Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 8-июну № 401
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 23-августундагы № 522 «Каттоосуз ташып келүүгө жана медициналык колдонууга убактылуу уруксат берилген дары препараттарынын жана медициналык буюмдардын атайын тизмегин түзүү тартибин жана дары препараттарын жана медициналык буюмдарды чыгаруу, киргизүү критерийлерин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдарынын каттоосуз ташып келүүгө жана медициналык колдонууга убактылуу уруксат берилген дары препараттарына жана медициналык буюмдарга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 23-августундагы № 522 «Каттоосуз ташып келүүгө жана медициналык колдонууга убактылуу уруксат берилген дары препараттарынын жана медициналык буюмдардын атайын тизмегин түзүү тартибин жана дары препараттарын жана медициналык буюмдарды чыгаруу, киргизүү критерийлерин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Каттоосуз ташып келүүгө жана медициналык колдонууга убактылуу уруксат берилген дары препараттарынын жана медициналык буюмдардын атайын тизмегин түзүү тартибинде жана дары препараттарын жана медициналык буюмдарды чыгаруу, киргизүү критерийлеринде:
– 2-пункттун биринчи абзацында, 5-пунктта «мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдары» деген сөздөр «менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдары» деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |