн корутунду түзүлөт.
11. Корутундунун негизинде тартип комиссиясынын төрагасы төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат:
1) тартиптик өндүрүштү козгоо жана ишти маңызы боюнча кароо үчүн тартип комиссиясынын жыйналышынын датасын дайындоо жөнүндө;
2) жетиштүү негиздер жок болгондо же тартиптик өндүрүштү жокко чыгаруучу жагдайлар болгондо тартиптик өндүрүштү козгоодон баш тартуу жөнүндө.
12. Ага карата тартиптик өндүрүш козголгон жеке сот аткаруучу төмөнкүдөй укуктарга ээ:
1) тартип комиссиясынын жыйналышы өткөрүлгөнгө чейин беш жумуш күндөн кем эмес убакытта анын өткөрүлө турган датасы, убактысы жана орду жөнүндө кабардар болуу;
2) даттанууну, алдын ала текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча корутундуну жана башка документтерди кошуп алганда, тартиптик иштин бардык материалдары менен таанышуу;
3) өндүрүштүн кандай болбосун баскычында оозеки жана жазуу жүзүндө түшүндүрмө берүүгө;
4) өзүн коргоо үчүн далилдерди көрсөтүүгө, өтүнүчтөрдү, анын ичинде кошумча далилдерди талап кылуу жөнүндө өтүнүчтөрдү берүүгө;
5) өзүнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо үчүн өкүлдүн (адвокаттын) кызматынан пайдаланууга;
6) өзүнүн ишин кароодо тартип комиссиясынын жыйналышына жеке өзү катышууга.
13. Жеке сот аткаруучу жыйналыш жөнүндө талаптагыдай кабарланган жана жүйөлүү себепсиз келбеген учурда гана тартиптик өндүрүштү анын өзү жок кароого жол берилет.
14. Тартип комиссиясынын жыйналышы, эгерде ага анын мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмеси катышса, укуктуу деп эсептелет. Чечимдер катышып отурган мүчөлөрдүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен ачык добуш берүү аркылуу кабыл алынат.
15. Тартиптик ишти кароонун жыйынтыгы боюнча тартип комиссиясы төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат:
1) тартиптик өндүрүштү токтотуу жөнүндө (эгерде жеке сот аткаруучунун аракеттеринде тартиптик жоруктун курамы жок болсо, эскирүү мөөнөтү өтүп кетсе, даттануу кайтарылып алынса ж.б.);
2) жеке сот аткаруучунун аракеттеринде (аракетсиздигинде) тартиптик жоруктун курамынын бар экендиги жана аны жоопкерчиликке тартуу зарылдыгы жөнүндө.
16. Жоопкерчиликке тартуу үчүн негиздердин бар экендиги жөнүндө чечим кабыл алынган учурда, тартип комиссиясы үч жумуш күндүн ичинде жүйөлөштүрүлгөн сунуштаманы даярдайт жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтөт.
17. Тартип комиссиясынын сунуштамасы төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) аткаруу өндүрүшү жөнүндө мыйзамдардын же кесиптик этиканын конкреттүү бузулган ченемдерин көрсөтүү менен белгиленген мыйзам бузуунун баяндалышы;
2) жеке сот аткаруучунун бузуу фактысын жана күнөөсүн ырастоочу далилдердин тизмеги жана талдоосу;
3) жеке сот аткаруучунун түшүндүрмөлөрүнүн жана тартип комиссиясы тарабынан аларга жүйөлүү баа берүүсүнүн баяндалышы;
4) жеңилдетүүчү (мисалы, жорукту биринчи жолу жасоо, анын кесепеттерин ыктыярдуу түрдө жоюу) жана оордотуучу (мисалы, кайталануу, олуттуу зыян келтирүү) жагдайлардын талдоосу;
5) жеке сот аткаруучуга тартиптик жазанын конкреттүү түрүн колдонуу жөнүндө сунуштама: эскертүү, жеке сот аткаруучунун күбөлүгүнүн колдонулушун токтотуп туруу же токтотуу.
18. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тартип комиссиясынын сунуштамасын жана ага тиркелген материалдарды алар келип түшкөн күндөн тартып он жумуш күндүн ичинде карайт.
19. Кароонун жыйынтыгы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси токтом чыгарат, анда төмөнкү чечимдердин бири камтылат:
1) тартип комиссиясы сунуштаган таасир этүү чараларын жеке сот аткаруучуга колдонуу жөнүндө;
2) тартип комиссиясы сунуштагандан жумшак таасир этүү чарасын жеке сот аткаруучуга колдонуу жөнүндө;
3) тартиптик жаза колдонуудан баш тартуу жана тартиптик өндүрүштү токтотуу жөнүндө;
4) жүргүзүлгөн текшерүү толук эмес болгон же жаңы жагдайларды аныктоо зарылдыгы келип чыккан учурда материалдарды кошумча кароо үчүн тартип комиссиясына кайтаруу жөнүндө.
20. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жеке сот аткаруучуга тартип комиссиясы өзүнүн сунуштамасында сунуш кылгандан катаал жаза колдонууга укуксуз.
21. Тартиптик жаза колдонуу жөнүндө токтомдун көчүрмөсү ал чыгарылган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде жеке сот аткаруучуга жөнөтүлөт (тапшырылат), ошондой эле маалымат үчүн тартип комиссиясына жиберилет.
22. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тартиптик жаза колдонуу жөнүндө токтомун жеке сот аткаруучу токтомдун көчүрмөсүн алган күндөн тартып он календардык күндүн ичинде даттана алат.
23. Жеке сот аткаруучунун даттануусу төмөнкүлөргө берилиши мүмкүн:
1) мыйзамдуулуктун сакталышына көзөмөл жүргүзүү тартибинде Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына;
2) административдик процесстик мыйзамдарда белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын турган жери боюнча сотко.
24. Даттануунун белгиленген мөөнөттө берилүүсү даттануу боюнча акыркы чечим чыгарылганга чейин эскертүү берүү, жеке сот аткаруучунун күбөлүгүн токтотуп туруу же токтотуу түрүндө жаза чарасын колдонуу тууралуу токтомдун аткарылышын токтотуп турат.
141-берене. Эскертүүнү чыгаруу жана аткаруу тартиби
1. Эскертүү таасир этүү чарасы катары аткаруу өндүрүшү жөнүндөгү мыйзамдарды аткаруу өндүрүшүнүн же мамлекеттин тараптарынын укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына олуттуу зыян келтирбеген, жана жеке сот аткаруучунун өзү тарабынан четтетилиши мүмкүн болгон бузуулар (мисалы, айрым аткаруу иш-аракеттерин жасоо мөөнөттөрүнүн бузулушу, иш кагаздарын жүргүзүүдөгү четтетилүүчү каталар) үчүн колдонулат.
2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эскертүү чыгаруу жөнүндөгү токтомунда төмөнкүлөр так көрсөтүлүшү керек:
1) жол берилген бузуунун жагдайлары;
2) жеке сот аткаруучу аны четтетүү үчүн жасоого милдеттүү болгон конкреттүү аракеттер;
3) бузууну четтетүү үчүн мөөнөт, ал жеке сот аткаруучу токтомдун көчүрмөсүн алган күндөн тартып беш календардык күндөн кем эмес жана отуз календардык күндөн ашык боло албайт.
3. Жеке сот аткаруучу белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин үч жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органга ырастоочу документтердин көчүрмөлөрүн тиркөө менен эскертүүнүн аткарылышы жөнүндө жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган эскертүүнүн аткарылышына контролдук текшерүү жүргүзүүгө укуктуу.
142-берене. Жеке сот аткаруучунун күбөлүгүнүн колдонулуусун токтотуп туруу
1. Жеке сот аткаруучунун күбөлүгүнүн колдонулуусун токтотуп туруу тартип комиссиясынын сунушунун негизиндеги ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен жүзөгө ашырылат.
2. Жеке сот аткаруучунун күбөлүгүнүн колдонулушу жеке сот аткаруучу кылмыш иши боюнча айыпталуучу катары тартылган учурда токтотулуп турат.
3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жеке сот аткаруучунун күбөлүгүнүн колдонулуусун токтотуп туруу жөнүндө чечиминде күбөлүктүн колдонулуусун токтотуп туруунун себептери жана мөөнөтү көрсөтүлүүгө тийиш. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын күбөлүктүн колдонулуусун токтотуп туруу жөнүндө чечимин жеке сот аткаруучу алган күндөн тартып күбөлүктүн колдонулуусу токтотулуп турат. Токтотуп турууга себеп болгон жагдайлар четтетилгенде, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган күбөлүктүн колдонулуусун калыбына келтирүү жөнүндө чечим чыгарат.
4. Жеке сот аткаруучунун күбөлүгүнүн колдонулуусун токтотуп туруу маалыматтар Кыргыз Республикасынын Жеке сот аткаруучулардын бирдиктүү реестрине киргизилген учурдан тартып жеке сот аткаруучу катары ишти жүзөгө ашырууга жана аткаруу иш-аракеттерин жасоого тыюу салууга алып келет.
5. Жеке сот аткаруучунун күбөлүгүнүн колдонулуусун токтотуп туруу жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине жеке сот аткаруучу сот тартибинде даттана алат.
6. Жеке сот аткаруучунун ыйгарым укуктары ал мамлекеттик же муниципалдык кызматка дайындалган (шайланган) учурда анын арызы боюнча токтотулуп турат. Мамлекеттик же муниципалдык кызматчынын ыйгарым укуктары токтотулгандан кийин бул адам жеке сот аткаруучунун ыйгарым укуктарын аткарууну кайра жаңыртышы мүмкүн.
143-берене. Жеке сот аткаруучунун күбөлүгүнүн колдонулуусун токтотуу
1. Жеке сот аткаруучунун күбөлүгүнүн колдонулуусун токтотуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен жүзөгө ашырылат.
2. Жеке сот аткаруучунун күбөлүгүнүн колдонулуусу төмөнкү учурларда токтотулат:
1) жеке сот аткаруучунун өз каалоосу боюнча арыз берүүсү;
2) жеке сот аткаруучунун жарандыгын өзгөртүүсү же Кыргыз Республикасынын чегинен туруктуу жашоо үчүн чыгып кетүүсү;
3) медициналык корутундунун негизинде ден соолугунун абалы боюнча кесиптик милдеттерин аткарууга мүмкүн болбогондо;
4) жеке сот аткаруучуга карата соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;
5) сот тарабынан жеке сот аткаруучу өлгөн деп жарыяланганда же дайынсыз жок деп таанылганда.
3. Жеке сот аткаруучунун күбөлүгүнүн колдонулуусун токтотуу (жаза чарасы катары) тартип комиссиянын сунуштамасынын негизинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
1) жеке сот аткаруучу тарабынан мамлекеттин, жеке жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарына зыян келтирген аткаруу иш-аракеттерин жасоодо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бир нече жолу одоно бузганда;
2) жеке сот аткаруучунун күбөлүгүн берүүгө негиз болгон документтерде жеке сот аткаруучу тарабынан анык эмес же атайылап бурмаланган маалыматтарды берүү фактысы аныкталганда.
4. Жеке сот аткаруучунун күбөлүгүнүн колдонулуусун токтотуу жөнүндө сунуштама ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга киргизилет.
5. Жеке сот аткаруучунун күбөлүгүнүн колдонулуусу токтотулган жеке сот аткаруучу чечим кабыл алынган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде аткаруу өндүрүшүнүн материалдарын, иш кагаздарын жүргүзүүнү, архивин, учурдагы эсеп каражаттарын башка жеке сот аткаруучуга өткөрүп берүүгө милдеттүү.
Аткаруу өндүрүшүнүн материалдарын, иш кагаздарын жүргүзүүнү, архивди, ошондой эле учурдагы эсептин каражаттарын башка жеке сот аткаруучуга өткөрүп берүү тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
6. Жеке сот аткаруучунун ишти жүзөгө ашыруу укугу токтотулганда, карызкордон өндүрүлгөн каражаттарды жана аткаруу өндүрүшүнүн чыгымдарын жабуу каражаттарын сактоо үчүн эсептер ачылган банк мекемелери мындай эсептердеги каражаттардын калдыгын аткаруу иш-аракеттерин жасоону улантуу үчүн аткаруу өндүрүшү өткөрүлүп берилген башка жеке сот аткаруучунун эсебине ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тескемесине ылайык өткөрүп берүүгө милдеттүү.
7. Жеке сот аткаруучунун ишинин токтотулушу жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын Жеке сот аткаруучуларынын бирдиктүү реестрине киргизилген күндөн тартып жеке сот аткаруучу ишин токтотууга милдеттүү
8. Жеке сот аткаруучунун күбөлүгүнүн колдонулуусун токтотуу жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.
