Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 10-июну № 406
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 «Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Заманбап маалыматтык системаларды киргизүүнү жана салыктык башкаруу процесстерин санариптештирүүнү эске алуу менен салык кызматынын органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, түзүмүн жана штаттык санын оптималдаштыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 «Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
– 197-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«
197
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы | 2924
| 361
|
| анын ичинде: |
|
|
| борбордук аппараты | 408 | 42 |
| аймактык жана функционалдык бөлүмдөрү | 2345 | 316 |
| ведомстволук бөлүмдөрү | 171 | 3 |
».
2. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 10-июлунан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |