Редакцияот 13.02.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Майдан айылдык кеңешинин 9-чакырылышынын кезектеги 12 - сессиясы

 

2026-жылдын 13-февралы № 8

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин 2026-жылдын 15-январындагы чыгыш №08-2/105 сандуу каты жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин 2026-жылдын 15-январындагы чыгыш №08-2/105 сандуу катына жооп катары, ошондой эле айылдык кеңештин алдында түзүлгөн мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин, №67 “Кыргызстандын 10 жылдыгы” жалпы билим берүү мектебинин, №11 “Исфайрам” жалпы билим берүү мектебинин жана №81 А. Орозбековдун 120 жылдыгы атындагы жалпы билим берүү мектебинин протоколдорун карап чыгып, Майдан айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Майдан айыл аймагынын айылдык кеңешине төмөнкү сунуштар келип түшкөн белгиленсин:

·         №67 “Кыргызстандын 10 жылдыгы” жалпы билим берүү мектебине Т. Тургуновдун ысымын ыйгаруу жөнүндө;

·         №11 “Исфайрам” жалпы билим берүү мектебинин аталышын өзгөртпөө жөнүндө;

·         №81 А. Орозбековдун 120 жылдыгы атындагы жалпы билим берүү мектебине Сайдилла Каримовдун ысымын ыйгаруу жөнүндө.

·         Талкуунун жыйынтыгында №67 “Кыргызстандын 10 жылдыгы” жалпы билим берүү мектебинин, №11 “Исфайрам” жалпы билим берүү мектебинин жана             №81 А. Орозбековдун 120 жылдыгы атындагы жалпы билим берүү мектептеринин  учурдагы аталыштары өзгөртүүсүз калтырылсын.

·         Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин алдында түзүлгөн мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага

А.Юлдашов