Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 30-апрели № 317
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-январындагы № 7 "Социалдык чөйрө мекемелеринде тамак-аштын акчалай нормалары жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Атайын мектепке чейинки билим берүү уюмдарында балдардын тамак-ашынын сапатын жогорулатуу жана рационун жакшыртуу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-январындагы № 7 "Социалдык чөйрө мекемелеринде тамак-аштын акчалай нормалары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун тиркемесинде:
1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
1 | Атайын мектепке чейинки билим берүү уюмдарында | 120 |
".
2. Бул токтомду ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар тиешелүү жылдарга республикалык бюджетте Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине каралган каражаттардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын каражаттарынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүзөгө ашырылат.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |