Редакцияот 07.10.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара-Таш айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын

кезектеги 9-сессиясынын

 

ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 7-октябры №9-13

Кара-Таш айыл аймагындагы Чечме-Сай орто мектебинин кичи фудбол аянтчасынын куруу боюнча долбоорго жергиликтүү бюджеттен өздүк салымы үчүн акча каражатын ажыратуу жөнүндө

Чечме-Сай орто мектебинин кичи футбол аянтчасынын куруу боюнча долбоор мамлекеттик үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен каржылануусу үчүн айыл өкмөтүнүн өздүк салымын кошуу максатында Кара-Таш айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы токтом кылат:

1.    Кара-Таш айыл аймагынын Чечме-Сай орто мектебинин кичи футбол аянтчасынын курууга мамлекеттик үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен каржылоо үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен өздүк салымга 300,0 (Үч жүз миң ) сом акча каражаты ажыратылсын.

 

2.    Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Кара-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы К.Салановго милдеттендирилсин.

 

3.    Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн

 

 

Төрагасы:

 

 Б. Муктарбек уулу