Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 5-июну № 82
Эмгекти коргоо жөнүндө
Ушул Мыйзам эмгек ишинин процессинде жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын коргоого болгон конституциялык укуктарын ишке ашыруунун жана эмгекти коргоо маселелери боюнча кызматкерлер менен иш берүүчүлөрдүн ортосундагы өз ара мамилелердин бирдиктүү тартибин камсыз кылуунун укуктук негиздерин белгилейт жана эмгек ишинин процессинде кызматкерлердин өмүрүн жана саламаттыгын сактоонун тиешелүү талаптарына жооп берген жумуш орундарында коопсуз эмгек шарттарын түзүүгө багытталган.
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги терминдер жана аныктамалар колдонулат:
1) коопсуз эмгек шарттары - зыяндуу же кооптуу өндүрүштүк факторлордун кызматкерлерге тийгизген таасири жокко чыгарылган же болбосо алардын таасиринин деңгээли ченемдер менен белгиленген деңгээлден ашпаган эмгек шарттары:
2) зыяндуу өндүрүштүк фактор - анын таасири кызматкердин ооруга чалдыгуусуна же ишке жөндөмдүүлүгүнүн төмөндөөсүнө алып келүүсү мүмкүн болгон өндүрүштүк фактор;
3) эмгек гигиенасы - кызматкерлердин саламаттыгын сактоо, өндүрүштүк чөйрөнүн жана эмгек процессинин жагымсыз таасирлеринин алдын алуу боюнча санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы чаралардын жана каражаттардын комплекси;
4) кызматкерлердин эмгекти коргоого болгон укуктарынын кепилдиктери - кызматкерлерге Конституция, мыйзамдар жана эмгекти коргоо боюнча башка ченемдик укуктук актылар менен белгиленген укуктарды пайдаланууга толук мүмкүнчүлүктү камсыз кылуучу шарттар жана каражаттар;
5) эмгек шарттары боюнча кесиптик тобокелдиктерге баа берүү (жумуш орундарын аттестациялоо) - ден соолукту чыңдоо иш-чараларын жүргүзүү жана аларда иштеген кызматкерлерге эмгектин зыяндуу жана оор шарттары үчүн жеңилдиктерди жана компенсацияларды берүү укугун тастыктоо же жокко чыгаруу үчүн эмгек процессинде адамдын ден соолугуна жана эмгекке жөндөмдүүлүгүнө таасирин тийгизүүчү өндүрүш чөйрөсүнүн жана эмгек процессинин бардык факторлорун конкреттүү жумуш ордунда эсепке алуу, талдоо жана комплекстүү баалоо тутуму;
6) эмгекти коргоо - өзүнө укуктук, социалдык-экономикалык, уюштуруу-техникалык, санитардык-гигиеналык, дарылоо-алдын алуу, реабилитациялык жана башка иш-чараларды камтыган, эмгек ишинин процессинде кызматкерлердин өмүрүн жана ден соолугун сактоо тутуму;
7) өндүрүштүк кооптуу фактор - анын таасири кызматкердин жаракат алуусуна, ден соолугунун капысынан кескин начарлашына же өлүмүнө алып келүүсү мүмкүн болгон өндүрүштүк фактор;
8) эмгекти коргоону коомдук контролдоо - кесиптик бирликтер же кызматкерлердин башка өкүлчүлүктүү органдары тарабынан жүзөгө ашырылуучу эмгекти коргоо чөйрөсүндө кызматкерлердин укуктарынын жана кызыкчылыктарынын сакталышына көзөмөл жүргүзүү;
9) кесиптик оору - зыяндуу жана кооптуу өндүрүштүк факторлордун кызматкерге тийгизген таасиринен келип чыккан оору;
10) кесиптик тобокелдик - өндүрүштүк чөйрөнүн жана эмгек процессинин жагымсыз факторлорунун таасиринин натыйжасында келип чыккан кесепеттердин оордугун эске алуу менен ден соолуктун бузулуу ыктымалдыгынын чоңдугу;
11) өндүрүштүк иш - кызматкерлердин ресурстарды даяр продукцияга айландыруу үчүн зарыл болгон эмгек каражаттарын колдонуу менен өзүнө чийки заттын ар кандай түрлөрүн өндүрүүнү жана кайра иштетүүнү, курулушту, кызматтардын ар кандай түрлөрүн көрсөтүүнү камтыган иш-аракеттеринин жыйындысы;
12) өндүрүштүк жаракат - кызматкердин иштеген жерине, убактысына жана ишке тартылуу даражасына карабастан, анын өндүрүштүк ишине байланыштуу алган кандай болбосун жаракаты;
13) өндүрүштүк санитария - зыяндуу өндүрүштүк факторлордун кызматкерлерге тийгизген таасирин алдын алуучу же азайтуучу санитардык-гигиеналык уюштуруу иш-чараларынын жана техникалык каражаттардын тутуму;
14) кызматкер - иш берүүчү менен эмгек мамилелерине кирген жеке жак;
15) иш берүүчү - кызматкер менен эмгек мамилелерине кирген жеке же юридикалык жак (уюм). Мыйзамдарда белгиленген учурларда эмгек келишимдерин түзүүгө укук берилген башка субъект иш берүүчү катары чыга алат;
16) жумуш орду - кызматкер болууга тийиш болгон же анын ишине байланыштуу келүүгө зарыл болгон жана түз же кыйыр түрдө иш берүүчүнүн контролунда турган жер;
17) атайын кийим - кызматкерди зыяндуу жана (же) кооптуу өндүрүштүк факторлордон, ошондой эле булгануудан коргоого арналган жекече коргонуу каражаты, кийим, баш кийим, кол кап, башка буюмдар;
18) эмгектик мертинүү - кызматкердин эмгек милдеттерин аткаруу учурунда анын эмгекке жөндөмдүүлүгүн убактылуу же туруктуу жоготууга алып келген күтүлбөгөн кырсыктын кесепетинен анын ден соолугуна зыян келтирүү;
19) эмгек шарттары - кызматкердин эмгекке жарамдуулугуна жана ден соолугуна таасирин тийгизүүчү өндүрүш чөйрөсүнүн жана эмгек процессинин факторлорунун жыйындысы.
2-берене. Эмгекти коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана аны колдонуу чөйрөсү
1. Эмгекти коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет жана Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинен, ушул Мыйзамдан жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.
2. Ушул Мыйзамдын колдонулушу төмөнкүлөргө жайылтылат:
1) иш берүүчүлөргө;
2) иш берүүчүлөр менен эмгек мамилелеринде турган кызматкерлерге;
3) алардын жеке эмгекке катышуусуна негизделген биргелешкен өндүрүштүк жана башка чарбалык ишке катышуучу кооперативдердин мүчөлөрүнө;
4) өндүрүштүк практикадан өтүп жаткан же курулуш, айыл чарба жана башка жумуштарды аткарууга тартылган негизги жана орто жалпы билим берүү, башталгыч, кесиптик орто жана жогорку билим берүү уюмдарында билим алгандарга;
5) майыптыгынан кийин окутуу же эмгектик реабилитациялоо максатында уюмдарга жөнөтүлгөн, ал уюмдардын кызматкерлери болуп саналбаган адамдарга;
6) коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыгында уюштурулган эмгек ишинин башка түрлөрүнүн катышуучуларына;
7) уюмдарга ишке тартылган аскер кызматчыларына;
8) соттун өкүмү боюнча жазасын өтөп жаткан жарандарга, алардын уюмдарда иштеген мезгилинде;
9) Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан чет өлкөлүк юридикалык же жеке жактарга толук же жарым-жартылай таандык болгон ишканаларда иштеген Кыргыз Республикасынын жарандарына.
3. Башка мамлекеттерде жалданып иштеген Кыргыз Республикасынын жарандарына иш берүүчүнүн мамлекетинин эмгекти коргоо жөнүндө мыйзамдары, ал эми Кыргыз Республикасынын юрисдикциясында турган уюмдарда иштеген чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга - Эмгекти коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жайылтылат. Мындан тышкары, аларга жана башкаларга да Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин жоболору жайылтылат.
3-берене. Эмгекти коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги багыттары
1. Эмгекти коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги багыттары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) иш берүүчүдө өндүрүштүк иштин натыйжасына карата кызматкерлердин өмүрүн жана ден соолугун сактоонун артыкчылыгын камсыз кылуу;
2) эмгекти коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле эмгек шарттарын жакшыртуунун жана аны коргоонун республикалык максаттуу жана аймактык максаттуу программаларын кабыл алуу жана ишке ашыруу;
3) эмгекти коргоону мамлекеттик башкаруу;
4) эмгекти коргоо жана өндүрүштүк санитария талаптарынын сакталышын мамлекеттик көзөмөлдөө жана контролдоо;
5) өндүрүштөгү күтүлбөгөн кырсыктарды жана кесиптик ууланууларды жана ооруга чалдыгууларды териштирүү;
6) өндүрүштө күтүлбөгөн кырсыктан жана кесиптик оорулардан жабыркаган кызматкерлердин, ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн мыйзамдуу кызыкчылыктарын кызматкерлерди өндүрүштөгү күтүлбөгөн кырсыктан жана кесиптик оорулардан милдеттүү социалдык камсыздандыруунун негизинде коргоо;
7) өндүрүштүн заманбап техникалык деңгээлинде жана эмгекти уюштурууда четтетүүгө болбогон оор жана чыңалган жумуш жана эмгектин зыяндуу же кооптуу эмгек шарттарындагы иш үчүн компенсацияларды белгилөө;
8) эмгекти коргоо чөйрөсүндөгү ишти координациялоо;
9) эмгек шарттарын жакшыртуу жана коргоо боюнча ата мекендик жана чет өлкөлүк алдынкы иш тажрыйбаларды жайылтуу;
10) эмгекти коргоо боюнча иш-чараларды каржылоого мамлекеттин катышуусу;
11) эмгекти коргоо боюнча адистерди даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу;
12) эмгек шарттары жөнүндө, өндүрүштүк жаракат алуулар, кесиптик оорулар жөнүндө жана алардын материалдык кесепеттери тууралуу мамлекеттик статистикалык отчеттуулукту уюштуруу;
13) эмгекти коргоонун бирдиктүү маалыматтык тутумунун иштөөсүн камсыз кылуу;
14) эмгекти коргоо чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтык;
15) коопсуз эмгек шарттарын түзүүгө, коопсуз технологияларды жана техниканы иштеп чыгууга жана киргизүүгө, кызматкерлерди жекече жана жамааттык коргоо каражаттарын өндүрүүгө дем берүүчү натыйжалуу салык саясатын жүргүзүү;
16) иш берүүчүлөрдүн каражаттарынын эсебинен кызматкерлерди жекече жана жамааттык коргоо каражаттары, санитардык-тиричилик жайлары жана түзүлүштөрү, ошондой эле дарылоо-алдын алуу каражаттары менен камсыз кылуу тартибин белгилөө;
17) изилдөөлөрдү жүргүзүү, талдоону, аналитикалык отчетторду даярдоо жана инновациялык чечимдерди киргизүү.
