Загрузка документа…
ШУМКАР-УЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шумкар-Уя айылдык кеңешинин II– чакырылышынын кезектүү
V -сессиясы
2026-жылдын 28-майы № 40
“Черди” өзөнүндөгү жана “Тай-Жорго” тоосундагы эс алуучу жайларды бириктирүү менен “Черди Алтын бешик” муниципалдык ишканасын түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин 51-беренесинин Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Черди” өзөнүндө жана “Тай-Жорго” тоосунда курулуп жаткан эс алуучу жайлары бириктирилип, алардын базасында “Черди Алтын бешик” муниципалдык ишканасы түзүлүүсүнө макулдук берилсин.
2. “Черди Алтын бешик” муниципалдык ишканасы юридикалык мамлекеттик каттоодон өткөрүлүп жана иштеп чыккан уставы белгиленген тартипте бекитилсин.
3. Ишкананын алгачкы ишмердүүлүгүн баштоо, материалдык-техникалык базасын түзүү, кызматтык унаа сатып алуу, кеңсе жабдууларын алуу, аймакты көрктөндүрүү жана башка зарыл чыгымдары үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 10 000 000 (он миллион) сом өлчөмүндө акча каражаты бөлүнүп берилсин.
4. Токтом кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Токтомду аткаруу жагы Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Кыдыралиевге милдеттендирилсин.
Төрага |
| А.Борукеев |