Редакцияот 10.06.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТYП  АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

 

ТОКТОМУ

 

Түп айылдык кенешинин ХХIX-чакырылышынын 

ХIX–cессиясынын

 

 

2026-жылдын  23-майы №34                                                              

 

Түп айылдык кеңешинин 29.07.2021-ж №45-токтомун

жокко чыгаруу жана 01.02.2011 №6-токтомун күчүнө киргизүү жөнүндө

 

          Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” № 241 Мыйзамынын 10,17-беренелеринин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы №177-токтому менен бекитилген “Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө” Жобонун негизинде Түп айылдык Кенешинин ХХIХ-чакырылышынын 2026-жылдын 30-апрелиндеги ХIX -сессиясы токтом кылат:

1.    Түп   айылдык  кеңешинин ХХVIII-чакырылышынын   кезексиз

сессиясынын  “Түп айыл аймагынын үй курууга берилүүчү жер тилкелеринин аянтынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө” 2021-жылдын 29-июлундагы №45-токтому жокко чыгарылсын.

 

  1. Түп айылдык кеңешинин ХХV-чакырылышынын ХХIII-сессиясынын

Түп айыл аймагынын тургундарына үй курууга жер аянттарын берүүнү бекитүү жөнүндө  2011-жылдын 1-февралындагы №6-токтому күчүндө калтырылсын жана колдонулсун.

 

  1. Токтомдун аткарылышын Түп айыл өкмөтүнүн башчысы У.Бозгуновго,

көзөмөл кылуу жагы Түп айылдык кеңешинин айыл чарбасы, жерди пайдалануу, муниципалдык менчик, архитектура, курулуш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

  1. Бул токтомду маалымат-массалык каражаттарына жарыялап, Кыргыз

Республикасынын Юстиция Министрлигинин каттоосунан өткөрүү                          жооптуу катчы Ж.Ишембаевага милдеттендирилсин.

 

 

Тѳрага                                                 А.Б.Абдымамбетов