2. Эмгекти коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, иш берүүчүлөрдүн, иш берүүчүлөрдүн бирикмелеринин, ошондой эле кесиптик бирликтердин, алардын бирикмелеринин жана кызматкерлер тарабынан ыйгарым укук берилген эмгекти коргоо маселелери боюнча башка өкүлчүлүктүү органдардын макулдашылган аракеттери менен камсыз кылынат.
4-берене. Коомдук бирикмелердин (уюмдардын) эмгекти коргоо боюнча чечимдерди иштеп чыгууга жана кабыл алууга катышуусу
1. Кесиптик бирликтер жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иши социалдык-эмгек мамилелери жана алардын уставдары менен байланышкан кесиптик бирликтер жана башка коомдук бирикмелер (уюмдар) ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга, өндүрүштөгү күтүлбөгөн кырсыктарды иликтөөгө, ошондой эле кызматкерлер жана иш берүүчүлөр үчүн эмгекти коргоо маселелери боюнча семинарларды, тренингдерди жана окутуу курстарын уюштурууга катышат.
2. Эмгекти коргоону мамлекеттик башкаруу, көзөмөлдөө жана контролдоо органдары, ошондой эле иш берүүчүлөр кесиптик бирликтерге жана башка коомдук бирикмелерге (уюмдарга) ар тараптуу колдоо көрсөтүшөт, эмгекти коргоо боюнча чечимдерди кабыл алууда алардын сунуштарын эске алат.
5-берене. Эмгекти коргоону мамлекеттик башкаруу органдары
1. Эмгекти коргоону мамлекеттик башкаруу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары - Министрлер Кабинети) тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Министрлер Кабинетинин эмгекти коргоону мамлекеттик башкарууну жүзөгө ашыруудагы компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) эмгекти коргоо чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
2) эмгекти коргоо чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарды аныктоо;
3) эмгекти коргоо чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды өз компетенциясынын чегинде кабыл алуу, ошондой эле алардын сакталышын контролдоо.
3. Эмгекти коргоо чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) эмгекти коргоо чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
2) эмгекти коргоо чөйрөсүндө ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу жана алардын ишке ашырылышын камсыз кылуу;
3) өндүрүштүк жаракат алуулардын жана кесиптик оорулардын абалын жана себептерин талдоого катышуу, алардын алдын алуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
4) кызматкерлердин эмгек укуктары боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, иш берүүчүлөрдү жана кызматкерлерди эмгекти коргоо боюнча окутууга көмөктөшүү.
4. Эмгекти коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын жана эмгекти коргоо маселелери боюнча башка ченемдик укуктук актыларынын сакталышын белгиленген тартипте көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруу;
2) балдардын эмгегин пайдаланууну белгиленген тартипте контролдоону жүзөгө ашыруу;
3) аныкталган тартип бузуулардын жагдайларына, себептерине талдоо жүргүзүү, аларды четтетүүгө жана эмгекти коргоо чөйрөсүндө жарандардын бузулган укуктарын калыбына келтирүүгө контролду жүзөгө ашыруу;
4) менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан кооптуу өндүрүштүк объектисинин, энергия менен камсыз кылуучу уюмдардын жана керектөөчүлөрдүн жетекчилеринин жана персоналынын өнөр жай коопсуздугу жана энергетикалык коопсуздук маселелери боюнча билимдерин текшерүүдөн өткөрүү;
5) уюмдарга аларга карата жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жана иликтөөлөрдүн натыйжасы жөнүндө маалыматтарды берүү;
6) калкка эмгекти коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун жүрүшү жана өндүрүштүк жаракат алуунун жана кесиптик оорулардын себептеринин алдын алуу боюнча көрүлүүчү чаралар жөнүндө маалымдоо.
2-глава. Эмгекти коргоо талаптарына ылайык келген шарттарда кызматкерлердин эмгекке болгон укуктары жана укуктарынын кепилдиктери
6-берене. Кызматкердин эмгек ишинин процессинде эмгекти коргоого болгон укугу
1. Ар бир кызматкер эмгек ишинин процессинде кооптуу жана зыяндуу өндүрүштүк факторлордун таасиринен корголгон жумуш ордуна укуктуу.
2. Кызматкерди ишке кабыл алууда иш берүүчү эмгек келишиминде (контрактта) эмгек шарттарынын анык көрсөткүчтөрүн жана мүнөздөмөлөрүн, зыяндуу жана кооптуу эмгек шарттары үчүн жеңилдиктерди жана компенсацияларды, колдонулуучу жекече коргонуу каражаттарынын тизмегин, кесиптик оорунун пайда болуу мүмкүндүгүн, эмгек келишиминде (контрактта) каралган эмгекти коргоо талаптарын сактабагандыгы үчүн иш берүүчүнүн жана кызматкердин жоопкерчилигин көрсөтүүгө милдеттүү.
3. Ишке байланыштуу мертингенинен, кесиптик ооруга чалдыкканынан же ден соолугунун башка бузулуусунан улам аз акы төлөнүүчү ишке убактылуу которулган кызматкерлерге ден соолугунун жабыркагандыгы үчүн жооптуу иш берүүчү мурдагы эмгек акысынын өлчөмү менен жаңы ишиндеги эмгек акысынын ортосундагы айырманы төлөп берет. Мындай айырма эмгекке жарамдуулугу калыбына келгенге же эмгекке жарамдуулугун туруктуу жоготкондугу же болбосо майыптыгы аныкталганга чейин төлөнөт.
4. Ар бир кызматкер төмөнкүлөргө укуктуу:
1) эмгекти коргоо талаптарына ылайык келген жумуш ордуна;
2) социалдык камсыздандыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өндүрүштөгү күтүлбөгөн кырсыктардан жана кесиптик оорулардан милдеттүү социалдык камсыздандырылууга;
3) иш берүүчүдөн, тиешелүү мамлекеттик органдардан жана коомдук бирикмелерден (уюмдардан) жумуш ордундагы эмгек шарттары жана аны коргоо тууралуу, ден соолугуна зыян келтирүүгө боло турган тобокелдик жөнүндө, ошондой эле зыяндуу же кооптуу өндүрүштүк факторлордун таасиринен коргоо боюнча чаралар жөнүндө анык маалымат алууга;
4) иш берүүчүнүн каражаттарынын эсебинен эмгекти коргоо талаптарына ылайык кызматкерлерди жекече жана жамааттык коргонуу каражаттары менен камсыз кылынууга;
5) мыйзамдарда каралган учурларды кошпогондо, эмгекти коргоо талаптарын бузуунун кесепетинен улам анын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жаралган учурда мындай коркунуч жоюлганга чейин жумушту аткаруудан баш тартууга;
6) жумуш орду эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасынын талаптарына ылайык келбегендиктен улам жоюлган учурда иш берүүчүнүн каражаттарынын эсебинен кесиптик кайра даярдоодон өтүүгө;
7) анын жумуш ордундагы эмгек шарттарын жана корголушун текшерүү жөнүндө суроо-талап берүүгө;
8) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, иш берүүчүгө, иш берүүчүлөрдүн бирикмелерине, ошондой эле кесиптик бирликтерге, алардын бирикмелерине жана кызматкерлер тарабынан ыйгарым укук берилген башка өкүлчүлүктүү органдарга эмгекти коргоо маселелери боюнча кайрылууга;
9) өзүнүн жумуш ордундагы коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылууга байланышкан маселелерди кароого жана өндүрүштөгү аны менен болгон күтүлбөгөн кырсыкты же анын кесиптик оорусун иликтөөгө жеке өзү же ишенимдүү адамдары аркылуу катышууга;
10) көрсөтүлгөн медициналык кароодон өтүү убактысына жумуш орду (кызмат орду) жана орточо эмгек акысы сакталуу менен медициналык сунуштарга ылайык кезексиз медициналык кароодон (текшерүүдөн) өтүүгө;
11) эгерде ал оор жумуштарда жана зыяндуу же кооптуу эмгек шарттарында иштесе, Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында, жамааттык келишимде (макулдашууда), эмгек келишиминде белгиленген жеңилдиктерге жана компенсацияларга.
7-берене. Эмгекти коргоо талаптарына ылайык келүүчү шарттарда кызматкерлердин эмгекке болгон укуктарынын кепилдиктери
1. Мамлекет кызматкерлерге алардын эмгекти коргоо жана өндүрүштүк санитария талаптарына ылайык келүүчү шарттарда иштөөгө болгон укуктарын коргоого кепилдик берет.
2. Эмгек келишиминде каралган эмгек шарттары эмгекти коргоо боюнча ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык келүүгө тийиш.
3. Эмгекти коргоо талаптарынын кызматкердин күнөөсү боюнча эмес бузулушунун кесепетине улам Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иш токтотулуп турган убакта, анын жумуш орду (кызмат орду) жана орточо эмгек акысы сакталат.
4. Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, кызматкер өзүнүн өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жаралган учурда ишти аткаруудан баш тартканда, иш берүүчү мындай коркунучту жоюу учурунда кызматкерге башка иш берүүгө милдеттүү. Эгерде башка ишти берүү объективдүү себептер боюнча мүмкүн болбосо, кызматкердин өмүрү жана ден соолугу үчүн коркунуч жоюлганга чейинки бош турган убактысы Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык иш берүүчү тарабынан төлөнөт.
5. Кызматкерди жекече жана жамааттык коргонуу каражаттары менен камсыз кылбаган учурда (ченемдерге ылайык) иш берүүчү кызматкерден эмгек милдеттерин аткарууну талап кылууга укугу жок жана ушул себептен улам келип чыккан бош туруп калгандагы акысын Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык төлөп берүүгө милдеттүү.
6. Кызматкердин эмгекти коргоо талаптарынын бузулушунан улам анын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жаралган учурда, ишти аткаруудан же болбосо эмгек келишиминде каралбаган оор жумуштарды жана зыяндуу же кооптуу эмгек шарттары бар жумуштарды аткаруудан баш тартуусу анын тартиптик жоопкерчиликке тартылышына же болбосо иш берүүчүнүн демилгеси боюнча эмгек келишиминин токтотулушуна алып келбейт.
7. Кызматкер эмгек милдеттерин аткарууда анын өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирилген учурда көрсөтүлгөн зыяндын ордун толтуруу Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
8. Эмгекти коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бузулушунун алдын алуу жана четтетүү максатында мамлекет эмгекти коргоо талаптарынын сакталышына мамлекеттик көзөмөлдү жана контролду уюштурууну жана жүзөгө ашырууну камсыз кылат жана көрсөтүлгөн талаптарды бузгандыгы үчүн иш берүүчүнүн жана кызмат адамдарынын жоопкерчилигин белгилейт.
8-берене. Өндүрүштүк объектилердин жана продукциялардын эмгекти коргоонун талаптарына ылайык келүүсү
1. Өндүрүштүк объектилерди куруунун жана реконструкциялоонун, ошондой эле машиналардын, механизмдердин жана башка өндүрүштүк жабдуулардын, технологиялык процесстердин долбоорлору, эмгекти коргоонун талаптарына ылайык келүүгө тийиш.
2. Эмгекти коргоо талаптарынын сакталышын мамлекеттик көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча тиешелүү органдын долбоордук документтеринин эмгекти коргоонун талаптарына ылайык келиши жөнүндө корутундусу болмоюнча өндүрүштүк объектилерди курууга, реконструкциялоого, техникалык жактан кайра жабдууга, жаңы техниканы өндүрүүгө жана киргизүүгө, жаңы технологияларды колдонууга киргизүүгө тыюу салынат.
3. Эмгекти коргоо талаптарынын сакталышын мамлекеттик көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча тиешелүү органдын корутундусу болмоюнча жаңы же реконструкциялануучу өндүрүштүк объектилер пайдаланууга кабыл алынышы мүмкүн эмес.
4. Эгерде метрологиялык контролдоо методикасы жана каражаттары иштелип чыкпаса жана Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипке ылайык токсикологиялык (санитардык-гигиеналык, медициналык-биологиялык) баалоо жүргүзүлбөсө, зыяндуу же кооптуу заттарды, материалдарды, продукцияны, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүштө колдонууга тыюу салынат.
5. Уюмда мурда пайдаланылбаган жаңы, зыяндуу же кооптуу заттар колдонулган учурда иш берүүчү көрсөтүлгөн заттар пайдаланылганга чейин эмгекти коргоонун талаптарынын сакталышын мамлекеттик көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча тиешелүү орган менен кызматкерлердин өмүрүн жана ден соолугун сактоо боюнча чараларды иштеп чыгууга жана макулдашууга милдеттүү.
6. Машиналар, механизмдер жана башка өндүрүштүк жабдуулар, транспорт каражаттары, технологиялык процесстер, материалдар, химиялык заттар, кызматкерлердин жекече жана жамааттык, анын ичинде чет өлкөдө өндүрүлгөн коргонуу каражаттары эмгекти коргоонун Кыргыз Республикасында белгиленген талаптарына ылайык келүүгө тийиш.
9-берене. Кызматкерлерди жекече коргонуу жана гигиеналык каражаттар менен камсыз кылуу
1. Зыяндуу же кооптуу эмгек шарттарындагы жумуштарда, ошондой эле өзгөчө температуралык шарттарда аткарылуучу же булгануу менен байланышкан жумуштарда кызматкерлерге Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте бекитилген ченемдерге жана эрежелерге ылайык атайын кийим, атайын бут кийим жана жекече коргонуунун башка каражаттары, самын, жууп кетирүүчү жана зыянсыздандыруучу каражаттар берилет.
2. Кызматкерлердин жекече коргонуу жана гигиеналык каражаттарын сатып алуу, сактоо, жуу, тазалоо, оңдоо, жугушсуздандыруу жана зыянсыздандыруу иш берүүчүнүн каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
10-берене. Кызматкерлерди эмгекти коргоо боюнча окутуу жана үйрөтүү
1. Уюмдардын бардык кызматкерлери, анын ичинде иш берүүчү да Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте эмгекти коргоо боюнча окуудан, билимдерин текшерүүдөн өтүүгө милдеттүү.
2. Ишке кайрадан орношуп жаткан, ошондой эле башка ишке которулуп жаткан кызматкерлер үчүн иш берүүчү эмгекти коргоо боюнча үйрөтүүгө, жумуштарды аткаруунун коопсуз ыкмаларына окутууну жана күтүлбөгөн кырсыктардан жабыр тарткандарга биринчи жардам көрсөтүүнү уюштурууга милдеттүү.
3. Жогорку коркунучтагы өндүрүштөргө же кесиптик тандоо талап кылынган ишке орношуп жаткан кызматкерлер үчүн сынактарды тапшыртуу жана андан кийин мезгил-мезгили менен кайра аттестациялоо менен эмгекти коргоо боюнча алдын ала окутуу жүргүзүлөт.
4. Белгиленген тартипте эмгекти коргоо боюнча окуудан, үйрөтүүдөн жана билимин текшерүүдөн өтпөгөн адамдарды ишке киргизүүгө тыюу салынат.
5. Иш берүүчүнүн техникалык мүмкүнчүлүктөрү бар болгондо, эмгекти коргоо боюнча окутуу, үйрөтүү жана билимди текшерүү электрондук форматта жүргүзүлүшү мүмкүн.
11-берене. Кызматкерлерди санитардык-тиричилик жана медициналык жактан тейлөө
1. Уюмдун ишинин түрүнө жараша жана кызматкерлердин муктаждыктарын эске алуу менен иш берүүчү кызматкерлерди ичүүчү суу менен камсыз кылууга жана алардын тамактануусун уюштурууга, уюмда санитардык-тиричилик жайларын: кийим илүүчү жайларды, дааратканаларды, чайынма жайларды, тамактануу, эс алуу үчүн жайларды, аялдардын өздүк гигиенасы үчүн бөлмөлөрдү, ошондой эле бардык кызматкерлердин өздүк гигиенасын камсыз кылуу үчүн зарыл болгон башка санитардык-тиричилик жайларын, күтүлбөгөн кырсык болуп же ооруп калган учурларда алгачкы медициналык жардам көрсөтүү үчүн пункттарды жабдууга милдеттүү. Ысык таптуу цехтердин жана участоктордун кызматкерлери туздалган газдуу суу менен камсыз кылынууга тийиш.
Иштин түрүн аныктоо тартиби жана критерийлери эмгекти коргоо чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
2. Иш берүүчү Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте алгачкы медициналык жардам көрсөтүү (саламаттык сактоо пункту, медициналык санитардык бөлүм) үчүн шарттарды уюштурууга милдеттүү.
12-берене. Оор жумуштарды жана зыяндуу же кооптуу эмгек шарттары бар жумуштарды аткарууну чектөө
1. Оор жумуштарда жана зыяндуу же кооптуу эмгек шарттары бар жумуштарда кош бойлуу жана бала эмизген аялдардын, 18 жашка чейинки курактагы адамдардын, ошондой эле көрсөтүлгөн жумуштар ден соолугунун абалына каршы келген адамдардын эмгегин колдонууга тыюу салынат.
2. Аларды аткарууда кош бойлуу жана бала эмизген аялдардын, 18 жашка чейинки курактагы адамдардын эмгегин колдонууга тыюу салынган оор жумуштардын жана зыяндуу же кооптуу эмгек шарттары менен жумуштардын тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
13-берене. Сүт жана дарылоо-алдын алуучу тамак-аш берүү
1. Зыяндуу эмгек шарттарындагы жумуштарда иштеген кызматкерлерге белгиленген ченемдер боюнча сүт же башка ага баасы бирдей тамак-аш азыктары акысыз берилет.
2. Өзгөчө зыяндуу эмгек шарттарындагы жумуштарда белгиленген ченемдер боюнча дарылоо-алдын алуучу тамак-аш акысыз берилет.
3. Сүт жана башка ага баасы бирдей тамак-аш азыктарын, ошондой эле дарылоо-алдын алуучу тамак-ашты берүү ченемдери жана эрежелери Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте белгиленет.
14-берене. Айрым категориялардагы кызматкерлерди медициналык кароо
1. Оор жумуштарда, бийик тоолуу шарттардагы жумуштарда жана зыяндуу же кооптуу эмгек шарттарындагы жумуштарда (анын ичинде жер астындагы), транспорт кыймылы менен байланышкан жана вахталык метод менен аткарылуучу жумуштарда алектенген кызматкерлер жумушка орношууда алардын тапшырылган ишке жарактуулугун аныктоо жана кесиптик ооруга чалдыгуунун алдын алуу үчүн милдеттүү түрдө алдын ала кезексиз жана мезгил-мезгили менен медициналык кароодон (текшерүүдөн) өтүшөт.
2. Тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы, коомдук тамактануу жана соода уюмдарынын, суу түтүк курулмаларынын, дарылоо-алдын алуу жана балдар мекемелеринин, ошондой эле айрым башка уюмдардын кызматкерлери калктын саламаттыгын сактоо максатында кезексиз, ошондой эле мезгил-мезгили менен медициналык кароодон өтөт.
3. Милдеттүү мезгил-мезгили менен медициналык кароо жана кезексиз медициналык кароо (текшерүү) эмгек акынын орточо өлчөмүн сактоо менен жумуш убагында жүргүзүлөт.
4. Зыяндуу өндүрүштүк факторлордун жана аткарууда медициналык кароону талап кылган жумуштардын, кызмат орундарынын жана кесиптердин түрлөрүнүн тизмектери, аларды өткөрүү эрежелери эмгекти коргоо чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана кесиптик бирликтер органдары менен макулдашуу боюнча саламаттык сактоонун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан белгиленет.
15-берене. Өндүрүштө ооруп калган кызматкерлерди дарылоо мекемесине ташуу
Өндүрүштө ооруп калган же жабыр тарткан кызматкерлерди дарылоо жана башка мекемелерге жеткирүү иш берүүчүнүн транспорттук каражаты менен же анын эсебинен жүзөгө ашырылат.
3-глава. Эмгекти коргоону камсыз кылуу
16-берене. Эмгекти коргоо кызматы
1. Эмгекти коргоо жана өндүрүштүк санитария талаптарынын сакталышын камсыз кылуу, алардын аткарылышына контролдоону жүргүзүү максатында кызматкерлеринин саны 50 адамдан ашкан өндүрүштүк ишти жүзөгө ашыруучу ар бир уюмда (анын филиалдарында) эмгекти коргоо кызматы түзүлөт.
2. Кызматкерлеринин саны 50 жана андан аз адам болгон уюмда эмгекти коргоо кызматын түзүү же эмгекти коргоо боюнча адистин кызмат ордун киргизүү жөнүндө чечим ушул уюмдун ишинин өзгөчөлүгүн эске алуу менен иш берүүчү тарабынан кабыл алынат.
3. Уюмда эмгекти коргоо кызматы (эмгекти коргоо боюнча адис) жок болгон учурда иш берүүчү эмгекти коргоо чөйрөсүндө кызмат көрсөтүүчү адистер же уюмдар менен келишим түзө алат.
4. Эмгекти коргоо кызматы уюмдун түздөн-түз биринчи жетекчисине (иш берүүчүгө) баш ийет жана негизги өндүрүштүк-техникалык кызматтарга теңештирилет.
5. Эмгекти коргоо кызматынын адистери түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилерине кемчиликтерди четтетүү жөнүндө аткарууга милдеттүү болгон жазма буйруктарды берүүгө, алардан эмгекти коргоо маселелери боюнча зарыл болгон маалыматтарды, документтерди, түшүндүрмөлөрдү жана чечмелөөлөрдү (анын ичинде жазуу жүзүндө) алууга, медициналык кароодон, окуудан, үйрөтүүдөн, билимди текшерүүдөн (анын ичинде электрондук форматта) өтпөгөн жана тиешелүү жумуштарга уруксаты жок, коргоо каражаттарын колдонбогон же эмгекти коргоо талаптарын аткарбаган адамдарды жумуштан четтетүүнү талап кылууга укуктуу.
6. Эмгекти коргоо кызматынын адистери кызматкерлердин өмүрүнө же ден соолугуна коркунуч жаралган учурларда өндүрүштөрдүн, участоктордун, машиналардын, станоктордун, жабдуулардын жана башка өндүрүш каражаттарынын, ошондой эле завод ичиндеги транспорт каражаттарынын ишин токтото турууга, эмгекти коргоо талаптарын бузган кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуштамаларды уюмдун жетекчисине жөнөтүүгө укуктуу.
7. Эмгекти коргоо кызматын жоюуга уюмдун иши токтотулган учурда гана жол берилет.
8. Уюмдагы эмгекти коргоо кызматынын түзүмү жана кызматкерлеринин саны кызматкерлердин санына, өндүрүштүн кооптуулук жана зыяндуулук даражасына жана башка факторлорго жараша иш берүүчү тарабынан аныкталат. Эмгекти коргоо кызматы жөнүндө типтүү жобо жана эмгекти коргоо боюнча ишти уюштуруу тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
17-берене. Эмгекти коргоо боюнча комиссия (комитет)
1. Өндүрүштөгү күтүлбөгөн кырсыктарды жана кесиптик ооруга чалдыгууларды иликтөө жана эсепке алуу максатында уюмда курамына иш берүүчүнүн, кесиптик бирликтердин жана/же башка өкүлчүлүктүү органдардын өкүлдөрү паритеттик негизде кирген эмгекти коргоо боюнча комиссия (комитет) түзүлөт.
2. Эмгекти коргоо боюнча комиссия (комитет) жөнүндө жобо кесиптик бирликтердин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүү органы менен биргеликте эмгекти коргоо чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.
3. Эмгекти коргоо боюнча комиссиянын (комитеттин) чечимдери иш берүүчү жана кызматкерлер же алардын өкүлдөрү үчүн милдеттүү мүнөзгө ээ.
18-берене. Иш берүүчүнүн эмгекти коргоону камсыз кылуу боюнча укуктары
Иш берүүчү төмөнкүлөргө укуктуу:
1) эмгекти коргоо чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга эмгек коопсуздугу жана гигиенасы эрежелерин же ченемдерин иштеп чыгуу же өзгөртүү жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
2) эмгекти коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан, анын ичинде анын уюмунда жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жана иликтөөлөрдүн натыйжалары жөнүндө маалымат алууга;
3) технологиялык жабдууларды, чийки заттарды жана материалдарды өндүрүштүк кооптуулуктун мүмкүн болуучу булактары катары аныктоодо жана пайдаланууда эмгекти коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан текшерүүлөрдү, иликтөөлөрдү жана экспертизаларды жүргүзүүгө;
4) уюмда, ишканада эмгекти коргоо жөнүндө маселелерди кароодо эмгек шарттарына, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мыйзамсыз аракеттерине даттанууларды текшерүүгө, кароого, ошондой эле эмгекти коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан өткөрүлүүчү кеңешмелерге катышууга;
5) эмгекти коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимдерине жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанууга;
6) эмгекти коргоо, эмгекти коргоону башкаруу жана аны уюштуруу боюнча окутууда мамлекеттик органдардын кызмат көрсөтүүлөрүн жана көмөгүн алууга.
19-берене. Иш берүүчүнүн коопсуз эмгек шарттарын жана эмгекти коргоону камсыз кылуу боюнча милдеттери
1. Уюмда коопсуз эмгек шарттарын жана аны коргоону камсыз кылуу боюнча милдеттер иш берүүчүгө жүктөлөт.
2. Иш берүүчү төмөнкүлөрдү камсыз кылууга милдеттүү:
1) имараттарды, курулмаларды, жабдууларды эксплуатациялоодо, чийки заттарды жана материалдарды өндүрүүдө колдонулуучу технологиялык процесстерди жүзөгө ашырууда кызматкерлердин коопсуздугун;
2) кызматкерлердин жекече жана жамааттык коргонуу каражаттарын колдонуусун;
3) ар бир жумуш ордунда эмгекти коргоо талаптарына ылайык келген эмгек шарттарын;
4) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык кызматкерлердин эмгек жана эс алуу режимин;
5) зыяндуу же кооптуу эмгек шарттарында, ошондой эле өзгөчө температуралык шарттарда аткарылуучу же булганууга байланышкан жумуштарда иштеген кызматкерлерге белгиленген ченемдерге ылайык атайын кийим, атайын бут кийим жана башка жекече коргонуу каражаттарын, сүт жана башка аларга тете тамак-аш азыктарын, жууп кетирүүчү жана зыянсыздандыруучу каражаттарды өз каражаттарынын эсебинен сатып алууну жана берүүнү;
6) ишти аткаруунун коопсуз методун жана ыкмаларын окутууну, эмгекти коргоо боюнча үйрөтүүдөн өткөрүүнү, жумуш орундарында такшалмадан өткөрүүнү жана кызматкерлердин эмгекти коргоо эрежелери жана ченемдери жөнүндө, анын ичинде электрондук форматта билимин текшерүүнү;
7) белгиленген тартипте окуудан, үйрөтүүдөн, такшалмадан жана эмгекти коргоо талаптары боюнча билимин текшерүүдөн өтпөгөн, ошондой эле талап кылынуучу жекече коргонуу каражаттарын пайдаланбаган адамдарды ишке киргизбөөнү;
8) жумуш орундарында эмгек шарттарынын абалына, ошондой эле кызматкерлердин жекече жана жамааттык коргонуу каражаттарын туура колдонуусуна контролду уюштурууну;
9) уюмда эмгекти коргоо боюнча иштерди андан ары сертификациялоо менен эмгек шарттары боюнча жумуш орундарын аттестациялоону жүргүзүүнү;
10) кызматкерлерди өз каражаттарынын эсебинен милдеттүү түрдө алдын ала (жумушка киргенде) жана мезгил-мезгили менен (эмгек ишинин жүрүшүндө) медициналык кароодон (текшерүүдөн) өткөрүүнү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аталган медициналык кароодон өтүү учурунда алардын жумуш ордун (кызмат ордун) жана орточо эмгек акысын сактоо менен алардын өтүнүчү боюнча жана медициналык сунуштамаларга ылайык кезексиз медициналык кароодон (текшерүүдөн) өткөрүүнү;
11) кызматкерлерди милдеттүү медициналык кароодон өтпөгөн, ошондой эле медициналык каршы көрсөтмөсү болгон учурда алардын эмгек милдеттерин аткарууга жол бербөөнү;
12) кызматкерлерге жумуш орундарындагы шарттары жана эмгекти коргоо жөнүндө, ден соолугуна зыян келтирүү тобокелдигинин бар экендиги жана аларга тиешелүү компенсациялар жана жекече коргонуу каражаттары жөнүндө маалымдоону;
13) Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана документтерди берүүнү;
14) авариялык кырдаалдардын алдын алуу, мындай кырдаалдар пайда болгондо кызматкерлердин өмүрүн жана ден соолугун сактоо, анын ичинде жабыр тарткандарга биринчи жардам көрсөтүү боюнча чараларды көрүүнү;
15) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгилеген тартипте өндүрүштөгү күтүлбөгөн кырсыктарды жана кесиптик ооруларды териштирүүнү;
16) эмгекти коргоо талаптарына ылайык кызматкерлерди санитардык-тиричилик жана дарылоо-алдын алуу жактан тейлөөнү;
17) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдарын, ошондой эле коомдук контролдоо органдарынын өкүлдөрүн уюмдагы эмгек шарттарын жана корголушун текшерүүлөрдү жүргүзүү, өндүрүштө болгон күтүлбөгөн кырсыктарды жана кесиптик ооруларды иликтөө үчүн тоскоолдуксуз киргизүүнү;
18) Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдарынын жазма буйруктарын аткарууну жана коомдук контролдоо органдарынын сунуштарын мыйзамдарда белгиленген мөөнөттөрдө кароону;
19) кызматкерлерди өндүрүштөгү күтүлбөгөн кырсыктардан жана кесиптик оорулардан милдеттүү социалдык камсыздандырууну;
20) кызматкерлерди эмгекти коргоо талаптары менен тааныштырууну;
21) мамлекеттик статистика органдарына эмгек шарттарынын жана аны коргоонун абалы жана өндүрүштүк жаракат алуу жөнүндө бекитилген мамлекеттик статистикалык отчетту берүүнү;
22) эмгекти көп талап кылган, зыяндуу жана кооптуу жумуштарды механизациялаштыруунун жана автоматташтыруунун прогрессивдүү жана коопсуз техникаларын жана технологияларын, каражаттарын киргизүүнү, эскирген жана жаракат алууга кооптуулугу бар машиналарды, станокторду, механизмдерди, жабдууларды, технологияларды пайдалануудан чыгарууну;
23) кызматкердин өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жаралган учурда кызматкерден алынган кабарламада көрсөтүлгөн жагдайларды четтетүү боюнча кечиктирилгис чараларды көрүүнү.
20-берене. Кызматкердин эмгекти коргоо чөйрөсүндөгү милдеттери
Кызматкер төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) анын жумуш ордуна тиешелүү болгон ченемдик укуктук актылардын, эмгекти коргоо боюнча нускамалардын жана жумуштарды коопсуз жүргүзүү эрежелеринин талаптарын билүүгө жана сактоого;
2) белгиленген тартипте эмгекти коргоо маселелери боюнча окуудан, үйрөтүүдөн жана билимдерин текшерүүдөн, анын ичинде электрондук форматта өтүүгө;
3) атайын кийимдерди, атайын бут кийимдерди жана жекече жана жамааттык коргонуунун башка каражаттарын туура пайдаланууга;
4) белгиленген тартипте алдын ала жана мезгил-мезгили менен медициналык кароолордон өтүүгө;
5) эмгектин сергек жана коопсуз шарттарын камсыз кылуу максатында иш берүүчү менен кызматташууга, өзүнүн же анын айланасындагы адамдардын ден соолугуна жана өмүрүнө коркунуч жараткан кандай болбосун кырдаал жөнүндө өзүнүн түздөн-түз жетекчисине билдирүүгө;
6) өзүнүн өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жаралган учурлар жөнүндө иш берүүчүгө жазуу жүзүндө кабарлоого.
21-берене. Өндүрүштөгү күтүлбөгөн кырсыктарды жана кесиптик ооруларды иликтөө жана эсепке алуу
1. Иш берүүчү өндүрүштөгү күтүлбөгөн кырсыктарды жана кесиптик ооруларды иликтөөнү, эсепке алууну жана талдоону, анын ичинде аталган учурларды иликтөө боюнча комиссияны түзүү тартибин, курамын, ыйгарым укуктарын жана ишин Министрлер Кабинети аныктаган тартипте жүргүзүүгө милдеттүү.
2. Иликтөө жабырлануучу мүчөсү болуп саналган кесиптик бирлик уюмунун өкүлүнүн катышуусу менен, ал эми Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган учурларда, эмгекти коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлүнүн да катышуусу менен жүргүзүлөт.
4-глава. Эмгекти коргоо жөнүндө мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо
22-берене. Эмгекти коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган
1. Эмгекти коргоо жөнүндө мыйзамдардын сакталышын мамлекеттик көзөмөлдөө жана контролдоо Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык эмгекти коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Эмгекти коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдары өз милдеттерин аткарууда төмөнкүлөргө укуктуу:
1) текшерүү жүргүзүүгө белгиленген үлгүдөгү ырастамалары жана белгиленген үлгүдөгү жолдомосу бар болгондо бардык уюштуруучулук-укуктук формадагы, анын ичинде чет өлкөлүк уюмдарга инспекция жүргүзүү максатында тоскоолдуксуз барууга;
2) уюмдардын, аткаруу бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринен жана башка кызмат адамдарынан, иш берүүчүлөрдөн көзөмөлдөө жана контролдоо функцияларын аткаруу үчүн керектүү документтерди, түшүндүрмөлөрдү, маалыматты сурап алууга жана акысыз алууга;
3) пайдаланылуучу же кайра иштетилүүчү материалдардын жана заттардын үлгүлөрүн талдоо үчүн алууга;
4) өндүрүштөгү күтүлбөгөн кырсыктарды белгиленген тартипте иликтөөгө;
5) уюмдардын жетекчилерине жана башка кызмат адамдарына эмгекти коргоо жөнүндө мыйзамдардын бузулушун четтетүү, көрсөтүлгөн бузууларга күнөөлүүлөрдү тартиптик жоопкерчиликке тартуу же аларды белгиленген тартипте кызмат ордунан четтетүү жөнүндө милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон жазма буйруктарды берүүгө;
6) кызматкерлердин өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жараткан эмгекти коргоо талаптарынын бузулушу аныкталган учурда мыйзамда белгиленген тартипте уюмдардын, айрым өндүрүштүк бөлүмдөрдүн жана жабдуулардын ишин көрсөтүлгөн бузуулар четтетилгенге чейин токтото турууга;
7) белгиленген тартипте ишти аткаруунун коопсуз методдоруна жана ыкмаларына окутуудан, эмгекти коргоо боюнча үйрөтүүдөн, анын ичинде электрондук форматта окутуудан, иш орундарында такшалмадан өтпөгөн адамдарды жумуштан четтетүүгө;
8) шайкештик сертификаттары жок же эмгекти коргоо талаптарына ылайык келбеген кызматкерлердин жекече жана жамааттык коргонуу каражаттарын пайдаланууга жана өндүрүүгө тыюу салууга;
9) эмгекти коргоо талаптарын бузууга күнөөлүү болгон адамдарды укук бузуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартууга, ошондой эле көрсөтүлгөн адамдарды жоопкерчиликке тартуу жөнүндө материалдарды тиешелүү органдарга жөнөтүүгө;
10) эмгекти коргоо жөнүндө мыйзамдарды бузуу жана өндүрүштө кызматкерлердин ден соолугуна келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө доолор боюнча сотто эксперт катары чыгууга.
3. Эмгекти коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдары мамлекеттик кызматчылар болуп саналат жана "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык укукка каршы аракеттери же аракетсиздиги үчүн жоопкерчилик тартат.
23-берене. Эмгекти коргоо боюнча коомдук контролдоо
1. Эмгекти коргоо чөйрөсүндөгү кызматкерлердин укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын сакталышына коомдук контролдоо, бул максаттарда эмгектин техникалык инспекциясын түзүүгө, ошондой эле кесиптик бирликтердин эмгекти коргоо боюнча ыйгарым укуктуу (ишенимдүү) адамдарын жана кызматкерлер тарабынан ыйгарым укук берилген башка өкүлчүлүктүү органдарды шайлоого укуктуу кесиптик бирликтер жана кызматкерлер тарабынан ыйгарым укук берилген башка өкүлчүлүктүү органдар тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Кесиптик бирликтер алардын тиешелүү органдарынын жана кызматкерлери тарабынан ыйгарым укук берилген башка өкүлчүлүктүү органдарынын атынан төмөнкүлөргө укуктуу:
1) иш берүүчүлөр тарабынан эмгекти коргоо жөнүндө мыйзамдардын сакталышына контролду жүзөгө ашырууга;
2) эмгек шарттарын көз карандысыз экспертизадан өткөрүүгө жана уюмдун кызматкерлеринин коопсуздугун камсыз кылууга;
3) өндүрүштөгү күтүлбөгөн кырсыктарды жана кесиптик ооруларды териштирүүгө катышууга;
4) эмгек шарттары жана эмгекти коргоо, ошондой эле өндүрүштөгү бардык күтүлбөгөн кырсыктар жана кесиптик оорулар жөнүндө уюмдун жетекчилеринен жана башка кызмат адамдарынан маалымат алууга;
5) кызматкерлердин өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч болгон учурларда Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ишти токтотуп туруу жөнүндө сунуш киргизүүгө;
6) иш берүүчүлөргө эмгекти коргоо талаптарынын аныкталган бузууларын четтетүү жөнүндө кароого милдеттүү болгон сунуштамаларды берүүгө;
7) эмгек шарттарын жана аны коргоону, иш берүүчүлөрдүн жамааттык келишимдерде жана макулдашууларда каралган эмгекти коргоо боюнча милдеттенмелеринин аткарылышын текшерүүнү жүзөгө ашырууга;
8) өндүрүш объекттерин жана өндүрүш каражаттарын эксплуатациялоодо сыноолор жана кабыл алуу боюнча комиссиялардын ишине көз карандысыз эксперт катары катышууга;
9) эмгекти коргоо жөнүндө ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга катышууга;
10) эмгекти коргоо талаптарын бузууга, өндүрүштөгү күтүлбөгөн кырсыктардын фактыларын жашырууга күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу жөнүндө талаптар менен тиешелүү органдарга кайрылууга;
11) эмгекти коргоо жөнүндө мыйзамдарды, жамааттык келишимдерде жана макулдашууларда каралган милдеттенмелерди бузууга, ошондой эле эмгек шарттарынын өзгөрүшүнө байланышкан эмгектик талаш-тартыштарды кароого катышууга.
3. Кесиптик бирликтердин жана кызматкерлер тарабынан ыйгарым укук берилген башка өкүлчүлүктүү органдардын эмгекти коргоо боюнча ыйгарым укуктуу (ишенимдүү) адамдары кесиптик бирликтерге кирген уюмдарда эмгекти коргоо талаптарынын сакталышын текшерүүгө жана эмгекти коргоо талаптарынын аныкталган бузууларын четтетүү жөнүндө кызмат адамдары тарабынан кароо үчүн милдеттүү болгон сунуштарды киргизүүгө укуктуу.
24-берене. Кесиптик бирликтердин эмгекти коргоо боюнча ыйгарым укуктуу (коомдук) инспекторлорунун укуктары
1. Кесиптик бирликтердин эмгекти коргоо боюнча ыйгарым укуктуу (коомдук) инспекторлору уюмдарда эмгекти коргоо талаптарынын сакталышын тоскоолдуксуз текшерүүгө жана кызмат адамдары тарабынан кароо үчүн милдеттүү болгон эмгекти коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын аныкталган бузууларын четтетүү жөнүндө сунуштарды киргизүүгө укуктуу.
2. Иш берүүчү өз эсебинен окууну уюштурат жана эмгекти коргоо боюнча ыйгарым укуктуу (коомдук) инспекторду жамааттык келишимде (макулдашууда) каралган мөөнөткө орточо эмгек акысын сактоо менен иштен бошотот.
5-глава. Кызматкерлер эмгек милдеттерин аткарууда мертинүү, кесиптик ооруга чалдыгуу же болбосо ден соолугунун башка бузулуусу менен аларга келтирилген зыян үчүн иш берүүчүнүн жоопкерчилиги
25-берене. Зыяндын ордун толтурууга болгон укук
1. Ар бир кызматкер кызматкерге эмгек ишине байланышкан мертинүүдөн же ден соолугуна башка залалдан улам келтирилген зыяндын ордун иш берүүчү тарабынан толук толтуруп алууга укуктуу.
2. Кызматкерге, ал каза болгон учурда - үй-бүлө мүчөлөрүнө жана багуусундагы адамдарга төмөнкүдөй акчалай суммаларды төлөп берүү зыяндын ордун толтуруу болуп эсептелет:
1) ал ээ болгон же болбосо белгилүү бир деңгээлде ээ болушу мүмкүн болгон албай калган эмгек акысын (кирешесин);
2) кошумча чыгымдардын компенсациясын;
3) бир жолку жөлөк пулду;
4) моралдык зыяндын ордун толтурууну (акчалай же башка материалдык түрдө);
5) көрсөтүлгөн чыгымдарды тарткан адамга сөөк коюуга кеткен чыгымдарды;
6) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 218-беренесинин 2-бөлүгүндө белгиленген кошумча чыгымдарды.
3. Зыяндын ордун толтуруунун тартиби жана өлчөмү Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
4. Кызматкердин ден соолугуна зыян келтирилгендигине же анын өлүмүнө (анын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана багуусундагы адамдарга) байланыштуу төлөнүүчү зыяндын ордун толтуруунун суммалары жашоо деңгээлинин наркынын жогорулашында (товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө керектөө бааларынын өсүшүндө) белгиленген тартипте индексацияланууга тийиш.
26-берене. Иш берүүчүнүн күнөөсү
Эмгектик мертинүү, эгерде ал иш берүүчү ден соолукка зыянсыз жана коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылбагандыгынын, эмгекти коргоонун талаптарын аткарбагандыгынын кесепетинен келип чыкса, анын күнөөсү боюнча келип чыккан деп эсептелет.
27-берене. Иш берүүчүнүн - аба кемесинин ээсинин жоопкерчилиги
Аба кемесин башкарууда, көтөрүлүүдө, учууда же конууда кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу келип чыккан аба кемесинин экипажынын мүчөсүндө эмгектик мертинүү болгон учурда, менчик укугунда же башка мыйзамдуу негизде аба кемесине ээлик кылган иш берүүчү, эгерде зыян жабырлануучунун атайылаган ниетинен улам болгондугун далилдей албаса, келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик тартат.
28-берене. Аралаш жоопкерчилик
1. Эгерде эмгектик мертинүү иш берүүчүнүн гана күнөөсү боюнча эмес, жабырлануучунун да одоно этиятсыздыгынан улам келип чыкканда аралаш жоопкерчилик колдонулат. Мындай учурда зыяндын ордун толтуруунун өлчөмү жабырлануучунун күнөөсүнүн даражасына жараша азайтылат. Жабырлануучунун күнөөсүнүн даражасы комиссия тарабынан пайыз менен аныкталат.
2. Жабырлануучу одоно этиятсыздык кылганда жана иш берүүчүнүн күнөөсү жок болгон учурда, анын жоопкерчилиги күнөөгө карабастан келип чыкканда, зыяндын ордун толтуруунун өлчөмү да ага жараша азайтылат. Мында зыяндын ордун толтуруудан толук баш тартууга жол берилбейт.
3. Жабырлануучу одоно этиятсыздык кылганда анын күнөөсүнүн даражасын аныктоо жөнүндө өндүрүштөгү күтүлбөгөн кырсыкты териштирүү боюнча комиссиянын чечими эмгекти коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, кесиптик бирликтердин эмгектин техникалык инспекциясына же сотко даттанылышы мүмкүн.
4. Аралаш жоопкерчилик башка жумушка убактылуу которууда, кошумча чыгымдардын, сөөк коюуга кеткен чыгымдардын ордун толтурууда, ошондой эле багуучусунун өлгөндүгүнө байланыштуу жоготулган эмгек акынын ордун толтурууда колдонулбайт.
29-берене. Жабырлануучунун эмгекке жарамдуулугуна экспертиза жүргүзүү
1. Эмгектик мертинүүнүн кесепетинен кесиптик эмгекке жарамдуулугун жоготуу даражасы, майыптык тобу медициналык-социалдык эксперттик комиссия тарабынан жабырлануучуну күбөлөндүрүүнүн натыйжалары боюнча аныкталат.
2. Эмгектик мертинүүнүн кесепетинен кесиптик эмгекке жарамдуулугун жоготуу даражасын белгилөө тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
3. Медициналык-социалдык эксперттик комиссияда күбөлөндүрүү иш берүүчүнүн, эмгекти коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, дарылоо-алдын алуу мекемесинин же соттун же болбосо жабырлануучунун же анын өкүлүнүн кайрылуусу боюнча өндүрүштөгү күтүлбөгөн кырсык (кесиптик оору) жөнүндө актыны же эмгек милдеттерин аткарууга байланышкан күтүлбөгөн кырсык жөнүндө башка документти бергенде жүргүзүлөт.
4. Жабырлануучуну мөөнөтүнөн мурда кайра күбөлөндүрүү анын арызы же болбосо иш берүүчүнүн кайрылуусу боюнча жүргүзүлөт.
5. Жабырлануучу же башка кызыкдар жактар медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын чечимине макул болбогон учурда, ага медициналык-социалдык эксперттик комиссияга карата жогору турган органга же сотко даттанууга укуктуу.
30-берене. Эмгектик мертинүү кайталанган учурда зыянды ордун толтуруу өлчөмү
1. Эмгектик мертинүүлөр кайталанган учурда жабырлануучунун каалоосу боюнча орточо айлык эмгек акы эмгектик мертинүү биринчи жолу болгон же кайталанганга чейинки тиешелүү мезгилдер үчүн эсептелет.
2. Эгерде эмгектик мертинүүлөр бир иш берүүчүдө иштеген мезгилде келтирилсе, зыяндын ордун толтуруу өлчөмү биринчи жана кайталанган мертинүүнүн жыйындысы боюнча эмгекке жарамдуулукту жоготуунун жалпы пайызы боюнча эсептелет.
3. Эгерде эмгектик мертинүүлөр ар башка иш берүүчүлөрдө келтирилсе, зыяндын ордун толтуруунун өлчөмүн аныктоо ар бир иш берүүчү тарабынан өзүнчө, тиешелүү эмгектик мертинүү боюнча кесиптик эмгекке жарамдуулукту жоготуу пайызына жараша жүргүзүлөт.
31-берене. Чет өлкөдө иштеп жаткан жарандарга зыяндын ордун толтуруу үчүн эмгек акыны эсептөө
1. Чет өлкөдө иштеген жарандардын орточо айлык эмгек акысы Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык эсептелет.
2. Белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын мекемелерине жана уюмдарына чет өлкөгө же болбосо эл аралык уюмдарга иштөөгө жиберилген кызматкерлерге зыяндын ордун толтуруу өлчөмү зыяндын ордун толтуруу дайындалган күнгө карата Кыргыз Республикасында тиешелүү кесиптеги жана квалификациядагы кызматкерлердин орточо айлык эмгек акысына жараша эсептелет.
32-берене. Өндүрүштүк окуудан өтүп жаткан адамдарга зыяндын ордун толтуруу үчүн эмгек акыны эсептөө
1. Өндүрүштүк окуудан (практикадан) өтүү мезгилинде эмгектик мертинүү алган адамдардын орточо айлык эмгек акысы Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык эсептелет. Мында окуу мезгилинде төлөнгөн стипендия эмгек акыга теңештирилет.
2. Жабырлануучунун каалоосу боюнча орточо айлык эмгек акы өндүрүштүк окуудан мурдагы иштеген мезгил үчүн эсептелиши мүмкүн.
33-берене. Эмгектик мертинүүгө байланыштуу башка жумушка убактылуу которууда эмгек акы төлөө
1. Эмгектик мертинүүгө байланыштуу анын макулдугу менен бир кыйла жеңил, аз акы төлөнүүчү жумушка убактылуу которулган жабырлануучуга эмгек акыны төлөө эмгекке жарамдуулугу калыбына келгенге же кесиптик эмгекке жарамдуулугун узакка же болбосо туруктуу жоготуу белгиленгенге чейин эмгектик мертинүүнүн алдындагы орточо айлык эмгек акысынан кем эмес өлчөмдө жүргүзүлөт.
2. Башка жумушка которуу зарылдыгы, анын узактыгы (1 жылдын ичинде) жана сунушталган жумуштун мүнөзү жөнүндө корутунду дарылоо-алдын алуу мекемеси тарабынан берилет.
3. Эгерде иш берүүчү кызматкерге белгиленген мөөнөттө тиешелүү ишти бербесе, ага эмгектик мертинүүгө чейин алган орточо айлык эмгек акы төлөнөт.
4. Мурда иштеген иши боюнча орточо айлык эмгек акы мындай учурда Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында белгиленген тартипте эмгектик мертинүү болгон айдан мурдагы эки ай үчүн аныкталат.
34-берене. Жаңы кесипке (адистикке) окуу мезгили үчүн зыяндын ордун толтуруу
1. Иш берүүчү жабырлануучунун макулдугу менен, эгерде ал эмгектик мертинүүнүн кесепетинен улам мурдагы жумушун аткара албаса, дарылоо-алдын алуу мекемесинин же медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын корутундусуна ылайык аны жаңы кесипке (адистикке) өзүнүн эсебинен окутууну камсыз кылууга милдеттүү.
2. Жаңы кесипти (адистикти) окуп жаткан мезгил үчүн жабырлануучуга мурдагы жумушу боюнча орточо айлык эмгек акы төлөнөт. Бул мезгилде зыяндын ордун толтуруу суммаларын төлөө Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
35-берене. Ден соолукка зыян келтирилгенине байланыштуу дарылануу үчүн кошумча өргүү жана аны төлөө
1. Медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын же болбосо дарылоо-алдын алуу мекемесинин жабырлануучунун санаториялык-курорттук дарыланууга муктаждыгы жөнүндө корутундусу бар болсо, ага эмгек акысын сактоо менен жыл сайын берилүүчү өргүүдөн тышкары дарылануу үчүн өргүү берилет.
2. Дарылануу үчүн өргүү мезгилинде зыяндын ордун толтуруу Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
3. Жабырлануучунун, ошондой эле аны коштоочу адамдын жол киреси боюна чыгымдарды төлөөнүн өлчөмү Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте аныкталат.
36-берене. Иш берүүчүгө арыз менен кайрылуу
1. Зыяндын ордун толтуруу жөнүндө арыз иш берүүчүгө берилет, ал эмгектик мертинүүдөн келтирилген зыян үчүн анын эскирүү мөөнөтүнө карабастан жоопкерчилик тартат.
2. Иш берүүчү зыяндын ордун толтуруу жөнүндө талап коюу үчүн зарыл болгон документтерди алууда арыз ээсине көмөктөшүүгө жана зарыл болгон учурларда аларды башка уюмдардан талап кылууга, ошондой эле Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипке ылайык арызды кароого милдеттүү.
3. Өлгөн адамдын багуусунда болгондугун тастыктоочу документтер жок болгондо же калыбына келтирүү мүмкүн болбогон учурда, багуусунда болуу фактысы сот тарабынан аныкталат.
37-берене. Зыян үчүн жоопкерчиликтүү болгон иш берүүчү кайра уюштурулган же жоюлган учурда зыяндын ордун толтуруу
1. Иш берүүчүнү жоюуда же кайра уюштурууда (кошууда, бириктирүүдө, бөлүүдө, бөлүп чыгарууда, кайра түзүүдө) тиешелүү төлөмдөрдү төлөө боюнча милдетти укук улантуучу алат, ага зыяндын ордун толтуруу жөнүндө арыз берилет.
2. Эгерде жоюлган иш берүүчүнүн укуктары жана милдеттери укук улантуучуга өтпөсө, ал зыяндын ордун толтуруу үчүн төлөнүүгө тийиш болгон сумманы капиталдаштырууга жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу органдарына төлөөгө милдеттүү.
3. Жоюу комиссиясынын курамына мамлекеттик социалдык камсыздандыруу органынын өкүлү киргизилет.
4. Жоюу отчету келечекте зыяндын ордун толтурууга төлөө үчүн керектүү сумма капиталдаштырылгандан жана алар мамлекеттик социалдык камсыздандыруу органдарына которулгандан кийин гана бекитилет.
5. Мындай учурларда зыяндын ордун толтуруу суммаларын төлөөнү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу органдары жүзөгө ашырат. Эгерде жоюлган иш берүүчүнүн төлөөгө жөндөмсүздүгүнө байланыштуу төлөмдөрдү капиталдаштыруу жүргүзүлбөсө, жетпеген жана капиталдаштырууга тийиш болгон суммалардын орду мамлекеттик социалдык камсыздандыруу органына республикалык бюджеттин каражаттарынан толтурулат.
6. Эгерде иш берүүчүнү жоюуда зыяндын ордун толтуруу төлөмдөрүн капиталдаштыруу жүргүзүлбөсө, зыяндын ордун толтуруу жөнүндө доо мамлекеттик социалдык камсыздандыруу органына берилет.
7. Алдыдагы жоюлушу же кайра уюштурула тургандыгы жөнүндө иш берүүчү эки жумалык мөөнөттө эмгектик мертинүүгө байланыштуу зыяндын ордун толтурууга укуктуу адамдарга билдирүүгө милдеттүү.
8. Зыяндын ордун толтуруу суммаларын капиталдаштыруу тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
38-берене. Жабырлануучунун иш берүүчү менен сүйлөшүүлөрдөгү өкүлү
1. Жабырлануучунун же башка кызыкдар адамдардын өтүнүчү боюнча кесиптик бирлик же уюмдун кызматкерлеринин башка өкүлчүлүктүү органы жабырлануучу тараптан иш берүүчү менен сүйлөшүүлөргө катышуу үчүн өзүнүн өкүлүн бөлүп берет.
2. Жабырлануучунун укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо максатында өкүлдүн катышуусу төмөнкү учурларда жүзөгө ашырылат:
1) эмгектик мертинүүгө, кесиптик оорусуна же болбосо ишке байланыштуу ден соолугунун башка жабыркашына байланыштуу кызматкердин ден соолугуна келтирилген зыяндын ордун толтуруу тартибин, мөөнөттөрүн жана өлчөмдөрүн макулдашууда;
2) өндүрүштөгү күтүлбөгөн кырсыктарды жана кесиптик ооруларды териштирүү процессинде жаралуучу пикир келишпестиктерди жөнгө салууда;
3) эмгектик мертинүү кесепеттерине, кесиптик ооруга же ден соолугунун башка жабыркашына байланыштуу башка иш берүү, башка кызмат ордуна которуу же болбосо эмгек шарттары маселелерин кароодо;
4) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган жана жабырлануучунун укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого багытталган башка учурларда.
39-берене. Зыяндын ордун толтуруу жөнүндө ишти сотко чейин кароо
1. Жабырлануучулар жана жабырлануучу каза болгон учурда зыяндын ордун толтурууга укуктуу адамдар иш берүүчүнүн зыяндын ордун толтурууга байланышкан маселелер боюнча чечимине эмгекти коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга же кесиптик бирликке даттанууга укуктуу.
2. Эмгекти коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, кесиптик бирликтин техникалык эмгек инспекциясынын зыяндын ордун толтуруу суммаларын төлөө жөнүндө чечими иш берүүчү үчүн милдеттүү болуп саналат.
