ТYП АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМУ
Түп айылдык кенешинин ХХIX-чакырылышынын
ХVII–cессиясынын
2026-жылдын 2-апрели №24
Органикалык айыл чарбанын улуттук күнүн майрамдоого
арналган иш чара планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 1-пунктунун негизинде Түп айылдык Кенешинин ХХIХ-чакырылышынын 2026-жылдын 16-мартындагы ХVII -сессиясы токтом кылат:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин “Органикалык айыл
чарбанын улуттук күнү” тууралуу Жарлыгын аткаруу максатында Түп айыл өкмөтү тарабынан иштелип чыккан Органикалык айыл чарбанын улуттук күнүн майрамдоого арналган иш чара планы бекитилсин.
- Токтомдун аткарылышын Түп айыл өкмөтүнүн башчысы
У.И.Бозгуновго, көзөмөл кылуу жагы айылдык кеңешинин айыл чарбасы, жерди пайдалануу, муниципалдык менчик, архитектура, курулуш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
- Бул токтомду маалымат-массалык каражаттарына жарыялап, Кыргыз
Республикасынын Юстиция Министрлигинин каттоосунан өткөрүү жооптуу катчы Ж.Ишембаевага милдеттендирилсин.
Төрага А.Б.Абдымамбетов
БЕКИТИЛДИ: Түп айылдык кеңешинин 02.04.2026-жыл. №24-токтому
Органикалык айыл чарбанын улуттук күнүн майрамдоого арналган иш-чаралардын планы
№ | Максаттар | Ишке ашыруу мөөнөтүү | Жооптуу аткаруучулар |
1 | Айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн, илимий жана билим берүү мекемелери, керектөөчүлөрдүн коомдук бирикмелери, экологиялык активисттер, волонтерлор менен биргеликте Органикалык айыл чарбанын улуттук күнүнө арналган иш-чараларды өткөрүүнү, анын ичинде органикалык продукциялардын жарманкелерин, көргөзмөлөрүн жана дегустацияларын уюштуруу. | 01.04.2026-жыл | Айыл башчылар, жер адистер, социалдык кызматкерлер, жайыт адиси, экономист-статист |
2 | Дыйкан фермерлер үчүн органикалык дыйканчылык технологиялары боюнча семинарларды жана тренингдердиөткөрүү | 09.04.2026-жыл | Айыл башчылар, жер адистер, социалдык кызматкерлер, жайыт адиси, экономист-статист |
3 | Мектеп окуучулары жана студенттер үчүн органикалык өндүрүш жана туура тамактануу темасы боюнча агартуу иш- чараларын өткөрүүнү уюштуруу | 10.04.2026-жыл | Айыл башчылар, Социалдык кызматкерлер |
4 | 2026-жылдын 1-майына чейин Органикалык айыл чарбанын улуттук күнүн майрамдоого арналган иш-чаралардын планын иштеп чыгуу жана тиешелүү Жергиликтүү кеңештер менен макулдашуу. | 22.04.2026-жыл | Жер маселелери боюнча башкы адис |
5 | Ушул Жарлыктан келип чыгуучу иш-чараларды ишке ашырууну бюджеттен кароого жүзөгө ашыруу | 01.04.2026-жыл | Финансы-экономика бөлүмү |