Редакцияот 20.05.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИН-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Мин-Булак айыл аймагынын   айылдык Кеңешинин I-чакырылышы

 

2025-жылдын 20-майы №71

Мин-Булак айыл аймагындагы бала бакчаларда

тамак-ашка төлөнүүчү сумма тууралуу

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Мин-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Акназаров Д.М. тарабынан берилген Мин-Булак айыл аймагындагы бала бакчалардагы тамак-ашка төлөнүүчү сумма тууралуу маалымат угулуп, талкууланып чыгып, Мин-Булак айылдык Кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Мин-Булак айыл аймагындагы бала бакчалардын жетекчилерине ата-энелер жыйынында күнүнө 120 (жүз жыйырма) сом өлчөмүндө бирдиктүү тамак-аш төлөмүн белгилөө маселесин кароого чыгаруу сунушталсын.

2. Мин-Булак айыл аймагынын Кеңешинин депутаттарына жамааттык түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында жогоруда көрсөтүлгөн аймактар боюнча тиешелүү ата-энелер жыйындарына катышуу тапшырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кеңештин төрайымынын орун басары Н.Б. Асаналиева  жүктөлсүн.

 

Төрайым

 

Асадова А.К.