Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 9-апрели № 379-VIII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 9-апрелиндеги жыйналышынын
күн тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м к ы л а т:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 9-апрелиндеги жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:
«Которулма жана жөнөкөй векселдерге бирдиктүү мыйзам белгилеген Конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулушу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
«Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
«Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
«Товардык биржалар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
«Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
«Климаттык ишмердүүлүк жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
«2025-жылдын 31-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну («Кемин» көмөк чордону менен «Балыкчы» жаңы көмөк чордонунун ортосунда 500 кВ аба электр берүү чубалгысын куруу долбоору) жана Кыргыз Республикасы, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коому менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну («Кемин» көмөк чордону менен «Балыкчы» жаңы көмөк чордонунун ортосунда 500 кВ аба электр берүү чубалгысын куруу долбоору) ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
«2025-жылдын 14-октябрында Вашингтон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну («Келечек үчүн билим берүү» долбоору үчүн 4 360 000 (төрт миллион үч жүз алтымыш миӊ) АКШ доллары суммасындагы кошумча каржылоо) жана Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Гранттык техникалык жардам жөнүндө макулдашуу-катты («Келечек үчүн билим берүү» долбоору үчүн 2 000 000 (эки миллион) АКШ доллары суммасындагы кошумча каржылоо) ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
«2025-жылдын 30-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Өзгөчө кырдаал учурларында каржылоо (Атайын операциялар) (Кырсык учурларында жардам көрсөтүүнү көп деңгээлдүү каржылоо программасы)» компоненти боюнча грант жөнүндө макулдашууну, Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Табигый кырсык болгон учурларга карата облигацияларды чыгаруу (Атайын операциялар) (Кырсык учурларында жардам көрсөтүүнү көп деңгээлдүү каржылоо программасы)» компоненти боюнча грант жөнүндө макулдашууну жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Өлкө менен кызматташуу (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин табигый кырсык учурларындагы тобокелдиктеринин бир бөлүгүн өткөрүп берүү боюнча транзакциялардын сериясынын түзүмү жана ишке ашыруу) жөнүндө катты ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирлери тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө;
«Гендердик теңчилик маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө;
«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу;
«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
| М.А. Маматалиев |