Редакцияот 31.12.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара-Таш айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын

кезектеги 10-сессиясынын

 

ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 31-декабры №10-1

Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бюджетин жана 2026-2027-жылдарга бюджетинин болжолун бекитүү жөнүндөгү токтомго өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Айыл өкмөтү 2025-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгүнө 9-ай ичинде кошумча түшкөн акча каражаттарын иштетүү боюнча тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда депутаттардын Кара-Таш айыл өкмөтүнүн айылдык кеңешинин “Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк” боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып, иштелип чыгылгандыктан Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 115-беренелеринин негизинде депутаттардын Кара-Таш айыл өкмөтүнүн айылдык кеңеши карап чыгып токтом кылат:

1.    Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүнө жыл ичинде кен байлыктар салыгына, инфраструктураны өнүктүрүү жана башка кошумча түшкөн кирешелерди планга киргизүү жана лиценция салыгынан кыскартуу №1 тиркемеге негиз макулдук берилсин.

2.    Жогорудагы №1 тиркемедеги көрсөтүлгөн кошумча түшкөн кирешеден лицензия салыгы аткарылбай калгандыгы үчүн кыскартып, калган сумманы чыгымдоого айыл өкмөттүн башчысына жана ФЭБнин башчысына милдеттендирилсин.

3.    Кыргыз республикасынын Президентинин 2025-жылдын 8-январындагы №1 Жарлыгына негиз 2025-жылдын 1-январынан тартып 2030-жылдын 31-декабрына чейин айыл чарба багытындагы жер салыгынан жана транспорт салыгынан бошотулгандыгы үчүн, анын ордуна Республикалык бюджеттен келген 1703,7миң сом компенцасияны иштетүүгө №2 тиркемеге негиз макулдук берилсин.

 

4.    Бул токтомдун аткарылышы көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттарды Кара-Таш айыл өкмөтүнүн айылдык Кеңешинин «экономика, бюджет, соода жана ишмердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрагасы:

 

 Б. Муктарбек уулу