Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 3-июну № 80
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколунун (мындан ары - Мамлекеттик протокол) укуктук негизин белгилейт, анын максаттарын жана милдеттерин, мамлекеттик маанидеги иш-чараларды даярдоонун жана өткөрүүнүн негизги принциптерин аныктайт.
Мамлекеттик протокол расмий иш-чараларды пландоодо жана жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик органдары тарабынан аткарылышы үчүн милдеттүү болуп саналат.
1-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу терминдер жана түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй терминдер жана түшүнүктөр колдонулат:
1) Мамлекеттик протокол - бул Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик деңгээлде расмий эл аралык иш-чараларда сакталуучу жалпы кабыл алынган эрежелердин, салттардын жана шарттуулуктардын жыйындысы;
2) Кыргыз Республикасынын кызмат адамдарынын протоколдук улуктугу - бул мамлекеттик ички жана эл аралык иш-чараларды өткөрүүдө колдонулуучу, Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилүүчү Кыргыз Республикасынын тиешелүү кызмат адамдарынын улуктук тизмеги;
3) мамлекеттик сапар - чет мамлекет менен жетишилген эки тараптуу мамилелердин саясий бийик деңгээлин белгилөө максатында жүргүзүлүүчү, чет мамлекеттин башчысы тарабынан анын бийликтеги ыйгарым укуктарын үзгүлтүксүз аткаруу мезгилинде бир жолу жүзөгө ашырыла турган чет мамлекеттин башчысынын Кыргыз Республикасына сапарынын жогорку түрү;
4) расмий сапар - чет мамлекет менен расмий дипломатиялык мамилелерди чагылдыруучу сапардын негизги түрү, чет мамлекеттердин башчылары үчүн Кыргыз Республикасына сапарынын статусу боюнча экинчи түрү жана чет мамлекеттердин парламенттеринин, өкмөттөрүнүн, ошондой эле тышкы саясат ведомстволорунун башчылары үчүн Кыргыз Республикасына сапарынын жогорку түрү;
5) жумушчу сапар - белгилүү максаттуу мааниге ээ болгон сапар: чет мамлекеттердин мамлекет башчыларынын, парламенттеринин, өкмөттөрүнүн жана тышкы саясат ведомстволорунун башчыларынын, анын ичинде көп тараптуу иш-чараларга катышуу, жолугушууларды, сүйлөшүүлөрдү, консультацияларды өткөрүү, келишимдерге жана макулдашууларга кол коюу, улуттук көргөзмөлөрдү жана маданият күндөрүн ачуу үчүн Кыргыз Республикасына келүүсү;
6) жеке сапар - чет мамлекеттердин мамлекет башчыларынын, парламенттеринин, өкмөттөрүнүн башчыларынын жана башка кызмат адамдарынын жеке иштер боюнча Кыргыз Республикасына сапары;
7) жол ара сапар - Кыргыз Республикасында анын аймагы аркылуу транзит менен бара жаткан чет өлкөлүк делегациянын кыска аралыкта болуусу;
8) жогорку деңгээлдеги сапар - чет өлкөлүк делегациялардын Кыргыз Республикасына мамлекет башчыларынын деңгээлиндеги сапары жана алардын статусуна ылайык көрсөтүлүүчү аземдүү урмат-сый;
9) бийик деңгээлдеги сапар - чет мамлекеттердин парламенттеринин, өкмөттөрүнүн, тышкы саясат ведомстволорунун башчыларынын, мамлекет башчыларынын жана өкмөт башчыларынын атайын өкүлдөрүнүн, эл аралык уюмдардын жетекчилеринин жана аларга теңештирилген адамдардын Кыргыз Республикасына сапары;
10) сапардын форматы - сапардын программасында чагылдырылуучу иштиктүү жана протоколдук мүнөздөгү иш-чаралардын жыйындысы, алардын жөрөлгөлөрү жана аларга катышкан адамдардын жекече катышуу деңгээли;
11) расмий кабыл алуу - делегациянын башчысынын келүүсүнө арналган иш-чара;
12) эстелик белектер - сапардын жүрүшүндө расмий делегациянын башчысына жана мүчөлөрүнө тапшырылуучу, Кыргыз Республикасын символдоштурган сувенирлер жана белектер;
13) протоколдук атрибуттар - салтанаттуулуктун талаптагыдай деңгээлин камсыз кылуу, дипломатиялык жана кызматтык протоколдун ченемдерин сактоо, ошондой эле мамлекеттик эгемендүүлүктү көрсөтүү максатында расмий иш-чараларды өткөрүүдө пайдаланылуучу символдордун, предметтердин жана визуалдык элементтердин жыйындысы. Протоколдук атрибуттарга мамлекеттик символдор жана мыйзамдарга жана эл аралык практикага ылайык колдонулуучу расмий жол-жоболоштуруунун башка элементтери кирет.
2-берене. Мамлекеттик протоколду жүзөгө ашыруунун укуктук негизи
Мамлекеттик протоколду жүзөгө ашыруунун укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер түзөт.
3-берене. Мамлекеттик протоколдун максаттары жана милдеттери
Мамлекеттик протоколдун негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен болгон мамилелерде Кыргыз Республикасынын бирдиктүү протоколдук практикасын жүргүзүү максатында мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоо;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин чет мамлекеттерге сапарларын, ошондой эле жогорку/бийик деңгээлдердеги чет өлкөлүк делегациялардын Кыргыз Республикасына сапарларын протоколдук камсыз кылуу;
3) сүйлөшүүлөрдү, көп тараптуу форматтагы иш-чараларды, эл аралык келишимдерге кол коюу аземдерин даярдоо жана уюштуруу;
4) чет мамлекеттердин элчилеринин ишеним жана кайра чакыртып алуу грамоталарын Кыргыз Республикасынын Президентине тапшыруусун уюштуруу;
5) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган башка милдеттерди жүзөгө ашыруу.
4-берене. Мамлекеттик протоколду жүзөгө ашыруу
1. Мамлекеттик протоколду Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын протоколдук кызматтары менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жүзөгө ашырат.
2. Кыргыз Республикасынын аймагында бирдиктүү протоколдук практиканы жалпы координациялоо Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик протокол департаменти тарабынан жүзөгө ашырылат.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын чет мамлекеттерге сапарларын, ошондой эле чет өлкөлүк делегациялардын Кыргыз Республикасына жогорку/бийик деңгээлдердеги сапарларын даярдоо жана өткөрүү боюнча протоколдук-уюштуруучулук мүнөздөгү маселелерди чечүү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик протокол департаментинин координациялоочу ролунда Кыргыз Республикасынын кызыкдар мамлекеттик органдары тарабынан камсыз кылынат.
5-берене. Координациялоону жана өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу
1. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тышкы саясий курсту ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын биримдигин камсыз кылуу максатында эл аралык иш маселелеринде бийлик бутактарынын аткаруучу жана мыйзам чыгаруучу органдарын координациялоону жана өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат.
2. Кыргыз Республикасынын министрликтери, административдик ведомстволору, жергиликтүү мамлекеттик администрациялары Кыргыз Республикасында аккредитацияланган дипломатиялык корпустун катышуусу менен республикалык ички иш-чараны уюштурууда бул маселени Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен милдеттүү түрдө макулдашууга тийиш.
6-берене. Кыргыз Республикасына чет өлкөлүк делегациялардын сапарлары
1. Кыргыз Республикасына жогорку/бийик деңгээлдердеги сапардын мөөнөттөрү, мүнөзү жана форматы дипломатиялык каналдар боюнча чет өлкөлүк тарап менен алдын ала макулдашылууга тийиш.
2. Бийик даражалуу мейман дем алыш жана майрам күндөрү, ошондой эле жумуш убактысынан тышкары келген учурда протоколдук иш-чаралардын деңгээли төмөндөйт.
3. Чет өлкөлүк делегацияга протоколдук аземдер жана урмат-сый сапардын форматына, делегацияны жетектеген адамдын (мамлекеттин, парламенттин, өкмөттүн, тышкы саясат ведомствосунун башчысынын же башка бийик даражалуу адамдын) статусуна, эки тараптуу мамилелердин деңгээлине ылайык, ошондой эле өз ара мамиле принцибин эске алуу менен көрсөтүлөт.
4. Кыргыз Республикасына мамлекеттердин, парламенттердин, өкмөттөрдүн башчыларынын жана аларга теңештирилген адамдардын сапарларын пландоо, даярдоо жана жүзөгө ашыруу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын компетенциясында, тышкы саясат ведомстволорунун башчыларынын сапарларын пландоо, даярдоо жана жүзөгө ашыруу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин карамагында болот.
5. Сапарлар мүнөзү боюнча мамлекеттик, расмий, жумушчу, жеке жана жол ара сапарлар болуп бөлүнөт. Кыргыз Республикасына сапар бийик даражалуу меймандын (делегациянын) Кыргыз Республикасына келген учурунан тартып башталат.
7-берене. Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк делегациялардын катышуусундагы протоколдук иш-чаралар
1. Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк делегациялардын катышуусундагы протоколдук иш-чараларга жогорку/бийик деңгээлдеги расмий жолугушуулар жана меймандарды узатуу, тарыхый-маданий мемориалдарга жана эстеликтерге гулчамбарларды коюу, расмий сүйлөшүүлөр, биргелешкен эл аралык келишимдерге кол коюу, басма сөз конференциялары, расмий кабыл алуулар жана маданий иш-чаралар кирет.
2. Эл аралык практикага ылайык Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты менен биргеликте протоколдук иш-чараларды иштеп чыгат.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин тиешелүү бөлүмү эл аралык келишимдерди макулдашууну, даярдоону, аутенттүүлүгүн белгилөөнү жана кол коюуну уюштурат.
8-берене. Кыргыз Республикасына чет өлкөлүк делегациялардын сапарларынын программалары
1. Кыргыз Республикасына жогорку/бийик деңгээлдеги чет өлкөлүк делегациялардын сапарларынын программалары Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрү менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан иштелип чыгат жана делегациялардын болуусуна байланышкан жолугушуулардын аземдерин жана башка протоколдук иш-чараларды карайт. Сапардын программасын иштеп чыгуу убагында дипломатиялык каналдар боюнча бийик даражалуу меймандын каалоосу такталат.
2. Сапардын убактысын, өтүүчү жерин, катышуучуларынын курамын жана аны уюштуруу жана жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон башка маалыматты көрсөтүү менен иш-чаралардын ырааттуулугун сактоо сапардын программасынын милдеттүү шарты болуп саналат.
3. Чет өлкөлүк парламенттик делегациялардын башчыларынын сапарларын кошпогондо, жогорку деңгээлдеги сапарлардын программалары Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин сунушу жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталган тартипте бекитилет. Сапардын программасы бекитилген учурдан тартып расмий документ болуп саналат.
4. Кыргыз Республикасына чет өлкөлүк парламенттик делегациялардын башчыларынын сапарларынын программалары Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин сунушу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы тарабынан бекитилет. Сапардын программасы бекитилген учурдан тартып расмий документ болуп саналат.
5. Эгерде бийик даражалуу мейманды жубайы коштоп келсе, анда ал үчүн өзүнчө программа түзүлөт жана макулдашылат.
9-берене. Мамлекеттердин жана өкмөттөрдүн башчыларынын атайын өкүлдөрүнүн, эл аралык уюмдардын жетекчилеринин сапарлары
Мамлекеттердин, өкмөттөрдүн башчыларынын атайын өкүлдөрү жана эл аралык уюмдардын жетекчилери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин меймандары катары кабыл алынат.
10-берене. Такты мураскорлорунун жана падышалардын үй-бүлөсүнүн башка мүчөлөрүнүн сапарлары
Такты мураскорлору жана падышалардын үй-бүлөсүнүн башка мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин меймандары катары кабыл алынат.
11-берене. Чет өлкөлүк делегациянын башчысынын өлкө боюнча кыдыруусу
Сапардын программасында чет өлкөлүк делегациянын башчысынын Кыргыз Республикасынын региондору боюнча кыдыруусу каралышы мүмкүн.
12-берене. Протоколдук иш-чараларды камсыз кылуу
1. Чет өлкөлүк делегациялардын Кыргыз Республикасына сапарларында белектерди алмашуу, автотранспорт, убактылуу жашоо үчүн турак жай менен камсыз кылуу, тууларды жана чакырыктарды илүү каралат.
Протоколдук иш-чараларды камсыз кылуунун тартиби жана көлөмү ушул Мыйзам менен белгиленген Мамлекеттик протоколдун негизги жоболору менен аныкталат.
2. Мамлекеттик органдын жетекчилиги тарабынан чет өлкөлүк делегациялар менен жолугушуулардын жүрүшүндө алынган белектер мамлекеттик мүлк болуп саналат, көпчүлүктүн көрүүсү үчүн тиешелүү органдын имаратынын бул үчүн арналган жерине же болбосо Кыргыз Республикасынын музей фондуна, ал эми өзгөчө баалуулукту туюндурган белектер Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына коюлат.
Белектерди баалоонун, эсепке алуунун, өткөрүп берүүнүн жана сактоонун тартиби, ошондой эле аларды өзгөчө баалуу деп таануунун критерийлери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
13-берене. Чет мамлекеттердин элчилеринин Кыргыз Республикасынын Президентине ишеним жана кайра чакыртып алуу грамоталарын тапшыруусу
1. Чет мамлекеттердин элчилеринин ишеним жана кайра чакыртып алуу грамоталары Кыргыз Республикасынын Президентине тапшырылат.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тиешелүү (протоколдук) кызматы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте ишеним грамоталарын тапшыруу аземин даярдоону жана өткөрүүнү камсыз кылат. Ишеним грамоталарын тапшыруу датасы дипломатиялык каналдар боюнча бир айдан кеч эмес макулдашылат. Ишеним грамоталарын тапшыруу күнү кыргыз тарап чет мамлекеттин элчисине резиденциядан тапшырылуучу жерге чейин жана кайра кайтуу үчүн транспорт берет.
3. Чет мамлекеттин элчиси Кыргыз Республикасынын Президентине ишеним грамотасын тапшырган учурдан тартып аккредитацияланды жана Кыргыз Республикасында өз милдеттерине киришти деп эсептелет.
Ишеним грамотасы тапшырылганга чейин элчи дайындалган элчи деп эсептелет жана, эреже катары, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан аныкталган тартипте саясий кызмат адамдары менен расмий жолугушуулар менен чектелет.
14-берене. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө жана Ыйгарым укуктуу элчилери тарабынан тапшыруу үчүн ишеним жана кайра чакыртып алуу грамоталарын даярдоо
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө жана Ыйгарым укуктуу Элчисин, эл аралык уюмдардагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлүн дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы чыккандан кийин Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ишеним жана кайра чакыртып алуу грамоталарын даярдайт.
2. Ишеним жана кайра чакыртып алуу грамоталары мамлекеттик тилде, гербдүү кагазда даярдалат. Келген мамлекеттин протоколдук өзгөчөлүгүн эске алуу менен ишеним жана кайра чакыртып алуу грамоталары расмий же болбосо чет тилдеги тексттерди кошумча камтуусу мүмкүн.
15-берене. Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын чет өлкөлүк сапарлары
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын чет өлкөлүк сапарларынын мөөнөттөрү дипломатиялык каналдар боюнча макулдашылат. Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын чет өлкөлүк сапарын даярдоо жана өткөрүү үчүн сапар жасалуучу өлкөгө алдыңкы топ жиберилет. Кыргыз Республикасынын тиешелүү чет өлкөдөгү мекемеси алдыңкы топтун ишине зарыл болгон көмөк көрсөтүүнү камсыз кылат.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын чет өлкөлөргө сапарларынын бир учурда болуусуна жол берилбейт.
3. Пландалган көп тараптуу иш-чара учурларын кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын кыска мезгилдин ичинде бир эле чет өлкөгө сапарларына жол берилбейт.
16-берене. Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын чет мамлекеттердеги иш-чараларга катышуусу
1. Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы чет мамлекеттердин майрамдык иш-чараларына, чет мамлекеттердин башчыларынын инаугурациясына, чет мамлекеттеги же эл аралык уюмдагы эл аралык конференцияларга жана симпозиумдарга тиешелүү чакыруунун негизинде катышуу жөнүндө чечимди кабыл алышат.
2. Чет мамлекеттин башчысынын каза болгондугуна байланыштуу аза күтүү иш-чараларына, чет мамлекеттердеги эскерүү иш-чараларына Кыргыз Республикасынын катышуусунун тартиби жана деңгээли Кыргыз Республикасынын Президентинин тиешелүү чечими боюнча аныкталат.
17-берене. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик иш-чараларына бийик даражалуу меймандардын катышуусу
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик иш-чараларына, эл аралык конференцияларга жана симпозиумдарга бийик даражалуу меймандардын же алардын өкүлдөрүнүн катышуусу Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин чакыруусу боюнча жүргүзүлөт.
18-берене. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдорун пайдалануу
1. Протоколдук иш-чараларды жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун сүрөттөрү пайдаланылат жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни аткарылат.
Кыргыз Республикасындагы эл аралык иш-чараларды өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын Президентинин штандарты да пайдаланылышы мүмкүн.
2. Ушул Мыйзамда каралган учурларда эстелик гүлчамбарлары жана себет гүл үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин жана/же Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын жана/же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын атынан текст жазылган тасмалар, эстелик сувенирлери үчүн визиттик карточкалар пайдаланылышы мүмкүн.
19-берене. Эл аралык келишимдер
Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде ушул Мыйзамда камтылгандардан башка ченемдер белгиленсе, анда эл аралык келишимдердин ченемдери колдонулат.
20-берене. Мамлекеттик протоколдун негизги жоболору, Кыргыз Республикасынын кызмат адамдарынын протоколдук улуктугу
1. Жогорку/бийик деңгээлдердеги чет өлкөлүк делегацияларды кабыл алуунун, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын чет өлкөлүк сапарларынын тартибин регламенттештирүү, ошондой эле башка аземдүү протоколдук иш-чараларды өткөрүү максатында Мамлекеттик протоколдун негизги жоболору (тиркеме) белгиленет.
2. Кыргыз Республикасынын кызмат адамдарынын протоколдук улуктугу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилет.
21-берене. Корутунду жоболор
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 11-апрелиндеги № 32 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 4, 2113-ст.);
2) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 23-январындагы № 7 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 1, 7-ст.);
3) "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 22-мартындагы № 22 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 3, 174-ст.);
4) "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 24-мартындагы № 27 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 3, 179-ст.);
5) "Коргоо жана коопсуздук чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 18-мартындагы № 46 Мыйзамынын 5-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 3, 178-ст.).
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2026-жылдын 22-апрелинде |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |
|
| "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколунун НЕГИЗГИ ЖОБОЛОРУ
Эл аралык тажрыйбага жана Кыргызстандын элинин калыптанган салттарына ылайык Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколунун негизги жоболору мамлекеттердин, өкмөттөрдүн, парламенттердин башчыларынын, тышкы саясат ведомстволорунун башчыларынын жана аларга теңештирилген чет мамлекеттердин адамдарынын, ошондой эле эл аралык уюмдардын башчыларынын Кыргыз Республикасына болгон сапарларында, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин чет өлкөлөргө болгон сапарларында негизги иш-чараларды, ошондой эле дипломатиялык корпустун катышуусу менен өлкө ичиндеги иш-чараларды өткөрүүнү жөнгө салган протоколдун элементтерин өзүнө камтыйт.
Мында кабыл алынган протоколдук-уюштуруучулук ченемдерди жүзөгө ашырууда бирдиктүү мамиле жасоо принциби өзүнүн мааниси боюнча өз ара мамиле принцибинен жогору турат (б.а. мейман өзүнүн өлкөсүндө башка эрежелер колдонулгандыгынын негизинде Кыргыз Республикасында кабыл алынган протоколдун эрежелерин өзгөртүүнү талап кыла албайт).
I БӨЛҮМ САПАРЛАРДЫН МҮНӨЗҮ ЖАНА ФОРМАТЫ
Бардык сапарлар кабыл алуу мүнөзү боюнча төмөнкүлөргө бөлүнөт:
- мамлекеттик;
- расмий;
- жумушчу;
- жеке;
- жол ара сапарлар.
Сапардын форматы деп сапардын программасына киргизилүүчү иштиктүү жана протоколдук мүнөздөгү иш-чаралардын жыйындысы, алардын аземи жана ага кыргыз тараптын жеке катышуусунун деңгээли түшүнүлөт.
Тараптар жогорку даражалуу меймандын (делегациянын) алдыда болуучу сапарынын мөөнөттөрү, мүнөзү жана форматы жөнүндө алдын ала макулдашат. Дем алыш же майрам күндөрү, ошондой эле жумуш эмес убакта келген учурда протоколдук иш-чаралардын деңгээли төмөндөйт. Сапардын мөөнөттөрүн макулдашуу учурунда бул жобо чет өлкөлүк тарапка кабарланат.
Мамлекеттердин, өкмөттөрдүн башчыларынын, эл аралык уюмдардын башчыларынын жана аларга теңештирилген адамдардын Кыргыз Республикасына сапарларын пландоо, даярдоо жана жүзөгө ашыруу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин компетенциясында; чет мамлекеттердин парламенттеринин жана парламенттер аралык уюмдардын башчыларынын сапарлары - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын компетенциясында болот.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине мамлекеттердин, өкмөттөрдүн, чет мамлекеттердин тышкы саясат ведомстволорунун башчыларынын, эл аралык уюмдардын башчыларынын жана аларга теңештирилген адамдардын сапарларын даярдоо, протоколдук иш-чараларды жүзөгө ашыруу боюнча чет мамлекеттердин тышкы саясат ведомстволору, алардын элчиликтери (өкүлчүлүктөрү), Кыргыз Республикасынын кызыкдар министрликтери жана ведомстволору, ошондой эле жергиликтүү аткаруу органдары менен байланыштарды сактоо жүктөлөт.
II БӨЛҮМ ЧЕТ МАМЛЕКЕТТЕРДИН БАШЧЫЛАРЫНЫН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНА САПАРЛАРЫ
Чет мамлекеттердин башчыларынын Кыргыз Республикасына мамлекеттик, расмий жана жумушчу сапарларынын графиги Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан даярдалат жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине бекитүү жана андан ары Кыргыз Республикасынын Президентинин жылдык графигине киргизүү үчүн киргизилет (календардык жылдын башталышына чейин бир айдан кеч эмес).
1-бөлүмчө. Мамлекеттик сапарлар
Чет мамлекеттердин башчыларынын мамлекеттик сапарлары Кыргыз Республикасына болгон сапарлардын эң жогорку категориясына кирет жана жогорку урмат-сый көрсөтүү менен айырмаланат. Чет мамлекеттин башчысынын Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапарын уюштуруу тууралуу сунуш Кыргыз Республикасынын Президентине Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри тарабынан киргизилет жана Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилет.
Мындай учурда чакыруучу адам болуп Кыргыз Республикасынын Президенти саналат.
Мамлекеттик сапардын элементтери болуп төмөнкүлөр саналат:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин чет мамлекеттин башчысын чакыруусу;
- Кыргыз Республикасынын Президенти менен жолугушуу (тар жана/же кеңейтилген курамдарда);
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы менен жолугушуу;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы менен жолугушуу;
- аэропортто каада-салттардын жана улуттук маданияттын элементтери менен тосуп алуу аземи;
- аэропортто (чек арада), жогорку даражалуу мейман өтүүчү башкы көчөлөрдө жана аянттарда тууларды, ошондой эле жогорку даражалуу мейман жашай турган меймандын өлкөсүнүн туусун илүү;
- аэропортто (чек арада) жана жогорку даражалуу мейман өтүүчү жолдордун боюна транспаранттарды илүү;
- расмий жолугушуу аземине атчан аскерлердин эскорту (аба ырайын эске алуу менен);
- мотоциклисттердин эскорту (7 адам, аба ырайын эске алуу менен);
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталуучу Кыргыз Республикасынын расмий адамынын жогорку даражалуу мейманды дайыма коштоп жүрүүсү;
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин сунушу боюнча сапардын программасы менен аныкталуучу расмий адамдын жогорку даражалуу меймандын жубайын дайыма коштоп жүрүүсү;
- гүлчамбар коюу;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан расмий кабыл алуу.
1-глава. Аэропортто (чек арада) тосуп алуу (узатуу) аземи
Тосуп алуу аземи Кыргыз Республикасынын аэропортунда (чек арада) өтөт. Жогорку даражалуу мейманды Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталуучу кызмат адамдары, анын ичинде өз ара мамиле принцибин эске алуу менен, ошондой эле меймандын өлкөсүнүн Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси (эгерде бар болсо) тосуп алат.
Тосуп алуу жеринде Кыргыз Республикасынын жана меймандын өлкөсүнүн мамлекеттик туулары илинет. Ардактуу кароол ротасы тизилет, аба ырайына жараша кызыл килемдин боюна улуттук боз үйлөр тигилет, ошондой эле этно-баатырлар тизилет. Аэропортто (чек арада) мамлекеттик гимндерди аткаруу каралбайт. Жогорку даражалуу мейман өтүүчү башкы көчөлөрдө жана аянттарда транспаранттар жана эки өлкөнүн мамлекеттик туулары илинет.
Узатуу тартиби тосуп алуудагыдай эле болот. Жогорку даражалуу мейманды ошол эле адамдар узатат.
2-глава. Жайгаштыруу
Жогорку даражалуу мейман жана расмий делегациянын мүчөлөрү, эреже катары, мамлекеттик резиденцияга же тараптар аныктаган мейманканага жайгаштырылат.
Резиденциянын үстүндө же мейманканада меймандын өлкөсүнүн мамлекеттик туусу илинет.
3-глава. Жолугушуунун расмий аземи
Жолугушуунун расмий аземи сапардын программасында көрсөтүлгөн жерде өткөрүлөт.
Чет мамлекеттин башчысын (жубайы менен) автомобилден чыгып жатканда Кыргыз Республикасынын Президенти (жубайы менен) тосуп алат.
Жолугушуунун расмий аземинин катышуучуларын Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин сунушу боюнча аныктайт.
Аземге Бишкек шаарындагы резиденцияга Кыргыз Республикасында аккредитацияланган чет өлкөлүк дипломатиялык миссияларынын башчылары чакырылышы мүмкүн. Меймандын өлкөсүнүн жергиликтүү диаспораларынын өкүлдөрүнүн катышуусуна жол берилет.
Ошондой эле аземге меймандын өлкөсүнүн расмий делегациясынын мүчөлөрү жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын (мындан ары - ЖМК) өкүлдөрү чакырылат. Жолугушууда Ардактуу кароол, этно-баатырлар тизилип турат, мамлекеттик туулар илинет жана меймандын өлкөсүнүн жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимндери аткарылат.
4-глава. Tap жана кеңейтилген курамдардагы сүйлөшүүлөр
Мамлекеттик сапардын жүрүшүндө чет мамлекеттин башчысы менен тар жана/же кеңейтилген курамдардагы негизги сүйлөшүүлөрдү Кыргыз Республикасынын Президенти жүргүзөт.
Сапардын программасында чет мамлекеттин башчысы менен Кыргыз Республикасынын Президентинин тар чөйрөдөгү "1+4" чейин форматтагы маектешүүсү каралышы мүмкүн. Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан башка формат аныкталган учурда же өз ара мамиле принцибине жараша тар чөйрөдөгү жолугушуунун формуласы өзгөртүлүшү мүмкүн.
Кеңейтилген курамдагы сүйлөшүүлөрдө жолугушуунун форматы, эреже катары, тараптардын делегацияларынын курамына жана күн тартибине жараша аныкталат.
Сүйлөшүүлөрдүн күн тартиби, маектешүү үчүн эскертмелер, маалыматтык-талдоо маалымкаттары, сүйлөшүүлөрдүн жана маектешүүлөрдүн катышуучуларынын курамы боюнча сунуштар сапарга чейин эки жума мурда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентине киргизилет.
5-глава. Документтерге кол коюу аземи жана басма сөз үчүн биргелешкен билдирүү
Биргелешкен документтерге кол коюу аземи жана басма сөз үчүн биргелешкен билдирүү атайын бөлүнгөн залда өткөрүлөт. Документтерге кол коюу аземинде эки тараптын расмий делегацияларынын мүчөлөрү, ЖМК өкүлдөрү жана сапардын программасын камсыз кылган башка коштоочу адамдар катышат.
Документтерге кол коюу аземи аяктагандан кийин басма сөз үчүн биргелешкен билдирүү жасалат.
6-глава. Гүлчамбар коюу аземи
Гүлчамбар коюу аземинде Ардактуу кароолдун ротасы жана Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскердик оркестри тизилип турат. Расмий делегациянын мүчөлөрү жана кыргыз тараптын коштоочу кызмат адамдары жогорку даражалуу меймандын артына өтүп, гүлчамбардын артында баштапкы абалын ээлейт.
ЖМК өкүлдөрү атайын бөлүнгөн жерде турат.
Аземдик музыка ойнолот. Жетектөөчү офицер жана гүлчамбарды көтөрүп жүргөн аскер кызматчылары белгиленген жерге карай басып, гүлчамбарды орнотот. Жогорку даражалуу мейман гүлчамбарга келет жана тасманы оңдойт.
Эскерүү мүнөтү.
Эскерүү мүнөтүнөн кийин жогорку даражалуу мейман кортежди карай бет алат жана жөнөп кетет.
7-глава. Расмий кабыл алуу
Чет мамлекеттин башчысынын урматына расмий кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан өткөрүлөт.
Расмий кабыл алуу эртең мененки тамак (11.00дөн 15.00 саатка чейин) же түшкү тамак (18.00дөн 22.00 саатка чейин) түрүндө өткөрүлүшү мүмкүн.
Чет өлкөнүн башчысынын урматына арналган түшкү (эртең мененки) тамак сапардын программасында көрсөтүлгөн жерде өткөрүлөт.
Түшкү (эртең мененки) тамакта сөз сүйлөөлөр каралат. Мында сөздөрдүн жазуу жүзүндөгү котормолору жана меню меймандар отурган столдорго коюлат.
Түшкү (эртең мененки) тамакка мейман тараптан расмий делегациянын мүчөлөрү чакырылат. Айрым учурларда чет өлкөлүк делегациянын башчысынын өтүнүчү боюнча расмий делегациянын башка мүчөлөрү да чакырылышы мүмкүн. Кыргыз тараптан чакырылган адамдардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан киргизилет жана жети күндөн кеч эмес мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Президентине бекитүү үчүн жөнөтүлөт.
Кабыл алууга чакыруулар Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик протокол департаменти тарабынан жөнөтүлөт.
Кабыл алуунун форматы "1+25" формуласы боюнча аныкталат. Кабыл алуунун формуласы Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан делегациянын сандык курамына же өз ара мамиле принцибине жараша башка формат аныкталган учурда көбөйтүү же азайтуу жагына өзгөртүлүшү мүмкүн.
8-глава. Театрга баруу
Мамлекеттик сапар учурунда театрга расмий баруу уюштурулушу мүмкүн. Мындай учурда чет мамлекеттин башчысы (жубайы менен) менен бирге ложада (атайын бөлүнгөн орунда) Кыргыз Республикасынын Президенти (жубайы) болот.
Ложанын эки тарабына мамлекеттик туулар илинет. Көрсөтүү башталар алдында жогорку даражалуу меймандардын катышып жаткандыгы жөнүндө кулактандырылат. Оркестр меймандын өлкөсүнүн жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимндерин аткарат.
Көрсөтүү аяктагандан кийин сахнага эки себет гүл (жогорку даражалуу меймандын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин визиттик карточкалары коюлган) алып чыгарылат.
9-глава. Өлкө боюнча кыдыруу
Мамлекеттик сапардын программасында (алдын ала макулдашуу боюнча) чет мамлекеттин башчысынын Кыргыз Республикасынын региондорун кыдыруусу каралышы мүмкүн.
Эгерде жогорку даражалуу мейман барган региондон мекенине жөнөй турган болсо, аны кетээринде салтанаттуу узатуу аземи ошол барган региондун аймагында өткөрүлүшү мүмкүн.
Региондорду кыдырууда чет мамлекеттин башчысын сапардын программасында аныкталуучу расмий адам, Кыргыз Республикасынын же меймандын өлкөсүнүн Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси (эгер ал бар болсо) жана башка адамдар коштоп жүрөт.
10-глава. Эстелик белектери
Мамлекеттик сапар учурунда чет мамлекеттин башчысына жана башка расмий адамдарга Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан эстелик белектерин тапшыруу каралат. Белектерди берүү башкача макулдашуу болбогон учурда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик протокол департаменти аркылуу жүзөгө ашырылат.
11-глава. Меймандостуктун форматы
Кыргыз тарап чет мамлекеттин башчысынын Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапарынын алкагында меймандостуктун форматын "1+10" формуласы боюнча белгилейт.
Кыргыз Республикасынын Президенти делегациянын сандык курамына же өз ара мамиле принцибине жараша башка форматты аныктаган учурда меймандостук формуласы көбөйтүү же азайтуу жагына өзгөртүлүшү мүмкүн.
12-глава. Туулар
Жогорку даражалуу мейманды Кыргыз Республикасынын аэропортунда (чек арада) тосуп алуу аземи убагында тосуп алуу жеринде меймандын өлкөсүнүн жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туулары илинет.
Жогорку даражалуу мейман жүрүп бара жаткан башкы көчөлөрдө жана аянттарда эки өлкөнүн мамлекеттик туулары илинет.
Жогорку даражалуу меймандын автоунаасында анын өлкөсүнүн туусу (же анын штандарты) орнотулат. Кыргыз Республикасынын Президенти менен бирге жүрүп бара жаткан учурда меймандын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туулары орнотулат.
Резиденциянын үстүндө меймандын өлкөсүнүн мамлекеттик туусу (же анын штандарты) илинет.
Tap жана кеңейтилген курамдагы сүйлөшүүлөр убагында, ошондой эле документтерге кол коюу аземинде жана басма сөз үчүн биргелешкен билдирүү жасоо учурунда меймандын өлкөсүнүн жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туулары илинет.
Сапардын алкагында илинүүчү жана орнотулуучу мамлекеттик туулардын саны Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан аныкталат.
13-глава. Автотранспорт
Кыргыз Республикасына чет мамлекеттердин башчыларынын мамлекеттик сапарларынын убагында меймандостук форматына жараша кыргыз тараптан төмөнкүдөй автотранспорт бөлүнүп берилет:
- VIP-автоунаасы + резерв;
- жубайы үчүн VIP автоунаасы (ал катышкан учурда);
- расмий делегациянын мүчөлөрү үчүн өкүлчүлүк классындагы 3 автоунаа же 2 чакан автобус (тандоосу боюнча);
- протокол үчүн 1 автоунаа;
- күзөтчүлөр үчүн 3 автоунаа;
- жогорку даражалуу меймандын багажы үчүн 1 чакан автобус;
- КР ИИМ ЖКККББ ЖККнын коштоосу үчүн 3 автоунаа;
- жогорку даражалуу мейманды тосуп алуу жана узатуу үчүн мотоциклисттердин эскорту.
Кыргыз Республикасынын Президенти делегациянын сандык курамына же өз ара мамиле принцибине жараша башка форматты аныктаган учурда кыргыз тараптан бөлүнүүчү автотранспорт каражаттарынын саны көбөйтүү же азайтуу жагына өзгөртүлүшү мүмкүн.
14-глава. Лозунгдар
Жогорку даражалуу мейманды тосуп алуу жеринде (аэропортто (чек арада) же вокзалда), ошондой эле жогорку даражалуу мейман өтүүчү башкы көчөлөрдө жана аянттарда транспаранттар илинет. Саламдашуу транспаранттары меймандын өлкөсүнүн жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилдеринде таризделет жана илинет.
2-бөлүмчө. Расмий сапарлар
Мамлекеттердин башчыларынын расмий сапарлары Кыргыз Республикасына сапарлардын жогорку категориясына кирет жана чоң маанилүүлүгү жана салтанаттуулугу менен айырмаланат. Расмий сапарларда саясий сүйлөшүүлөр көңүл чордонунда болот.
Мындай учурда чакыруучу адам болуп Кыргыз Республикасынын Президенти саналат.
Расмий сапардын элементтери болуп төмөнкүлөр саналат:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин чет мамлекеттин башчысын чакыруусу;
- Кыргыз Республикасынын Президенти менен жолугушуулар (тар жана/же кеңейтилген курамда);
- меймандын өлкөсүнүн суроо-талабы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы менен жолугушуулар уюштурулушу мүмкүн;
- Кыргыз Республикасынын аэропортунда (чек арада) тууларды, ошондой эле жогорку даражалуу мейман жашай турган резиденциянын үстүндө меймандын өлкөсүнүн туусун илүү;
- Кыргыз Республикасынын аэропортунда (чек арада) жана жогорку даражалуу мейман өтүүчү жолдордо транспаранттарды илүү;
- жогорку даражалуу мейманды Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталуучу расмий адамдын дайыма коштоп жүрүүсү;
- жогорку даражалуу меймандын жубайын сапардын программасы менен аныкталуучу расмий адамдын дайыма коштоп жүрүүсү;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан расмий кабыл алуу.
15-глава. Аэропортто (чек арада) тосуп алуу (узатуу) аземи
Тосуп алуу аземи Кыргыз Республикасынын аэропортунда (чек арада) өтөт.
Жогорку даражалуу мейманды Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталуучу кызмат адамдары, анын ичинде өз ара мамиле принцибин эске алуу менен, ошондой эле меймандын өлкөсүнүн Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси (эгерде ал бар болсо) тосуп алат.
Тосуп алуу жеринде меймандын өлкөсүнүн жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу илинет. Ардактуу кароол катарга тизилет. Аэропортто (чек арада) мамлекеттик гимндерди аткаруу каралбайт. Жогорку даражалуу мейман өтүүчү башкы көчөлөрдө жана аянттарда транспаранттар жана эки өлкөнүн мамлекеттик туулары илинет.
Узатуу тартиби тосуп алуудагыдай эле болот. Жогорку даражалуу адамды ошол эле адамдар узатат.
16-глава. Жайгаштыруу
Чет мамлекеттин башчысы жана расмий делегациянын мучөлөрү, эреже катары, мамлекеттик резиденцияга же тараптар аныктаган мейманканага жайгаштырылат.
Резиденциянын үстүндө же мейманканада меймандын өлкөсүнүн мамлекеттик туусу (же анын штандарты) илинет.
17-глава. Жолугушуунун расмий аземи
Жолугушуунун расмий аземи сапардын программасында көрсөтүлгөн жерде өткөрүлөт. Чет мамлекеттин башчысын (жубайы менен) автомобилден чыгып жатканда Кыргыз Республикасынын Президенти (жубайы менен) тосуп алат.
Кыргыз тараптан аземге Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын өкүлдөрү катышат.
Ошондой эле аземге жогорку даражалуу меймандын расмий делегациясынын мүчөлөрү жана ЖМКнын өкүлдөрү чакырылат.
Жолугушууда Ардактуу кароол, этно-баатырлар тизилип турат, мамлекеттик туулар илинет жана меймандын өлкөсүнүн жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимндери аткарылат.
18-глава. Tap жана кеңейтилген курамдардагы сүйлөшүүлөр
Расмий сапардын жүрүшүндө чет мамлекеттин башчысы менен тар жана кеңейтилген курамдардагы негизги сүйлөшүүлөрдү Кыргыз Республикасынын Президенти жүргүзөт.
Сапардын программасында чет мамлекеттин башчысы менен Кыргыз Республикасынын Президентинин тар чөйрөдөгү "1+2" чейин форматтагы маектешүүсү каралышы мүмкүн. Мында маектешүүнү жазып алуу үчүн ар бир тараптан бирден өкүл катышат. Кыргыз Республикасынын Президенти башка форматты аныктаган учурда же өз ара мамиле принцибине жараша тар чөйрөдөгү жолугушуунун формуласы өзгөртүлүшү мүмкүн.
Кеңейтилген курамдагы сүйлөшүүлөрдө жолугушуунун форматы, эреже катары, тараптардын делегацияларынын курамына жана күн тартибине жараша аныкталат.
Сүйлөшүүлөрдүн күн тартиби, маектешүү үчүн эскертмелер, маалыматтык-талдоо маалымкаттары, сүйлөшүүлөрдүн жана маектешүүлөрдүн катышуучуларынын курамы боюнча сунуштар сапарга чейин эки жума мурда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентине киргизилет. Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилген жолугушууга катышуучулардын курамы чет өлкөлүк тарапка маалымдалат.
19-глава. Документтерге кол коюу аземи жана басма сөз үчүн биргелешкен билдирүү
Биргелешкен документтерге кол коюу аземи жана басма сөз үчүн биргелешкен билдирүү атайын бөлүнгөн залда өткөрүлөт. Документтерге кол коюуда эки тараптын расмий делегацияларынын мүчөлөрү, ЖМК өкүлдөрү жана сапардын программасын камсыз кылуучу башка коштоочу адамдар катышат.
Документтерге кол коюу аземи аяктагандан кийин басма сөз үчүн биргелешкен билдирүү жасалат.
20-глава. Гүлчамбар коюу аземи
Гүлчамбар коюу аземинде Ардактуу кароолдун ротасы жана Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскердик оркестри тизилип турат. Расмий делегациянын мүчөлөрү жана кыргыз тараптын коштоочу кызмат адамдары жогорку даражалуу меймандын артына өтүп, гүлчамбардын артында баштапкы абалын ээлейт.
ЖМК өкүлдөрү атайын бөлүнгөн жерде турушат.
Аземдик музыка ойнолот. Жетектөөчү офицер жана гүлчамбарды көтөрүп жүргөн аскер кызматчылары белгиленген жерге карай басып, гүлчамбарды орнотот. Жогорку даражалуу мейман гүлчамбарга келет жана тасманы оңдойт.
Эскерүү мүнөтү.
Эскерүү мүнөтүнөн кийин жогорку даражалуу мейман кортежди карай бет алат жана жөнөп кетет.
21-глава. Расмий кабыл алуу
Чет мамлекеттин башчысынын урматына расмий кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан сапардын программасында көрсөтүлгөн жерде өткөрүлөт.
Түшкү (эртең мененки) тамакта сөз сүйлөөлөр каралат. Мында сөздөрдүн жазуу жүзүндөгү котормолору жана меню меймандар отурган столдорго коюлат.
Түшкү (эртең мененки) тамакка мейман тарабынан расмий делегациянын мүчөлөрү чакырылат. Айрым учурларда чет өлкөлүк делегациянын башчысынын өтүнүчү боюнча делегациянын башка мүчөлөрү да чакырылышы мүмкүн. Кыргыз тараптан чакырылуучу адамдардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан киргизилет жана бир жумалык мөөнөттөн кеч эмес Кыргыз Республикасынын Президентине макулдашуу жана бекитүү үчүн жөнөтүлөт.
Кабыл алууга чакыруулар Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик протокол департаменти тарабынан жөнөтүлөт.
Кабыл алуунун форматы "1+20" формуласы боюнча аныкталат. Кабыл алуунун формуласы Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан делегациянын сандык курамына же өз ара мамиле принцибине жараша башка формат аныкталган учурда көбөйтүү же азайтуу жагына өзгөртүлүшү мүмкүн.
22-глава. Театрга баруу
Расмий сапар учурунда театрга расмий баруу уюштурулушу мүмкүн. Мындай учурларда чет мамлекеттин башчысы (жубайы менен) менен бирге ложада (атайын бөлүнгөн орундарда) Кыргыз Республикасынын Президенти (жубайы менен) болот.
Ложанын эки тарабына мамлекеттик туулар илинет. Көрсөтүү башталар алдында жогорку даражалуу меймандардын катышып жаткандыгы жөнүндө жарыяланат.
Көрсөтүү аяктагандан кийин сахнага эки себет гүл (жогорку даражалуу меймандын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин визиттик карточкалары коюлган) алып чыгарылат.
23-глава. Өлкө боюнча кыдыруу
Расмий сапардын программасында (алдын ала макулдашуу боюнча) чет мамлекеттин башчысынын Кыргыз Республикасынын региондорун кыдыруусу каралышы мүмкүн.
Эгерде жогорку даражалуу мейман барган региондон мекенине жөнөй турган болсо, аны кетээринде салтанаттуу узатуу аземи ошол барган региондун аймагында өткөрүлүшү мүмкүн.
Региондорду кыдырууда чет мамлекеттин башчысын сапардын программасында аныкталуучу расмий адамдар, Кыргыз Республикасынын же меймандын өлкөсүнүн Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси (эгерде бар болсо) жана башка адамдар коштоп жүрөт.
24-глава. Эстелик белектери
Расмий сапар учурунда чет мамлекеттин башчысына жана башка расмий адамдарга Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан эстелик белектерин тапшыруу каралган. Белектерди берүү башкача макулдашуу болбогон учурда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик протокол департаменти аркылуу жүзөгө ашырылат.
25-глава. Меймандостуктун форматы
Кыргыз тарап чет мамлекеттин башчысынын Кыргыз Республикасына расмий сапарынын алкагында меймандостуктун форматын "1+7" формуласы боюнча белгилейт.
Кыргыз Республикасынын Президенти делегациянын сандык курамына же өз ара мамиле принцибине жараша башка форматты аныктаган учурда меймандостук формуласы көбөйтүү же азайтуу жагына өзгөртүлүшү мүмкүн.
26-глава. Туулар
Жогорку даражалуу мейманды Кыргыз Республикасынын аэропортунда (чек арада) тосуп алуу аземи убагында тосуп алуу жеринде меймандын өлкөсүнүн жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туулары илинет.
Жогорку даражалуу мейман кетип бара жаткан башкы көчөлөрдө жана аянттарда эки өлкөнүн мамлекеттик туулары илинип турат.
Жогорку даражалуу меймандын автоунаасында анын өлкөсүнүн туусу (же анын штандарты) орнотулат. Кыргыз Республикасынын Президенти менен бирге жүргөн учурда меймандын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туулары орнотулат.
Резиденциянын үстүндө меймандын өлкөсүнүн мамлекеттик туусу (же анын штандарты) илинет.
Tap жана кеңейтилген курамдагы сүйлөшүүлөр убагында, ошондой эле документтерге кол коюу аземинде жана басма сөз үчүн биргелешкен билдирүү жасоо учурунда меймандын өлкөсүнүн жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туулары илинет.
Сапардын алкагында илинүүчү жана орнотулуучу мамлекеттик туулардын саны Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан аныкталат.
27-глава. Автотранспорт
Кыргыз Республикасына чет мамлекеттердин башчыларынын расмий сапарларынын убагында, меймандостук форматына жараша кыргыз тараптан төмөнкүдөй автотранспорт бөлүнүп берилет:
- VIP-автоунаасы + резерв;
- жубайы үчүн (ал катышкан учурда) VIP-автоунаасы;
-расмий делегациянын мүчөлөрү үчүн өкүлчүлүк классындагы 2 автоунаа же 1 чакан автобус (тандоосу боюнча);
- протокол үчүн 1 автоунаа;
- күзөтчүлөр үчүн 2 автоунаа;
- жогорку даражалуу меймандын багажы үчүн 1 чакан автобус;
- КР ИИМ ЖКККББ ЖККнын коштоосу үчүн 3 автоунаа.
Кыргыз Республикасынын Президенти делегациянын сандык курамына же өз ара мамиле принцибине жараша башка форматты аныктаган учурда, кыргыз тараптан бөлүнүүчү автотранспорт каражаттарынын саны көбөйтүү же азайтуу жагынан өзгөртүлүшү мүмкүн.
28-глава. Лозунгдар
Жогорку даражалуу мейманды тосуп алуу жеринде (Кыргыз Республикасынын аэропортунда (чек арада) же вокзалда), ошондой эле жогорку даражалуу мейман өтүүчү башкы көчөлөрдө жана аянттарда транспаранттар илинет. Саламдашуу транспаранттары меймандын өлкөсүнүн жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилдеринде таризделет жана илинет.
3-бөлүмчө. Жумушчу сапарлар
Жумушчу сапар деп чет мамлекеттин башчысынын, анын ичинде көп тараптуу иш-чараларга катышуу, жолугушууларды жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, консультацияларды өткөрүү жана өз ара кызыкчылык туудурган маселелер боюнча пикир алмашуу, келишимдерге жана макулдашууларга кол коюу, улуттук көргөзмөлөрдү жана маданият күндөрүн ачуу үчүн келиши түшүнүлөт.
Мындай учурда чакыруучу адам болуп Кыргыз Республикасынын Президенти саналат.
Жумушчу сапардын элементтери болуп төмөнкүлөр саналат:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин чет мамлекеттин башчысын чакыруусу (көп тараптуу жолугушуулар алкагында - мамлекеттердин башчыларынын биргелешкен чечими);
- аэропортто, ошондой эле жогорку даражалуу мейман жашай турган резиденциянын үстүнө меймандын өлкөсүнүн туусун илүү;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан түшкү (эртең мененки же кечки) тамак.
29-глава. Аэропортто (чек арада) тосуп алуу (узатуу)
Кыргыз Республикасынын аэропортунда (чек арада) чет мамлекеттин башчысын Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталган кызмат адамдары, анын ичинде өз ара мамиле принцибин эске алуу менен, ошондой эле меймандын өлкөсүнүн Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси (эгерде бар болсо) тосуп алат.
Тосуп алуу жеринде меймандын өлкөсүнүн жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу илинет. Кыргыз Республикасынын аэропортунда (чек арада) мамлекеттик гимндерди аткаруу каралбайт. Жогорку даражалуу мейман өтүүчү башкы көчөлөрдө жана аянттарда транспаранттар илиниши мүмкүн.
Узатуу тартиби тосуп алуудагыдай эле болот. Жогорку даражалуу адамды ошол эле адамдар узатат.
30-глава. Жайгаштыруу
Мамлекеттин башчысы жана расмий делегациянын мүчөлөрү мамлекеттик резиденцияга же тараптар аныктаган мейманканага жайгаштырылат.
Резиденциянын үстүндө же мейманканада меймандын өлкөсүнүн мамлекеттик туусу (же анын штандарты) илинет.
31-глава. Жолугушууга келүү
Чет мамлекеттин башчысын жолугушууга келгенде кире бериште Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталган кызмат адамы тосуп алат.
Жолугушуу өткөрүлө турган имараттын алдында эки мамлекеттин мамлекеттик туулары илинет.
32-глава. Tap жана кеңейтилген курамдарда сүйлөшүүлөр
Жумушчу сапардын жүрүшүндө чет мамлекеттин башчысы менен тар жана/же кеңейтилген курамдарда негизги сүйлөшүүлөрдү Кыргыз Республикасынын Президенти жүргүзөт.
Сапардын программасында чет мамлекеттин башчысы менен Кыргыз Республикасынын Президентинин тар чөйрөдөгү "1+2" чейин форматтагы маектешүүсү каралат. Маектешүүнү жазып алуу үчүн ар бир тараптан бирден өкүлдүн кирүүсүнө жол берилет. Мында Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан башка формат аныкталган учурда же өз ара мамиле принцибине жараша тар чөйрөдөгү жолугушуунун формуласы өзгөртүлүшү мүмкүн.
Кеңейтилген курамдагы сүйлөшүүлөрдө жолугушуунун форматы, эреже катары тараптардын делегацияларынын курамына жана күн тартибине жараша аныкталат.
33-глава. Документтерге кол коюу аземи жана басма сөз үчүн биргелешкен билдирүү
Биргелешкен документтерге кол коюу аземи жана басма сөз үчүн биргелешкен билдирүү атайын бөлүнгөн залда өткөрүлөт. Документтерге кол коюу аземине эки тараптын расмий делегацияларынын мүчөлөрү, ЖМКнын өкүлдөрү жана сапардын программасын камсыз кылган коштоочу адамдар катышат.
Документтерге кол коюу аземи аяктагандан кийин басма сөз үчүн биргелешкен билдирүү жасалат.
34-глава. Түшкү (эртең мененки) тамак
Чет мамлекеттин башчысынын урматына арналган түшкү (эртең мененки) тамак сапардын программасында көрсөтүлгөн жерде өткөрүлөт.
Түшкү (эртең мененки) тамакта сөз сүйлөөлөр каралат. Мында сөздөрдүн жазуу жүзүндөгү котормолору жана меню меймандар отурган столдорго коюлат.
Түшкү (эртең мененки) тамакка мейман тараптан расмий делегациянын мүчөлөрү чакырылат.
Кабыл алуунун форматы "1+10" формуласы боюнча аныкталат. Кабыл алуунун формуласы Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан делегациянын сандык курамына же өз ара мамиле принцибине жараша башка формат аныкталган учурда көбөйтүү же азайтуу жагына өзгөртүлүшү мүмкүн.
35-глава. Эстелик белектери, театрларга баруу, өлкө боюнча кыдыруу
Жумушчу сапарларда чет мамлекеттин башчысына Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан эстелик белектерин тапшыруу каралышы мүмкүн. Белектерди алмашуу башка макулдашуу болбосо, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик протокол департаменти аркылуу жүзөгө ашырылат.
Меймандын каалоосу боюнча сапардын программасына башка иш-чаралар да киргизилиши мүмкүн (театрларга расмий эмес баруу, өлкө боюнча кыдыруу ж.б.).
36-глава. Меймандостуктун форматы
Жумушчу сапардын алкагында, эреже катары өз ара мамиле принцибинде меймандостуктун форматы аныкталат. Кыргыз тарап чет мамлекеттердин башчыларынын Кыргыз Республикасындагы жумушчу сапарларында "1+5" формуласы боюнча меймандостуктун форматын белгилейт.
Кыргыз Республикасынын Президенти делегациянын сандык курамына же өз ара мамиле принцибине жараша башка форматты аныктаган учурда меймандостук формуласы көбөйтүү же азайтуу жагына өзгөртүлүшү мүмкүн.
37-глава. Туулар
Жогорку даражалуу мейманды Кыргыз Республикасынын аэропортунда (чек арада) тосуп алуу аземи убагында тосуп алуу жеринде меймандын өлкөсүнүн жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туулары илинет.
Резиденциянын үстүндө же мейманканада меймандын өлкөсүнүн мамлекеттик туусу (же анын штандарты) илинет.
Tap жана кеңейтилген курамдагы сүйлөшүүлөр убагында, ошондой эле документтерге кол коюу аземинде жана басма сөз үчүн биргелешкен билдирүү жасоо учурунда меймандын өлкөсүнүн жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туулары илинет.
Сапардын алкагында илинүүчү жана орнотулуучу мамлекеттик туулардын саны Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан аныкталат.
38-глава. Автотранспорт
Кыргыз Республикасына чет мамлекеттердин башчыларынын жумушчу сапарларынын убагында, эреже катары меймандостук форматына жараша кыргыз тараптан төмөнкүлөр бөлүнүп берилет:
- VIP-автоунаасы + резерв;
- расмий делегациянын мүчөлөрү үчүн өкүлчүлүк классындагы 2 автоунаа же 1 чакан автобус (тандоосу боюнча);
- протокол үчүн 1 автоунаа;
- күзөтчүлөр үчүн 1 автоунаа;
- жогорку даражалуу меймандын багажы үчүн 1 чакан автобус;
- КР ИИМ ЖКККББ ЖККнын коштоосу үчүн 2 автоунаа.
Кыргыз Республикасынын Президенти делегациянын сандык курамына же өз ара мамиле принцибине жараша башка форматты аныктаган учурда, кыргыз тараптан бөлүнүүчү автотранспорт каражаттарынын саны көбөйтүү же азайтуу жагына өзгөртүлүшү мүмкүн.
Чет мамлекеттин башчысы Кыргыз Республикасында көп тараптуу форматтагы иш-чараларга катышкан учурда мындай иш-чаранын алкагында меймандостук форматын берүү практикасы эске алынат.
4-бөлүмчө. Жол ара сапарлар
39-глава. Аэропортто (чек арада) тосуп алуу (узатуу)
Чет мамлекеттин башчысын Кыргыз Республикасы аркылуу транзитинде Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталган кызмат адамы тосуп алат.
40-глава. Маектешүү
Өзгөчө учурларда чет мамлекеттин башчысы менен Кыргыз Республикасынын Президентинин жолугушуусу уюштурулат. Жолугушуу өткөрүлүүчү жерди Кыргыз Республикасынын Президенти аныктайт.
41-глава. Расмий эмес түшкү (эртең мененки) тамак
Жогорку даражалуу мейман (делегация) үчүн расмий эмес түшкү (эртең мененки) тамак берилиши мүмкүн, ага кыргыз тараптан Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталган адамдар катышат.
42-глава. Туулар
Кыргыз Республикасынын аэропортунда (чек арада) мамлекеттик туулар илинбейт.
5-бөлүмчө. Жеке сапарлар
Жеке сапарларга чет мамлекеттин башчысынын Кыргыз Республикасына эс алууга (туризм, аңчылык), анын ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин жеке мейманы катары келиши кирет. Мындай учурда тосуп алуу жана узатуу тартиби, меймандостук форматы, ошондой эле сапарды протоколдук-уюштуруучулук камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталат.
43-глава. Туулар
Мамлекеттик туулар Кыргыз Республикасынын аэропортунда (чек арада) илинбейт.
III БӨЛҮМ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЧЕТ ӨЛКӨЛӨРГӨ САПАРЛАРЫ
Кыргыз Республикасынын Президентинин чет өлкөгө мамлекеттик, расмий жана жумушчу сапарларынын графиги Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан даярдалат жана бекитүү жана андан кийин Кыргыз Республикасынын Президентинин жылдык графигине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине (календардык жыл башталганга чейин бир айдан кеч эмес) киргизилет.
Өлкө боюнча маалыматтык-талдоо маалымкатын, Кыргыз Республикасынын Президентинин чет өлкөлүк сапарынын убагындагы сүйлөнүүчү сөздөрүн, ошондой эле кол коюуга макулдашууларды даярдоо Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин компетенциясында болот. Расмий делегациянын курамы жана коштоп жүрүүчү адамдар боюнча сунуштар сапар башталганга чейин бир ай мурда Кыргыз Республикасынын Президентине макулдашуу үчүн киргизилет.
IV БӨЛҮМ ЧЕТ МАМЛЕКЕТТЕРДИН ӨКМӨТ БАШЧЫЛАРЫНЫН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНА САПАРЛАРЫ
1-бөлүмчө. Расмий сапарлар
Конституциялык түзүлүшүнө ылайык өкмөт башчысы мамлекет башчысынын ыйгарым укуктарына ээ болгон чет мамлекеттердин өкмөт башчыларынын сапарларында протоколдук иш-чаралар мамлекет башчысынын сапарынын форматында жүзөгө ашырылат.
Расмий сапардын элементтери болуп төмөнкүлөр саналат:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын чет мамлекеттин өкмөт башчысын чакыруусу;
- Кыргыз Республикасынын аэропортунда тууларды, ошондой эле жогорку даражалуу мейман жашай турган резиденциянын үстүндө меймандын өлкөсүнүн туусун илүү;
- Кыргыз Республикасынын аэропортунда (чек арада) жана жогорку даражалуу мейман өтүүчү жолдордо транспаранттарды илүү;
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы аныктаган расмий адамдын дайыма коштоп жүрүүсү;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын атынан расмий кабыл алуу;
- гүлчамбар коюу;
- сапардын мөөнөттөрүн сапар башталганга чейин кеминде эки ай мурда макулдашуу.
44-глава. Аэропортто (чек арада) тосуп алуу (узатуу)
Чет мамлекеттик өкмөт башчысын (жубайы менен) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан аныкталган кызмат адамдары, анын ичинде өз ара мамиле принцибин эске алуу менен, ошондой эле меймандын өлкөсүнүн Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси (эгерде бар болсо) самолеттун трабынан тосуп алышат.
Узатуу тартиби тосуп алуудагыдай эле болот.
Тосуп алуу жеринде Кыргыз Республикасынын жана меймандын өлкөсүнүн мамлекеттик туулары илинет. Ардактуу кароол катарга тизилет.
45-глава. Жайгаштыруу
Чет мамлекеттин өкмөт башчысы жана расмий делегациянын мүчөлөрү, эреже катары мамлекеттик резиденцияга же тараптар аныктаган мейманканага жайгаштырылат.
Резиденциянын үстүндө же мейманканада меймандын өлкөсүнүн мамлекеттик туусу илинет.
46-глава. Жолугушуу аземи
Жолугушуу аземи сапардын программасында көрсөтүлгөн жерде өтөт.
Чет мамлекеттин өкмөт башчысын (жубайы менен) жолугушуу аземи өтүүчү жердин кире беришинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы (жубайы менен) тосуп алат.
Жолугушуу аземи өткөрүлүүчү жерде мамлекеттик туулар илинет. Ардактуу кароол ротасы катарга тизилет. Эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери аткарылат.
47-глава. Tap жана кеңейтилген курамдарда сүйлөшүүлөр
Расмий сапардын жүрүшүндө чет мамлекеттин өкмөт башчысы менен тар жана кеңейтилген курамдарда негизги сүйлөшүүлөрдү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы жүргүзөт.
Сапардын программасында чет мамлекеттин өкмөт башчысынын Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын башка расмий адамдары менен жолугушуусу каралышы мүмкүн.
Расмий сапардын программасы ошондой эле чет мамлекеттин өкмөт башчысынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын "1+2" чейин форматтагы тар курамдагы маектешүүсү каралышы мүмкүн. Маектешүүнү жазып алуу үчүн ар бир тараптан бирден өкүлдүн кирүүсүнө жол берилет. Мында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан башка формат аныкталган учурда же өз ара мамиле принцибине жараша тар чөйрөдөгү жолугушуунун формуласы өзгөртүлүшү мүмкүн.
Кеңири курамдагы сүйлөшүүлөрдө жолугушуунун форматы, эреже катары тараптардын делегацияларынын курамына жана күн тартибине жараша аныкталат.
Сүйлөшүүлөрдүн күн тартиби, маектешүү үчүн эскертмелер, маалыматтык-талдоо маалымкаттары, сүйлөшүүлөрдүн жана маектешүүлөрдүн катышуучуларынын курамы боюнча сунуштар Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан сапар башталганга чейин бир жума мурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасыны киргизилет.
48-глава. Документтерге кол коюу аземи жана басма сөз үчүн биргелешкен билдирүү
Биргелешкен документтерге кол коюу аземи жана басма сөз үчүн биргелешкен билдирүү атайын бөлүнгөн залда өткөрүлөт. Документтерге кол коюу аземинде эки тараптын расмий делегацияларынын мүчөлөрү, ЖМКнын өкүлдөрү жана сапардын программасын камсыз кылган башка коштоочу адамдар катышат.
Документтерге кол коюу аземи аяктагандан кийин басма сөз үчүн биргелешкен билдирүү жасалат.
49-глава. Гүлчамбар коюу аземи
Гүлчамбар коюу аземинде Ардактуу кароолдун ротасы жана Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскердик оркестри тизилип турат. Расмий делегациянын мүчөлөрү жана кыргыз тараптын коштоочу кызмат адамдары чет мамлекеттин өкмөт башчысынын артына өтүп, гүлчамбардын артында баштапкы абалын ээлейт.
ЖМКнын өкүлдөрү атайын бөлүнгөн жерде турат.
Аземдик музыка ойнолот. Жетектөөчү офицер жана гүлчамбарды көтөрүп жүргөн аскер кызматчылары белгиленген жерге карай басып, гүлчамбарды орнотот. Жогорку даражалуу мейман гүлчамбарга келет жана тасманы оңдойт.
Эскерүү мүнөтү.
Эскерүү мүнөтүнөн кийин жогорку даражалуу мейман кортежди карай бет алат жана жөнөп кетет.
50-глава. Расмий кабыл алуу
Чет мамлекеттин өкмөт башчысынын урматына расмий кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын атынан сапардын программасында көрсөтүлгөн жерде өткөрүлөт.
Расмий кабыл алууда сүйлөшүүлөр каралат. Мында сөздөрдүн жазуу жүзүндөгү котормолору жана меню меймандар отурган столдорго коюлат.
Расмий кабыл алууга мейман тараптан чет мамлекеттин өкмөт башчысын коштоп жүргөн расмий делегациянын мүчөлөрү чакырылат.
Кыргыз тараптын катышуучуларынын тизмеси сапардын программасы менен аныкталат.
Кабыл алуунун форматы "1+20" формуласы боюнча аныкталат. Кабыл алуунун формуласы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан делегациянын сандык курамына же өз ара мамиле принцибине жараша башка формат аныкталган учурда көбөйтүү же азайтуу жагына өзгөртүлүшү мүмкүн.
51-глава. Театрга баруу
Расмий сапардын убагында театрга расмий баруу уюштурулушу мүмкүн. Мындай учурда чет мамлекеттин өкмөт башчысы менен бирге ложада (атайын бөлүнгөн орунда) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы болот.
Ложанын эки тарабына меймандын өлкөсүнүн жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туулары илинет.
Көрсөтүү аяктагандан кийин сахнага эки себет гүлдү (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана жогорку даражалуу меймандын визиттик карточкалары салынган) алып чыгышат.
52-глава. Өлкө боюнча кыдыруу
Расмий сапардын программасы менен (алдын ала макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын региондорунун бирине баруу каралышы мүмкүн.
Конокторду тосуп алуу жана коштоп жүрүү үчүн сапардын программасы менен аныкталган Кыргыз Республикасынын расмий адамдары региондун келүү пунктуна барышат.
Чет мамлекеттин өкмөт башчысын сапарда сапардын программасы менен аныкталган кызмат адамдары, Кыргыз Республикасынын же меймандын өлкөсүнүн Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси (эгерде бар болсо) жана башка адамдар коштоп жүрөт.
53-глава. Эстелик белектери
Расмий сапарларда чет мамлекеттин өкмөт башчысына жана расмий делегациянын мүчөлөрүнө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын атынан эстелик белектерин тапшыруу каралат. Белектерди тапшыруу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик протокол департаменти аркылуу же башка макулдашылган формада ишке ашырылат.
54-глава. Меймандостуктун форматы
Кыргыз тарап чет мамлекеттердин өкмөт башчыларынын Кыргыз Республикасындагы расмий сапарынын алкагында "1+5" формуласы боюнча меймандостуктун форматын белгилейт.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы делегациянын сандык курамына же өз ара мамиле принцибине жараша башка форматты аныктаган учурда меймандостук формуласы көбөйтүү же азайтуу жагына өзгөртүлүшү мүмкүн.
55-глава. Туулар
Чет мамлекеттин өкмөт башчысын Кыргыз Республикасынын аэропортунда (чек арада) тосуп алуу аземи убагында тосуп алуу жеринде меймандын өлкөсүнүн жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туулары илинет.
Жогорку даражалуу мейман өтүүчү башкы көчөлөрдө жана аянттарда эки өлкөнүн мамлекеттик туулары илинет.
Жогорку даражалуу меймандын автоунаасына анын өлкөсүнүн туусу орнотулат.
Резиденциянын үстүндө же мейманканада меймандын өлкөсүнүн мамлекеттик туусу илинет.
Tap жана кеңейтилген курамдардагы сүйлөшүүлөр убагында, ошондой эле документтерге кол коюу аземинде жана басма сөз үчүн биргелешкен билдирүү жасоо учурунда меймандын өлкөсүнүн жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туулары илинет.
Сапардын алкагында илинүүчү жана орнотулуучу мамлекеттик туулардын саны Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан аныкталат.
56-глава. Автотранспорт
Чет мамлекеттердин өкмөт башчыларынын Кыргыз Республикасына расмий сапарларынын убагында меймандостук форматына жараша кыргыз тараптан төмөнкүлөр бөлүнүп берилет:
- VIP автоунаасы + резерв;
- жубайы үчүн (ал катышкан учурда) VIР автоунаасы;
- расмий делегациянын мүчөлөрү үчүн өкүлчүлүк классындагы 2 автоунаа же 1 чакан автобус (тандоосу боюнча);
- протокол үчүн 1 автоунаа;
- күзөтчүлөр үчүн 2 автоунаа;
- жогорку даражалуу меймандын багажы үчүн 1 чакан автобус;
- КР ИИМ ЖКККББ ЖККнын коштоосу үчүн 3 автоунаа.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы делегациянын сандык курамына же өз ара мамиле принцибине жараша башка форматты аныктаган учурда, кыргыз тарап бөлүнгөн автотранспорт каражаттарынын санын көбөйтүү же азайтуу жагына өзгөртүшү мүмкүн.
57-глава. Лозунгдар
Чет мамлекеттин өкмөт башчысын тосуп алуу жеринде (Кыргыз Республикасынын аэропортуна (чек арада) же вокзалга), ошондой эле жогорку даражалуу мейман өтүүчү башкы көчөлөрдө жана аянттарда транспаранттар илинет. Эреже катары, куттуктоо транспаранттары меймандын өлкөсүнүн жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилдеринде таризделет жана илинет.
2-бөлүмчө. Жумушчу сапарлар
Чет мамлекеттин өкмөт башчысынын келиши, анын ичинде көп тараптуу иш-чараларга катышуу, жолугушууларды жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, консультацияларды өткөрүү жана өз ара кызыкчылык туудурган маселелер боюнча пикир алмашуу, келишимдерге жана макулдашууларга кол коюу, улуттук көргөзмөлөрдү жана маданият күндөрүн ачуу үчүн келиши жумушчу сапар деп түшүнүлөт.
Мындай учурда чакыруучу адам болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы эсептелет.
Жумушчу сапардын элементтери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын чет мамлекеттин өкмөт башчысын чакыруусу (көп тараптуу жолугушуулардын алкагында - өкмөт башчыларынын биргелешкен чечими);
- аэропортто (чек арада), ошондой эле жогорку даражалуу мейман жашай турган резиденциянын үстүндө меймандын өлкөсүнүн туусун илүү;
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан аныкталган расмий адамдын дайыма коштоп жүрүүсү;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын атынан түшкү тамак берүү;
- сапардын мөөнөттөрүн сапар башталганга чейин кеминде бир жарым ай мурда макулдашуу.
58-глава. Аэропортто (чек арада) тосуп алуу (узатуу)
Кыргыз Республикасынын аэропортунда (чек арада) чет мамлекеттин өкмөтүнүн башчысын, эреже катары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан аныкталган кызмат адамдары, анын ичинде өз ара мамиле принцибин эске алуу менен, ошондой эле меймандын өлкөсүнүн Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси (эгерде бар болсо) тосуп алышат.
Тосуп алуу жеринде меймандын өлкөсүнүн жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туулары илинет.
Ардактуу кароолду тизүү жана мамлекеттик гимндерди аткаруу каралбайт. Кыргыз Республикасынын аэропортунда (чек арада) жана өтө турган жолдордо транспаранттар илинбейт.
Узатуу тартиби тосуп алуу тартибиндей эле болот.
59-глава. Жайгаштыруу
Чет мамлекеттин өкмөт башчысы жана расмий делегациянын мүчөлөрү мамлекеттик резиденцияда же тараптар аныктаган мейманканага жайгаштырылат.
Резиденциянын үстүндө же мейманканада меймандын өлкөсүнүн мамлекеттик туусу илинет.
60-глава. Tap жана кеңейтилген курамдардагы сүйлөшүүлөр
Жумушчу сапардын жүрүшүндө чет мамлекеттин өкмөт башчысы менен тар жана кеңейтилген курамдардагы негизги сүйлөшүүлөрдү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы жүргүзөт.
Сапардын программасында чет мамлекеттин өкмөт башчысынын Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын башка расмий адамдары менен жолугушуусу каралышы мүмкүн.
Жумушчу сапардын программасында ошондой эле чет мамлекеттин өкмөт башчысы менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тар чөйрөдөгү "1+2" чейинки форматтагы маектешүүсү каралышы мүмкүн. Маектешүүнү жазып алуу үчүн ар бир тараптан бирден өкүлдүн кирүүсүнө жол берилет. Мында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан башка формат аныкталган учурда же өз ара мамиле принцибинен улам тар чөйрөдөгү жолугушуунун формуласы өзгөртүлүшү мүмкүн.
Кеңейтилген курамдагы сүйлөшүүлөрдө жолугушуунун форматы, эреже катары, тараптардын делегацияларынын курамына жана күн тартибине жараша аныкталат.
Сүйлөшүүлөрдүн күн тартибинин долбоору, маектешүү үчүн эскертмелер, маалыматтык-талдоо маалымкаттары, сүйлөшүүлөрдүн жана маектешүүлөрдүн катышуучуларынын курамы боюнча сунуштар Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан бир жумадан кеч эмес мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына берилет. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан бекитилген маектешүүгө катышуучулардын курамы чет өлкөлүк делегацияга маалымдалат.
61-глава. Документтерге кол коюу аземи жана басма сөз үчүн биргелешкен билдирүү
Биргелешкен документтерге кол коюу аземи жана басма сөз үчүн биргелешкен билдирүү атайын бөлүнгөн залда өткөрүлөт. Документтерге кол коюуга эки тараптын расмий делегацияларынын мүчөлөрү, ЖМК өкүлдөрү жана сапардын программасын камсыз кылган башка коштоочу адамдар катышат.
Документтерге кол коюу аземи аяктагандан кийин басма сөз үчүн биргелешкен билдирүү жасалат.
62-глава. Түшкү (эртең мененки) тамак
Чет мамлекеттин өкмөт башчысынын урматына арналган түшкү (эртең мененки) тамак сапардын программасында көрсөтүлгөн жерде өткөрүлөт.
Эки тараптан сөз сүйлөө каралбайт.
Түшкү тамакка расмий делегациянын мүчөлөрү чакырылат. Кыргыз тараптан түшкү тамакка катышуучулардын тизмеси сапардын программасы менен аныкталат.
Кабыл алуунун форматы "1+15" формуласы боюнча аныкталат. Кабыл алуунун формуласы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан делегациянын сандык курамына же өз ара мамиле принцибине жараша башка формат аныкталган учурда көбөйтүү же азайтуу жагына өзгөртүлүшү мүмкүн.
63-глава. Эстелик белектери
Жумушчу сапарларда чет мамлекеттин өкмөт башчысына жана расмий делегациянын мүчөлөрүнө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын атынан эстелик белектерин тапшыруу каралат. Белектерди берүү макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик протокол департаменти аркылуу же башка формада жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
64-глава. Меймандостуктун форматы
Кыргыз тарап чет мамлекеттердин өкмөт башчыларынын Кыргыз Республикасына жумушчу сапарларынын алкагында "1+3" формуласы боюнча меймандостуктун форматын белгилейт.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы делегациянын сандык курамына же өз ара мамиле принцибине жараша башка форматты аныктаган учурда меймандостук формуласы көбөйтүү же азайтуу жагына өзгөрүшү мүмкүн.
65-глава. Туулар
Чет мамлекеттин өкмөт башчысын Кыргыз Республикасынын аэропортунда (чек арада) тосуп алуу аземи убагында тосуп алуу жеринде меймандын өлкөсүнүн жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туулары илинет.
Жогорку даражалуу меймандын автоунаасына анын өлкөсүнүн туусу орнотулат.
Резиденциянын үстүндө же мейманканада меймандын өлкөсүнүн мамлекеттик туусу илинет.
Tap жана кеңейтилген курамдардагы сүйлөшүүлөр убагында, ошондой эле документтерге кол коюу аземинде жана басма сөз үчүн биргелешкен билдирүү жасоо учурунда меймандын өлкөсүнүн жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туулары илинет.
Сапардын алкагында илинүүчү жана орнотулуучу мамлекеттик туулардын саны Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан аныкталат.
66-глава. Автотранспорт
Чет мамлекеттердин өкмөт башчыларынын Кыргыз Республикасына жумушчу сапарларынын убагында меймандостук форматына жараша кыргыз тараптан төмөнкүлөр бөлүнүп берилет:
- VIP-автоунаасы;
- жубайы үчүн (ал катышкан учурда) VIP-автоунаасы;
- расмий делегациянын мүчөлөрү үчүн өкүлчүлүк классындагы 1 автоунаа;
- протокол үчүн 1 автоунаа;
- күзөтчүлөр үчүн 1 автоунаа;
- жогорку даражалуу меймандын багажы үчүн 1 чакан автобус;
- КР ИИМ ЖКККББ ЖККнын коштоосу үчүн 2 автоунаа.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы делегациянын сандык курамына же өз ара мамиле принцибине жараша башка форматты аныктаган учурда, кыргыз тарап бөлүнгөн автотранспорт каражаттарынын санын көбөйтүшү же азайтышы мүмкүн.
Чет мамлекеттин өкмөт башчысы Кыргыз Республикасында көп тараптуу форматтагы иш-чараларга катышкан учурда мындай иш-чаранын алкагында меймандостук форматын берүү практикасы эске алынат.
3-бөлүмчө. Жол ара сапарлар
Кыргыз Республикасы аркылуу транзит менен өтүүдө чет мамлекеттин өкмөт башчысын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы аныктаган кызмат адамы тосуп алат.
67-глава. Маектешүү
Өзгөчө учурларда чет мамлекеттин өкмөт башчысы менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жолугушуусу уюштурулат. Жолугушуу өткөрүлүүчү жерди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы аныктайт.
68-глава. Расмий эмес түшкү (эртең мененки) тамак
Жогорку даражалуу мейман (делегация) үчүн расмий эмес түшкү (эртең мененки) тамак берилиши мүмкүн, ага кыргыз тараптан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан аныкталган адамдар катышат.
69-глава. Туулар
Кыргыз Республикасынын аэропортунда (чек арада) мамлекеттик туулар илинбейт.
4-бөлүмчө. Жеке сапарлар
Жеке сапарларга чет мамлекеттин өкмөт башчысынын Кыргыз Республикасына эс алууга (туризм, аңчылык), анын ичинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жеке мейманы катары келиши кирет. Мындай учурда тосуп алуу жана узатуу тартиби, меймандостук форматы, ошондой эле сапарды протоколдук-уюштуруучулук камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан аныкталат.
70-глава. Туулар
Кыргыз Республиканын аэропортунда (чек арада) мамлекеттик туулар илинбейт.
V БӨЛҮМ ЧЕТ МАМЛЕКЕТТЕРДИН ПАРЛАМЕНТТЕРИНИН БАШЧЫЛАРЫНЫН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНА САПАРЛАРЫ
Кыргыз Республикасына чет мамлекеттин парламентинин башчысынын сапарын өткөрүү, ага расмий кызмат адамдарынын катышуу даражасы, Кыргыз Республикасында жогорку даражалуу чет өлкөлүк меймандарды кабыл алууга байланыштуу иш-чаралардын мүнөзүн жана азем тарабын аныктоочу критерийлер Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан аныкталат.
1-бөлүмчө. Расмий сапарлар
Расмий сапар Кыргыз Республикасына чет мамлекеттин парламентинин башчысынын сапарынын жогорку түрү болуп саналат.
Мындай учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы чакыруучу адам болуп эсептелет.
Расмий сапардын элементтери төмөнкүлөр болуп саналат:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын чет мамлекеттин парламентинин башчысын чакыруусу;
- аэропортто тууларды, ошондой эле жогорку даражалуу мейман жашай турган резиденциянын үстүндө меймандын өлкөсүнүн туусун илүү;
- жогорку даражалуу мейманды расмий адамдын (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы аныктаган) дайыма коштоп жүрүүсү;
- жогорку даражалуу меймандын жубайын расмий адамдын (сапардын программасы менен аныкталган) дайыма коштоп жүрүүсү;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын атынан расмий кабыл алуу (эртең мененки же түшкү тамак);
- сапардын мөөнөттөрүн сапар башталганга чейин кеминде эки ай мурда макулдашуу.
71-глава. Аэропортто (чек арада) тосуп алуу (узатуу) аземи
Тосуп алуу аземи Кыргыз Республикасынын аэропортунда (чек арада) өтөт, анда чет мамлекеттин парламентинин башчысын (жубайы менен) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы тарабынан аныкталган кызмат адамдары, анын ичинде өз ара мамиле принцибин эске алуу менен, ошондой эле меймандын өлкөсүнүн Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси (эгерде бар болсо) тосуп алат.
Тосуп алуу жеринде меймандын өлкөсүнүн жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туулары илинет. Кыргыз Республикасынын аэропортунда (чек арада) мамлекеттик гимндерди аткаруу каралбайт.
Жогорку даражалуу меймандын автоунаасында анын өлкөсүнүн туусу орнотулат.
Узатуу тартиби тосуп алуудагыдай эле болот. Жогорку даражалуу мейманды ошол эле адамдар узатышат.
72-глава. Жайгаштыруу
Чет мамлекеттин парламентинин башчысы жана расмий делегациянын мүчөлөрү мамлекеттик резиденцияда же тараптар аныктаган мейманканага жайгаштырылат.
Резиденциянын үстүндө же мейманканада меймандын өлкөсүнүн мамлекеттик туусу илинет.
73-глава. Жолугушуунун расмий аземи
Жолугушуунун расмий аземи сапардын программасында көрсөтүлгөн жерде өтөт.
Чет мамлекеттин парламентинин башчысын (жубайы менен) автомобилден чыгып жатканда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы (жубайы менен) тосуп алат.
74-глава. Сүйлөшүүлөр, маектешүүлөр, документтерге кол коюу аземи, басма соз үчүн биргелешкен билдирүү
Расмий сапардын жүрүшүндө чет мамлекеттин парламентинин башчысы менен негизги сүйлөшүүлөрдү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы жүргүзөт. Сүйлөшүүлөрдө жолугушуунун форматы, эреже катары, тараптардын делегацияларынын курамына жана күн тартибине жараша аныкталат.
Сүйлөшүүлөрдүн күн тартибинин долбоору, маектешүү үчүн эскертмелер, маалыматтык-талдоо маалымкаттары, сүйлөшүүлөрдүн жана маектешүүлөрдүн катышуучуларынын курамы боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын тиешелүү бөлүмү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте даярдайт.
Делегациялардын сүйлөшүүлөрү жана биргелешкен документтерге кол коюу аземи сапардын программасында көрсөтүлгөн жерде өткөрүлөт. Документтерге кол коюуда эки тараптын расмий делегацияларынын мүчөлөрү, сапардын программасын камсыз кылган адамдар катышат.
75-глава. Расмий кабыл алуу
Чет мамлекеттин парламентинин башчысынын урматына расмий кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын атынан жүргүзүлөт.
Түшкү (эртең мененки) тамакта сөз сүйлөөлөр каралат. Мында сүйлөнүүчү сөздөрдүн жазуу жүзүндөгү котормосу жана меню меймандар отурган столго коюлат.
Түшкү (эртең мененки) тамакка мейман тараптан расмий делегациянын мүчөлөрү чакырылат. Айрым учурларда чет мамлекеттин парламентинин башчысынын өтүнүчү боюнча делегациянын башка мүчөлөрү да чакырылышы мүмкүн. Кыргыз тараптан расмий кабыл алууга чакырылуучу адамдардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын тиешелүү бөлүмү тарабынан киргизилет жана эки жумадан кеч эмес мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына макулдашууга берилет.
Кабыл алуунун форматы "1+20" формуласы боюнча аныкталат. Кабыл алуунун формуласы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы тарабынан башка формат аныкталган учурда делегациянын сандык курамына же өз ара мамиле принцибине жараша көбөйтүү же азайтуу жагына өзгөртүлүшү мүмкүн.
76-глава. Театрга баруу
Расмий сапардын убагында театрга баруу уюштурулушу мүмкүн. Мындай учурда чет мамлекеттин парламентинин башчысы (жубайы менен) менен бирге атайын бөлүнгөн жерде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы (жубайы менен) болот.
Көрсөтүү башталар алдында жогорку даражалуу меймандардын катышып жаткандыгы жөнүндө кулактандырылат. Ложанын эки тарабына меймандын өлкөсүнүн жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туулары илинет.
Көрсөтүү аяктагандан кийин сахнага эки себет гүл (жогорку даражалуу меймандын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын визиттик карточкалары салынган) алып чыгарылат.
77-глава. Өлкө боюнча кыдыруу
Расмий сапардын программасы менен (алдын ала макулдашуу боюнча) чет мамлекеттин парламентинин башчысынын Кыргыз Республикасынын региондору боюнча кыдыруусу каралышы мүмкүн.
Эгерде жогорку даражалуу мейман барган региондон мекенине жөнөй турган болсо, аны кетеринде салтанаттуу узатуу аземи ошол барган региондун аймагында өткөрүлүшү мүмкүн.
Региондорду кыдырууда чет мамлекеттин парламентинин башчысын сапардын программасында аныкталган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары жана кызмат адамдары, Кыргыз Республикасынын же меймандын өлкөсүнүн Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси (эгер бар болсо) жана башка расмий адамдар коштоп жүрөт.
78-глава. Эстелик белектери
Расмий сапарда протоколдук практика боюнча чет мамлекеттин парламентинин башчысына жана расмий делегациянын мүчөлөрүнө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын атынан эстелик белектерин тапшыруу каралат. Белектерди берүү макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын протокол кызматы аркылуу же башка формада жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
79-глава. Меймандостуктун форматы
Кыргыз тарап чет мамлекеттин парламентинин башчысынын Кыргыз Республикасына расмий сапарынын алкагында "1+5" формуласы боюнча меймандостуктун форматын белгилейт.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы делегациянын сандык курамына же өз ара мамиле принцибине жараша башка форматты аныктаган учурда меймандостук формуласы көбөйтүү же азайтуу жагына өзгөртүлүшү мүмкүн.
80-глава. Туулар
Чет мамлекеттин парламентинин башчысын Кыргыз Республикасынын аэропортунда (чек арада) тосуп алуу аземи убагында тосуп алуу жеринде меймандын өлкөсүнүн жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туулары илинет.
Жогорку даражалуу меймандын автоунаасына анын өлкөсүнүн туусу орнотулат.
Резиденцияны үстүндө меймандын өлкөсүнүн мамлекеттик туусу илинет.
Tap жана кеңейтилген курамдардагы сүйлөшүүлөр убагында, ошондой эле документтерге кол коюу аземинде жана басма сөз үчүн биргелешкен билдирүү жасоо учурунда меймандын өлкөсүнүн жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туулары илинет.
Сапардын алкагында илинүүчү жана орнотулуучу мамлекеттик туулардын саны Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан аныкталат.
81-глава. Автотранспорт
Чет мамлекеттердин парламенттеринин башчыларынын Кыргыз Республикасына расмий сапарларынын убагында меймандостук форматына жараша кыргыз тараптан төмөнкүлөр бөлүнүп берилет:
- VIP-автоунаасы + резерв;
- жубайы үчүн (ал катышкан учурда) VIP-автоунаасы;
-расмий делегациянын мүчөлөрү үчүн өкүлчүлүк классындагы 2 автоунаа;
- протокол үчүн 1 автоунаа;
- күзөтчүлөр үчүн 2 автоунаа;
- жогорку даражалуу меймандын багажы үчүн 1 чакан автобус;
- КР ИИМ ЖКККББ ЖККнын коштоосу үчүн 2 автоунаа.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы делегациянын сандык курамына же өз ара мамиле принцибине жараша башка форматты аныктаган учурда кыргыз тарап бөлүнгөн автотранспорт каражаттарынын санын көбөйтүшү же азайтышы мүмкүн.
2-бөлүмчө. Жумушчу сапарлар
Жумушчу сапар деп чет мамлекеттин парламент башчысынын келиши, анын ичинде көп тараптуу иш-чараларга катышуу, жолугушууларды жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, консультацияларды өткөрүү жана өз ара кызыкчылык туудурган маселелер боюнча пикир алмашуу, документтерге кол коюу, улуттук көргөзмөлөрдү жана маданият күндөрүн ачуу үчүн келиши түшүнүлөт.
Мындай учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы чакыруучу адам болуп саналат.
Жумушчу сапардын элементтери төмөнкүлөр болуп саналат:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын чет мамлекеттин парламент башчысын чакыруусу (көп тараптуу жолугушуулардын алкагында - чет мамлекеттердин парламент башчыларынын биргелешкен чечими);
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин расмий өкүлдөрү тарабынан тосуп алуу жана узатуу;
- жогорку даражалуу мейман жашай турган резиденциянын үстүндө тууларды көтөрүү;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын атынан түшкү (эртең мененки) тамак берүү;
- сапардын мөөнөттөрүн сапар башталганга чейин кеминде бир ай мурда макулдашуу.
82-глава. Аэропортто (чек арада) тосуп алуу (узатуу)
Тосуп алуу аземи Кыргыз Республикасынын аэропортунда (чек арада) өтөт, анда чет мамлекеттин парламентинин башчысын (жубайы менен) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы тарабынан аныкталган кызмат адамдары, анын ичинде өз ара мамиле принцибин эске алуу менен, ошондой эле меймандын өлкөсүнүн Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси (эгерде бар болсо) тосуп алат.
Тосуп алуу жеринде меймандын өлкөсүнүн жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туулары илинет. Аэропортто (чек арада) мамлекеттик гимндерди aткаруу каралбайт.
Жогорку даражалуу меймандын автоунаасына анын өлкөсүнүн туусу орнотулат.
Узатуу тартиби тосуп алуудагыдай эле болот. Жогорку даражалуу мейманды ошол эле адамдар узатышат.
83-глава. Жайгаштыруу
Чет мамлекеттин парламентинин башчысы жана расмий делегациянын мүчөлөрү мамлекеттик резиденцияда же тараптар аныктаган мейманканага жайгаштырылат.
Резиденциянын үстүндө же мейманканада жогорку даражалуу меймандын өлкөсүнүн мамлекеттик туусу илинет.
84-глава. Сүйлөшүүлөр, маектешүүлөр, документтерге кол коюу аземи, басма сөз үчүн биргелешкен билдирүү
Кыргыз тараптан расмий сүйлөшүүлөрдүн жана маектешүүлөрдүн катышуучуларынын курамы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы тарабынан аныкталат жана чет өлкөлүк делегацияга маалымдалат.
Сүйлөшүүлөрдүн күн тартибинин долбоорун, маектешүү үчүн эскертмелерди, маалыматтык-талдоо маалымкаттарын, сүйлөшүүлөрдүн жана маектешүүлөрдүн катышуучуларынын курамы боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын тиешелүү бөлүмү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте даярдайт.
Документтерге кол коюу аземине расмий делегациялардын мүчөлөрү жана жумушчу сапардын программасын камсыз кылган адамдар катышат.
Сапардын программасы менен чет мамлекеттин парламентинин башчысынын Кыргыз Республикасынын Президенти жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы менен жолугушуусу каралышы мүмкүн.
85-глава. Түшкү (эртең мененки) тамак
Чет мамлекеттин парламентинин башчысынын урматына арналган түшкү (эртең мененки) тамак сапардын программасында көрсөтүлгөн жерде өткөрүлөт.
Сөз сүйлөөлөр менен алмашуу каралбайт.
Түшкү (эртең мененки) тамакка чет мамлекеттин расмий делегациясынын мүчөлөрү чакырылат.
Кыргыз тараптан катышуучулардын тизмеси сапардын программасы менен аныкталат.
Кабыл алуунун форматы "1+15" формуласы боюнча аныкталат. Кабыл алуунун формуласы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы тарабынан делегациянын сандык курамына же өз ара мамиле принцибине жараша башка формат аныкталган учурда көбөйтүү же азайтуу жагына өзгөрүшү мүмкүн.
86-глава. Эстелик белектери, театрга баруу, өлкө боюнча кыдыруу
Жумушчу сапар учурунда протоколдук практика менен чет мамлекеттин парламент башчысына жана расмий делегациянын мүчөлөрүнө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын атынан эстелик белектерин тапшыруу каралат. Белектерди берүү макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын протокол кызматы аркылуу же башка формада жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
Меймандын каалоосу боюнча сапардын программасына башка иш-чаралар да киргизилиши мүмкүн (театрга расмий эмес баруу, өлкө боюнча кыдыруу жана башка иш-чаралар).
87-глава. Меймандостуктун форматы
Кыргыз тарап чет мамлекеттин парламентинин башчысынын Кыргыз Республикасына болгон жумушчу сапарынын алкагында "1+3" формуласы боюнча меймандостуктун форматын белгилейт.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы делегациянын сандык курамына же өз ара мамиле принцибине жараша башка форматты аныктаган учурда меймандостук формуласы көбөйтүү же азайтуу жагына өзгөртүлүшү мүмкүн.
88-глава. Туулар
Чет мамлекеттин парламентинин башчысын Кыргыз Республикасынын аэропортунда (чек арада) тосуп алуу аземи убагында тосуп алуу жеринде меймандын өлкөсүнүн жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туулары илинет.
Резиденциянын үстүндө же мейманканада меймандын өлкөсүнүн мамлекеттик туусу илинет.
Tap жана кеңейтилген курамдардагы сүйлөшүүлөр убагында, ошондой эле документтерге кол коюу аземинде жана басма сөз үчүн биргелешкен билдирүү жасоо учурунда меймандын өлкөсүнүн жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туулары илинет.
Сапардын алкагында илинүүчү жана орнотулуучу мамлекеттик желектердин саны Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан аныкталат.
89-глава. Автотранспорт
Кыргыз Республикасына чет мамлекеттердин парламенттеринин башчыларынын жумушчу сапарларынын убагында меймандостук форматына жараша кыргыз тараптан төмөнкүлөр бөлүнүп берилет:
- VIP-автоунаасы;
- расмий делегациянын мүчөлөрү үчүн өкүлчүлүк классындагы 1 автоунаа;
- протокол үчүн 1 автоунаа;
- күзөтчүлөр үчүн 1 автоунаа;
- КР ИИМ ЖКККББ ЖККнын коштоосу үчүн 1 автоунаа.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы делегациянын сандык курамына же өз ара мамиле принцибине жараша башка форматты аныктаган учурда, кыргыз тарап бөлүнгөн автотранспорт каражаттарынын санын көбөйтүшү же азайтышы мүмкүн.
Чет мамлекеттин парламент башчысы Кыргыз Республикасында көп тараптуу форматтагы иш-чараларга катышкан учурда мындай иш-чаранын алкагында меймандостук форматын берүү тажрыйбасы эске алынат.
3-бөлүмчө. Жол ара сапарлар
Чет мамлекеттин парламентинин башчысы (жубайы менен) Кыргыз Республикасы аркылуу транзит менен өтүп бара жатканда Кыргыз Республикасынын аэропортунда (чек арада) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы тарабынан аныкталган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин расмий адамдары, меймандын өлкөсүнүн Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси (эгерде бар болсо) тосуп алат.
90-глава. Сүйлөшүүлөр
Өзгөчө учурларда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын чет мамлекеттин парламентинин башчысы менен жолугушуусу уюштурулат. Жолугушуу өткөрүлүүчү жер Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы тарабынан аныкталат.
91-глава. Расмий эмес түшкү (эртең мененки) тамак
Чет мамлекеттин парламентинин башчысы үчүн расмий эмес түшкү (эртең мененки) тамак берилиши мүмкүн.
Түшкү (эртеңки мененки) тамакка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы тарабынан аныкталган расмий делегациянын мүчөлөрү чакырылат.
Кыргыз тараптан катышуучулардын тизмеси сапардын программасы менен аныкталат.
92-глава. Туулар
Кыргыз Республикасынын аэропортунда (чек арада) мамлекеттик туулар илинбейт.
4-бөлүмчө. Жеке сапарлар
Жеке сапарларга чет мамлекеттин парламентинин башчысынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын жеке мейманы катары Кыргыз Республикасына эс алууга (туризм, аңчылык) келиши кирет. Мындай учурларда тосуп алуу жана узатуу тартиби, ошондой эле сапарды протоколдук-уюштуруучулук камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы тарабынан аныкталат.
93-глава. Меймандостуктун форматы
Чет мамлекеттердин парламенттеринин башчыларынын Кыргыз Республикасына жеке сапарларында кыргыз тарап "1+1" формуласы боюнча меймандостук форматын белгилейт.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы делегациянын сандык курамына же өз ара мамиле принцибине жараша башка форматты аныктаган учурда меймандостук формуласы көбөйтүү же азайтуу жагына өзгөртүлүшү мүмкүн.
94-глава. Туулар
Кыргыз Республикасынын аэропортунда (чек арада) мамлекеттик туулар илинбейт.
95-глава. Автотранспорт
Кыргыз Республикасына чет мамлекеттердин парламенттеринин башчыларынын жеке сапарларынын убагында меймандостук форматына жараша кыргыз тараптан төмөнкүлөр бөлүнүп берилет:
- VIP-автоунаасы;
- жубайы үчүн VIP-автоунаасы (ал катышкан учурда);
- күзөтчүлөр үчүн 1 автоунаа;
- КР ИИМ ЖКККББ ЖККнын коштоосу үчүн 1 автоунаа.
VI БӨЛҮМ ЧЕТ МАМЛЕКЕТТЕРДИН ТЫШКЫ САЯСАТ ВЕДОМСТВОЛОРУНУН БАШЧЫЛАРЫНЫН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНА САПАРЛАРЫ
1-бөлүмчө. Расмий сапарлар
Расмий сапар чет мамлекеттин тышкы саясат ведомствосунун башчысынын Кыргыз Республикасына сапарынын эң жогорку түрү болуп саналат.
Расмий сапардын элементтери болуп төмөнкүлөр саналат:
- Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин чет мамлекеттин тышкы саясат ведомствосунун башчысын чакыруусу;
- аэропортто (чек арада) тууларды, ошондой эле жогорку даражалуу мейман жашай турган резиденциянын үстүндө меймандын өлкөсүнүн туусун илүү;
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин кызмат адамдары тарабынан тосуп алуу жана узатуу;
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик протокол департаментинин кызматкеринин дайыма коштоп жүрүүсү;
- жогорку даражалуу меймандын жубайын сапардын программасы менен аныкталуучу расмий адамдын жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин кызматкеринин дайыма коштоп жүрүүсү;
- Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин атынан расмий кабыл алуу (эртең мененки же түшкү тамак);
- сапардын мөөнөттөрүн сапар башталганга чейин кеминде бир ай мурда макулдашуу.
96-глава. Аэропортто (чек арада) тосуп алуу (узатуу) аземи
Тосуп алуу аземи Кыргыз Республикасынын аэропортунда (чек арада) өтөт, анда чет мамлекеттин тышкы саясат ведомствосунун башчысын (жубайы менен) Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри тарабынан аныкталган Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин кызмат адамдары, анын ичинде өз ара мамиле принцибин эске алуу менен, ошондой эле меймандын өлкөсүнүн Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси (эгерде бар болсо) тосуп алат.
Тосуп алуу жеринде меймандын өлкөсүнүн жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туулары илинет. Кыргыз Республикасынын аэропортунда (чек арада) мамлекеттик гимндерди аткаруу каралбайт.
Жогорку даражалуу меймандын автоунаасына анын өлкөсүнүн туусу орнотулат.
Узатуу тартиби тосуп алуудагыдай эле болот. Жогорку даражалуу мейманды ошол эле адамдар узатышат.
97-глава. Жайгаштыруу
Чет мамлекеттин тышкы саясат ведомствосунун башчысы мамлекеттик резиденцияда же тараптар аныктаган мейманканага жайгаштырылат.
Резиденциянын үстүндө же мейманканада меймандын өлкөсүнүн мамлекеттик туусу илинет.
98-глава. Tap жана кеңейтилген курамдардагы сүйлөшүүлөр
Расмий сапардын жүрүшүндө чет мамлекеттин тышкы саясат ведомствосунун башчысы менен негизги сүйлөшүүлөрдү Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри жүргүзөт.
Сапардын программасы менен чет мамлекеттин тышкы саясат ведомствосунун башчысынын Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы менен жолугушуусу каралышы мүмкүн.
Кыргыз тараптан сүйлөшүүлөргө катышуучулардын курамы чет өлкөлүк делегациянын курамына жана күн тартибине жараша сапардын программасы менен аныкталат.
Сүйлөшүүлөр, биргелешкен документтерге кол коюу аземи жана басма сөз үчүн биргелешкен билдирүү, эреже катары, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин имаратында, мамлекеттик резиденцияда же бекитилген программага ылайык башка жерде өткөрүлөт.
99-глава. Расмий кабыл алуу
Чет мамлекеттин тышкы саясат ведомствосунун башчысынын урматына расмий кабыл алуу Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин атынан жүргүзүлөт.
Түшкү (эртең мененки) тамакка меймандостук форматына ылайык мейман тарабынын расмий делегациясынын мүчөлөрү чакырылат.
Кабыл алуунун форматы "1+5" формуласы боюнча аныкталат.
Кабыл алуунун формуласы Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри тарабынан делегациянын сандык курамына же өз ара мамиле принцибине жараша башка формат аныкталган учурда көбөйтүү же азайтуу жагына өзгөртүлүшү мүмкүн.
100-глава. Театрга баруу
Расмий сапар убагында театрга баруу уюштурулушу мүмкүн. Мындай учурда чет мамлекеттин тышкы саясат ведомствосунун башчысы (жубайы менен) менен бирге атайын бөлүнгөн жерде Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри (жубайы менен) болот.
Көрсөтүү башталар алдында жогорку даражалуу меймандардын катышып жаткандыгы жөнүндө кулактандырылат. Ложанын эки тарабына меймандын өлкөсүнүн жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туулары илинет.
Көрсөтүү аяктагандан кийин сахнага жогорку даражалуу меймандын жана Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин визиттик карточкалары салынган эки себет гүлдү алып чыгышат.
101-глава. Өлкө боюнча кыдыруу
Расмий сапардын программасы менен (алдын ала макулдашуу боюнча) чет мамлекеттин тышкы саясат ведомствосунун башчысынын Кыргыз Республикасынын региондорун кыдыруусу каралышы мүмкүн.
Эгерде жогорку даражалуу мейман барган региондон мекенине жөнөй турган болсо, анда ал расмий эки тараптуу иш-чараларды өткөрүү аймагынан (региондон) өлкө боюнча кыдырууга чыгып кеткенден кийин салтанаттуу узатуу аземи өткөрүлүшү мүмкүн.
Региондор боюнча кыдырууда чет мамлекеттин тышкы саясат ведомствосунун башчысын сапардын программасы менен аныкталган кызмат адамдар, Кыргыз Республикасынын же меймандын өлкөсүнүн Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси (эгерде андай бар болсо) жана башка адамдар коштоп жүрөт.
102-глава. Эстелик белектери
Расмий сапарларда чет мамлекеттин тышкы саясат ведомствосунун башчысына жана расмий делегациянын мүчөлөрүнө Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин атынан эстелик белектерин тапшыруу каралат.
Белектерди берүү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик протокол департаменти тарабынан же макулдашуу боюнча башка формада жүзөгө ашырылат.
103-глава. Меймандостуктун форматы
Кыргыз тарап чет мамлекеттин тышкы саясат ведомствосунун башчысынын Кыргыз Республикасына расмий сапарларында "1+3" меймандостуктун форматын белгилейт.
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри делегациянын сандык курамына же өз ара мамиле принцибине жараша башка форматты аныктаган учурда меймандостук формуласы көбөйтүү же азайтуу жагына өзгөрүшү мүмкүн.
104-глава. Туулар
Кыргыз Республикасынын аэропортунда (чек арада) тосуп алуу жеринде меймандын өлкөсүнүн жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туулары илинет.
Жогорку даражалуу меймандын автоунаасына анын өлкөсүнүн туусу орнотулат.
Резиденциянын үстүндө же мейманканада меймандын өлкөсүнүн мамлекеттик туусу илинет.
Tap жана кеңейтилген курамдардагы сүйлөшүүлөр убагында, ошондой эле документтерге кол коюу аземинде жана басма сөз үчүн биргелешкен билдирүү жасоо учурунда меймандын өлкөсүнүн жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туулары илинет.
Сапардын алкагында илинүүчү жана орнотулуучу мамлекеттик туулардын саны Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан аныкталат.
105-глава. Автотранспорт
Эреже катары, Кыргыз Республикасына чет мамлекеттердин тышкы саясат ведомстволорунун башчыларынын расмий сапарларында меймандостук форматына жараша кыргыз тараптан төмөнкүлөр бөлүнүп берилет:
- VIP-автоунаасы;
- жубайы үчүн (ал катышкан учурда) VIP-автоунаасы;
- расмий делегациянын мүчөлөрү үчүн өкүлчүлүк классындагы 2 автоунаа же 1 чакан автобус (тандоосу боюнча);
- протокол үчүн 1 автоунаа;
- КР ИИМ ЖКККББ ЖККнын коштоосу үчүн 1 автоунаа.
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри делегациянын сандык курамына же болбосо өз ара мамиле принцибине жараша башка форматты аныктаган учурда кыргыз тарап бөлүнгөн автотранспорт каражаттарынын санын көбөйтүү же азайтуу жагына өзгөртүшү мүмкүн.
2-бөлүмчө. Жумушчу сапар
Чет мамлекеттин тышкы саясат ведомствосунун башчысынын келиши, анын ичинде көп тараптуу иш-чараларга катышуу, жолугушууларды жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, консультацияларды өткөрүү жана өз ара кызыкчылык туудурган маселелер боюнча пикир алмашуу, келишимдерге жана макулдашууларга кол коюу, улуттук көргөзмөлөрдү жана маданият күндөрүн ачуу үчүн келиши жумушчу сапар деп түшүнүлөт.
Жумушчу сапардын элементтери болуп төмөнкүлөр саналат:
- Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин чет мамлекеттин тышкы саясат ведомствосунун башчысын чакыруусу (көп тараптуу жолугушуулардын алкагында - тышкы саясат ведомстволорунун башчыларынын биргелешкен чечими);
- жолугушуу өтүүчү жерде меймандын өлкөсүнүн жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туулары илинет;
- сапардын программасы менен Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин атынан расмий кабыл алуу (эртең мененки же түшкү тамак) каралат.
106-глава. Аэропортто (чек арада) тосуп алуу (узатуу) аземи
Тосуп алуу аземи Кыргыз Республикасынын аэропортунда (чек арада) өтөт, анда чет мамлекеттин тышкы саясат ведомствосунун башчысын (жубайы менен) Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри тарабынан аныкталган Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин кызмат адамдары, анын ичинде өз ара мамиле принцибин эске алуу менен, ошондой эле меймандын өлкөсүнүн Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси (эгерде андай бар болсо) тосуп алат.
Тосуп алуу жеринде меймандын өлкөсүнүн жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туулары илинет. Кыргыз Республикасынын аэропортунда (чек арада) мамлекеттик гимндерди аткаруу каралбайт.
Узатуу тартиби тосуп алуудагыдай эле болот. Жогорку даражалуу мейманды ошол эле адамдар узатышат.
107-глава. Жайгаштыруу
Чет мамлекеттин тышкы саясат ведомствосунун башчысы мамлекеттик резиденцияда же тараптар аныктаган мейманканага жайгаштырылат. Резиденциянын үстүндө же мейманканада меймандын өлкөсүнүн мамлекеттик туусу илинет.
108-глава. Tap жана кеңейтилген курамдардагы сүйлөшүүлөр
Жумушчу сапардын жүрүшүндө чет мамлекеттин тышкы саясат ведомствосунун башчысы менен негизги сүйлөшүүлөрдү Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри жүргүзөт.
Кыргыз тараптан сүйлөшүүлөргө катышуучулардын курамы чет өлкөлүк делегациянын курамына жана күн тартибине жараша сапардын программасы менен аныкталат.
Сүйлөшүүлөр, биргелешкен документтерге кол коюу аземи жана басма сөз үчүн биргелешкен билдирүү сапардын программасында көрсөтүлгөн жерде өткөрүлөт.
109-глава. Расмий кабыл алуу
Чет мамлекеттин тышкы саясат ведомствосунун башчысынын урматына расмий кабыл алуу (көп тараптуу иш-чараларды өткөрүүдө - иш-чаранын урматына) Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин атынан өткөрүлөт.
Түшкү (эртең мененки) тамакка коноктор тараптан меймандостук форматына ылайык расмий делегациянын мүчөлөрү чакырылат.
Кабыл алуунун форматы "1+3" формуласы боюнча аныкталат.
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри тарабынан башка формат аныкталган учурда, делегациянын сандык курамына же болбосо өз ара мамиле принцибине жараша кабыл алуунун формуласы көбөйтүү же азайтуу жагына өзгөртүлүшү мүмкүн.
110-глава. Өлкө боюнча кыдыруу
Жумушчу сапардын жүрүшүндө (алдын ала макулдашуу боюнча) чет мамлекеттин тышкы саясат ведомствосунун башчысынын Кыргыз Республикасынын региондору боюнча кыдыруусу каралышы мүмкүн.
Эгерде жогорку даражалуу мейман барган региондон мекенине жөнөй турган болсо, анда ал расмий эки тараптуу иш-чараларды өткөрүү аймагынан (региондон) өлкө боюнча кыдырууга чыгып кеткенден кийин салтанаттуу узатуу аземи өткөрүлүшү мүмкүн.
Региондор боюнча кыдырууда чет мамлекеттин тышкы саясат ведомствосунун башчысын Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин сапардын программасы менен аныкталган кызмат адамдары, Кыргыз Республикасынын же меймандын өлкөсүнүн Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси (эгерде андай бар болсо) жана башка адамдар коштоп жүрөт.
111-глава. Эстелик белектери
Жумушчу сапарларда чет мамлекеттин тышкы саясат ведомствосунун башчысына жана расмий делегациянын мүчөлөрүнө Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин атынан эстелик белектерин тапшыруу каралат.
Белектерди берүү башка макулдашуу болбогон учурда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик протокол департаменти тарабынан жүзөгө ашырылат.
112-глава. Меймандостуктун форматы
Кыргыз тарап чет мамлекеттердин тышкы саясат ведомстволорунун башчыларынын Кыргыз Республикасына болгон жумушчу сапарларында "1+1" формуласы боюнча меймандостуктун форматын белгилейт.
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри тарабынан башка формат аныкталган учурда, делегациянын сандык курамына же болбосо өз ара мамиле принцибине жараша кабыл алуунун формуласы көбөйтүү же азайтуу жагына өзгөртүлүшү мүмкүн.
113-глава. Туулар
Кыргыз Республикасынын аэропортунда (чек арада) тосуп алуу жеринде меймандын өлкөсүнүн жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туулары илинет.
Жогорку даражалуу меймандын автоунаасына анын өлкөсүнүн туусу орнотулат.
Резиденциянын үстүндө же мейманканада меймандын өлкөсүнүн мамлекеттик туусу илинет.
Tap жана кеңейтилген курамдардагы сүйлөшүүлөр, ошондой эле документтерге кол коюу аземи жана басма сөз үчүн биргелешкен билдирүү учурунда меймандын өлкөсүнүн жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туулары илинет.
Сапардын алкагында илинүүчү жана орнотулуучу мамлекеттик туулардын саны Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан аныкталат.
114-глава. Автотранспорт
Эреже катары Кыргыз Республикасына чет мамлекеттердин тышкы саясат ведомствосунун башчысынын жумушчу сапарлары учурунда меймандостук форматына жараша кыргыз тараптан төмөнкүлөр бөлүнөт:
- VlP-автоунаасы;
- жубайы үчүн (ал катышкан учурда) VIP-автоунаасы;
- расмий делегациянын мүчөлөрү үчүн өкүлчүлүк классындагы 1 автоунаа;
- протокол үчүн 1 автоунаа;
- КР ИИМ ЖКККББ ЖККнын коштоосу үчүн 1 автоунаа.
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри тарабынан делегациянын сандык курамына же болбосо өз ара мамиле принцибине жараша башка формат аныкталган учурда, кыргыз тарап бөлгөн автотранспорт каражаттарынын саны көбөйтүү же азайтуу жагына өзгөртүлүшү мүмкүн.
Чет мамлекеттин тышкы саясат ведомствосунун башчысы Кыргыз Республикасында көп тараптуу форматтагы иш-чараларга катышкан учурда мындай иш-чаранын алкагында меймандостук форматын берүү практикасы эске алынат.
3-бөлүмчө. Жол ара сапарлар
Чет мамлекеттин тышкы саясат ведомствосунун башчысы (жубайы менен) Кыргыз Республикасы аркылуу өтүп бара жатканда Кыргыз Республикасынын аэропортунда (чек арада) Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри тарабынан аныкталган Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин кызмат адамдары тосуп алат.
Узатуу тартиби тосуп алуудагыдай болот. Жогорку даражалуу мейманды ошол эле адамдар узатат.
115-глава. Расмий эмес түшкү (эртең мененки) тамак
Чет мамлекеттин тышкы саясат ведомствосунун башчысы (жубайы менен) үчүн расмий эмес түшкү (эртең мененки) тамак берилиши мүмкүн.
Сөз сүйлөө каралбайт.
Түшкү (эртең мененки) тамакка чет мамлекеттин тышкы саясат ведомствосунун башчысын коштоп жүргөн расмий делегациянын мүчөлөрү чакырылат.
Кыргыз тараптан катышуучулардын тизмеси сапардын программасы менен аныкталат.
116-глава. Туулар
Кыргыз Республикасынын аэропортунда (чек арада) мамлекеттик туулар илинбейт.
4-бөлүмчө. Жеке сапарлар
Жеке сапарларга Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин жеке мейманы катары чет мамлекеттин тышкы саясат ведомствосунун башчысынын Кыргыз Республикасына эс алууга (туризм, аңчылык) келиши кирет. Мындай учурда протоколдук-уюштуруучулук иш-чаралар Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин өзүнчө чечими менен камсыз кылынат.
117-глава. Меймандостуктун форматы
Чет мамлекеттердин тышкы саясат ведомстволорунун башчыларынын Кыргыз Республикасына жеке сапарларында кыргыз тарап меймандостук форматын "1+1" формуласы боюнча белгилейт.
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри тарабынан башка формат аныкталган учурда, делегациянын сандык курамына же болбосо өз ара пайдалуу принцибине жараша меймандостук формуласы көбөйтүү же азайтуу жагына өзгөртүлүшү мүмкүн.
118-глава. Туулар
Кыргыз Республикасынын аэропортуна (чек арада) мамлекеттик туулар илинбейт.
119-глава. Автотранспорт
Эреже катары Кыргыз Республикасына чет мамлекеттердин тышкы саясат ведомстволорунун башчыларынын жеке сапарлары учурунда меймандостук форматына жараша кыргыз тараптан төмөнкүлөр бөлүнөт:
- VIP-автоунаасы;
- КР ИИМ ЖКККББ ЖККнын коштоосу үчүн 1 автоунаа.
VII БӨЛҮМ ЭЛ АРАЛЫК УЮМДАРДЫН БАШЧЫЛАРЫНЫН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНА САПАРЛАРЫ
120-глава. Аэропортто (чек арада) тосуп алуу (узатуу) аземи
Тосуп алуу аземи Кыргыз Республикасынын аэропортунда (чек арада) өтөт, анда эл аралык уюмдун башчысын сапардын бекитилген программасы боюнча аныкталган Кыргыз Республикасынын расмий жана кызмат адамдары, ошондой эле эл аралык уюмдун ыйгарым укуктуу өкүлү тосуп алат.
Тосуп алуу (узатуу) жеринде эл аралык уюмдун жана Кыргыз Республикасынын туулары илинет.
Жогорку даражалуу меймандын автоунаасына эл аралык уюмдун туусу орнотулат.
Узатуу тартиби тосуп алуудагыдай болот. Жогорку даражалуу мейманды ошол эле адамдар узатат.
121-глава. Жайгаштыруу
Эл аралык уюмдун башчысы мамлекеттик резиденцияга же болбосо тараптар аныктаган мейманканага жайгаштырылат. Резиденциянын үстүндө же мейманканада эл аралык уюмдун туусу илинет.
122-глава. Tap жана кеңейтилген курамдардагы сүйлөшүүлөр
Сапардын программасы менен эл аралык уюмдун башчысынын Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин башка мүчөлөрү менен жолугушуусу каралышы мүмкүн.
Кыргыз тараптан сүйлөшүүлөргө катышуучулардын курамы чет өлкөлүк делегациянын курамына жана күн тартибине жараша сапардын программасы менен аныкталат.
123-глава. Расмий кабыл алуу
Эл аралык уюмдун башчысынын урматына расмий кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан жүргүзүлөт.
Түшкү (эртең мененки) тамакта сөз сүйлөө каралат. Ошол эле учурда сөздөрдүн жазуу жүзүндөгү котормолору жана меню меймандар отурган столдорго коюлат.
Түшкү (эртең мененки) тамакка мейман тараптан меймандостук форматына ылайык расмий делегациянын мүчөлөрү чакырылат.
Кабыл алуунун форматы "1+5" формуласы боюнча аныкталат.
Делегациянын сандык курамына же болбосо өз ара мамиле принцибине жараша кабыл алуунун формуласы көбөйтүү же азайтуу жагына өзгөртүлүшү мүмкүн.
124-глава. Өлкө боюнча кыдыруу
Сапардын программасы менен (алдын ала макулдашуу боюнча) эл аралык уюмдун башчысынын Кыргыз Республикасынын региондору боюнча кыдыруусу каралышы мүмкүн.
Эгерде жогорку даражалуу мейман барган региондон мекенине жөнөй турган болсо, аны кетээринде салтанаттуу узатуу аземи ошол барган региондун аймагында өткөрүлүшү мүмкүн.
Эл аралык уюмдун башчысынын региондор боюнча кыдыруусунда сапардын программасы менен аныкталган Кыргыз Республикасынын кызмат адамдары, эл аралык уюмдун ыйгарым укуктуу өкүлү жана башка адамдар коштоп жүрөт.
125-глава. Эстелик белектери
Сапарда эл аралык уюмдун башчысына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан эстелик белектерин тапшыруу каралат.
Белектерди берүү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик протокол департаменти аркылуу же макулдашылган башка формада жүргүзүлөт.
126-глава. Меймандостуктун форматы
Эл аралык уюмдардын башчыларынын сапарынын алкагында меймандостуктун форматы "1+3" формуласы боюнча аныкталат.
Делегациянын сандык курамына же өз ара мамиле принцибине жараша меймандостуктун формуласы көбөйтүү же азайтуу жагына өзгөртүлүшү мүмкүн.
127-глава. Туулар
Кыргыз Республикасынын аэропортунда (чек арада) тосуп алуу жеринде эл аралык уюмдун туусу жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу илинет.
Жогорку даражалуу меймандын автоунаасында анын уюмунун туусу орнотулат.
Резиденциясынын үстүндө же мейманканада эл аралык уюмдун туусу илинет.
Tap жана кеңейтилген курамдардагы сүйлөшүүлөр убагында, ошондой эле документтерге кол коюу аземинде жана басма сөз конференцияларында эл аралык уюмдун туусу жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу илинет.
Сапардын алкагында илинүүчү жана орнотулуучу туулардын саны Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан аныкталат.
128-глава. Автотранспорт
Эреже катары, Кыргыз Республикасына эл аралык уюмдардын башчыларынын сапарларында меймандостук форматына жараша кыргыз тараптан төмөнкүлөр бөлүнөт:
- VlP-автоунаасы;
- расмий делегациянын мүчөлөрү үчүн өкүлчүлүк классындагы 1 автоунаа;
- протокол үчүн 1 автоунаа;
- күзөт үчүн 1 автоунаа;
- КР ИИМ ЖКККББ ЖККнын коштоосу үчүн 1 автоунаа.
Кыргыз тарап делегациянын сандык курамына же болбосо өз ара мамиле принцибине жараша бөлүнүүчү автотранспорт каражаттарынын санын көбөйтүү же азайтуу жагына өзгөртүшү мүмкүн.
VIII БӨЛҮМ МОНАРХТАРДЫН, ТАКТЫНЫН МУРАСКОРЛОРУНУН ЖАНА ПАДЫШАЛАРДЫН ҮЙ-БҮЛӨСҮНҮН БАШКА МҮЧӨЛӨРҮНҮН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНА САПАРЛАРЫ
Кыргыз Республикасына монарх келген учурда протоколдук иш-чаралар мамлекет башчысынын сапарынын форматында жүргүзүлөт.
Такты мураскорунун сапарынан элементтери төмөнкүлөр болуп саналат:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин такты мураскорун жубайы менен чакыруусу;
- аэропортто (чек арада) тосуп алуу жана узатуу, эреже катары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан аныкталуучу кызмат адамдары тарабынан жүргүзүлөт;
- жогорку даражалуу мейман жашоочу резиденциянын үстүнө анын штандартын илүү;
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан аныкталуучу кызмат адамдарынын дайыма коштоп жүрүүсү;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан расмий кабыл алуу;
- сапардын программасында Кыргыз Республикасынын Президенти жана/же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы менен маектешүү.
129-глава. Аэропортто (чек арада) тосуп алуу (узатуу) аземи
Тосуп алуу аземи Кыргыз Республикасынын аэропортунда (чек арада) өтөт, анда такты мураскорун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан аныкталган кызмат адамдары, ошондой эле меймандын өлкөсүнүн Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси (эгерде болсо) тосуп алат.
Тосуп алуу (узатуу) жеринде жогорку даражалуу меймандын штандарты жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу илинет.
Жогорку даражалуу меймандын автоунаасында анын штандарты орнотулат.
Узатуу тартиби тосуп алуудагыдай эле болот. Жогорку даражалуу мейманды ошол эле адамдар узатат.
130-глава. Жайгаштыруу
Такты мураскору жубайы менен мамлекеттик резиденцияга же тараптар аныктаган мейманканага жайгаштырылат.
Резиденциянын үстүндө же мейманканада жогорку даражалуу меймандын штандарты илинет.
131-глава. Tap жана кеңейтилген курамдардагы сүйлөшүүлөр
Сапардын программасы менен такты мураскорунун Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин башка мүчөлөрү менен жолугушуусу каралышы мүмкүн.
Кыргыз тараптан сүйлөшүүлөргө катышуучулардын курамы делегациянын курамына жана күн тартибине жараша сапардын программасы менен аныкталат.
132-глава. Расмий кабыл алуу
Такты мураскорунун урматына расмий кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан жүргүзүлөт.
Түшкү (эртең мененки) тамакта сөз сүйлөө каралат. Ошол эле учурда сөздөрдүн жазуу жүзүндөгү котормолору жана меню меймандар отурган столдорго коюлат.
Түшкү (эртең мененки) тамакка меймандостук форматына ылайык мейман тараптан расмий делегациянын мүчөлөрү чакырылат.
Кабыл алуунун форматы "1+5" формуласы боюнча аныкталат. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан башка формат аныкталган учурда, делегациянын сандык курамына же өз ара мамиле принцибине жараша кабыл алуунун форматы көбөйтүү же азайтуу жагына өзгөртүлүшү мүмкүн.
133-глава. Өлкө боюнча кыдыруу
Сапардын программасы менен (алдын ала макулдашуу боюнча) такты мураскорунун Кыргыз Республикасынын региондору боюнча кыдыруусу каралышы мүмкүн.
Эгерде жогорку даражалуу мейман барган региондон мекенине жөнөй турган болсо, аны кетеринде салтанаттуу узатуу аземи ошол барган региондун аймагында өткөрүлүшү мүмкүн.
Региондор боюнча кыдырууда такты мураскорун сапардын программасы менен аныкталган кызмат адамдары, жогорку даражалуу меймандын өлкөсүнүн Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси (эгерде ал бар болсо) жана башка адамдар коштоп жүрөт.
134-глава. Эстелик белектери
Сапарда такты мураскоруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын атынан эстелик белектерин тапшыруу каралат.
Белектерди берүү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик протокол департаменти аркылуу же макулдашылган башка формада жүргүзүлөт.
135-глава. Меймандостуктун форматы
Такты мураскорунун сапарынын алкагында меймандостуктун форматы "1+2" формуласы боюнча аныкталат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан башка формат аныкталган учурда, делегациянын сандык курамына же өз ара мамиле принцибине жараша меймандостук формуласы көбөйтүү же азайтуу жагына өзгөртүлүшү мүмкүн.
136-глава. Туулар
Такты мураскорун Кыргыз Республикасынын аэропортунда (чек арада) тосуп алуу аземи убагында тосуп алуу жеринде жогорку даражалуу меймандын штандарты жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу илинет.
Жогорку даражалуу меймандын автоунаасында анын штандарты орнотулат.
Резиденциясынын үстүнө же мейманканага такты мураскорунун штандарты көтөрүлөт.
Сапардын алкагында илинүүчү жана орнотулуучу мамлекеттик туулардын жана штандарттардын саны Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан аныкталат.
137-глава. Автотранспорт
Эреже катары Кыргыз Республикасына такты мураскорунун сапарларында меймандостук форматына жараша кыргыз тараптан төмөнкүлөр бөлүнөт:
- VIP-автоунаасы;
- расмий делегациянын мүчөлөрү үчүн өкүлчүлүк классындагы 1 автоунаа;
- протокол үчүн 1 автоунаа;
- КР ИИМ ЖКККББ ЖККнын коштоосу үчүн 1 автоунаа.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан башка формат аныкталган учурда, делегациянын сандык курамына же өз ара мамиле принцибине жараша кыргыз тараптан бөлүнгөн автотранспорт каражаттарынын саны көбөйтүү же азайтуу жагына өзгөрүшү мүмкүн.
IX БӨЛҮМ МАМЛЕКЕТ БАШЧЫЛАРЫНЫН ЖАНА ӨКМӨТ БАШЧЫЛАРЫНЫН АТАЙЫН ӨКҮЛДӨРҮНҮН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНА САПАРЛАРЫ
Мамлекеттердин, өкмөттөрдүн жана эл аралык уюмдардын башчыларынын атайын өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мейманы катары кабыл алынат. Мындай категориядагы адамдардын сапарларынын форматы ар бир конкреттүү учурда өзүнчө аныкталат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин сунушу боюнча мейманды жана аны коштоп жүргөн адамдарды жайгаштыруу жана автотранспорт менен камсыз кылуу маселелерин аныктайт.
X БӨЛҮМ ЧЕТ МАМЛЕКЕТТЕРДИН, ПАРЛАМЕНТТЕРДИН, ӨКМӨТТӨРДҮН ЖАНА ТЫШКЫ САЯСАТ ВЕДОМСТВОЛОРУНУН БАШЧЫЛАРЫНЫН ЖУБАЙЫНЫН КОШТООСУНДА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНА КЕЛИШИНЕ БАЙЛАНЫШТУУ ПРОТОКОЛДУК ИШ-ЧАРАЛАР
Жогорку даражалуу мейманды жубайы менен коштоп жүрүү учурунда эл аралык практикага ылайык кабыл алуучу тарап өзүнчө программаны иштеп чыгат.
Кыргыз тарап адамдын деңгээлине жараша алардын Кыргыз Республикасында болушунун бардык мезгилинде дайыма коштоп жүрүү үчүн Кыргыз Республикасынын расмий өкүлүн жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин кызматкерин аныктайт.
Сапардын программасында театрга, музейге, башка социалдык-маданий объекттерге баруу, өлкө боюнча кыдыруу жана башка иш-чаралар каралат.
Мындай категориядагы адамдардын сапарларынын форматы ар бир конкреттүү учурда өзүнчө аныкталат.
Кыргыз Республикасынын Президенти же болбосо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин сунушу боюнча же Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри мейманды жайгаштыруу жана коопсуздугун камсыз кылуу (зарыл болгон учурда), ошондой эле аны жана коштоп жүргөн адамдарды автотранспорт менен камсыз кылуу маселелерин жана меймандостуктун форматын аныктайт.
XI БӨЛҮМ ӨКМӨТТӨР АРАЛЫК ЖАНА ПАРЛАМЕНТТЕР АРАЛЫК КОМИССИЯЛАРДЫН ЖЫЙНАЛЫШТАРЫ
138-глава. Аэропортто (чек арада) тосуп алуу (узатуу) аземи
Тосуп алуу аземи Кыргыз Республикасынын аэропортунда (чек арада) өтөт, анда чет мамлекеттин өкмөттөр аралык же парламенттер аралык комиссиясынын тең төрагасын Кыргыз Республикасынын тиешелүү органдарынын жооптуу кызмат адамдары жана кызматкерлери тосуп алат.
Узатуу тартиби тосуп алуудагыдай эле болот. Жогорку даражалуу мейманды ошол эле адамдар узатат.
Өкмөттөр аралык же парламенттер аралык комиссиялардын жыйналыштарын протоколдук-уюштуруучулук коштоону тиешелүүлүгүнө жараша өкмөттөр аралык же парламенттер аралык комиссиянын катчылыгы жүргүзөт.
139-глава. Жайгаштыруу
Чет мамлекеттин өкмөттөр аралык же парламенттер аралык комиссиясынын тең төрагасы мамлекеттик резиденцияга же болбосо тараптар аныктаган мейманканага жайгаштырылат.
140-глава. Tap жана кеңейтилген курамдардагы сүйлөшүүлөр
Өкмөттөр аралык жана парламенттер аралык комиссиянын жыйналыштары сапардын программасында көрсөтүлгөн жерде өткөрүлөт.
Кыргыз тараптан сүйлөшүүлөргө катышуучулардын курамы делегациянын курамына жана күн тартибине жараша сапардын программасы менен аныкталат.
141-глава. Расмий кабыл алуу
Өкмөттөр аралык же парламенттер аралык комиссиянын жыйналышынын жыйынтыгы боюнча расмий кабыл алуу өткөрүлөт.
Түшкү (эртең мененки) тамакта сөз сүйлөө каралат. Ошол эле учурда сөздөрдүн жазуу жүзүндөгү котормолору жана меню меймандар отурган столдорго коюлат.
Мейман тарабынан түшкү (эртең мененки) тамакка чет мамлекеттин расмий делегациясынын мүчөлөрү чакырылат.
XII БӨЛҮМ КООПСУЗДУКТУ КАМСЫЗДОО
Кыргыз Республикасына расмий, жумушчу жана жеке сапарларынын убагында мамлекеттердин, парламенттердин, өкмөттөрдүн, тышкы саясат ведомстволорунун, эл аралык уюмдардын башчыларынын жана чет мамлекеттердин аларга теңештирилген адамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик күзөтүн камсыз кылуу боюнча орган жооп берет.
XIII БӨЛҮМ КИЙИМДИН ФОРМАСЫ
Протоколдук иш-чараларда бардык катышуучулар үчүн кийимдин төмөнкүдөй расмий формасы каралат:
- эркектер үчүн - смокинг же кара костюм;
- аялдар үчүн - кечки көйнөк же иш костюму;
- аскер кызматчылары үчүн параддык салтанаттуу формага уруксат берилет.
Кийимдин формасы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик протокол департаменти тарабынан аныкталат жана тиешелүү чакырууларда көрсөтүлөт.
XIV БӨЛҮМ ЧЫГЫМДАР
Чет өлкөлүк расмий делегациялардын жайгашуу, тамак жана транспорт боюнча бардык чыгымдары макулдашуу боюнча же өз ара мамиле шарттарында төлөнөт.
XV БӨЛҮМ БАСМА СӨЗ
Мамлекеттердин, парламенттердин, өкмөттөрдүн, тышкы саясат ведомстволорунун, эл аралык уюмдардын башчыларынын жана аларга теңештирилген адамдардын расмий жана жумушчу сапарларын чагылдыруу үчүн аккредитацияланган басма сөз өкүлдөрүнүн келүүсү боюнча бардык чыгымдарды жиберген тарап тартат.
XVI БӨЛҮМ АЛДЫҢКЫ ТОПТОР
Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын чет мамлекетке болгон сапарында даярдык көрүү үчүн алдыңкы топ жиберилет.
Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын сапарына даярдык көрүүнүн алкагында чет мамлекетке жиберилүүчү алдыңкы топтун курамы сапарга даярдык көрүү боюнча тиешелүү бекитилген план менен аныкталат жана эреже катары, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын (протокол, басма сөз кызматы), Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик күзөттү камсыз кылуу боюнча органынын өкүлдөрүн, ошондой эле зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын тиешелүү министрликтеринин жана ведомстволорунун өкүлдөрүн камтыйт.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын сапарына даярдык көрүүнүн алкагында чет мамлекетке жиберилүүчү алдыңкы топтун курамы сапарга даярдык көрүү боюнча тиешелүү бекитилген план менен аныкталат жана эреже катары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын (протокол, басма сөз кызматы), Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик күзөттү камсыз кылуу боюнча органынын өкүлдөрүн камтыйт.
Мамлекеттердин, парламенттердин, өкмөттөрдүн, тышкы саясат ведомстволорунун, эл аралык уюмдардын башчыларынын жана аларга теңештирилген адамдардын расмий жана жумушчу сапарларын даярдоо үчүн Кыргыз Республикасына келген чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын алдыңкы топтору тараптардын ортосунда өз ара мамиле шарттарында башка макулдашуу болбосо, өздөрүнүн Кыргыз Республикасында болуусун өздөрү төлөйт.
XVII БӨЛҮМ ПРОТОКОЛДУК АТРИБУТИКА
Тиешелүү сапарларды же иш-чараларды зарыл болгон протоколдук атрибутика менен камсыз кылууга байланышкан бардык чыгымдар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабынан сапарга даярдык көрүү боюнча бекитилген иш-чаралар планына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыгат.
Протоколдук атрибутикага Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана эл аралык практикага ылайык колдонулган мамлекеттик символдор, штандарт, ошондой эле басма продукциясы, кюверт кармагычтар, трибуналар, жайлардын расмий жасалгалары, кызыл килемчелер, атайын табличкалар, протоколдук транспаранттар (баннерлер), протоколдук белектер жана расмий жасалгалоонун башка элементтери кирет.
XVIII БӨЛҮМ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДАГЫ ДИПЛОМАТИЯЛЫК КОРПУС
Дипломатиялык корпус Кыргыз Республикасында аккредитацияланган чет мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана аларга теңештирилген эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн дипломатиялык кызматкерлеринен турат.
Кыргыз Республикасында өткөрүлгөн жана ушул Жободо көрсөтүлбөгөн расмий иш-чараларга дипломатиялык корпустун өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик протокол департаменти менен макулдашуу боюнча гана чакырылышы мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын катышуусу менен иш-чараларга эреже катары, Кыргыз Республикасында аккредитацияланган дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчылары, ошондой эле эл аралык уюмдардын жетекчилери чакырылат. Дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн башчысы жок болгон учурда убактылуу ишеним берилген адамдардын катышуусуна уруксат берилет.
Расмий иш-чараларда дипломатиялык корпусту жайгаштыруу (отургузуу), чет өлкөлүк элчилердин ишеним грамоталарын тапшырган датаны жана убакытты эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик протокол департаменти тарабынан жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик протокол департаменти тарабынан иш-чарага жараша жайгаштыруунун (отургузуунун) башка тартиби колдонулушу мүмкүн.
142-глава. Ишеним грамоталарын тапшыруу
Бекитилген программада аныкталган комплекстин башкы кире беришине килемчелер төшөлөт, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Ардактуу кароол ротасынан коридор тизилет.
Башкы эшиктин кире беришинде элчини Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик протокол департаментинин кызматкери тосуп алат. Андан кийин элчи жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик протокол департаментинин кызматкери Ардактуу кароол ротасынын командиринин рапортун угуу үчүн жанына келет, андан кийин Ардактуу кароол ротасынын жанынан комплекстин башкы өтмөгү менен өтөт жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусуна барат, ал жерде элчи башын бир аз ийип, урмат көрсөтөт.
Андан соң элчи Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик протокол департаментинин кызматкери менен биргеликте азем өтүүчү залга өтөт, ал жерде аларды Кыргыз Республикасынын Президенти күтүп турат.
Аземге Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы катышат.
Элчи (Кыргыз Республикасында резиденциясы бар) Кыргыз Республикасынын Президентинин тушундагы атайын белгиленген жерге келет. Анын оң жагында - коштоп жүрүүчү дипломатиялык кызматкер, сол жагында - жубайы же коштоп жүрүүчү экинчи кызматкер, элчинин арт жагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик протокол департаментинин кызматкери турат.
Кыргыз тараптан катышуучу адамдарды тизүү төмөнкүдөй түрдө жүргүзүлөт:
Кыргыз Республикасынын Президенти - борбордо;
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри - Кыргыз Республикасынын Президентинин оң тарабында;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы - Кыргыз Республикасынын Президентинин сол тарабында.
Элчи Кыргыз Республикасынын Президентинин алдында белгиленген жерге келет жана өз өлкөсүнүн мамлекеттик тилинде же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик же расмий тилинде кыскача саламдашуу сөзүн сүйлөйт, андан кийин алдыга бир кадам таштайт, башын бир аз ийет жана Кыргыз Республикасынын Президентине ишеним грамотасын тапшырат.
Кыргыз Республикасынын Президенти ишеним грамотасын алат, ишеним грамотасын тапшыргандыгы менен элчини куттуктайт жана протоколдук сүрөткө түшүүгө чакырат. Андан кийин Кыргыз Республикасынын Президенти жана элчи маектешүү үчүн атайын белгиленген жерлерде орун алат.
Ушуну менен элчинин (Кыргыз Республикасында резиденциясы бар) ишеним грамотасын тапшыруу аземи аяктайт.
Элчилер (резидент эместер) азем залында өздөрүнүн улуттук тууларынын алдында атайын белгиленген жерлерге келет жана Кыргыз Республикасынын Президентинин залга келишин күтөт. Элчилерди (резидент эместерди) дайындоого суроо-талаптын датасын жана убактысын эске алуу менен жайгаштыруу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик протокол департаменти тарабынан жүргүзүлөт.
Жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын Президенти азем залына кирет жана борбордон орун алат. Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Кыргыз Республикасынын Президентинин оң жагынан, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы - Кыргыз Республикасынын Президентинин сол жагынан орун алат.
Жарыялангандан кийин элчи Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы белгиленген жерге келет жана өз өлкөсүнүн мамлекеттик тилинде же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик же расмий тилинде кыскача саламдашуу сөзүн сүйлөйт, андан кийин алдыга бир кадам таштайт, башын бир аз ийет жана Кыргыз Республикасынын Президентине ишеним грамотасын тапшырат.
Кыргыз Республикасынын Президенти ишеним грамотасын алат, ишеним грамотасын тапшыргандыгы менен элчини куттуктайт жана протоколдук сүрөткө түшүүгө чакырат. Бардык катышкан элчилер (резидент эместер) ишеним грамоталарын тапшыргандан кийин Кыргыз Республикасынын Президенти куттуктоо сөзүн сүйлөйт.
Ушуну менен элчилердин (резидент эместердин) ишеним грамоталарын тапшыруу аземи аяктайт.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чечими боюнча жаңы дайындалган элчилердин урматына Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин атынан кабыл алуу уюштурулушу мүмкүн.
143-глава. Негизги протоколдук талаптар
1. Чет мамлекеттин дипломатиялык өкүлчүлүгү ноталык тартипте Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жаңы дайындалган элчинин ишеним грамоталарын тапшырууга даяр экендиги жөнүндө маалымдайт, ошондой эле ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде жолугушууну сурайт.
2. Чет мамлекеттин элчиси Кыргыз Республикасынын Президентине ишеним грамотасын тапшырган учурдан тартып Кыргыз Республикасында аккредитацияланды жана өз милдеттерине киришти деп эсептелет.
3. Ишеним грамоталары тапшырылганга чейин төмөнкүлөргө чектөө белгиленет:
- Кыргыз Республикасынын жогорку кызмат адамдары жана саясий кызмат орундарын ээлеген кызмат адамдары менен жолугушууларга катышууга. Өзгөчө жана жүйөлүү учурларда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри тарабынан элчинин (ишеним грамоталарын тапшырганга чейин) Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы жана саясий кызмат орундарын ээлеген кызмат адамдары менен жолугушууларга катышуусу боюнча башка чечим кабыл алынышы мүмкүн;
- Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчи катары расмий кабыл алууларды өткөрүүгө, эл алдында чыгып сүйлөөгө жана ЖМКда жарыялоого;
- транспорт каражатында өз өлкөсүнүн мамлекеттик туусун колдонууга.
144-глава. Чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө алардын улуттук майрамдарына карата өткөрүлүүчү иш-чаралар
1. Чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү өздөрүнүн улуттук майрамдарына же маанилүү окуяларына карата өткөрүлүүчү иш-чараларга чакыруу каттарын Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аркылуу жиберет.
2. Чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү тарабынан уюштурулган кабыл алуулардагы башкы мейман Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан чет мамлекет менен болгон мамилелердин деңгээлин жана өз мамиле принцибин эске алуу менен аныкталат.
3. Чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү тарабынан алардын улуттук майрамдарына карата уюштурулган кабыл алууларда эки өлкөнүн мамлекеттик гимндерин аткаруу (Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни биринчи аткарылат) жана мамлекеттик тууларын жайгаштыруу каралат.
XIX БӨЛҮМ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТӨРАГАСЫНЫН ЖЕ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН ӨЛКӨ БОЮНЧА САПАРЛАРЫН ПРОТОКОЛДУК-УЮШТУРУУЧУЛУК КАМСЫЗ КЫЛУУ
1-бөлүмчө. Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын өлкө боюнча кыдыруусу
Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасын региондордо - Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү, республикалык маанидеги шаардын мэри, региондук ички иштер жана улуттук коопсуздук органдарынын жетекчилери жана тиешелүү жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы (аким) же сапардын программасы менен аныкталуучу башка адамдар тосуп алышат.
Кыргыз Республикасынын аэропортунда (чек арада) жана барган жерлерде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу илинет.
Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жумушчу кыдырууларынын программасын даярдоо жана камсыз кылуу үчүн тиешелүү жерлерге Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик күзөт органынын кызматкерлери алдына ала барат.
Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын өлкө боюнча жумушчу кыдырууларынын убагында бир катар протоколдук иш-чараларды өткөрүү каралышы мүмкүн.
2-бөлүмчө. Жаңы объектти ачуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын кортежи объекттин аймагына келгенде аны объекттин жетекчиси жана чакырылган адамдар тосуп алат. Эреже катары, жетекчиде жана объектте иштеген кызматкерлерде фамилиясы, аты, атасынын аты жана ээлеген кызмат орду жазылган бейджиктер сөзсүз түрдө болууга тийиш.
Республикалык маанидеги ири объекттер ачылган учурда Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы келгенде алар подиумга чакырылат. Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органынын жетекчиси кыскача сөз сүйлөө менен аземди ачат жана Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына сөз берет.
Андан кийин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жетекчиси Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасын же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасын тасманы кесүү аземине чакырат.
Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Мамлекеттик туунун түсүндөгү тартылган тасманын жанындагы улуттук кийимчен кыздарга келет. Улуттук кийимчен кыз Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына, андан кийин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жетекчисине табакчадагы кайчыны алып келет (макулдашуу боюнча).
Тасманы кескенден кийин объектти көрүү болот, анын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын же объекттин жетекчиси зарыл болгон түшүндүрмөлөрдү берет.
3-бөлүмчө. Объекттерге баруу
Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасын же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасын Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү, республикалык маанидеги шаардын мэри жана объекттин жетекчиси тосуп алат. Эреже катары, жетекчиде жана объектте иштеген кызматкерлерде фамилиясы, аты, атасынын аты жана ээлеген кызмат орду жазылган бейджиктер сөзсүз түрдө болууга тийиш.
Кыскача куттуктоодон кийин объекттин жетекчиси Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасын же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасын объектти көрүүгө чакырат, анын жүрүшүндө зарыл болгон түшүндүрмөлөр берилет.
Объектти көрүүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын эмгек жамааты менен маектешүүсү каралат (макулдашуу боюнча).
4-бөлүмчө. Гүлчамбар (себет гүл) коюу аземи
Гүлчамбар (себет гүл) "Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан", "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын атынан" же "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын атынан" деген мамлекеттик тилдеги жазуулар менен таризделет.
Гүлчамбарды (себет гүлдү) коюу аземи өтүүчү жерге Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин Төрагасынын же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын кортежи келгенде фанфарлар жаңырат.
Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы гүлчамбардын (себет гүлдүн) артында орун алат, ага удаа гүлчамбарды (себет гүлдү) көтөргөн жетектөөчү офицер жана эки аскер кызматчысы эстелик жайды (эстеликти, мемориалды, стеланы ж.б.) көздөй кадам таштайт. Аземдик музыка жаңырат. Аскер кызматчылары гүлчамбарды (себет гүлдү) эстелик жайдын түбүнө коет. Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы гүлчамбарга (себет гүлгө) келет, тасманы түздөйт жана атайын бөлүнгөн жерге кайтат.
Эскерүү мүнөтү.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин кыскартылган версиясы (сөздөрсүз) аткарылат.
Гүлчамбар коюу аземи аяктайт.
5-бөлүмчө. Эстеликти ачуу
Эстеликтин алдындагы аянтта чакырылган расмий адамдар, коомчулуктун өкүлдөрү турат. Тематикалык мелодия жаңырып турат.
Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын кортежи эстеликти ачуучу жерге келип токтойт. Аны Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү, республикалык маанидеги шаардын мэри жана башка чакырылган расмий адамдар тосуп алат.
Диктор салтанаттуу ачылыш жөнүндө жарыялайт. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин кыскартылган версиясы (сөздөрсүз) аткарылат. Андан кийин Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына сөз берилет.
Программага ылайык башка чыгып сүйлөгөндөр болушу мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү же республикалык маанидеги шаардын мэри Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасын же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасын эстеликти ачууга чакырат, андан кийин эстеликтин түбүнө гулчамбар (себет гүл) коюлат.
Ачылыш аземи аяктайт.