Редакцияот 30.01.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Майдан айылдык кеңешинин 9-чакырылышынын кезектеги 11 - сессиясы

 

2026-жылдын 30-январы № 3

 “Көк-Талаа” муниципалдык ишканасын кайрадан каттоодон өткөрүү жөнүндө

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө жобосунун 56-пунктуна ылайык, Майдан айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Мурдагы Марказ айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Көк-Талаа” муниципалдык  ишканасынын аты административдик-аймактык реформанын алкагында Айрыбаз айыл өкмөтү менен Майдан айыл өкмөтү биригип, Майдан айыл өкмөтү болуп    аталгандыгына байланыштуу, Майдан айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн            “Көк-Талаа таза-суу” муниципалдык ишканасы болуп аталышы өзгөртүлсүн.

2.    Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы: Мамлекеттик тилде: Майдан айыл өкмөтүнүн алдындагы “Көк-Талаа таза-суу” муниципалдык ишканасы; Расмий тилде: Муниципальное предприятие “Көк-Талаа таза-суу” при              Майданского айыл окмоту

Кыскартылган фирмалык аталышы: Мамлекеттик тилде: Майдан айыл өкмөтүнүн алдындагы “Көк-Талаа таза-суу” МИ; Расмий тилде: МП “Көк-Талаа таза-суу” при Майданского айыл окмоту

3.    “Көк-Талаа таза-суу” муниципалдык ишканасынын юридикалык дареги болуп төмөнкү дарек катталсын: Баткен облусу, Кадамжай району, Майдан айыл өкмөтү, Айрыбаз айылы, Айрыбаз көчөсү №40.

4.    “Көк-Талаа таза-суу” муниципалдык ишканасынын жаңы Уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.

5.    “Көк-Талаа таза-суу” муниципалдык ишканасынын жетекчиси болуп Кааров            Каныбек Исамбекович дайындалсын.

6.    “Көк-Талаа таза-суу” муниципалдык ишканасы Баткен облустук Юстиция башкармалыгында кайра каттоодон өткөрүлсүн.

 

 

Төрага

А.Юлдашов