144-берене. Жеке сот аткаруучунун ишин каржылоо жана кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө
1. Жеке сот аткаруучу, ушул Мыйзамдын 49-беренесинде каралган учурларды кошпогондо, өндүрүп алуучу менен мажбурлап аткартуу боюнча кызмат көрсөтүүгө келишим түзөт.
2. Келишимге жеке сот аткаруучу жана өндүрүп алуучу кол койгон учурдан тартып аткаруу документи аткарууга кабыл алынды деп эсептелет.
3. Аткаруу документтерин мажбурлап аткартуу боюнча кызмат көрсөтүү жөнүндө келишим жарандык мыйзамдарга ылайык түзүлөт.
Кызмат көрсөтүү жөнүндө типтүү келишим ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
4. Аткаруу иш-аракеттери жеке сот аткаруучу тарабынан акы төлөнүүчү негизде жүргүзүлөт. Жеке сот аткаруучу тарабынан жасалган аткаруу иш-аракеттерине төлөө ушул Мыйзамда белгиленген төлөмдүн өлчөмдөргө ылайык жүргүзүлөт.
5. Жеке сот аткаруучу өз ишин өз алдынча каржылайт.
6. Жеке сот аткаруучулардын аткаруу документтерин аткаруу боюнча иши ишкердик иш болуп саналбайт.
7. Жеке сот аткаруучунун кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөө карызкордон өндүрүп алынган каражаттардын эсебинен аткаруу өндүрүшүнүн чегинде жүргүзүлөт. Төлөмдүн өлчөмү өндүрүлүп алынган сумманын же мүлктүн наркынын пайыздык туюндурулушу менен белгиленет. Мүлктүк эмес мүнөздөгү аткаруу документтери боюнча төлөмдүн өлчөмү эсептик көрсөткүчтөр менен белгиленет.
8. Жеке сот аткаруучунун кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөө аткаруу документи толугу менен же жарым-жартылай аткарылган учурда гана жүргүзүлөт. Эгерде мүлктүк мүнөздөгү аткаруу документи жарым-жартылай аткарылса, анда жеке сот аткаруучуга анын кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөөнүн өндүрүлүп алынган суммасына же мүлктүн наркына пропорционалдуу бөлүгү гана төлөнөт.
9. Жеке сот аткаруучунун кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөө карызкор тарабынан аткаруу документин ыктыярдуу түрдө аткаруу жөнүндө сунуш тапшырылганга чейин, башкача айтканда, аткаруу документин кабыл алган учурдан тартып толук өлчөмдө же жарым-жартылай аткарылган учурда өндүрүлөт.
10. Доону камсыз кылуу жөнүндө аткаруу документи боюнча жеке сот аткаруучунун кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөө камсыз кылуу чараларын көрүү жөнүндө өтүнүч билдирген тараптан өндүрүлөт.
11. Жеке сот аткаруучуга өзүнүн кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөөнүн белгиленген суммаларынын өлчөмдөрүн өзгөртүүгө тыюу салынат.
12. Аткаруу документин кабыл алгандан кийин өндүрүп алуучу аткаруу аракеттерин жасоо боюнча чыгымдарды жабуу үчүн зарыл болгон сумманы жеке сот аткаруучунун көрсөтмөсү боюнча анын эсебине салууга милдеттүү.
13. Эгерде аткаруу документи толук же жарым-жартылай аткарылгандан кийин карызкор тарабынан аткаруу боюнча чыгымдардын орду толтурулбаса, жеке сот аткаруучу карызкордон тиешелүү суммаларды өндүрүп алуу жөнүндө токтом чыгарат.
14. Аткаруу документи кабыл алынгандан кийин аткаруу документин карызкор түздөн-түз өндүрүп алуучуга аткаруусу карызкорду жеке сот аткаруучунун кызмат көрсөтүүлөрү үчүн төлөмдөрдү төлөөдөн жана аткаруу боюнча чыгымдардын ордун толтуруудан бошотпойт.
15. Кармалган жана төлөнгөн суммалардын өлчөмүнө макул болбогон учурда, кызыкдар тарап ашыкча кармалган жана төлөнгөн сумманы кайтарып берүү жөнүндө жеке сот аткаруучуга жазуу жүзүндө кайрылат.
