ТYП АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМУ
Түп айылдык кенешинин ХХIX-чакырылышынын
ХIX–cессиясынын
2026-жылдын 16-майы №31
Бел Акташ жайлоосунан 4 га жер аянтын ижарага
берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 30-майындагы “Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу чөйрөсүндөгү жөнгө салуу жөнүндө” №301 токтому менен бекитилген “Айыл аймагынын же шаардын мамлекеттик жайыттарын башкаруу чөйрөсүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары жөнүндө” Типтүү Жобонун негизинде Түп айылдык Кенешинин ХХIХ-чакырылышынын 2026-жылдын 30-апрелиндеги ХIX-сессиясы токтом кылат:
1. Түп айыл аймагына караштуу Бел Акташ жайлоосундагы мамлекеттик
жайыт жерлеринен 4 га жер аянтынын багытын өнөр жай, транспорт, байланыш жана башка багыттагы жерлердин категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Түп айыл аймагына караштуу Бел Акташ жайлоосундагы мамлекеттик
жайыт жерлеринен 4 га жер аянтын күн электрстанциясын курууга ижарага берүүгө макулдук берилсин.
- Токтомдун аткарылышын Түп айыл өкмөтүнүн башчысы
У.И.Бозгуновго, көзөмөл кылуу жагы Түп айылдык кеңешинин айыл чарбасы, жерди пайдалануу, муниципалдык менчик, архитектура, курулуш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
- Бул токтомду маалымат-массалык каражаттарына жарыялап, Кыргыз
Республикасынын Юстиция Министрлигинин каттоосунан өткөрүү жооптуу катчы Ж.Ишембаевага милдеттендирилсин.
Тѳрага А.Б.Абдымамбетов