Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 19-майы № 353
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине шайкеш
келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине
өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18, 100-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 «Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- преамбула төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Муниципалдык менчикте турган жер участокторун түзүү жана аларга болгон укуктарды жеке жана юридикалык жактарга берүү жол-жоболорун оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 7, 18-беренелерин, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:»;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижарага укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жободо:
– 4-пунктта «32» деген цифралар «30» деген цифраларга алмаштырылсын;
– 39-пункт төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
«Муниципалдык менчикте турган жерлерди пайдалануу үчүн ижара акысынын чектүү өлчөмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген методикага ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан бекитилет.».
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-октябрындагы № 535 «Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жободо:
- 11- пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«11. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-июлундагы № 243 «Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүсүнүн билим берүү уюмдарынын потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгына ылайык өзгөчө статусу бар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жогорку окуу жайларынын атайын каражаттарынын эсебинен сатып алынган, мамлекеттик менчикте турган жер участокторун ижарага берүү маселелерин жөнгө салбайт.
Аталган жогорку окуу жайлары мындай жер участокторун ижарага берүү тартибин жана шарттарын көзөмөлчүлүк кеңештер менен макулдашуу боюнча өз алдынча аныктайт.»;
- 6-пунктта:
«б» пунктчанын үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
«г» пунктчада «кырк тогуз» деген сөздөр «элүү» деген сөзгө алмаштырылсын;
- 10-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«10. Ушул Жободо колдонулган негизги түшүнүктөр:
- ижара берүүчү – мамлекеттик менчикте турган жер участогуна ижара келишимин түзгөн мамлекеттик жер пайдалануучу, жергиликтүү мамлекеттик администрация;
- ижарачы – ушул Жободо белгиленген тартипте жер участогуна ижара келишимин түзгөн жеке же юридикалык жак, жеке ишкер;
- аукцион – эң жогорку бааны сунуштаган жак жеңүүчү болуп саналган, тооруктардын формасы;
- мамлекеттик жер пайдалануучу – жер участогун мөөнөтсүз (мөөнөтүн көрсөтпөстөн) же мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга алган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканалары, мекемелери, ошондой эле уставдык капиталында мамлекеттин жүз пайыз катышуусу менен, Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуунун мамлекеттик программасын ишке ашыруучу, калктуу конуштун чегинен жер участогун мөөнөтсүз пайдаланууга алган мамлекеттик ипотекалык турак жайды кредиттөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган;
- арыз ээси – мамлекеттик менчикте турган жер участогун убактылуу пайдаланууга алууну каалаган жеке же юридикалык жак, жеке ишкер;
- конкурс – тооруктардын предметине карата сатып алуучулардан белгилүү бир шарттарды аткаруу талап кылынган учурлардагы тооруктардын формасы;
- жеңилдетилген типтеги объекттер – палаткалар, күркөлөр, жарнамалык курулмалар, автомобилдик транспортту токтотмолор, парковкалар, спорттук курулмалар жана башка капиталдык эмес объекттер;
- тоорукту уюштуруучу – ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, жергиликтүү мамлекеттик администрация;
- ижаранын баштапкы өлчөмү – жер участогуна ижара келишимин түзүү укугуна аукцион башталуучу ар айлык ижара акысынын баштапкы өлчөмү;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган – мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
- тоорук – мамлекеттик менчикте турган жер участогуна укук берүү ыкмасы. Тоорук аукцион, электрондук аукцион же конкурс түрүндө өткөрүлөт;
- аукциондун кадамы – тооруктун жүрүшүндө ижаранын баштапкы өлчөмү жогорулаган үстөк. Аукциондун кадамынын чоңдугу ижаранын баштапкы өлчөмүнүн 10 пайызынан кем эмес өлчөмүндө белгиленет;
- мамлекеттик милдеттер – Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу, анын ичинде мамлекеттик стратегиялык документтерде каралган милдеттер;
- ижаранын минималдуу өлчөмү – жер участогуна ижара келишимин түзүү укугуна конкурс башталуучу ар айлык ижара акысынын баштапкы өлчөмү;
- ижаранын жеңилдетилген өлчөмү – ушул Жободо каралган учурларда жер участогуна ижара келишимин түзүүдө колдонулуучу ар айлык ижара акысынын өлчөмү;
- электрондук аукцион – мамлекеттик менчикте турган жер участогуна ижара келишимин түзүү укугуна тооруктун түрү, анда эң жогорку бааны сунуштаган катышуучу жеңүүчү болот;
- электрондук соода аянты – тоорук уюштуруу жана өткөрүү үчүн Интернет тармагына жайгаштырылган жана катталган катышуучуларга бүтүмдөр боюнча электрондук операцияларды аралыктан (өзү катышпастан) жүргүзүүгө мүмкүндүк берген маалыматтык соода системасы;
- электрондук кол тамга – электрондук формадагы башка маалыматка кошулган жана (же) аны менен логикалуу байланышкан жана маалыматка кол койгон адамды аныктоо үчүн колдонулган электрондук формадагы маалымат;
- кепилдик салым – торукка катышуу үчүн арыз ээси киргизүүчү торуктун уюштуруучусу белгилеген акчалай сумма;
- ижарага түз берүү – ушул Жободо каралган учурларда жана тартипте жүргүзүлүүчү мамлекеттик менчикте турган жер участогуна тоорук өткөрбөстөн укук берүү ыкмасы;
- акысыз/акы төлөнүүчү мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга же акысыз мөөнөтсүз пайдаланууга түздөн-түз берүү – ушул Жободо каралган учурларда жана тартипте жүзөгө ашырылуучу тооруктарды өткөрбөстөн мамлекеттик менчикте турган жер участогуна укукту берүүнүн ыкмалары.»;
- 11, 111-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
- 5510-пунктта:
1-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
«– мамлекеттик жер пайдалануучу тарабынан мамлекет же муниципалдык түзүлүш уставдык капиталындагы үлүштөрдүн (акциялардын) элүү пайыздан ашыгына ээ болгон чарбалык коомго;»;
2-пунктчада:
биринчи абзацта «49» деген цифралар «50» деген цифраларга алмаштырылсын;
бешинчи абзацта «Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 29-беренесинин 5-пунктуна ылайык» деген сөздөр алып салынсын;
- 5514-пунктта:
1-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1) жүз пайыз мамлекеттик үлүшү бар юридикалык жактарга – Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 28-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу мамлекеттик милдеттерди ишке ашыруу үчүн тооруктарды өткөрбөстөн мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга;»;
2-пунктчада «29-статьясынын 8-пунктуна» деген сөздөр «28-беренесинин 7-бөлүгүнө» деген сөздөргө алмаштырылсын;
3, 4-пунктчалар күчүн жоготту деп таанылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 5-пунктча менен толукталсын:
«5) Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 28-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү улуттук жана/же мамлекеттик инвестициялык долбоорлордун тизмесине киргизилген улуттук жана/же мамлекеттик инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн мамлекеттик жер пайдалануучулардын жер участоктору ижара акысын жеңилдетилген өлчөмдө аныктоо менен акы төлөнүүчү негизде мөөнөттүү же мөөнөтсүз пайдаланууга.»;
- 97-пунктта:
экинчи абзацта «ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен методикага ылайык райондук мамлекеттик администрация» деген сөздөргө алмаштырылсын;
үчүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
төртүнчү абзацта «ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген нускамага ылайык баштапкы ижара акысынын өлчөмүнүн 50%дан ашпаган суммасында аныкталат» деген сөздөр «ижара акысынын баштапкы же минималдуу өлчөмүнүн 50 %нан ашпаган көлөмдү түзөт» деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-мартындагы № 176 «Запастагы жерлерди пайдалануунун жана түзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- преамбула төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Запастагы жерлерди пайдалануу жана түзүү менен байланышкан маселелерди жөнгө салуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 100-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:»;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Запастагы жерлерди пайдалануунун жана түзүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
- 4-пункттун экинчи абзацындагы «Өкмөтүнүн» деген сөз «Министрлер Кабинетинин» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 6-пунктта «28» деген цифралар «34» деген цифраларга алмаштырылсын;
- 14-пунктта «Өкмөтүнүн» деген сөз «Президентинин» деген сөзгө алмаштырылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 137 «Жерди мамлекеттик эсепке алуу (жер кадастры) жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- преамбула төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Бардык деңгээлдеги мамлекеттик башкаруу органдарын, жеке жана юридикалык жактарды жер-кадастрдык маалыматтар менен камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:»;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жерди мамлекеттик эсепке алуу (жер кадастры) жөнүндө жободо:
- 26-пунктта «ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Кыргызмамжердолбоорлоо» жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 27-пунктта «Өкмөтүнө» деген сөз «Министрлер Кабинетине» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 28-пунктта «Өкмөтү» жана «наркын баалоону» деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша «Министрлер Кабинети» жана «кадастрдык баасын» деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 13-августундагы № 427 «Айыл чарба багытындагы жер участокторун сатып алуу-сатуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 3-июлундагы № 457 «Жер участогуна укукту күбөлөндүргөн документтердин формаларын бекитүү жөнүндө» токтомунун 1, 2, 3-пункттары;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 10-февралындагы № 71 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 3-июлундагы № 457 «Жер участогуна укукту күбөлөндүргөн документтердин формаларын бекитүү жөнүндө» токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 9-сентябрындагы № 422 «Айыл чарба багытындагы жер участокторун сатып алуу-сатуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 13-августундагы № 427 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-январындагы № 14 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө жана «Кыргыз Республикасында турак жай сертификаттарын чыгаруунун, жүгүртүүнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 30-июнундагы № 397 токтомун күчүн жоготту деп табуу жөнүндө» токтомунун 2-пункту;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 20-июнундагы № 449 «Кыргыз Республикасынын Жер кодекси колдонууга киргизилгенге чейин менчиктештирилген имараттардын жана курулуштардын алдындагы жер участокторуна жеке менчик укугун мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому;
7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-декабрындагы № 311 «Жер участогуна укуктарды күбөлөндүрүүчү документтерди тариздөөнүн жана берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомунун 1, 2-пункттары;
8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы № 33 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунун 1-пункту;
9) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-июнундагы № 371 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 13-августундагы № 427 «Айыл чарба багытындагы жер участокторун сатып алуу-сатуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө» токтому;
10) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 24-мартындагы № 151 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому;
11) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-сентябрындагы № 496 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу, жер кадастры жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндө мамлекеттик кызмат көрсөтүү маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому;
12) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-декабрындагы № 294 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жер участогуна укуктарды күбөлөндүрүүчү документтерди тариздөө жана кыймылсыз мүлк бирдиктерине техникалык изилдөө жүргүзүү чөйрөсүндө мамлекеттик кызмат көрсөтүү маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 3-пункту.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 22-майындагы № 37 (3797) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |