Загрузка документа…
Көңүл буруңуздар!
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып
алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 8-июну № 85
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине
өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин II бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 6. 226-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 7389-статьяда:
а) 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Мурабаха келишими боюнча, тиешелүү лицензиясы бар банк кардардын табыштамасы боюнча сатып алынган же болбосо кардар кайрылган учурда банктын менчигинде турган товарды ушул Кодекстин 73810 жана 73811-статьяларында каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен кардарга төлөө мөөнөтүн узартуу шартында сатууга милдеттенет.»;
б) 2-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 73810-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Соода-сатык келишимин банк өз алдынча да, ошондой эле агент аркылуу да түзө алат. Банк кардарды агент катары дайындай алат, ал банктын атынан жана банктын эсебинен же өз атынан, бирок банк эсебинен ушул Кодекстин 42-главасында каралган эрежелерге ылайык иш-аракет жүргүзөт.
Агентти дайындоодо банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чектөөлөрдү сактоого тийиш.»;
3) 73811-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Эгерде агенттик келишимде башкача каралбаса, мурабаха келишими боюнча мурабаха келишиминин предметин сатып алууга карата бардык бүтүмдөр банктын атынан түзүлөт.»;
4) 73812-статьянын 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3. Мурабаха келишиминин предмети кардарга өткөрүп берилгенге чейин банк мурабаха келишиминин предметин ташууда же сактоодо анын бузулушуна, жок кылынышына же жоголушуна байланышкан бардык тобокелдиктерди өзүнө алат жана мындай тобокелдиктер күрөөнүн эсебинен жабылышы мүмкүн эмес.»;
5) 73813-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Эгерде мыйзамда же мурабаха келишиминин предметин банктын атынан сатып алуу жөнүндө келишимде башкача каралбаса, мурабаха келишиминин предмети кардарга өткөрүлүп берилгенден кийин ал мурабаха келишиминин предметиндеги кандайдыр бир мүчүлүштүктөр үчүн банк жоопкерчилик тартпайт.»;
6) 73815 -статьянын 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«5. Эгерде кардар ушул берененин 4-пунктунда көрсөтүлгөн негиздер боюнча мурабаха келишиминин предмети үчүн толук төлөмдү төлөө боюнча милдеттенмени бузса, банк мурабаха келишиминин предметин кайтарып берүүнү талап кылууга, зарыл болгон учурда сот тартибинде талап кылууга жана аны үчүнчү жактарга сатууну жүзөгө ашырууга укуктуу. Кардар тарабынан жарым-жартылай төлөмдүн эсебине мурда төлөнгөн сумма келишимдин предметин сатып өткөргөндөн кийин кардарга кайтарылып берилет.»;
7) 73816-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
«Шарика/мушарака келишими өнөктөштөр тарабынан биргелешип сатып алынуучу мүлккө карата да түзүлүшү мүмкүн.»;
8) 73823-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Кемүүчү мушарака келишими - шарика/мушарака келишиминин негизиндеги өнөктөштүктүн формасы, анда өнөктөштөрдүн бири башка өнөктөштүн өнөктөштүктөгү же болбосо мүлктөгү үлүшүн ага менчик укугу толук өткөнгө чейин бара-бара сатып алууга милдеттенет.»;
9) 341-глава төмөнкүдөй мазмундагы 11 жана 12-параграфтар менен толукталсын:
«§ 11. Финансылоонун ислам принциптери боюнча башка бүтүмдөрүн жана келишимдерин укуктук жөнгө салуу
73858-статья. Жалпы жоболор
341-главада каралбаган финансылоонун ислам принциптери боюнча бүтүмдөрү жана келишимдери банк ишинин жана финансылоонун ислам принциптери чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.
§ 12. Бүтүмдөрдү жана келишимдерди банк ишинин жана финансылоонун ислам принциптери боюнча колдонуунун өзгөчөлүктөрү
73859-статья. Бүтүмдөрдү жана келишимдерди банк ишинин жана финансылоонун ислам принциптери боюнча колдонуунун өзгөчөлүктөрү
Банк ишинин жана финансылоонун ислам принциптерине ылайык түзүлүүчү бүтүмдөрдүн жана келишимдердин негизинде, тиешелүү лицензиясы бар финансылык уюмдар тарабынан жасалган иш-аракеттер финансылык кызмат көрсөтүүлөр болуп саналат.».
2-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 12-июнундагы № 43 (3803) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |