Редакцияот 21.04.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН (КЕЗЕКТЕГИ X1X СЕССИЯ)

2026-жылдын 21-апрели №14

 Раззаков шаардык Кеңешинин токтомдоруна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө.

 

Раззаков шаардык Кеңешинин токтомдоруна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштарды угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамынын 17-беренесине ылайык Раззаков шаардык Кеңеши токтом кылат:

                                                   

  1. Раззаков шаардык Кеңешинин 2025-жылдын 23-сентябрындагы №8 токтому менен бекитилген №1 тиркемесинин 17-пунктундагы “адис” деген сөздүн орду “техникалык кызматкер” жана ушул эле пункттун штаттык санындагы “2” деген сөз “8” деген сөздөр менен өзгөртүлүп толуктоолор киргизилсин.

 

  1. Раззаков шаардык Кеңешинин 2024-жылдын 27-ноябрындагы №6 токтому менен бекитилген тиркемесинин 4-бөлүмүнүн 5-пунктундагы “Джоошбаев Таир Нарбутаевич” деген сөздүн ордуна “Акбаров Уткирбек Устабабаевич” жана 5-бөлүмүнүн 4-пунктундагы “Якубжанов Жавлонбек Абдикаимович” деген сөздүн ордуна “Илашов Сохибжон Ахматович” деген сөздөр менен өзгөртүлүп толуктоолор киргизилсин.

 

  1. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.razzakov.gov.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

  1. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык Кеңешинин Кеңешинин мыйзамдуулук, башкаруу, жаштар, спорт, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен  иштөө боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

 

Төрага

С.А.Саматов