Редакцияот 20.05.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИН-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Мин-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин I-чакырылышы

 

2025-жылдын 20-майы №65

Сретенка айылынын Первомайский көчөсү №36 дарегиндеги жер тилкесинин максаттык багытын маданий-тиричилик (мончо-кир жууучу комплекс) багытынан жеке үй-жайга тиешелүү  багытына  өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 12-беренесине ылайык, 2025-жылдын 17-апрелинде №1122500788-2025 саны менен берилген Кыргыз Республикасынын Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Москва райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын шаар куруу корутундусунун негизинде, ошондой эле 2025-жылдын 19-майындагы турак жай курулушу, муниципалдык менчиктеги кыймылсыз мүлк жана жер тилкелерин берүү жана сатуу боюнча туруктуу комиссиянын корутундусунун негизинде, Миң-Булак айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси Р.Б Аматов тарабынан берилген маалыматты угуп жана талкуулап чыгып, Миң-Булак айылдык аймагынын Кенешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сретенка айылынын Первомайский көчөсү №36 дарегиндеги, жалпы аянты 2400,0 м2, жер тилкесинин максаттык багытын маданий-тиричилик (мончо-кир жуу комплекси) багытынан жеке үй-жайга тиешелүү  багытына  өзгөртүүгө макулдук берилсин.  (жер тилкесине болгон жеке менчик укугу тууралуу мамлекеттик актысы Ч №183454, менчик ээси - Исмаилов Талайбек Мусадинович)

2. Миң-Булак айыл өкмөтү жер тилкесинин багытын өзгөртүүгө байланыштуу  жер-кадастрдык документтерге (Сретенка айылынын башкы планына) өзгөртүүлөрдү киргизсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Миң-Булак айылдык Кенешинин турак жай курулушу, муниципалдык менчиктеги кыймылсыз мүлк жана жер тилкелерин берүү жана сатуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрайым

 

Асадова А.К.