Редакцияот 30.12.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара-Таш айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын

кезектеги 10-сессиясынын

 

ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 30-декабры №10-5

«Кайнар-Булак» мектепке чейинки билим берүү мекемесинин 2025-жылдын 11-июлундагы №3 жамаатык чогулушунун протоколу жөнүндө

Кара-Таш айыл аймагындагы Кара-Таш айылынын “Кайнар-Булак” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин 2025-жылдын 11-июлундагы №3 жамаатык чогулушунун протоколуна макулдук берүү жөнүндөгү жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине таянып, Кара-Таш айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Кара-Таш айыл аймагындагы Кара-Таш айылынын “Кайнар-Булак” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин 2025-жылдын 11-июлундагы №3 жамаатык чогулушунун протоколуна макулдук берилсин.

 

2. Кара-Таш айыл аймагындагы Кара-Таш айылынын “Кайнар-Булак” мектепке чейинки билим берүү мекемесине Рабия Ташполотованын атын коюуга тиешелүү иш кагаздарын мыйзам чегинде даярдоо Кара-Таш айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин социалдык иштер маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, миграция, спорт жана туризмди өнүктүрүү боюнча комиссиясына тапшырылсын

 

Төрагасы:

 Б. Муктарбек уулу