Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КУРУЛУШ, АРХИТЕКТУРА ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБА МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2026-жылдын 4-июну № 120-нпа
КР КЧ 20-03:2026 «Сейсмикалык изоляциялоо системалары. Негизги жоболор» Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдерин бекитүү жөнүндө
Жер титирөөлөрдө адамдардын өмүрүн коргоо, жер титирөөлөрдөн келтирилген зыянды чектөө, ошондой эле калктын жарандык коргонуусу үчүн маанилүү болгон имараттардын жана курулмалардын эксплуатациялык сапаттарынын сакталышын камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомун жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-апрелиндеги № 221 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги жөнүндө (мындан ары – Курулуш министрлиги) жобону жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдери КР КЧ 20-03:2026 «Сейсмикалык изоляциялоо системалары. Негизги жоболор» тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө» токтомуна ылайык, ушул буйрукту расмий жарыялоо боюнча чараларды көрсүн.
- расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде бул буйруктун көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада, кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө, аталган буйруктун жарыяланган булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн;
- бул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жөнөтүлсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
4. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Министр |
| Н.К. Орунтаев |