16. Жеке сот аткаруучу ашыкча кармалган жана төлөнгөн сумманы арыз келип түшкөн күндөп тартып он жумуш күндүн ичинде кайтарып берүүгө же болбосо аларды кайтарып берүүдөн баш тартууга милдеттүү.
17. Жеке сот аткаруучунун сумманы которуудан баш тартуусу менен туюнтулган аракетин (аракетсиздигин) кызыкдар тарап сотко даттанууга укуктуу.
18. Эгерде сот жеке сот аткаруучунун кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөөнүн өлчөмүн өндүрүүдөгү же аныктоодогу аракеттерин мыйзамсыз деп тааныса, жеке сот аткаруучу сот актысы мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып он жумуш күндүн ичинде негизсиз алынган суммаларды алардан өндүрүлүп алынган же аларды төлөгөн адамга кайтарып берүүгө милдеттүү.
19. Жеке сот аткаруучунун кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөмдүн өлчөмү өндүрүп алуучу менен жеке сот аткаруучунун ортосундагы келишим боюнча өндүрүп алуу суммасына жараша белгиленет жана аткаруу документи толук же жарым-жартылай аткарылган учурда аткаруу өндүрүшү аяктагандан кийин төлөнүүчү, иш жүзүндө өндүрүлгөн карыздын суммасынан пайыз менен туюндурулат.
20. Жеке сот аткаруучунун ишине төлөмдүн аткаруу өндүрүшүнүн алкагында төлөнүүчү сумма иштин категориясына жараша төмөнкүдөй өлчөмдө белгиленет:
1) мүлктүк (акчалай) мүнөздөгү аткаруу документтери үчүн өндүрүп алуу суммасына жараша:
1500 эсептик көрсөткүчкө чейин - өндүрүлгөн сумманын 25 пайызы өлчөмүндө;
1500 эсептик көрсөткүчтөн 6000 эсептик көрсөткүчкө чейин - өндүрүлгөн сумманын 15 пайызы өлчөмүндө;
6000 эсептик көрсөткүчтөн 30000 эсептик көрсөткүчкө чейин - өндүрүлгөн сумманын 10 пайызы өлчөмүндө;
30000 эсептик көрсөткүчтөн 60000 эсептик көрсөткүчкө чейин - өндүрүлгөн сумманын 8 пайызы өлчөмүндө;
60000 эсептик көрсөткүчтөн 120000 эсептик көрсөткүчкө чейин - өндүрүлгөн сумманын 5 пайызы өлчөмүндө;
120000 эсептик көрсөткүчтөн жогору - өндүрүлгөн сумманын 3 пайызы өлчөмүндө;
2) мүлктүк эмес (акчалай эмес) мүнөздөгү аткаруу документтери үчүн жеке жактардан 500 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактардан 1000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө.
21. Жеке сот аткаруучунун ишине төлөө ушул главада белгиленген өлчөмдө өндүрүп алуучу тарабынан төмөнкүдөй учурларда төлөнөт:
1) анын негизинде аткаруу баракчасы берилген соттук акт жокко чыгарылганда;
2) өндүрүп алуучу сот аткаруучу тарабынан өндүрүшкө кабыл алынган жана толук же жарым-жартылай аткарылган аткаруу документи боюнча өндүрүп алуудан баш тартканда;
3) өндүрүп алуучу карызкордун ага берилип жаткан мүлкүн алуудан баш тартканда.
145-берене. Жеке сот аткаруучунун ишине төлөмдөрдүн суммасын карызкордон өндүрүү тартиби
1. Жеке сот аткаруучу ал тарабынан жасалган аткаруу аракеттерине төлөөгө суммаларды, аткаруу өндүрүшү аяктагандан кийин төлөнүүгө тийиш болгон суммаларды, ошондой эле өндүрүп алуучу тарабынан төлөнгөн жана кайтарылууга тийиш болгон суммаларды бекитүү жөнүндө токтом чыгарат жана аны карызкорго жана өндүрүп алуучуга жөнөтөт. Аталган токтом он күндүк мөөнөттө сотко даттанылышы мүмкүн.
2. Аткаруу документин мажбурлап аткартууга бергенден кийин аны ыктыярдуу түрдө аткаруу карызкорду жеке сот аткаруучунун ишин аткаруу боюнча иш жүзүндө тартылган чыгымдарды жана төлөмдөрдү төлөөдөн бошотпойт.
3. Карызкордун аткаруу документин жеке сот аткаруучусуз аткаруусу аны аткаруу боюнча иш жүзүндө тартылган чыгымдарды жана жеке сот аткаруучунун ишине төлөмдөрдү төлөөдөн бошотпойт.
Эгерде карызкор токтомдо көрсөтүлгөн, жүргүзүлгөн эсепке ылайык суммаларды ыктыярдуу түрдө төлөбөсө, жеке сот аткаруучу карызды карызкордон сот тартибинде өндүрүп алат.
4. Карызкорлордон өндүрүлгөн суммаларды, ошондой эле кызыкдар адамдар үчүн багытталган башка суммаларды убактылуу сактоо үчүн жеке сот аткаруучу банктык эсеп ачат.
146-берене. Жеке сот аткаруучунун кеңсеси, кызматтык жайы
1. Жеке сот аткаруучунун кеңсеси жеке сот аткаруучунун ишин камсыз кылуу максатында түзүлгөн мекеменин уюштуруу-укуктук формасындагы коммерциялык эмес уюм болуп саналат.
2. Жеке сот аткаруучунун кеңсеси жеке сот аткаруучунун күбөлүгүн алгандан кийин жеке сот аткаруучу тарабынан түзүлөт. Жеке сот аткаруучу бир гана кеңсенин уюштуруучусу (тең уюштуруучусу) боло алат.
3. Бир жеке сот аткаруучу тарабынан түзүлгөн жеке сот аткаруучунун кеңсеси өз ишин уставдын негизинде жүзөгө ашырат.
Жеке сот аткаруучунун кеңсеси бир нече жеке сот аткаруучулар тарабынан түзүлгөндө уюштуруу документи катары уюштуруу келишими да болушу мүмкүн.
Жеке сот аткаруучунун кеңсесин уюштуруучу (уюштуруучулар) аны мамлекеттик каттоодон өткөргөндөн кийин он календардык күндүн ичинде бул тууралуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жазуу жүзүндө билдирүүгө жана анын карамагына жеке сот аткаруучунун кеңсесинин уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрүн берүүгө милдеттүү.
4. Жеке сот аткаруучунун кеңсесинин аталышында "жеке сот аткаруучумун кеңсеси" же "жеке сот аткаруучулардын кеңсеси" деген сөздөр камтылууга тийиш.
5. Жеке сот аткаруучунун кеңсесин түзүүгө мамлекеттик органдардын агайым уруксаты талап кылынбайт.
147-берене. Жеке сот аткаруучунун аткаруу өндүрүшү боюнча аткарган иши жөнүндө отчету
1. Жеке сот аткаруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга отчет берет.
2. Өз ара аракеттенүү тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
148-берене. Жеке сот аткаруучунун күбөлүгү, жеке мөөрү, штамптары жана бланктары
1. Жеке сот аткаруучунун күбөлүгү, фамилиясы. аты жана атасынын аты көрсөтүлгөн жеке мөөрү, жеке сот аткаруучунун күбөлүгүнүн номерлери, штамптары жана бланктары, ошондой эле банк мекемелеринде депозиттик эсеби болот.
2. Күбөлүктүн, жеке мөөрдүн үлгүлөрү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
149-берене. Өз ара аракеттенүү
1. Жеке сот аткаруучулар, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, ошондой эле анын аймактык органдары аткаруу өндүрүшү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашырууда кызматташууга милдеттүү.
2. Мамлекеттик органдар маалыматты ыкчам алмашууга, ошондой эле аткаруу өндүрүшү чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча сунуштарды биргелешип иштеп чыгууга милдеттүү.".
6-берене.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин II бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 6, 226-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
770-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Эсепте турган акча каражаттарын кардардын тескөөсүсүз чыгарып салууга соттун чечими боюнча, ошондой эле мыйзамда же банк менен кардардын ортосундагы келишимде каралган учурларда жол берилет.".
7-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып эки айлык мөөнөттө:
1) ушул Мыйзамды ишке ашырууну камсыз кылуучу актыларды кабыл алсын;
2) ушул Мыйзамдан келип чыгуучу уюштуруучулук жана башка чараларды көрсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2026-жылдын 15-апрелинде |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |