Редакцияот 26.06.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Мин-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ

 

Мин-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин I-чакырылышы

 

2025-жылдын 26-июну  №81

2025-жылдын биринчи жана экинчи кварталында Миң-Булак айыл аймагында оор турмуштук кырдаалда калган балдар менен жүргүзүлгөн иштер жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Балдар жөнүндө” Кодексинин 20-беренесине ылайык,

Кеңештин 2025-жылдын 11-январындагы билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык-маданий маселелер, спорт жана жаштар иштери боюнча туруктуу комиссиянын корутундусунун негизинде, Миң-Булак айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адиси Эликбек кызы Токтобубунун 2025-жылдын биринчи жана экинчи кварталы үчүн оор турмуштук кырдаалда калган балдар менен жүргүзүлгөн иштер тууралуу маалыматын угуп жана талкуулагандан кийин, Миң-Булак айыл аймагынын Кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Миң-Булак айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адиси Эликбек кызы Токтобубунун 2025-жылдын биринчи жана экинчи кварталында айылдык  аймакта оор турмуштук кырдаалда калган балдар менен жүргүзүлгөн иштер тууралуу маалыматы эске алынсын.

2. Миң-Булак айыл өкмөтү өзүнүн аймагындагы оор турмуштук кырдаалда калган балдар менен зарыл болгон иш-чараларды туруктуу негизде жүргүзүп турууну камсыздасын.

3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Кеңештин билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык-маданий маселелер, спорт жана жаштар иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрайым

 

Булазова.Г.Т