Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 27-апрели № 294-т
Экономикалык өнүктүрүүгө көмөктөшүү, экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу, региондук инфраструктураны өркүндөтүү жана улуттук экономиканын субъекттерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 63-1-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 23-сентябрындагы № 605 "Улуттук экономиканын субъекттерине кепилчилик берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. "Мамлекеттик финансылык холдинг" ачык акционердик коомуна белгиленген тартипте уставдык капиталдын кепилчилик берүүгө каралган каражаттарынын эсебинен төмөнкүлөр сунушталсын:
1) "Кыргызстан аэропорттору" ачык акционердик коомунун (мындан ары - "Кыргызстан аэропорттору" ААК) "Элдик Банк" ачык акционердик коомунун (мындан ары - "Элдик Банк" ААК) алдында Airbus A321сео тибиндеги эки аба кемесин сатып алуу жана эксплуатациялоого киргизүү үчүн милдеттүү түрдө камсыз кылуу менен 40000000 (кырк миллион) АКШ доллары өлчөмүндөгү негизги сумманын бөлүгүндө гана кредиттер боюнча кепилчилик берүүчүсү катары чыгуу;
2) "Кыргызстан аэропорттору" ААК жана "Элдик Банк" ААК менен үч тараптуу кепилчилик келишимин түзүү.
2. Бул тескеме Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитетине макулдашууга жиберилсин.
3. "Кыргызстан аэропорттору" ААКка төмөнкүлөр сунушталсын:
1) "Элдик Банк" ААКтан алынган кредиттин шарттарына ылайык финансылык каражаттардын так максаттуу пайдаланылышын камсыз кылуу;
2) "Элдик Банк" ААКтын кредиттик каражаттарын гана эсепке алуу жана пайдалануу үчүн "Элдик Банк" ААКта өзүнчө алыш-бериш эсебин ачуу;
3) "Мамлекеттик финансылык холдинг" ачык акционердик коомуна кредиттин мөөнөтү өткөн карыздарынын, кошуп эсептелген пайыздардын, финансылык санкциялардын жана башка айыптардын суммаларын "Кыргызстан аэропорттору" ААКтын жактыруусуз бардык эсептерден акцептсиз (талашсыз) эсептен чыгаруу укугун берүү.
4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик белгиленген тартипте ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн кредиттик каражаттарды так максаттуу пайдаланууну камсыз кылсын.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |