РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН (КЕЗЕКТЕГИ X1X СЕССИЯ)
2026-жылдын 21-апрели №15
Раззаков шаарынын муниципалдык мал базарынын аймагына кирген автоунаалардан алынуучу баанын өлчөмүн бекитүү жөнүндө.
Раззаков шаарынын мэриясынын “Раззаков шаарынын муниципалдык мал базарынын аймагына кирген автоунаалардан алынуучу баанын өлчөмүн бекитүү жөнүндө” сунушун угуп жана талкуулап «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27- жана 34-беренелерине ылайык Раззаков шаардык Кеңеши токтом кылат:
- Раззаков шаарынын муниципалдык мал базарынын аймагына кирген жүк ташуучу автоунаалардан 50сом, жеңил автоунаалардан 20сом өлчөмүндө, ал эми мал базардын ичине кирген жүк көтөрүмдүүлүгу 4тоннадан ашкан жүк тащуучу автоунааларга 250сом, жүк көтөрүмдүүлүгу 4тоннага чейинки жүк ташуучу автоунааларга 150сом жана жеңил автоунааларга 100сом өлчөмүндө бекитилсин.
- Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.razzakov.gov.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык Кеңешинин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | С.А.Саматов |