Редакцияот 30.01.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Майдан айылдык кеңешинин 9-чакырылышынын кезектеги 11 - сессиясы

 

2026-жылдын 30-январы № 4

 “Көк-Талаа таза-суу” муниципалдык ишканасынын 2026-жылга түзүлгөн бюджетин бекитүү жөнүндө

“Көк-Талаа таза-суу” муниципалдык ишканасынын   2026-жылга түзүлгөн бюджетин бекитүү үчүн Майдан айыл аймагынын айылдык кеңеши    

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    “Көк-Талаа таза-суу” муниципалдык ишканасынын   2026-жылга сунушталган бюджети бекитилсин;                                                                                                          

2.    “Көк-Талаа таза-суу” муниципалдык ишканасынын   таза суунун тарифи төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.

А) 1м3 таза суунун баасы 18,33 сом

Б) 1 адамга көчөдөн пайдалануу 22 сом

В) 1 адамга коргондон пайдалануу 38 сом

3.    Ушул токтомдун аткарылышын ишке ашырууну “Көк-Талаа таза-суу” муниципалдык ишканасынын жетекчиси К. Кааровго жүктөлсүн;

4.    Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага

А.Юлдашов