Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 2026-жылдын 26-мартындагы № 01-25/91 буйругуна |
|
| 1-тиркеме |
Кенже административдик кызмат орундарына кадрлар резервине талапкерлерди тандоо боюнча Комиссия жөнүндө жобо
1. Жалпы жоболор
1.1. Ушул Жобо кадрлар резервине кенже административдик кызмат орундарына талапкерлерди тандоо жана киргизүү боюнча конкурстук комиссиянын (мындан ары – Комиссия) укуктук статусун, максаттарын, милдеттерин, ыйгарым укуктарын, курамын, түзүү тартибин, ишинин уюштурулушун жана чечимдерди кабыл алуу тартибин аныктайт.
1.2. Комиссия өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
1.3. Комиссиянын ишинин негизги принциптери:
1) мыйзамдуулук;
2) профессионалдуулук жана компетенттүүлүк;
3) конкурстук жол-жоболордун ачыктыгы жана айкындуулугу;
4) объективдүүлүк жана калыстык;
5) жарандардын мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка бирдей жеткиликтүүлүгү;
6) гендердик теңчиликтин принциптерин сактоо;
7) чечимдерди жамааттык негизде кабыл алуу;
8) Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктардын кагылышуусун алдын алуу жана персоналдык маалыматтарды коргоо жөнүндөгү мыйзамдарынын талаптарын сактоо.
2. Комиссиянын максаттары жана милдеттери
2.1. Комиссиянын ишинин максаты мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кесипкөй жана туруктуу кадрдык курамын камсыз кылууга багытталган Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын талаптарына ылайык талапкерлерди объективдүү, ачык жана атаандаштыкка жөндөмдүү тандоону камсыз кылуу жана аларды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматынын кенже административдик кызмат орундарына кадрлар резервине киргизүү жөнүндө чечимдерди кабыл алуу болуп саналат.
2.2. Комиссиянын негизги милдеттери:
1) талапкерлерди конкурстук тандоону уюштуруу жана өткөрүү;
2) талапкерлердин кесиптик, ишкердик жана жеке сапаттарын баалоо;
3) белгиленген квалификациялык талаптардын сакталышын камсыз кылуу;
4) талапкерлердин рейтингин түзүү;
5) талапкерлерди кадрлар резервине киргизүү жөнүндө чечимдерди кабыл алуу.
3. Комиссиянын курамы
3.1 Комиссиянын сандык жана персоналдык курамы ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин буйругу менен бекитилет.
3.2. Комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:
1) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары - комиссиянын төрагасы;
2) мамлекеттик органдын жетекчисинин кадр маселелери боюнча орун басары (макулдашуу боюнча);
3) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин кадр маселелери боюнча орун басары (макулдашуу боюнча);
4) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери (адистери);
5) мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери (адистери) (макулдашуу боюнча);
6) жарандык коомдун же эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү 2 (эки) адам;
7) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлү, комиссиянын катчысы (добуш берүү укугусуз).
3.3. Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун өкүлдөрү Комиссиянын курамына киргизилет жана алардын ишинин багытына ылайык келген профиль боюнча конкурс өткөрүүдө анын жыйналыштарына катышат.
Комиссиянын мүчөсүнүн өзү өкүлдүк кылган органдын иш чөйрөсүнө кирбеген конкурс боюнча отурумга катышпоосу ушул Жобону бузуу болуп саналбайт.
3.4. Комиссиянын курамында жок мүчөлөрдү алмаштырууга жол берилбейт. Добуш берүү укугун өткөрүп берүүгө, ошондой эле Комиссиянын бекитилген курамына кирбеген адамдардын жыйналышка катышуусуна тыюу салынат.
