Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 3-июну № 389
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 «Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Архитектура жана курулуш иши чөйрөсүндө лицензияларды берүү жол-жоболорун оптималдаштыруу максатында, «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 «Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жободо:
– 219-пункттун жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«– мамлекеттик квалификациялык сертификаты бар адистердин лицензия алган жана архитектура жана курулуш ишин жүзөгө ашырган мезгилде үчтөн ашпаган уюмда эмгек ишмердүүлүгүн жүзөгө ашыруусу;»;
– 2202-пункта:
3-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3) жарактуу мамлекеттик квалификациялык сертификаттары бар кызматкерлер үчүн салыктык милдеттенмелердин жана социалдык чегерүүлөрдүн төлөнгөндүгүн ырастоочу, мамлекеттик маалымат системасы аркылуу автоматтык түрдө алынуучу маалыматтар.»;
4, 5-пунктчалар күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 5-июнундагы № 41 (3801) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |