Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 9-июну № 404
Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын
жана калкын 2026/2027-жылдардын күз-кыш
мезгилине даярдоо жөнүндө
Экономика тармактарын жана калкты электр, жылуулук энергиясы жана отун ресурстары менен камсыз кылуу, министрликтерди, административдик ведомстволорду, мамлекеттик комитетти, республиканын региондорун 2026/2027-жылдардын күз-кыш мезгилинен өтүүгө өз убагында даярдоо максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Министрликтер, административдик ведомстволор, мамлекеттик комитет, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана макулдашуу боюнча: жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жылуулук менен камсыздоочу ишканалар, «Кыргызкөмүр», «Электр станциялары», «Кыргызстан улуттук электр тармагы», «Кыргыз энергетикалык эсептөө борбору», «Чакан ГЭС», «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коомдору (мындан ары – ААК), «Газпром Кыргызстан» жоопкерчилиги чектелген коому (мындан ары – ЖЧК) белгиленген тартипте:
1) 1–20-тиркемелерге ылайык электр энергиясын керектөөнүн жана кубаттуулуктун лимиттерин, графиктерди жана тапшырмаларды аткарууну камсыз кылсын;
2) эки жумалык мөөнөттө 2025/2026-жылдардагы күз-кыш мезгилинен өтүүнүн жыйынтыктарын эске алуу менен күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча уюштуруу-техникалык иш-чараларын иштеп чыксын;
3) бир жумалык мөөнөттө облустарда, Бишкек жана Ош шаарларында 2026/2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдыктын жүрүшүнө ай сайын мониторинг жүргүзүү үчүн күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча туруктуу иштеген штабдарды түзсүн;
4) жылытуучу отканалардын жана отун-энергетика комплексинин ишканаларынын алдыдагы күз-кыш мезгилинде иштөөгө даярдыгын текшерүү боюнча Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Энергетикалык көзөмөл кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын өкүлдөрүнүн милдеттүү катышуусу менен тиешелүү жумушчу комиссиялардын төрагаларына комиссиялардын ишин уюштуруу, ошондой эле комиссия мүчөлөрүнө текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн мөөнөттөрү, орду жана убактысы жөнүндө текшерүү башталган датага чейин эки жумадан кечиктирбестен жазуу жүзүндө кабарлоо үчүн жоопкерчилик жүктөп жумушчу комиссияларды түзсүн;
5) 2026-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө бюджеттик уюмдар үчүн отун ресурстарын мамлекеттик сатып алуу боюнча чараларды көрсүн жана аны берүүгө келишимдерди түзсүн;
6) отун-энергетикалык ресурстарды керектөөдө чыгымдарды азайтуу үчүн энергияны үнөмдөө жана энергиянын натыйжалуулугун жогорулатуу саясатын ишке ашыруу боюнча туруктуу негизде чараларды көрүп турсун;
7) жалпыга маалымдоо каражаттарын тартуу менен электр энергиясын үнөмдөө, күз-кыш мезгилине отунду өз убагында даярдоо зарылдыгы жөнүндө калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү камсыз кылсын;
8) мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өндүрүштүк жана административдик имараттарында жумуштан тышкаркы убакытта ашыкча энергия жоготууларын кыскартуу максатында жарыктандыруу жана кондиционерлерди иштетүү үчүн электр энергиясын колдонууга тыюу салсын;
9) ай сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен ушул токтомдун аткарылышы жөнүндө маалыматты, анын ичинде көмүр сатып алуу, отун даярдоо боюнча пландуу тапшырмаларды аткаруу, отун базаларын жана көмүрдүн рыноктук бааларын көрсөтүү менен көмүр сатуу пункттарын түзүү жөнүндө маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине берип турсун.
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине маалыматтарды берүү жана анын аныктыгы үчүн жоопкерчилик тиешелүү министрликтердин, административдик ведомстволордун, мамлекеттик комитеттин, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана Кыргыз Республикасынын отун-энергетикалык комплексинин ишканаларынын жетекчилерине жүктөлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча) белгиленген тартипте:
1) 2026-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө 2026/2027-жылдардын алдыдагы күз-кыш мезгилине карата көмүр менен камсыз кылуунун ар айлык графигин аныктоо менен айыл аймактары жана шаарлар, социалдык жана бюджеттик мекемелер боюнча калктын көмүргө болгон муктаждыгынын зарыл көлөмүн аныктасын;
2) 2026-жылдын 15-июлуна чейинки мөөнөттө тиешелүү муниципалдык жер тилкелерин бөлүп берсин жана көмүрдү талаптагыдай кампага коюп, сактоо үчүн милдеттүү түрдө бастырма курулмаларын салуу жана башка зарыл инженердик-техникалык шарттарды түзүү менен социалдык отун базаларын уюштурсун.
Отун базасы үчүн бөлүнгөн жер тилкелеринин даректерин жана көмүрдү сатууга жооптуу адамдарды көрсөтүү менен алардын тизмесин «Кыргызкөмүр» ААКка берсин;
3) 2026-жылдын 1-августунан тартып жергиликтүү көмүр казуучу компаниялар менен биргеликте социалдык отун базаларында көмүрдүн запастарын калыптандыруу жана алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү үчүн социалдык жана бюджеттик мекемелерди катуу отун менен камсыз кылуу боюнча иштерди уюштурсун;
4) калкты көмүр менен камсыз кылууну биринчи кезектеги тартипте тиешелүү административдик аймакта жайгашкан жана өзүнүн ишин жүргүзгөн кен чыккан жерлерден жүзөгө ашырсын.
3. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык түзүлгөн жылуулук менен камсыздоочу ишканалардын отун ресурстарын берүүчүлөрүн тандоо боюнча конкурстук комиссиялар (макулдашуу боюнча) 2026/2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жана өтүү мезгилине Кыргыз Республикасынын аймагында казып алынган жагылуучу мазутту жана көмүрдү берүү боюнча конкурстарга катышууда «Кыргызнефтегаз» ААК жана «Кыргызкөмүр» ААК үчүн Кыргыз Республикасында салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө боюнча карызы жөнүндө маалымат берүү талабын убактылуу алып салсын.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы белгиленген тартипте:
1) 2026-жылдын 15-июнуна чейинки мөөнөттө «Кыргызкөмүр» ААК тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары менен биргеликте берилген тизмеге ылайык «Бишкек жылуулук электр борбору» муниципалдык ишканасына (мындан ары – «Бишкек ЖЭБ» МИ) жана жылуулук менен камсыздоочу ишканаларга көмүр берүүчү Кыргыз Республикасынын көмүр казуучу компанияларынын көмүрүнө бааларды белгилесин;
2) 2026-жылдын 15-июнуна чейинки мөөнөттө «Кыргызкөмүр» ААК жана жылуулук менен камсыздоочу ишканалар тарабынан берилген маршруттар боюнча күйүүчү-майлоочу жана башка чыгымдалуучу материалдардын наркы өзгөргөн (көбөйгөн же азайган) учурда аларды кайра багыттоону эске алуу менен жана кайра карап чыгуу (кайра бекитүү) укугу менен көмүрдү жана мазутту автотранспорт каражаттары менен ташуунун бааларын белгилесин;
3) 2026-жылдын 15-июнуна чейинки мөөнөттө «Кыргызкөмүр» ААК тарабынан берилген материалдарга (эсептөөлөргө) ылайык Балыкчы шаарындагы жүктөө-түшүрүү аянтында көмүрдү темир жол транспортуна кайра жүктөө боюнча көмүр казуучу ишканалардын бардык катышуучуларына карата колдонулуучу кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын белгилесин;
4) «Кыргызнефтегаз» ААК үчүн «Бишкек ЖЭБ» МИ, «Ош шаарынын жылуулук электр борбору» муниципалдык ишканасына жана жылуулук менен камсыздоочу ишканаларга берүү үчүн «М-100» маркасындагы жагылуучу мазуттун баасын белгилесин;
5) көмүр казуучу компаниялардын көмүр казып алууга кеткен чыгымдары өзгөргөн (көбөйгөн же азайган) учурда, ушул токтом менен белгиленген бааларды (кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын) кайра карап чыксын;
6) ушул токтомдо белгиленген бааларды (кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын) түзүүнүн жана колдонуунун тууралыгына мамлекеттик контролдоону жүргүзсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча) жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы калк үчүн көмур берүүнү жургүзүүчү отун базаларында жана сатуу пункттарында көмүрдүн баасынын өсүшүнө жол бербесин.
6. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары тарабынан киргизилген сунуштарга мониторинг жана талдоо жүргүзүүнүн жыйынтыктары боюнча көмүрдүн баасына убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө чечимди белгиленген тартипте кабыл алсын.
7. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги ай сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен облустар боюнча жергиликтүү көмүр казуучу ишканалар тарабынан казып алынган көмүрдүн көлөмү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине берип турсун.
8. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги «Кыргыз Республикасынын 2026-жылга жана 2027–2028-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган каражаттардын чегинде республиканын бийик тоолуу шарттарында жана алыскы барууга кыйын зоналарында жашаган адамдарга компенсациялык каражаттарды өз убагында бөлүп берүүнү камсыз кылсын.
9. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги:
1) Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы менен биргеликте белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасы тарабынан «Б» маркасындагы бир тонна көмүрдү калк үчүн «Балыкчы» темир жол станциясынан «Токмок», «Кант», «Аламүдүн», «Бишкек-1» темир жол станцияларына, ошондой эле «Бишкек ЖЭБ» МИ үчүн «Аламүдүн» темир жол станциясына ташуу үчүн 2026-жылдын 1-июлунан тартып 2027-жылдын 1-июлуна чейинки мезгилге бардык кошумча жыйымдарды эске алуу менен (кошумча нарк салыгын эсепке албаганда) 750 (жети жүз элүү) сом өлчөмүндөгү фиксацияланган тарифти белгилесин;
2) «Балыкчы» станциясынан «Шопоков», «Беловодское», «Кара-Балта», «Кайыңды» станцияларына чейин «Кыргызкөмүр» ААКтын дарегине калк үчүн «Б» маркасындагы бир тонна көмүр ташуу үчүн тарифтик колдонмонун ставкаларына (экспорттук, импорттук, транзиттик жана республика ичиндеги жүктөрдү ташуу тарифтерине) 0,75 коэффициентин 2026-жылдын 1-июлунан тартып 2027-жылдын 1-июлуна чейинки мезгилде колдонсун;
3) белгиленген жол-жобого ылайык республика ичиндеги каттамда көмүрдү ташууда, анын ичинде калк жана жылуулук менен камсыздоочу ишканалар үчүн ташууда ата мекендик көмүр казуучу компаниялардын жана «Бишкек ЖЭБ» МИнин жүк жөнөтүүчүлөрүн жана жүк алуучуларын вагондордун токтоп турушу үчүн айып пулдарды жана жүктү сактоо үчүн жыйымды, кызмат көрсөтүүлөрдү өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн туумдарды эсептөөдөн бошотсун.
10. Тиешелүү министрликтер, административдик ведомстволор, мамлекеттик комитет, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) белгиленген тартипте:
1) 2026-жылдын 20-июнуна чейинки мөөнөттө бюджеттик керектөөчүлөрдүн отун-энергетика комплексинин ишканаларына электр, жылуулук энергиясы, жаратылыш газы, көмүр жана жагылуучу мазут үчүн карыздарын төлөсүн;
2) керектелген электр жана жылуулук энергиясы, жаратылыш газы, көмүр жана жагылуучу мазут үчүн өз убагында толук көлөмдө төлөөнү камсыз кылсын;
3) ар бир уюмга электр энергиясын керектөөнүн жана кубаттуулуктун лимиттерин жеткирсин;
4) электр энергиясын керектөөнүн жана кубаттуулуктун белгиленген лимиттерин милдеттүү түрдө сактоо үчүн контролдоону жана чараларды көрүүнү камсыз кылсын;
5) 2026/2027-жылдардын күз-кыш мезгили башталганга чейин электр от казандарын энергиянын альтернативдүү булактарын (көмүр, газ, борборлоштурулган жылытуу) пайдаланууга өткөрүүнү камсыз кылсын;
6) Токтогул суу сактагычында суунун топтолушуна байланыштуу түзүлгөн кырдаал жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу калк жана бизнес-түзүмдөр арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө энергетикалык компанияларга көмөк көрсөтсүн;
7) энергетикалык компаниялар тарабынан электр энергиясын берүүнү токтотууну, анын ичинде аба жана кабелдик электр берүү линияларынын корголуучу зоналарында бак-дарактардын жаш бутактарын кыюуну талап кылган оңдоо иштерин жүргүзүүнү өз убагында макулдашууга көмөк көрсөтсүн;
8) 2026/2027-жылдардын күз-кыш мезгилинде түзүлгөн келишимдерге ылайык стационардык отун базаларына жана көмүр сатуу пункттарына калк үчүн көмүрдү толук көлөмдө жеткирүүнү камсыз кылсын жана зарыл болгон учурда калктуу конуштарда кошумча отун базаларын түзсүн;
9) «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын (мындан ары – «КУЭТ» ААК) суроо-талабы боюнча жаңы жогорку вольттуу подстанцияларды жана электр берүү линияларын куруу үчүн жер тилкелерин берүүгө көмөк көрсөтсүн.
11. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы чектеш мамлекеттердин (Казакстан Республикасы, Тажикстан Республикасы жана Өзбекстан Республикасы) аймагы боюнча өтүүчү электр берүү линияларын жана магистралдык газ түтүктөрүнүн объекттерин пландык же авариялык оңдоо жүргүзүү зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу оңдоо-техникалык персоналды, технологиялык жабдууларды жана шаймандарды өткөрүүгө белгиленген тартипте көмөк көрсөтсүн.
12. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду жана «Мамлекеттик финансылык холдинг» ААК (макулдашуу боюнча) күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жана өтүү убагында калкты электр, жылуулук энергиясы жана (же) отун ресурстары менен камсыздоого тартылган уюмдардын алыш-бериш эсептерин жабуу жөнүндө чечимдерди кабыл албасын.
13. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги энергетикалык компаниялар менен биргеликте белгиленген тартипте:
1) республиканын керектөөчүлөрүн электр менен ишенимдүү камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн жана 1–20-тиркемелерде көрсөтүлгөн электр энергиясын керектөөнүн жана кубаттуулуктун белгиленген лимиттеринин, графиктердин жана тапшырмалардын керектөөчүлөр тарабынан сакталышын катуу контролдоону камсыз кылсын;
2) 2026/2027-жылдардын жылытуу сезону башталганга чейин энергетикалык жабдууларды жана тармактарды оңдоо иштерин аяктасын.
14. Төмөнкүлөр үчүн жеке жоопкерчилик жүктөлсүн:
1) 2026/2027-жылдардын күз-кыш мезгилине талаптагыдай даярдык көрүү, өткөрүү, керектөөчүлөрдү энергетикалык ресурстар менен ишенимдүү үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн – Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин жетекчилерине, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларына, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине, «Электр станциялар» ААКтын, «КУЭТ» ААКтын, «Чакан ГЭС» ААКтын жана жылуулук менен камсыздоочу ишканалардын жетекчилерине;
2) электр энергиясын керектөөнүн жана кубаттуулуктун белгиленген лимиттерин аткаруу үчүн – Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, айыл өкмөттөрүнүн башчыларына, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин, «КУЭТ» ААКтын жана «Кыргыз энергетикалык эсептөө борбору» ААКтын жетекчилерине;
3) энергетикалык жабдууларды оңдоо-калыбына келтирүү иштеринин сапаты жана өз убагында жүргүзүлүшү үчүн – Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин, «КУЭТ» ААКтын, «Электр станциялар» ААКтын, «Чакан ГЭС» ААКтын, жылуулук менен камсыздоочу ишканалардын жетекчилерине, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларына, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине;
4) электр жана жылуулук энергиясы жана жаратылыш газы үчүн төлөмдөрдүн мөөнөтүнөн кечиктирилиши үчүн – бюджеттик уюмдардын жетекчилерине.
15. Бишкек шаарынын мэриясына төмөнкүлөр сунушталсын:
1) «КУЭТ» ААКтын борбордук диспетчердик кызматы менен макулдашуу боюнча жана анын сунуштарын эске алуу менен «Бишкек ЖЭБ» МИ жүктөмдөрүн көтөрүү үчүн жабдуулардын курамын түзүү;
2) «КУЭТ» ААК менен макулдашылган электр станцияларында активдүү кубаттуулукту көтөрүүнүн сааттык суткалык графигин аткаруу;
3) 2026-жылдын 1-октябрына чейинки мөөнөттө Бишкек шаарынын жылуулук тармагынын ишинин температуралык графигин макулдашуу жана анын милдеттүү түрдө аткарылышын камсыз кылуу;
4) «Бишкек ЖЭБ» МИ үчүн берилген көмүргө өз убагында төлөөнү камсыз кылуу.