4. Комиссиянын функциялары
4.1. Комиссиянын функцияларына төмөнкүлөр кирет:
1) талапкерлерден келип түшкөн арыздарды жана документтерди кароо;
2) талапкерлердин белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүсүн баалоо;
3) талапкерлерди мыйзам талаптарына, компьютердик тестирлөөнүн протоколдоруна ылайык келүүсүнүн негизинде конкурстук тандоонун кезектеги этабына катыштыруу жөнүндө чечим кабыл алуу;
4) талапкерлер менен алардын кесиптик, ишкердик жана жеке сапаттарын, ошондой эле мотивациясын жана келечектеги жумуш жөнүндө түшүнүктөрүн баалоо үчүн маектешүү жүргүзүү;
5) процессти жана конкурстун ачык-айкындуулугун камсыз кылуу үчүн маектешүүнүн видео- жана аудиожазуусун камсыз кылуу;
6) талапкерлердин документтеринин түп нускаларын текшерүү жана берилген сканерленген электрондук көчүрмөлөрү менен салыштыруу;
7) конкурстун жыйынтыгы боюнча алынган рейтингдик упайлардын азаюусу боюнча сунушталган талапкерлерди кадрлар резервине жайгаштыруу;
8) конкурстун жыйынтыктары боюнча материалдарды кароо жана ыйгарым укуктуу органдын жетекчисине талапкерлерди кадрлар резервине киргизүү же киргизбөө жөнүндө сунуштарды (сунуштамаларды) даярдоо;
9) гендердик теңчиликтин принциптерин сактоону кошо алганда, конкурстук тандоонун жыйынтыктары боюнча кабыл алынган чечимдердин объективдүүлүгүн, ачык-айкындуулугун, жол-жоболордун сакталышын жана негиздүүлүгүн камсыз кылуу.
4.2. Өзүнө жүктөлгөн функцияларды аткаруу үчүн Комиссиянын катчысы төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Комиссиянын мүчөлөрүнөн катчыга жүктөлгөн функцияларды аткаруу үчүн зарыл болгон материалдарды жана маалыматты сурап алууга жана алууга;
2) комиссиянын мүчөсүн чакырууга жана катчынын компетенциясына кирген маселелер боюнча аны менен кат алышууга;
3) Комиссиянын тапшырмаларында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга.
5. Комиссия мүчөлөрүнүн милдеттери
5.1. Комиссиянын жыйналыштарына катышуу (оффлайн же онлайн).
5.2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ушул Жобонун жоболорунун сакталышын камсыз кылуу.
5.3. Талапкерлерди бирдей шарттарда кароо жана баалоонун объективдүүлүгүн камсыз кылуу.
5.4. Комиссиянын жыйналыштарынын протоколдоруна кол коюу.
5.5. Талапкерлер жөнүндө маалыматтын купуялуулугун сактоо.
5.6. Байланыш маалыматындагы бардык өзгөрүүлөр жөнүндө бир жумушчу күндүн ичинде Комиссиянын катчысына билдирүү.
6. Комиссия мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары
6.1. Комиссия мүчөлөрү төмөнкү ыйгарым укуктарга ээ:
1) жыйналыштардын күн тартибин түзүүгө жана жыйналыштарга чыгарылуучу маселелерди кароого катышат;
2) комиссиянын жыйналыштарында чечимдерди жамааттык түрдө кабыл алышат;
3) комиссиянын чечимдери боюнча өзгөчө пикирин билдирүүгө жана аны протоколго киргизүүгө укуктуу;
4) комиссиянын жыйналыштарынын протоколдору, компьютердик тестирлөөнүн протоколдору менен таанышат.
5) конкурстук жол-жоболор маселелерин жөнгө салуучу мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизет;
6) конкурстук жол-жоболорго жана алардын форматына тиешелүү сунуштарды киргизет;
7) талапкерлерди конкурска киргизүү же киргизүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимдерди кабыл алат;
8) талапкерлерди кадрлар резервине киргизүү же баш тартуу жөнүндө чечимдерди кабыл алат.
