Редакцияот 24.04.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 А.МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

А.Масалиев айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы

 

2026-жылдын 24-апрели № 34

    А.Масалиев айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын бюджетине өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү жөнүндө

 

А.Масалиев айылдык кенешинин  бюджет боюнча   туруктуу комиссиясынын  билдирүүсүн угуп жана талкуулап, А.Масалиев айыл өкмөтүнүн 2026-жылга бекитилген бюджетин тактоо максатында, киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү зарылдыгын эске алынып Кыргыз Республикасынын  “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык А.Масалиев айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. А.Масалиев айыл өкмөтүнүн 2026-жылга карата бекитилген бюджетине өзгөртүү жана толуктоолор тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бюджеттин киреше бөлүгүнө кошулган кошумча каражат 16 500 000 (он алты миллион беш жүз миң) сом  бекитилсин.

3. Кошумча бекитилген каражат айыл аймактагы айылдардын инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана жолдорду оңдоого жумшалсын.

4. Күйүүчү майга бөлүнгөн акча каражаты айылдарда техника менен жүргүзүлгөн жумуштарга жумшалсын.

5. Бюджеттик каражаттар максаттуу жана натыйжалуу пайдаланылсын.

6. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

7. Токтом реестрге кирген күндөн тартып күчүнө кирет.

 

8.      Токтом А.Масалиев айыл өкмөтүнүн masaliev-ao.gov.kg расмий сайтына жарыяланып мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Баткен областык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

9.   Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  А.Масалиев айылдык  кеңешинин бюджет  боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төраганын орун басары

 

А.Койчукулов

 

 

А.Масалиев айылдык кеңешинин

2026-жылдын 24-апрелиндеги №34

токтомуна №1 тиркеме

 

 

                     А.Масалиев айыл өкмөтүнүн 2026-жылга бюджетине өзгөртүү жана толуктоолор 

 

Киреше бөлугү:

 

 

 № к/н

Кирешенин түрлөрү

беренеси

 мин.сом

1

Киреше салыгы

11111100

15000,0

2

Калктуу конуштардын жерлери жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу

11321300

1500,0

 

 жалпы кирешенин жыйынтыгы

 

16500,0

 

 

 

 

 

Чыгаша бөлүгү:

 

 

 № к/н

Аталышы

беренеси

 мин.сом

1

Аппарат

 

416,5

2

Мүлктү учурдагы ондоого

2221

200,0

3

Резервдик фонд

2824

16,5

4

башка механизмдерди жана жабдууларды сатып алуу

3112

200,0

5

ЖКХ

 

16083,5

6

КҮЙҮҮЧҮ МАЙ

2214

200,0

7

ар түрдүү чыгымдар үчүн ( ген план төлөмү, архиттектура төлөмү, Исфайрам футбол клубуна, иш чараларга медал жана белектерди алууга)

2215

2800,0

8

Мүлктү учурдагы ондоого

2221

2500,0

9

айылдарга

3111

9000,0

10

башка механизмдерди жана жабдууларды сатып алуу

3112

1583,5

 

Жалпы

 

16500,0

 

 

Бөлүм башчы:                                                                            М.Исажанов