Редакцияот 10.06.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТYП  АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

 

ТОКТОМУ

 

 

Түп айылдык кенешинин ХХIX-чакырылышынын 

ХVIII–cессиясынын

 

 

2026-жылдын  12-майы №28                                                          

 

 

Түп райондук маданият үйүнүн жаңы имаратын

 курууга макулдук берүү жөнүндө

 

 

          Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” №37 Мыйзамынын 10-беренесинин негизинде Түп айылдык Кенешинин ХХIХ-чакырылышынын 2026-жылдын 6-апрелиндеги ХVIII -сессиясы токтом кылат:

 

1.    Түп айылынын М.Эстебесов көчөсүндөгү “Келечек” бала бакчасынын

жанында бош жаткан жер аянтынын  4500 кв.м. жер тилкесине Түп райондук маданият үйүнүн жаңы имаратын курууга макулдук берилсин.

 

1.    Токтомдун аткарылышын Түп айыл өкмөтүнүн башчысы

У.И.Бозгуновго, көзөмөл кылуу жагы Түп айылдык кеңешинин айыл чарбасы, жерди пайдалануу, муниципалдык менчик, архитектура, курулуш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

2.    Бул токтомду маалымат-массалык каражаттарына жарыялап, Кыргыз

Республикасынын Юстиция Министрлигинин каттоосунан өткөрүү                          жооптуу катчы Ж.Ишембаевага милдеттендирилсин.

 

 

 

Тѳрага                                                     А.Б.Абдымамбетов