Сравнение редакций…
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 2026-жылдын 26-мартындагы № 01-25/91 буйругуна |
|
| 2-тиркеме |
Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматтын бош турган кенже административдик кызмат орундарына кадрлар резервинен талапкерлерди тандоо жана аларды дайындоого көрсөтүү
ТАРТИБИ
1. Жалпы жоболор
Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 13-февралындагы № 43 Жарлыгы менен бекитилген Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын кенже административдик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү жана иштетүү тартиби жөнүндө жобонун (мындан ары – Жобо) 26-пунктун аткаруу максатында иштелип чыккан жана кадрлар резервинен талапкерлерди тандоо жана аларды тиешелүү бош кенже административдик кызмат орундарына дайындоо үчүн көрсөтүү механизмин аныктайт.
1. Бул Тартиптин максаты:
1) мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын эң даярдалган кесипкөй кадрлар менен камсыз кылуу;
2) объективдүүлүк, ачыктык, кызыкчылыктардын кагылышуусуна жана коррупциялык тобокелдиктерге жол бербөө принциптерин сактоо;
3) талапкерлерди ырааттуу жана негиздүү көрсөтүүнү камсыз кылуу.
Талапкерлерди тандоо жана көрсөтүү мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ишке ашырылат (мындан ары – ыйгарым укуктуу орган).
2. Тандоо жол-жобосун баштоо үчүн негиз
2. Тандоо жол-жобосун баштоого негиз болуп мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын Жобонун 25-пунктуна ылайык бош турган кенже административдик кызмат ордунун бар экендиги жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирүүсү саналат.
Билдирүүдө төмөнкүлөр камтылууга тийиш:
1) бош турган кызмат ордунун аталышы;
2) түзүмдүк бөлүм;
3) иштин кесиптик багыты;
4) квалификациялык талаптар;
5) кызмат ордунун аймактык жайгашуусу.
3. Талапкерлерди тандоо принциптери
3. Талапкерлерди тандоо төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:
1) квалификациялык талаптарга шайкештиги;
2) ишмердүүлүктүн кесиптик багыты;
3) резервге киргизүүдө көрсөтүлгөн талапкердин аймактык артыкчылыгы;
4) тиешелүү мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын түзүмү жана ишмердүүлүгүнүн өзгөчөлүгү;
5) конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча алынган рейтингдик упайлар;
6) конкурстук, ошондой эле конкурстан тышкаркы тартипте киргизилген резервисттерге бирдей мамиле (Жобонун 7-пунктунда каралган учурларда).
4. Талапкерлерди тандоо ырааттуулугу
4. Талапкерлерди тандоо төмөнкү ырааттуулукта жүргүзүлөт: 4.1. Талапкерлерди тандоону түзүү
Ыйгарым укуктуу орган бир эле учурда төмөнкү талаптарга жооп берген резервдегилердин тизмесин түзөт: 1) бош кызмат ордуна коюлган квалификациялык талаптарга жооп берген;
2) ишмердүүлүктүн тиешелүү кесиптик багытын көрсөткөн; 3) тиешелүү аймактык райондо (жерде) иштөөгө даяр экендигин билдирген.
4.2. Рейтингдик упайларды эсепке алуу
Түзүлгөн тизмеден талапкерлер конкурс жыйынтыгы боюнча алынган рейтингдик упайларынын азаюу тартибинде жайгаштырылат.
Биринчи кезекте ушул Тартиптин 8-пунктунун шарттарына жооп берген жана рейтингде эң жогорку үч позицияны ээлеген талапкерлер көрсөтүлөт.
Эки же андан көп талапкердин рейтингдик упайлары бирдей болгон учурда, алардын рейтинги берилген документтерде көрсөтүлгөн маалыматка ылайык, фамилиясы, аты жана атасынын аты (эгерде бар болсо) боюнча алфавиттик тартипте жүргүзүлөт.
4.3. Эгерде кадрлар резервинде Жобонун 7-пункттун 4, 5 жана 6-пунктчаларына жана 28-пунктуна ылайык конкурстан тышкары киргизилген адамдар болсо, тизме берилген документтерде көрсөтүлгөн маалыматтарга ылайык фамилиясы, аты жана атасынын аты (эгерде бар болсо) боюнча алфавиттик тартипте түзүлөт.
5. Конкурстан тышкары киргизилген резервдегилерди көрсөтүү
5. Кадрлар резервинде 7-пункттун 4, 5 жана 6-пунктчаларына жана Жобонун 28-пунктуна ылайык конкурстан тышкары тартипте киргизилген адамдар болгон учурда, аларды көрсөтүү төмөнкүдөй жүргүзүлөт: 1) мындай адамдар тиешелүү кесиптик багыт боюнча талапкерлердин жалпы тизмесине киргизилет; 2) көрсөтүү үчүн тизме түзүүдө аларды милдеттүү түрдө кароо камсыздалат; 3) квалификациялык талаптарга шайкеш келүү шарттары бирдей болгондо, конкурстан тышкаркы резервисттер көрсөтүлүүчү талапкерлердин катарына киргизилиши мүмкүн.
5.1. Тиешелүү багыт боюнча конкурстук резервисттер жок болгон учурда, конкурстан тышкаркы резервисттер артыкчылыктуу тартипте көрсөтүлөт.
6. Талапкерлерди кайрадан көрсөтүү
6. Мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы сунушталган талапкерлерди четке каккан учурда, ыйгарым укуктуу орган: 1) Жобонун 7-пунктунун 4, 5 жана 6-пунктчаларында жана 28-пунктунда көрсөтүлгөн резервдегилердин ичинен талапкерлердин тизмесин түзөт; 2) мурда четке кагылган талапкерлерди алып салат (Жобонун 25-пунктунда каралган учурларды кошпогондо); 3) белгиленген талаптарга жооп берген экиден ашык эмес талапкерди сунуштайт.
6.1. Башка талапкерлер жок болгон учурда, Жободо белгиленген тартипте мурда киргизилген резервдегилерди кайрадан сунуштоого жол берилет.
7. Бош кенже административдик кызматка дайындоодон талапкердин баш тартуусу
7. Кадрлар резервине киргизилген адамдардын ичинен талапкер бош турган кенже административдик кызматка дайындоо сунушунан баш тартууга укуктуу. Талапкердин баш тартуусу кадрлар резервинен чыгарылышына алып келбейт.
7.1. Баш тартуу талапкер тарабынан жазуу жүзүндө (санарип кол тамгасы болгон учурда электрондук түрдө да) таризделет жана тиешелүү мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын персоналды башкаруу кызматына жөнөтүлөт.
7.2. Талапкердин бош кызмат ордун ээлөө үчүн сунушталган кызматтан жүйөлүү себептер менен үч жолудан ашык баш тартуусу анын кадрлар резервинин рейтингиндеги позициясын 1 (бир) айга бөгөттөөгө алып келет.
Резервдеги адамдын бош кызмат ордун ээлөө үчүн сунушталган кызматтан үч жолудан ашык негизсиз баш тартуусу анын кадрлар резервиндеги рейтингиндеги позициясын 3 (үч) айга бөгөттөөгө алып келет.
Рейтингдеги позициясы бөгөттөлгөн мезгилде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган резервдеги адамга мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын бош турган кенже административдик кызмат орундарын ээлөө жөнүндө билдирүү-сунуштарды жөнөтпөйт.
7.3. Эгерде талапкер жазуу жүзүндө баш тартуу бербесе жана үч жумушчу күндүн ичинде байланышка чыкпаса, баш тартуу унчукпай (болжолдонгон) деп эсептелет.
8. Объективдүүлүктү камсыз кылуунун кошумча механизмдери
8. Субъективдүүлүктү жана коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу максатында:
1) талапкерлерди тандоо белгиленген критерийлердин негизинде автоматташтырылган маалыматтык система аркылуу жүргүзүлөт;
2) ар бир сунуштама аналитикалык маалымкат менен коштолот, анда:
- талапкердин рейтингдик орду жөнүндө маалыматтар;
- квалификациялык талаптарга ылайык келүүсү;
- резервге киргизүү жөнүндө маалыматтар (конкурстук/конкурстан тышкары тартип);
- талапкерлерди мамлекеттик орган тарабынан четке кагуунун негиздери катталат.
8.1. Талаптарга документалдуу түрдө ылайык келбеген учурларды кошпогондо, талапкерлерди сунуштоо кезектүүлүгүн өзүм билемдик менен өзгөртүүгө тыюу салынат.
9. Процедураны документтештирүү
9. Бардык тандоо жана талапкерлерди көрсөтүү этаптары ыйгарым укуктуу органдын маалыматтык тутумунда катталат.
Талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө маалымат кадрлар резервинде турган мөөнөтү бүткөндөн кийин кеминде 3 жыл сакталат.
10. Жыйынтыктоочу жоболор
10. Ушул Тартип кадрлар резервинен талапкерлерди көрсөтүүдө ыйгарым укуктуу орган тарабынан колдонууга милдеттүү.
10.1. Ушул Тартипке өзгөртүүлөр жана толуктоолор ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин буйругу менен киргизилет.
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 2026-жылдын 26-мартындагы № 01-25/91 буйругуна |
|
| 2-тиркеме |
Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматтын бош турган кенже административдик кызмат орундарына кадрлар резервинен талапкерлерди тандоо жана аларды дайындоого көрсөтүү
ТАРТИБИ
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2026-жылдын 19-июнундагы № 01-25/179 буйругуна ылайык)
1. Жалпы жоболор
Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 13-февралындагы № 43 Жарлыгы менен бекитилген Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын кенже административдик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү жана иштетүү тартиби жөнүндө жобонун (мындан ары – Жобо) 26-пунктун аткаруу максатында иштелип чыккан жана кадрлар резервинен талапкерлерди тандоо жана аларды тиешелүү бош кенже административдик кызмат орундарына дайындоо үчүн көрсөтүү механизмин аныктайт.
1. Бул Тартиптин максаты:
1) мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын эң даярдалган кесипкөй кадрлар менен камсыз кылуу;
2) объективдүүлүк, ачыктык, кызыкчылыктардын кагылышуусуна жана коррупциялык тобокелдиктерге жол бербөө принциптерин сактоо;
3) талапкерлерди ырааттуу жана негиздүү көрсөтүүнү камсыз кылуу.
Талапкерлерди тандоо жана көрсөтүү мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ишке ашырылат (мындан ары – ыйгарым укуктуу орган).
2. Тандоо жол-жобосун баштоо үчүн негиз
2. Тандоо жол-жобосун баштоого мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын Жобонун 25-пунктуна ылайык бош турган кенже административдик кызмат орду бар экендиги жөнүндө “е-Kyzmat” автоматташтырылган маалыматтык системасынын “Кадрлар резерви” модулу аркылуу жиберген өтүнмөсү негиз болуп саналат.
3. Талапкерлерди тандоо принциптери
3. Талапкерлерди тандоо төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:
1) квалификациялык талаптарга шайкештиги;
2) ишмердүүлүктүн кесиптик багыты;
3) резервге киргизүүдө көрсөтүлгөн талапкердин аймактык артыкчылыгы;
4) тиешелүү мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын түзүмү жана ишмердүүлүгүнүн өзгөчөлүгү;
5) конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча алынган рейтингдик упайлар;
6) конкурстук, ошондой эле конкурстан тышкаркы тартипте киргизилген резервисттерге бирдей мамиле (Жобонун 7-пунктунда каралган учурларда).
4. Талапкерлерди тандоо ырааттуулугу
4. Талапкерлерди тандоо төмөнкү ырааттуулукта жүргүзүлөт: 4.1. Талапкерлерди тандоону түзүү
Ыйгарым укуктуу орган бир эле учурда төмөнкү талаптарга жооп берген резервдегилердин тизмесин түзөт: 1) бош кызмат ордуна коюлган квалификациялык талаптарга жооп берген;
2) ишмердүүлүктүн тиешелүү кесиптик багытын көрсөткөн; 3) тиешелүү аймактык райондо (жерде) иштөөгө даяр экендигин билдирген.
4.2. Рейтингдик упайларды эсепке алуу
Түзүлгөн тизмеден талапкерлер конкурс жыйынтыгы боюнча алынган рейтингдик упайларынын азаюу тартибинде жайгаштырылат.
Биринчи кезекте ушул Тартиптин 8-пунктунун шарттарына жооп берген жана рейтингде эң жогорку үч позицияны ээлеген талапкерлер көрсөтүлөт.
Эки же андан көп талапкердин рейтингдик упайлары бирдей болгон учурда, алардын рейтинги берилген документтерде көрсөтүлгөн маалыматка ылайык, фамилиясы, аты жана атасынын аты (эгерде бар болсо) боюнча алфавиттик тартипте жүргүзүлөт.
4.3. Эгерде кадрлар резервинде Жобонун 7-пункттун 4, 5 жана 6-пунктчаларына жана 28-пунктуна ылайык конкурстан тышкары киргизилген адамдар болсо, тизме берилген документтерде көрсөтүлгөн маалыматтарга ылайык фамилиясы, аты жана атасынын аты (эгерде бар болсо) боюнча алфавиттик тартипте түзүлөт.
4.4. Экинчи өтүнмөгө киргизилген талапкерлер (экиден ашпаган талапкер) баш тарткан учурда жаңы өтүнмө таризделет.
4.5. Өтүнмөнү түзүүдө система мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын негизги кызматчысы убактылуу жок болгон учурда анын ордун ээлеген адамдарды (милдетин аткаруучуларды), ошондой эле техникалык жана кенже тейлөөчү персоналга кирген адамдарды кошпогондо, мамлекеттик жарандык кызматта же муниципалдык кызматта турган адамдарды тандабайт.
5. Конкурстан тышкары киргизилген резервдегилерди көрсөтүү
5. Кадрлар резервинде 7-пункттун 4, 5 жана 6-пунктчаларына жана Жобонун 28-пунктуна ылайык конкурстан тышкары тартипте киргизилген адамдар болгон учурда, аларды көрсөтүү төмөнкүдөй жүргүзүлөт: 1) мындай адамдар тиешелүү кесиптик багыт боюнча талапкерлердин жалпы тизмесине киргизилет; 2) көрсөтүү үчүн тизме түзүүдө аларды милдеттүү түрдө кароо камсыздалат; 3) квалификациялык талаптарга шайкеш келүү шарттары бирдей болгондо, конкурстан тышкаркы резервисттер көрсөтүлүүчү талапкерлердин катарына киргизилиши мүмкүн.
5.1. Тиешелүү багыт боюнча конкурстук резервисттер жок болгон учурда, конкурстан тышкаркы резервисттер артыкчылыктуу тартипте көрсөтүлөт.
6. Талапкерлерди кайрадан көрсөтүү
6. Мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы сунушталган талапкерлерди четке каккан учурда, ыйгарым укуктуу орган: 1) Жобонун 7-пунктунун 4, 5 жана 6-пунктчаларында жана 28-пунктунда көрсөтүлгөн резервдегилердин ичинен талапкерлердин тизмесин түзөт; 2) мурда четке кагылган талапкерлерди алып салат (Жобонун 25-пунктунда каралган учурларды кошпогондо); 3) белгиленген талаптарга жооп берген экиден ашык эмес талапкерди сунуштайт.
6.1. Башка талапкерлер жок болгон учурда, Жободо белгиленген тартипте мурда киргизилген резервдегилерди кайрадан сунуштоого жол берилет.
7. Бош кенже административдик кызматка дайындоодон талапкердин баш тартуусу
7. Кадрлар резервине киргизилген адамдардын ичинен талапкер бош турган кенже административдик кызматка дайындоо сунушунан баш тартууга укуктуу. Талапкердин баш тартуусу кадрлар резервинен чыгарылышына алып келбейт.
7.1. Баш тартуу талапкер тарабынан жазуу жүзүндө (санарип кол тамгасы болгон учурда электрондук түрдө да) таризделет жана тиешелүү мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын персоналды башкаруу кызматына жөнөтүлөт.
7.2. Талапкердин бош кызмат ордун ээлөө үчүн сунушталган кызматтан жүйөлүү себептер менен үч жолудан ашык баш тартуусу анын кадрлар резервинин рейтингиндеги позициясын 1 (бир) айга бөгөттөөгө алып келет.
Резервдеги адамдын бош кызмат ордун ээлөө үчүн сунушталган кызматтан үч жолудан ашык негизсиз баш тартуусу анын кадрлар резервиндеги рейтингиндеги позициясын 3 (үч) айга бөгөттөөгө алып келет.
Рейтингдеги позициясы бөгөттөлгөн мезгилде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган резервдеги адамга мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын бош турган кенже административдик кызмат орундарын ээлөө жөнүндө билдирүү-сунуштарды жөнөтпөйт.
7.3. Эгерде талапкер жеке кабинети аркылуу баш тартуусун ырастабаса жана бир жумушчу күндүн ичинде байланышка чыкпаса, баш тартуу унчукпай (болжолдонгон) деп эсептелет.