Редакцияот 16.04.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨМӨНКҮ-ЧҮЙ АЙЫЛ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

I- чыгарышлыштын 17-кезектүү сессиясы

 

2026-жылдын 16-апрели № 16

 

Айыл чарба жерлердин мамлекеттик фондунун жерлерди ижара акысынын өлчөмү бекитүү

 

"Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралу типтүү» жобо тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 Токтомунун 22-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрыындагы № 309 Токтомунун, Кыргыз Республикасынын айыл чарба Министрлинин 2022-жылдын 19-сентябрь № 329-НИ "Айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фонду үрөнчүлүк, асыл тукум чарбаларына жана айыл чарба кооперативдерине берүү тартибин бекитүү тууралуу" буйругуна ылайык жана жер комиссиясынын баяндамасынын негизинде, айылдык кеңеши Токтом кылат:

1. Айыл чарба жерлердин мамлекеттик фондунун жерлерди ижара акысынын өлчөмү бекитилсин

·         610,5*30= 18315 сом-сугат жерлер төмөндөгү контурларга тиешелүү:

№ 273,293, 55.

·         610,5*20= 12210 сом -сугаруу кыйын жерлерлер төмөндөгү контурларга тиешелүү: № 328.

·         610,5*10=6105 сом - сугаруунун жоктогу жерлер төмөндөгү контурларга тиешелүү: № 419,417,434,229,715,264,411, 19, 44.

·         100,8*30=3024 сом-кайрак жерлер төмөндөгү контурларга тиешелүү: № 796,214

2. Төмөнкү-Чуй айылдык Кеңештин 2025-жылдын 13-майындагы № 22 Токтом күчүн жоготту деп табылсын.

3. Токтомду каттоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чуй облустук Юстиция министрлигинин каттоосунан өткөрүлсүн;

4. Бул токтомдун аткарылышын Төмөнкү-Чуй айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

Ж.Ш. Азизов