Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 26-майы № 371
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 23-сентябрындагы № 605 "Улуттук экономиканын субъекттерине кепилчилик берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 631-беренесинин 1-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 23-сентябрындагы № 605 "Улуттук экономиканын субъекттерине кепилчилик берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Улуттук экономиканын субъекттерине кепилчилик берүү тартибинде:
- 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Кепилчилик кредит, лизинг же банктык кепилдик боюнча күрөөлүк камсыздоо менен жабылбаган бөлүгүндө милдеттенмелерди камсыз кылуу үчүн берилет.
Ошол эле учурда субъекттин күрөө менен толук камсыз кылынбаган милдеттенмелери боюнча кепилчилик берүүгө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечиминин негизинде өлкөнүн экономикалык жана/же улуттук коопсуздугун камсыз кылуу менен байланышкан учурларда гана жол берилет.
Ушул пункттун жоболору ушул Тартиптин 41-пунктунда каралган талаптарды эске алуу менен колдонулат.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 41-пункт менен толукталсын:
"41. Кепилчиликтин өлчөмү субъекттин кредит, лизинг же банктык кепилдик боюнча милдеттенмелеринин жалпы суммасынын, анын ичинде карыздын негизги суммасынын, эсептелген пайыздардын жана кепил менен субъекттин ортосунда түзүлгөн келишимде каралган башка төлөмдөрдүн 80 пайызынан ашпоого тийиш.
Кредит, лизинг же банктык кепилдик боюнча милдеттенмелеринин жалпы суммасынын, анын ичинде карыздын негизги суммасынын, эсептелген пайыздардын жана кредит берүүчү менен субъекттин ортосунда түзүлгөн келишимде каралган башка төлөмдөрдүн 100 пайызы өлчөмүндө төмөнкүлөргө карата кепилдик берүүгө жол берилет:
- мамлекеттик жана муниципалдык органдар, ишканалар жана мекемелер;
- уставдык капиталындагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон субъекттер;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду тандоо боюнча комиссия тарабынан улуттук инвестициялык долбоорлордун тизмегине киргизилген долбоорлорду ишке ашырууда уюштуруучу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан субъекттер.";
- 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Кепилчилик кредит берүүчү менен субъекттин ортосунда түзүлгөн келишимдин колдонуу мөөнөтүнө берилет жана кепилчилик берүүчүнүн милдеттенмелери аткарылгандан кийин өз аракетин токтотот.";
- 6-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 11-пунктча менен толукталсын:
"11) тармактык мамлекеттик орган - экономиканын тиешелүү тармагында мамлекеттик саясатты жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы.";
- 1-глава төмөнкүдөй мазмундагы 61-пункт менен толукталсын:
"61. Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кабыл алынган милдеттенмелер боюнча кепилчилик берүүчүнүн каражаттарынын ликвиддүүлүгүнө жыл сайын мониторинг жүргүзөт жана белгиленген тартипте республикалык бюджетте каражаттарды карайт.";
- 9, 10-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9. Министрлер Кабинети тарабынан субъектке кепилчилик берүү жөнүндө чечим кабыл алууну демилгелөө үчүн экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкүдөй документтер берилет:
1) кепилчилик берүү жөнүндө арыз;
2) каттоо жана уюштуруу документтеринин (устав, каттоо тууралуу күбөлүк, патент, уюштуруу келишими) мөөр менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
3) жетекчинин паспортунун жана кызмат ордуна дайындоо жөнүндө чечимдин көчүрмөлөрү;
4) акыркы үч жыл үчүн финансылык отчет, ал эми эгерде субъект үч жылдан аз убакыт бою иш жүргүзгөн болсо - иштин бүткүл мезгили үчүн финансылык отчет;
5) кредиттик келишимдин долбоору жана (же) кредит берүү шарттарын чагылдырган кредиттик комитеттин чечими;
6) кепилчилик келишими боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылууну ырастаган документтер, анын ичинде төмөнкүдөй документтердин бири же бир нечеси:
- күрөөгө коюлуп жаткан мүлккө менчик укугун же аны пайдалануу укугун ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
- кошумча кепилчилик берүүчү - юридикалык жактын каттоо жана уюштуруу документтеринин (устав, каттоо/кайра каттоо жөнүндө күбөлүк, уюштуруу келишими) мөөр менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү, ошондой эле уюштуруу документтеринде аныкталган юридикалык жактын башкаруу органынын кепилчилик келишими боюнча субъекттин милдеттенмелери боюнча кошумча кепилчилик берүүчү болууга макулдугу жөнүндө чечими;
- кошумча кепилчилик берүүчү - жеке жактын паспортунун көчүрмөлөрү;
- кепилчилик келишими боюнча субъекттин милдеттенмелерин камсыз кылуу катары банктык кепилдикти берүүнүн шарттарын чагылдырган банк кепилдигинин долбоору жана/же кредиттик комитеттин чечими;
- кепилчилик берүүчүгө акча каражаттарын акцептсиз (талашсыз) эсептен чыгарууга укук берүү жөнүндө уюштуруу документтери менен аныкталган субъекттин башкаруу органынын чечими (макулдугу);
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка камсыздоого документтердин көчүрмөлөрү;
7) көрсөтүлгөн келишимдерге кол коюуга ыйгарым укуктуу адамды көрсөтүү менен кепилчилик келишимин, күрөө келишимин (кепилчилик келишими боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылууга күрөө берилген учурда), ошондой эле акча каражаттарын акцептсиз (талашсыз) эсептен чыгаруу жөнүндө келишимди түзүүгө уюштуруу документтеринде аныкталган субъекттин башкаруу органынын чечими (макулдугу);
8) кепилчилик келишимине, күрөө келишимине (кепилчилик келишими боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылууга күрөө берилген учурда), ошондой эле акча каражаттарын акцептсиз (талашсыз) эсептен чыгаруу жөнүндө келишимге кол коюуга ыйгарым укуктуу адамдын паспортунун көчүрмөсү;
9) салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын жоктугу жөнүндө маалымат жана (же) маалымкат;
10) бизнес-план.
Эгерде документтер "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу алынган болсо, ушул пункттун 2, 3 жана 9-пунктчаларынын айрым бөлүктөрү колдонулбайт.
10. Инфраструктуралык жана өнөр жай долбоорлорун ишке ашыруу үчүн кепилчилик берүүгө арызды кароодо төмөнкүдөй документтердин бири же бир нечеси кошумча берилет:
1) тармактык ыйгарым укуктуу органдын оң корутундусу менен техникалык-экономикалык негиздеме;
2) тармактык ыйгарым укуктуу органдын оң корутундусу менен долбоордук-сметалык документтер;
3) сатып алынуучу жабдууларга, курулмаларга жана башка объекттерге окшош прайс-баракчалар;
4) контракттар, келишимдер жана макулдашуулар;
5) кепилчилик алууга талапкер субъекттин уюштуруучулары менен уюмдардын жана (же) аффилирленген уюмдардын уюштуруу документтери жана акыркы үч жыл үчүн финансылык отчеттору;
6) субъекттин эсептерин тейлеген коммерциялык банктардан акыркы алты ай ичиндеги алыш-бериш эсептери боюнча жүгүртүүлөр тууралуу маалымат жана (же) маалымкат;
7) тиешелүү кредиттик бюро тарабынан ырасталган, финансы-кредиттик уюмдардын алдында карызынын жоктугу/бардыгы тууралуу маалымат жана (же) маалымкат.";
- 12-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12. Жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыгы жана кепилчилик берүүчүдөн алынган документтердин толук топтомун кароонун натыйжалары боюнча экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кепилчилик берүү жөнүндө Министрлер Кабинетинин чечиминин долбоорун демилгелөө же баш тартуу жөнүндө белгиленген тартипте чечим кабыл алат.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 121-пункт менен толукталсын:
"121. Кепилчилик берүүчү ушул Тартиптин 9 жана 10-пункттарында каралган документтердин толук топтомун алган күндөн тартып 7 жумуш күндүн ичинде берилген документтерди карап чыгат жана натыйжалары жөнүндө экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдирет.
Берилген документтерде же маалыматта шайкеш келбестиктер аныкталган учурда кепилчилик берүүчү белгиленген тартипте көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча сунуштамаларды жөнөтөт.";
- 13-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 4-пунктча менен толукталсын:
"4) эгерде субъект кредит берүүчү тарабынан жогорку тобокелдик категориясына киргизилсе.";
- 14-пункттун 4-пунктчасында "кепилчилик берүүчүнүн милдеттенмелерин аткарууну камсыз кылуу ыкмасы" деген сөздөр "кепилчилик келишими боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуунун башка ыкмалары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 16-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"16. Кредит берүүчүлөр кепилчилик берүүчүнү тартпастан эле субъектке субъекттин кредиттик тобокелдигин жана төлөө жөндөмдүүлүгүн баалоону камтыган финансылык талдоону жүргүзөт, ошондой эле берилген кредиттик каражаттардын ички ченемдик документтерге жана колдонуудагы мыйзамдардын талаптарына ылайык максаттуу пайдаланылышына мониторинг жүргүзөт.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан иши жөнгө салынган кредит берүүчүлөргө карата көрсөтүлгөн жол-жоболор Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларына жана ички ченемдик документтерге ылайык жүзөгө ашырылат.";
- 18-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"18. Кепилчилик кредитти, лизингди жана (же) банктык кепилдикти берүү жөнүндө кредит берүүчүнүн корутундусун жана кол коюлган келишимдин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн алгандан кийин берилет. Кепилчилик берүү жөнүндө чечим кредит берүүчүнүн жазуу жүзүндөгү кайрылуусу алынгандан кийин гана кредиттик тобокелдиктерди баалоо методикасынын негизинде кредит берүүчү тарабынан жүргүзүлгөн жана кепилчилик берүүчү тарабынан ырасталган кредиттик тобокелдикке талдоо жүргүзүлгөндөн жана төлөө жөндөмдүүлүгү ырасталгандан кийин кабыл алынат.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 181-пункт менен толукталсын:
"181. Наркы активдердин баланстык наркынын 20 жана андан ашык пайызын түзгөн кепилчиликтер үчүн кепилчилик берүүчү бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген кредиттик тобокелдиктерди баалоо методикасынын негизинде кредиттик тобокелдикке өз алдынча баалоо жүргүзүүгө укуктуу.";
- 19-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эгерде кепилчилик берүүчү субъекттин жана (же) үчүнчү жактардын мүлкүнө, анын ичинде келечекте түзүлө турган же сатып алына турган мүлккө, ошондой эле кредит берүүчү менен субъекттин ортосунда түзүлгөн келишим боюнча каржылоону пайдалануу менен ишке ашырылып жаткан объекттерге карата биринчи кезектеги күрөө кармоочу болуп саналса жана мындай камсыздоонун наркы кепилчилик берүүчүнүн милдеттенмелеринин суммасын толугу менен жапса, кепилчилик берүүчү кредит берүүчүнүн алдында тилектештик жоопкерчилигин тартат. Башка учурларда кепилчилик берүүчүнүн жоопкерчилиги субсидиардык болуп саналат.";
- 20-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"20. Кепилчилик берүү үчүн кепилчилик берүүчү тарабынан төмөндө келтирилген таблицага ылайык комиссия алынат:
Мезгилдүүлүк | Улуттук валюта | Чет өлкө валютасы | ||
Төмөн тобокелдик | Орто тобокелдик | Төмөн тобокелдик | Орто тобокелдик | |
Субсидиардык жоопкерчилик | ||||
Бир жолку | 1% | 1,5% | 1,5% | 2% |
Жыл сайын | 0,2% | 0,3% | 0,3% | 0,4% |
Тилектештик жоопкерчилик | ||||
Бир жолку | 1,5% | 2% | 2% | 2,5% |
Жыл сайын | 0,38% | 0,5% | 0,5% | 0,63% |
Эскертүү:
- ушул пунктта каралган бир жолку комиссия кепилчиликтин суммасына эсептелет жана кепилчилик келишими түзүлгөнгө чейин субъект тарабынан төлөнүүгө тийиш;
- ушул пунктта каралган ар жылдык комиссия ар бир жылдын 1-январына карата абалы боюнча кепилчилик суммасынын калдыгына эсептелет жана тиешелүү жылдын 1-мартына чейин субъект тарабынан төлөнүүгө тийиш.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 201-пункт менен толукталсын:
"201. Кепилчилик берүү жөнүндө маселени кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечиминин долбоорун демилгелөө учурунда субъект тарабынан төлөнүүчү 200000 (эки жүз миң) сом өлчөмүндөгү административдик жыйым экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан алынат.
Ушул пунктта белгиленген талаптар мамлекеттик жана муниципалдык органдарга, ишканаларга жана мекемелерге, ошондой эле уставдык капиталындагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан көп пайызы мамлекетке таандык болгон субъекттерге карата колдонулбайт.";
- 21-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"21. Өлкөнүн экономикалык, азык-түлүк жана (же) улуттук коопсуздугу үчүн стратегиялык мааниге ээ, уставдык капиталында катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон субъектке кредит берүүчү менен субъекттин ортосунда түзүлгөн келишимдин мөөнөтүнүн жарымынан ашпаган, бирок 36 айдан ашык эмес мөөнөткө ушул Тартиптин 20-пунктунда каралган комиссияны төлөө бөлүгүндө мөөнөтү кийинкиге жылдырып берилиши мүмкүн.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 211, 212-пункттар менен толукталсын:
"211. Кредит берүүчү менен субъекттин ортосунда түзүлгөн келишим боюнча каржылоону пайдалануу менен ишке ашырылуучу объекттер пайдаланууга киргизилгенден кийин, ошондой эле кредит берүүчү каржылоонун натыйжаларын көрсөтүлгөн келишим боюнча камсыздоо катары кабыл алгандан кийин, эгерде кабыл алынган камсыздоо субъекттин келишим боюнча милдеттенмелеринин калдыгын жапса, кредит берүүчү кепилчилик берүүчүнү кепилчилик келишими боюнча милдеттенмелерден бошотууга милдеттүү.
212. Эгерде кредит берүүчү камсыздоо кабыл алынгандан кийин кепилдикти сактоо жөнүндө чечим кабыл алса, анын ичинде каржылоо объекттерин, мындай камсыздоо кабыл алынган учурга карата кредит берүүчү менен субъекттин ортосунда түзүлгөн келишим боюнча субъекттин милдеттенмелеринин калдыгын жабуучу субъекттин же үчүнчү жактын башка мүлкүн кошкондо, кредит берүүчүдөн ушул Тартиптин 20-пунктуна ылайык жыл сайын комиссия алынат.";
- 23-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"23. Кредиттик, лизингдик ресурстарды максатсыз пайдалангандыгы, субъект тарабынан анык эмес маалыматтарды жана документтерди бергендиги, ошондой эле кепилчилик берүүчүнүн макулдугусуз кредит берүүчү менен субъекттин ортосунда түзүлгөн келишим боюнча субъекттин өз милдеттенмелерин аткаруу мүмкүнчүлүгүнө түздөн-түз же кыйыр таасирин тийгизген үчүнчү жактар менен кандай гана болбосун келишимдерге субъект тарабынан өзгөртүүлөрдү киргизгендиги үчүн кепилчилик берүүчү кепилдик келишиминин шарттарына ылайык кепилдиктин жалпы суммасынын 5 пайыз өлчөмүндө үстөк айыпты субъекттен өндүрүп алууга укуктуу.
Үстөк айыптын суммасы кепилчилик берүүчүнүн алыш-бериш эсебине которулат.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 231-пункт менен толукталсын:
"231. Кредит берүүчү тарабынан кепилчилик берүүчү үчүн жоопкерчиликтин көбөйүшүнө же башка жагымсыз кесепеттерге алып келүүчү өзгөртүүлөр киргизилген учурда, ошондой эле кепилчилик берүүчүнүн макулдугусуз кредит берүүчү менен субъекттин ортосунда түзүлгөн келишимге башка өзгөртүүлөр киргизилгенде, кепилчилик берүүчү кепилдик берүүнүн жалпы суммасынан 5 пайыз өлчөмүндө айып пулду төлөөнү талап кылууга укуктуу.
Кепилчилик берүүчү кабарлоону алгандан кийин кредит берүүчү билдирүүдө көрсөтүлгөн айыптын суммасын төлөөгө милдеттүү.";
- 25-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"25. Субъекттен, үчүнчү жактардан же кепилчилик берүүчүдөн кандай болбосун акча каражаттары, анын ичинде кредит берүүчү тарабынан алынган пайыздар боюнча субсидиялар кредит берүүчүгө түшкөн учурда кепилчилик берүүчүнүн кредит берүүчү алдындагы милдеттенмелери мындай тындыруунун суммасына пропорциялуу азайтылат. Күрөө мүлкүн сатып өткөрүүдөн алынган каражаттар да кепилчилик берүүчүнүн кредит берүүчү алдындагы милдеттенмелерин азайтат.";
- 26-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Мында кепилчилик берүүчү субъект менен кредит берүүчүнүн ортосунда бекитилген графикке ылайык милдеттенмелерди аткарат, отчеттук жылдын аягында тиешелүү отчеттук мезгилдин жыйынтыгы боюнча төлөмдөрдү жүргүзөт.";
- 27, 28-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"27. Кепилчилик берүүчүнүн кепилдикти аткаруу боюнча милдеттенмелери кепилчиликке түзүлгөн резервдердин каражаттарынын жана өздүк капиталдын эсебинен жүзөгө ашырылат. Мында төлөнбөгөн милдеттенмелердин жылдык көлөмү кепилчиликке жана өздүк капиталга түзүлгөн резервдердин көлөмүнүн 80 пайызынан ашпоого тийиш.
28. Тараптардын макулдашуусу боюнча кепилчилик берүүчү мамлекеттик карыздык баалуу кагаздарды (мамлекеттик казыналык облигацияларды, мамлекеттик казыналык векселдерди) алардын номиналдык наркы боюнча өткөрүп берүү жолу менен кредит берүүчүнүн алдында кабыл алынган милдеттенмелерди аткарууга укуктуу.";
- 31-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"31. Кепилчилик берүүчүнүн ушул Тартиптин 29-пунктунда көрсөтүлгөн милдети кредит берүүчү тарабынан субъекттин ссудалык эсеби боюнча күбөлөндүрүлгөн көчүрмө жана кепилчилик келишиминде каралган башка документтер берилгенден кийин келип чыгат. Ошол эле учурда, эгерде кепилчилик келишиминде кепилчилик берүүчүнүн субсидиардык жоопкерчилиги каралса, кредит берүүчү ошондой эле кепилчилик келишиминде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте субъекттен карызды өндүрүү боюнча чараларды көрүүнү ырастаган документтерди берүүгө милдеттүү.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 29-майындагы № 39 (3799) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |