КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кабыл алынган датасы
2026-жылдын 4-июну № 538-VIII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын
9-апрелиндеги № 376-VIII токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан «Гендердик теңчилик маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын кабыл алуу тууралуу
«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 60-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м к ы л а т:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 9-апрелиндеги № 376-VIII токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан «Гендердик теңчилик маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган варианты кабыл алынсын.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары |
| Б.А. Ибрагимов |