Редакцияот 24.04.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 А.МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

А.Масалиев айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы

 

2026-жылдын 24-апрели № 40

 А.Масалиев айыл өкмөт аймагындагы С.Айни атындагы жалпы билим берүү мектебинин жер аянтынан “Акылай”  мектепке чейинки билим берүү уюмуна жаңы имарат салуу үчүн 0,45 га жер тилкесин ажыратып берүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

 

А.Масалиев айылдык кеңешинин айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап,  Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык  А.Масалиев айылдык кеңеши токтом кылат:

 

  1. А.Масалиев айыл аймагынын Таш-Какыр  айылындагы “Акылай ” мектепке чейинки билим берүү уюмуна жаңыдан курулуучу имаратына муниципалдык менчикте турган С.Айни атындагы жалпы билим берүү мектебинин жалпы 28553,0 ч.м  жер аянтынан 4500 ч.м   жер аянтын ажыратып берүүгө макулдук берилсин. 

 

  1. Жер тилкесине тиешелүү иш кагаздарын мыйзам талаптарына ылайык бүткөрүү жагы айыл өкмөтүнүн тийиштүү кызматкерине жүктөлсүн.

 

  1. “Акылай” мектепке чейинки билим берүү уюмунун жаңы имаратын куруу максатында республикалык, эл аралык фонддорго, донордук уюмдарга жана инвесторлорго кайрылуу аркылуу инвестиция тартуу боюнча иштерди жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

4.   Бала бакчанын жаңы имаратын куруу үчүн долбоордук-сметалык документтерди даярдоо жана каржылоо булактарын аныктоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлсүн.

 

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  А.Масалиев айылдык кеңешинин айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

    

 

Төраганын орун басары

 

А.Койчукулов