16. «Кыргызкөмүр» ААКка белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:
1) «Строй-Стоун» ЖЧК (макулдашуу боюнча) менен биргеликте «Бишкек ЖЭБ» МИнин талап кылынган сапаттык мүнөздөмөлөрүнө жана көрсөткүчтөрүнө ылайык «Бишкек ЖЭБ» МИ үчүн «Миң-Куш» кенинин «Агулак» участогунан, анын ичинде 2026-жылдын I кварталынын жыйынтыгы боюнча казылып алынган көмүрдөн жана «Кара-Кече» кенинен БР жана БЗ маркасындагы көмүрдү берүүнү камсыз кылуу;
2) көмүрдүн тиешелүү сапатын камсыз кылуу менен жылуулук менен камсыздоочу ишканалар үчүн графикке ылайык зарыл болгон көлөмдө көмүрдү берүү.
17. «Кыргызнефтегаз» ААКка белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:
1) 2026-жылдын 15-июнуна чейинки мөөнөттө жылуулук менен камсыздоочу ишканаларга берүү үчүн «М-100» маркасындагы жагылуучу мазуттун баасын белгилөө үчүн эсептик материалдарды Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына берүү;
2) жылуулук менен камсыздоочу ишканаларга жагылуучу мазутту берүүнү камсыз кылуу.
18. «КУЭТ» ААКка белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:
1) электр энергиясынын жергиликтүү жүктөмүн чектөө графиктерин иштеп чыгуу, бекитүү жана зарыл болгон учурда электр энергиясынын жүктөмүн азайтуу боюнча пландаштырылган иш-чаралар тууралуу маалыматты керектөөчүлөргө жеткирүү;
2) 0,4/6–10 кВ чыңалуудагы электр тармактарындагы авариялык өчүрүүлөрдүн санын кыскартуу боюнча чараларды көрүү;
3) Токтогул суу сактагычында суу ресурстарынын топтолушуна байланыштуу кырдаал жакшырганга чейин бардык категориядагы абоненттер үчүн электр жылытуу жана металл эритүү максатында электр тармактарына кошулууга техникалык шарттарды берүүгө тыюу салуу;
4) 35–500 кВ чыңалуудагы электр тармактарындагы жоготуулардын деңгээлин 6,78 %га чейин төмөндөтүүнү камсыз кылуу;
5) 0,4–10 кВ чыңалуудагы электр тармактарындагы жоготуулардын деңгээлин 9,83 %га чейин төмөндөтүүнү камсыз кылуу;
6) бюджеттик керектөөчүлөрдүн карызын жана республиканын бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарында жашаган адамдарга 2026-жылдын IV кварталы үчүн компенсацияларды төлөөнү эсепке албастан, дебитордук карызды 10,0 %га азайтууну камсыз кылуу;
7) техникалык мүмкүнчүлүктөрдү эске алуу менен Борбордук Азиядан жана Россия Федерациясынан электр энергиясын импорттоону камсыз кылуу.
19. «Газпром Кыргызстан» ЖЧКга төмөнкүлөр сунушталсын:
1) 2026/2027-жылдардын күз-кыш мезгилинде Кыргыз Республикасынын керектөөчүлөрү, анын ичинде жылуулук менен камсыздоочу жана өнөр жай ишканалары үчүн жаратылыш газын үзгүлтүксүз берүүнү камсыз кылуу;
2) 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын газ менен камсыздоонун жана газдаштыруунун башкы схемасынын алкагында 2026-жылга инвестициялык программанын аткарылышын камсыз кылуу;
3) ай сайын Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине 2026-жылга инвестициялык программанын аткарылышы жөнүндө маалыматы берүү.
20. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-майындагы № 282 «Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2025/2026-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө» токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-февралындагы № 86 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-майындагы № 282 «Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2025/2026-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому.
21. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
22. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 12-июнундагы № 43 (3803) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |