Редакцияот 20.05.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2026-жылдын 20-майы № 356

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-сентябрындагы № 489 «Мамлекеттик сатып алуулар жол-жоболорун жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин актыларын системалаштыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-сентябрындагы № 489 «Мамлекеттик сатып алуулар жол-жоболорун жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Мамлекеттик сатып алуулар жол-жоболорун жүргүзүү тартибинде:

- 24-пункттун 8-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«8) Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасынын ишин, күзөтүн жана коопсуздугун камсыз кылуу, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасынын катышуусу менен өткөрүлүүчү иш-чараларды камсыз кылуу үчүн зарыл болгон товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда;».

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 22-майындагы № 37 (3797) саны менен жарыяланды

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.А. Касымалиев