7. Комиссиянын чечим кабыл алуу тартиби
7.1. Комиссиянын отурумдары зарылдыгына жараша өткөрүлөт.
7.2. Комиссиянын отуруму комиссиянын бекитилген курамынын үчтөн экисинен кем эмеси катышканда укуктуу деп эсептелет.
7.3. Комиссия өз ишин жамааттык негизде жүргүзөт. Жыйын комиссиянын толук курамында да, кворум сакталган шартта комиссиянын катышкан мүчөлөрүнүн курамында да өткөрүлүшү мүмкүн, кворум ушул Жобонун 7.2-пунктунда белгиленген.
Комиссиянын отурумдары Агенттиктин жана Агенттиктин аймактык бөлүмдөрүнүн жайгашкан жеринде өткөрүлөт. Комиссиянын төрагасы көчмө отурум өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн. Комиссиянын отуруму оффлайн режиминде, ошондой эле видеоконференция байланышын колдонуу менен онлайн режиминде өткөрүлөт (өзгөчө кырдаал болгон учурда, Комиссиянын мүчөсү иш сапарында, ооруканада жана башка учурларда). Комиссиянын чечимин кабыл алуу зарыл болгон учурда, Комиссиянын ыкчам отуруму сурамжылоо жолу менен өткөрүлүшү мүмкүн.
7.4. Эгерде комиссиянын мүчөлөрү комиссиянын отурумдарын этибарга албаса (жүйөлүү себептерсиз бир нече жолу (3 жолудан ашык) отурумдарга катышпаса), комиссиянын төрагасы комиссиянын бул мүчөсүн сунуштаган тиешелүү мамлекеттик органга же уюмга тиешелүү чараларды көрүү же комиссиянын мүчөсүн ушул уюмдун башка жооптуу кызматкерине алмаштыруу максатында кат жөнөтүүгө укуктуу. Комиссиянын мүчөсүнүн бош орду пайда болгон учурда, аны алмаштыруу комиссиянын курамына киргизилген комиссиянын мүчөсү кирген тиешелүү мамлекеттик органдын же уюмдун сунушу боюнча жүргүзүлөт.
7.5. Комиссиянын чечимдери ачык добуш берүү менен жөнөкөй көпчүлүк добуш менен кабыл алынат.
7.6. Добуштар тең болуп калганда, Комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат.
7.7. Комиссиянын чечимдери протоколдор менен таризделет, аларга Комиссиянын төрагасы жана катчысы кол коёт.
7.8. Өзгөчө пикири бар Комиссиянын мүчөсү аны отурум өткөрүлгөн күндөн тартып бир жумушчу күндүн ичинде жазуу жүзүндө баяндоого укуктуу. Өзгөчө пикир протоколго тиркелет.
7.9. Комиссиянын отурумунун протоколу отурум өткөрүлгөн күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде таризделиши керек.
8. Комиссиянын ишин уюштуруу жана документтештирүү жагынан камсыздоо
8.1 Комиссиянын катчысынын функциялары:
1) Конкурстук материалдарды кароо үчүн Комиссиянын жыйынына өткөрүп берүү;
2) Комиссиянын мүчөлөрүнө Комиссиянын алдыдагы жыйынынын күн тартибинин долбоорун жөнөтүү;
3) Комиссиянын мүчөлөрүнөн Комиссиянын кароосуна киргизилүүчү кошумча маселелер боюнча сунуштарды чогултуу;
4) Комиссиянын чечимдерин аткарууну уюштуруу боюнча документтерди даярдоо;
5) Комиссиянын жыйынынын протоколун жана резервге кабыл алуу жөнүндө буйруктун долбоорун даярдоо;
6) резервде турган адамдардын маалымат базасын жүргүзүү.
8.2. Конкурстук тандоо мыйзамдарда белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
Конкурсту өткөрүү төмөнкү этаптарды камтыйт:
1) Конкурстун катышуучуларынын мамлекеттик жарандык кызматчыларга жана муниципалдык кызматчыларга коюлуучу талаптарга ылайык келүүсү боюнча документтерин кабыл алуу жана кароо.
Конкурска документтерди кабыл алуу мөөнөтү Агенттиктин жетекчиси тарабынан белгиленет.
Конкурска катышууга каалоо билдирген талапкерлер “е-Kyzmat” мамлекеттик порталындагы (https://kyzmat.gov.kg) жеке кабинети аркылуу электрондук форматта арыз бере алышат, арызга электрондук форматтагы документтер (сканерленген документтер) тиркелет:
- негизги жана кошумча билимин тастыктаган документтердин сканерленген көчүрмөлөрү (эгерде бар болсо);
- эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы болгон учурда).
Талапкер сынакка катышуу үчүн арыз бергенден кийин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине соттолгондугунун бар же жок экендиги жөнүндө маалымат алуу үчүн, ошондой эле актоочу эмес негиздер боюнча, анын ичинде коррупциялык мүнөздөгү кылмыштар боюнча токтотулган кылмыш иштери жөнүндө маалымат алуу үчүн суроо-талап жөнөтөт.
Соттолбогон, ошондой эле актоочу эмес негиздер боюнча токтотулган кылмыш иштери жөнүндө маалыматы жок талапкерлер компьютердик тестирлөөгө киргизилет.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине суроо-талап жөнөтүлгөн талапкерлерге карата соттолбогондугу жана актоочу эмес негиздер боюнча токтотулган кылмыш иштери жөнүндө маалыматтын жоктугун тастыктаган расмий маалымат алынгандан кийин компьютердик тестирлөөгө киргизүү жүргүзүлөт.
2) Талапкерлерди компьютердик тестирлөө.
Компьютердик тестирлөөнүн суроолорунун саны 60 суроону түзөт. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүү деңгээлин аныктоо боюнча компьютердик тестирлөөдөн өтүүдө жалпы санынан 50 пайыздан кем эмес балл алган талапкерлер кесиптик маанилүү жеке сапаттарды аныктоо боюнча компьютердик тестирлөө этабына киргизилет.
3) аңгемелешүү.
Маектешүү этабына кирген талапкерлердин саны көп болсо, маектешүүлөр графикке ылайык жума сайын өткөрүлөт.
Маектешүү бетме-бет же онлайн режиминде жүргүзүлөт. Конкурска Кыргыз Республикасынын алыскы аймактарынан катышып жаткан конкурсанттар үчүн, ошондой эле алардын жеке катышуусуна тоскоолдук кылган жүйөлүү себептер бар болсо, аны өткөрүү орду боюнча Агенттиктин региондор аралык башкармалыктары тарабынан аймактык принцип боюнча маектешүүнү уюштурууга жол берилет.
Агенттиктин Түндүк региондор аралык башкармалыгы тарабынан ар бейшемби күнү Ысык-Көл, Нарын, Талас жана Чүй облустарынын талапкерлери менен маектешүү өткөрүлөт.
Агенттиктин Түштүк региондор аралык башкармалыгы тарабынан ар жума күнү Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын талапкерлери менен маектешүү өткөрүлөт.
Маектешүүлөрдү өткөрүүнүн графигин ыйгарым укуктуу орган аныктайт жана талапкерлерге расмий веб-сайтка же мамлекеттик порталга жайгаштыруу аркылуу маалымдалат.
9. Сынактын жыйынтыгы
9.1. Сынактын жыйынтыгы боюнча Комиссия кадрлар резервине киргизүүгө сунушталган талапкерлердин тизмесин түзөт.
10. Корутунду жоболор
10.1. Бул Жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор аны бекитүү үчүн белгиленген тартипте киргизилет.
10.2. Бул Жободо жөнгө салынбаган маселелер, мыйзамдарга жана ушул Жобого каршы келбеген бөлүгүндө Комиссия тарабынан аныкталат.