Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 14-майы № 332-т
Улуттук инвестициялык долбоор статусуна ээ болгон "Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Нурманбет айыл аймагындагы Чүй агроөнөр жай зонасынын аймагында толук циклдүү булгаары иштетүүчү завод куруу" долбоорун ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 183-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Улуттук инвестициялык долбоор статусуна ээ болгон "Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Нурманбет айыл аймагындагы Чүй агроөнөр жай зонасынын аймагында толук циклдүү булгаары иштетүүчү завод куруу" долбоорун ишке ашыруучу жеңилдетилген салык салынууга тийиш болгон уюмдардын тизмеги тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн долбоорду ишке ашыруу үчүн импорттолуучу технологиялык жабдууларды, алардын комплекттөөчү жана запастык бөлүктөрүн, чийки заттарды жана материалдарды импорттоого кошумча нарк салыгынан бошотууну берүү мөөнөтү аны ишке ашыруу мезгилине, бирок 5 жылдан ашык эмес колдонулат деп белгиленсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |
|
| Тиркеме |
Улуттук инвестициялык долбоор статусуна ээ болгон "Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Нурманбет айыл аймагындагы Чүй агроөнөр жай зонасынын аймагында толук циклдүү булгаары иштетүүчү завод куруу" долбоорун ишке ашыруучу жеңилдетилген салык салынууга тийиш болгон уюмдардын ТИЗМЕГИ
№ | Уюмдун аталышы жана ИСНи | Улуттук инвестициялык долбоордун жана/же мамлекеттик маанидеги долбоордун аталышы | Бекитилген мамлекеттик органдын аталышы | Салыктар боюнча берилүүчү жеңилдиктердин түрлөрү | Салыктар боюнча алынган жеңилдиктердин алкагындагы улуттук инвестициялык долбоорлор жана мамлекеттик маанидеги долбоорлор боюнча уюмдун милдеттенмелери |
1 | "Асыл тери" жоопкерчилиги чектелген коому, ИСНи 00502202510195 | Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Нурманбет айыл аймагындагы Чүй агроөнөр жай зонасынын аймагында толук циклдүү булгаары иштетүүчү завод куруу" долбоору | Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги | Долбоорду ишке ашыруу үчүн импорттолуучу технологиялык жабдууларды, алардын комплекттөөчүлөрүн жана запастык бөлүктөрүн, чийки заттарды жана материалдарды кошумча нарк салыгынан бошотуу | Долбоордун курулушун белгиленген мөөнөттө аяктоо |