3. Иш берүүчү мындай чечимге макул болбогон учурда ал тарабынан мыйзамдарда белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн. Иш берүүчүнүн эмгекти коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен макул эместиги зыяндын ордун толтуруу суммаларын төлөбөй коюуга негиз болбойт.
40-берене. Зыяндын ордун толтуруу жөнүндө талаш-тартышты сотко өткөрүү. Талаш-тартышты сотто кароо тартиби
1. Кызыкдар адам иш берүүчүнүн чечимине, эмгекти коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине макул болбосо, ошондой эле белгиленген мөөнөттө жооп албаса талаш-тартыш сот тарабынан каралат.
2. Кесиптик бирлик же кызматкерлердин башка өкүлчүлүктүү органы кызыкдар адамдардын макулдугу менен сотко арыз менен кайрылууга жана процесске катышууга укуктуу.
3. Арыз ээсинин ыктыяры боюнча же болбосо иш берүүчү турган жердеги, же болбосо өзү жашаган жердеги, же болбосо зыян келтирилген жердеги сотко зыяндын ордун толтуруу жөнүндө арыз берилет.
4. Кызматкерлерге эмгек милдеттерин аткарууга байланыштуу мертинүү менен келтирилген же болбосо жабырлануучунун каза болгондугуна байланыштуу зыяндын ордун толтуруу жөнүндө талапка доонун эскирүүсү колдонулбайт.
41-берене. Зыяндын ордун толтуруу төлөмдөрүн узартуу
1. Зыяндын ордун толтуруу төлөмдөрүн узартуу жабырлануучунун жана башка кызыкдар адамдардын иш берүүчүгө кайрылган убактысына карабастан мурдагы төлөмдөр аяктаган күндөн тартып жүргүзүлөт.
2. Өткөн убакыт үчүн зыяндын ордун толтуруу төлөмдөрү ошол мезгил үчүн эмгекке жарамдуулугун жоготкондугу тастыкталган жана зарыл болгон документтер берилген шартта төлөнөт. Ушундай эле шарттарда ден соолуктун бузулушунан улам жаралган кошумча чыгымдардын ордун толтурууга төлөмдөр жүргүзүлөт.
42-берене. Зыяндын ордун толтурууну алуучунун зыяндын ордун толтурууну төлөөгө таасир этүүчү жагдайлардын келип чыгышы жөнүндө билдирүү милдети
Зыяндын ордун толтурууну алуучу зыяндын ордун толтуруунун өлчөмүн кайра кароого алып келген өзгөрүүлөр жөнүндө иш берүүчүгө жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү.
43-берене. Карылар жана майыптыгы бар адамдар үчүн социалдык стационардык мекемелерде болгон убакта зыяндын ордун толтуруу суммаларын төлөө эрежелери
1. Зыяндын ордун толтуруу дайындалган адам карылар жана майыптыгы бар адамдар үчүн социалдык стационардык мекемеге (пансионатка, аймактык борборго) жайгаштырылган учурда, зыяндын ордун толтуруу суммасы (эмгекке жарамсыз багуудагы адамдарга эсептелген суммаларды кошпогондо) иш берүүчү тарабынан социалдык стационардык мекеменин (пансионаттын, аймактык борбордун) эсептешүү эсебине которулат.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдардын багуусундагы эмгекке жарамсыз адамдарга зыяндын ордун толтуруу иш берүүчү тарабынан төмөнкүдөй тартипте: багуусундагы эмгекке жарамсыз бир адамга - зыяндын ордун толтуруунун дайындалган суммасынын төрттөн бири, эки адамга - үчтөн бири, үч жана андан көп адамга - жарымы төлөнөт. Зыяндын ордун толтуруу суммасынын калган бөлүгү социалдык стационардык мекеменин (пансионаттын, аймактык борбордун) эсептешүү эсебине которулат.
3. Зыяндын ордун толтуруу дайындалган адамга которулган сумма менен жатак-үйдө (пансионатта, аймактык борбордо) багуу наркынын ортосундагы айырма социалдык стационардык мекеменин (пансионаттын, аймактык борбордун) администрациясы тарабынан төлөнөт, бирок ал зыяндын ордун толтуруунун белгиленген суммасынын 25 пайызынан кем болбоого тийиш.
44-берене. Алуучунун эркиндигинен ажыратуучу жайларда болгон убактысы үчүн зыяндын ордун толтуруу суммаларын төлөө
Эркиндигинен ажыратуучу жайлардагы адамдын каалоосу боюнча зыяндын ордун толтуруунун ага эсептелген суммасы анын банктагы эсебине которулат же болбосо үй-бүлө мүчөсүнө же мыйзамдуу өкүлүнө берилет.
45-берене. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоого кетүүдө зыяндын ордун толтурууну төлөө
Эгерде зыяндын ордун толтуруу дайындалган адам Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоого чыгып жатса, ага зыяндын ордун толтуруунун дайындалган суммасы Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде аныкталган тартипте төлөнүп берилет.
46-берене. Зыяндын ордун толтуруунун эсебине алынган суммаларды кайра өндүрүп алууну чектөө
1. Жабырлануучуларга зыяндын ордун толтуруу эсебине же жабырлануучу каза болгондугуна байланыштуу зыяндын ордун толтурууга укугу бар адамдар тарабынан алынган суммалар, эгерде аларды төлөө жөнүндө чечим кызыкдар адамдар тарабынан берилген жасалма документтердин же билип туруп берилген жалган маалыматтардын негизинде кабыл алынган шартта, ошондой эле эсептөөдөн ката кеткен же болбосо зыяндын ордун толтурууга суммалардын өлчөмүн аныктоого таасир этүүчү маалыматтар жашырылган учурда иш берүүчү тарабынан кайра өндүрүп алынышы мүмкүн.
2. Зыяндын ордун толтурууга туура эмес алынган суммаларды кайра өндүрүп алуу иш берүүчү тарабынан Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында белгиленген кепилдиктерди сактоо менен жүзөгө ашырылат.
3. Зыяндын ордун толтурууга суммаларды төлөө токтотулган учурда калган карыз сот тартибинде өндүрүлөт.
47-берене. Сөөк коюуга кеткен чыгымдардын ордун толтуруу
Жабырлануучу каза болгондугунан улам келтирилген зыян үчүн жооптуу иш берүүчү сөөк коюуга зарыл болгон чыгымдардын ордун аталган чыгымдарды тарткан адамга толтуруп берүүгө милдеттүү. Чыгымдардын өлчөмү тараптардын макулдашуусу боюнча же сот тарабынан аныкталат.
48-берене. Зыяндын ордун толтуруу жөнүндө иштерди сактоо
1. Зыяндын ордун толтурууну дайындоо жөнүндө иш берүүчүнүн буйругу (тескемеси, токтому), соттун чечими, зыяндын ордун толтурууну дайындоо жөнүндө жабырлануучунун жана башка кызыкдар жактардын арызы бардык зарыл болгон документтер менен бирге иш берүүчү тарабынан ар бир алуучуга өзүнчө иште сакталат.
2. Зыяндын ордун толтурууга суммаларды төлөө мезгилинде жабырлануучулардын аларга зыяндын ордун толтурууну дайындоо жөнүндө иштери иш берүүчүнүн бухгалтериясында сакталат.
3. Зыяндын ордун толтуруу суммаларын төлөө токтотулгандан 2 жыл өткөндөн кийин аталган иштер иш берүүчү тарабынан мамлекеттик архив органдарына туруктуу сактоого берилет.
6-глава. Эмгекти коргоо талаптарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
49-берене. Эмгекти коргоо талаптарына ылайык келбеген продукцияны чыгаргандыгы жана бергендиги үчүн уюмдардын жоопкерчилиги
Эмгекти коргоо талаптарына жооп бербеген продукцияны чыгаруучу жана берүүчү уюмдар керектөөчүлөргө келтирилген зыяндын ордун Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык толтурат.
50-берене. Эмгекти коргоо талаптарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
Эмгекти коргоо талаптарынын бузулушуна күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик тартат.
51-берене. Эмгекти коргоо талаптарын бузуунун натыйжасында уюмдардын же алардын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишин токтотуп туруу
1. Эгерде уюмдардын же алардын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн иши, жабдууларды эксплуатациялоо кызматкерлердин өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирген эмгекти коргоо талаптарын бузуу менен жүргүзүлсө, аталган иш жана эксплуатациялоо эмгекти коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жазма буйруктарына ылайык, анын ичинде кесиптик бирликтердин органдарынын сунушу боюнча аталган бузуулар четтетилгенге чейин токтотула турат.
2. Эмгекти коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кабыл алынган чечимдер сот тартибинде даттанылат.
3. Даттануу сот тартибинде чечим кабыл алынганга чейин жазма буйруктардын аткарылышын токтотуп турбайт.
52-берене. Эмгекти коргоо талаптарын бузуунун натыйжасында уюмду жоюу же анын түзүмдүк бөлүмүнүн ишин токтотуу
Эмгек шарттарынын мамлекеттик экспертизасынын корутундусу бар болгондо, эмгекти коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунуштамасы боюнча соттун чечими менен уюм жоюлушу же болбосо анын түзүмдүк бөлүмүнүн иши токтотулуп турушу мүмкүн.
7-глава. Корутунду жоболор
53-берене. Корутунду жоболор
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) "Эмгекти коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 1-августундагы № 167 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 11, 508-ст.);
2) "Эмгекти коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 17-апрелиндеги № 127 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 4, 349-ст.);
3) "Эмгекти коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-октябрындагы № 149 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 9, 782-ст.);
4) "Эмгекти коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 26-июлундагы № 142 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 7, 860-ст.).
3. Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2026-жылдын 22-апрелинде |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |