Редакцияот 24.04.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 А.МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

А.Масалиев айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы

 

2026-жылдын 24-апрели № 31

    А.Масалиев айылдык өкмөт аймагында жеке турак жайынан соода -  сатык үчүн жер тилкесин ажыратып иштетүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

 

А.Масалиев айылдык кенешинин  айыл чарбасы жана  мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссияларынын  билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын  “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык А.Масалиев айылдык кеңеши токтом кылат:

 

  1. А.Масалиев айыл өкмөт аймагынын тургундары жеке турак жайынан  соода-сатык жүргүзүүдө өз жерлеринен ажыратып иштетүүсүнө макулдук берилсин.

 

  1. Жеке турак жайдан соода-сатык жүргүзүүдө санитардык, архитектуралык жана жер мыйзамдарынын талаптары так сакталсын.

 

  1. Бул багыттагы иштерди жөнгө салуу жана көзөмөлдөө айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

 

4. Токтом реестрге кирген күндөн тартып күчүнө кирет.

 

5.      Токтом А.Масалиев айыл өкмөтүнүн masaliev-ao.gov.kg расмий сайтына жарыяланып мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Баткен областык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

6.   Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  А.Масалиев айылдык  кеңешинин айыл чарбасы, мыйзамдуулук жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.

 

 

 

Төраганын орун басары

 

А.Койчукулов