Редакцияот 26.05.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Мин-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ

 

Мин-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин I-чакырылышы

 

2025-жылдын 26-майы№ 76

2025-жылдын 1-январына карата Миң-Булак айыл өкмөтүнүн бюджети боюнча калган акча каражаттарын бөлүштүрүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Акназаров Д.М. тарабынан берилген акча каражаттарын бөлүштүрүү жөнүндө маалыматты жана айылдык Кеңештин бюджет, финансы, инвестиция жана гранттык долбоорлор боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 26-майындагы корутундусун карап чыгып, талкуулагандан кийин, Миң-Булак айыл аймагынын Кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. 2025-жылдын 1-январына карата Миң-Булак айыл өкмөтүнүн бюджети боюнча калган акча каражаттары төмөнкү багыттар боюнча бөлүштүрүлсүн:

 

Раздел: ТКЖ (түзүлүш, коммуналдык тейлөө)

2215 беренеси – Мамкаттоо жана архитектурага болгон карызды төлөөгө – 2 000 000 сом;

 

Раздел: Орто билим берүү

3111 беренеси – Сретенка орто мектебинин шыптарын капиталдык оңдоого – 3 000 000 сом;

2. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү айылдык Кеңештин бюджет, финансы, инвестициялар жана гранттык долбоорлор боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

Төрайым

 

Булазова Г.Т.