Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 29-апрели № 452-VIII
«Үйлөрдү башкаруунун ачык-айкындуулук маселелери боюнча
айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун
биринчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м к ы л а т:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д.Д. Бекешев, А.А. Джалилов тарабынан демилгеленген «Үйлөрдү башкаруунун ачык-айкындуулук маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери жогоруда аталган мыйзам долбооруна карата өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен 10 жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетине жана бир эле учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматтарына жөнөтсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитети жогоруда аталган мыйзам долбоорун келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды, түзөтүүлөрдү эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын биринчи орун басары |
| М.К. Алиев |