А.МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
А.Масалиев айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы
2026-жылдын 24-апрели № 37
А.Масалиев айыл аймагындагы “Исфайрам” муниципалдык ишканасынын алдындагы жайыт тармагына жайкы жана күзгү жайыт мезгилинде малдарды чыгаруу үчүн тарифтерди бекитип берүү жөнүндө
А.Масалиев айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык А.Масалиев айылдык кеңеши токтом кылат:
- А.Масалиев айыл аймагынын тургундары үчүн жайыт акысы майда мал 40 сом, бодо мал 200 сом, жылкы 300 сом, башка айыл аймактан келген малдарга эки эсе тарифте алынсын жана жайытта мал багуу тоют үчүн 1 сотиги 40 сом, короо сарай бастырмага 1м-кв 5 сом болуп бекитилсин.
- Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасына жүктөлсүн.
3. Токтом реестрге кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Токтом А.Масалиев айыл өкмөтүнүн masaliev-ao.gov.kg расмий сайтына жарыяланып мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Баткен областык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы А.Масалиев айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары |
А.Койчукулов |