Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 11-июну № 87
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына
(Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексине, Кыргыз Республикасынын
Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза
процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене
Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 1 (2), 17-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 73-берененин 6 жана 7-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«6. Катуу режимдеги түзөтүү абактарында мурда эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны өтөгөн жана белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга кайрадан соттолгондор, рецидивде жана коркунучтуу рецидивде кылмыш жасаган адамдар, ошондой эле ушул Кодекстин 80-беренесинде каралган тартипте түрмөлөрдөн которулган соттолгондор жазасын өтөйт.
7. Өзгөчө режимдеги түзөтүү абактарында өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгондор, өзгөчө коркунучтуу рецидивде кылмыш жасагандар, ошондой эле өмүр бою эркиндигинен ажыратуу ырайым кылуу тартибинде эркиндигинен жыйырма жылдык мөөнөткө ажыратуу менен алмаштырылган адамдар жазасын өтөйт.»;
2) 76-берененин 5-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 21-пункт менен толукталсын:
«21) кылмыштардын коркунучтуу же өзгөчө коркунучтуу рецидивинде кылмыш жасагандыгы үчүн;»;
3) 79-берененин 3-бөлүгүнүн 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«5) уюшкан топтун же кылмыштуу коомдоштуктун курамында кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолгондор, ошондой эле кылмыштардын өзгөчө коркунучтуу рецидивинде соттолгондор.»;
4) 96-берененин 2-бөлүгүнүн 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3) уюшкан топтун же кылмыштуу коомдоштуктун курамында кылмыштарды жасагандыгы, ошондой эле коркунучтуу жана өзгөчө коркунучтуу рецидивде кылмыштарды жасагандыгы үчүн;».
2-берене
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине («Эркин-Тоо» гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) төмөнкүдөй мазмундагы 211-берене менен толукталсын:
«211-берене. Кылмыштардын рецидиви
1. Эгерде адам атайылап кылмыш жасагандыгы үчүн эркиндигинен ажыратууга мурда соттолгон болсо, ал соттуулугу бар адам тарабынан атайылап кылмыш жасоо кылмыштардын рецидиви деп таанылат.
2. Кылмыштардын рецидиви төмөнкүдөй учурда коркунучтуу деп таанылат:
1) адам атайылап кылмыш жасаган учурда эгерде ал атайылап кылмыш жасагандыгы үчүн эркиндигинен ажыратууга мурда үч жолу соттолгон болсо;
2) адам оор кылмыш жасаган учурда, эгерде ал оор кылмыш үчүн мурда эки жолу соттолгон болсо.
3. Кылмыштардын рецидиви төмөнкүдөй учурда өзгөчө коркунучтуу деп таанылат:
1) адам атайылап кылмыш жасаган учурда, эгерде бул адам оор кылмыштар үчүн үч же андан көп жолу эркиндигинен ажыратууга мурда соттолгон болсо;
2) адам оор кылмыш жасаган учурда, эгерде ал мурда оор кылмыш үчүн үч жолу соттолгон болсо же өзгөчө оор кылмыш үчүн эки жолу соттолгон болсо;
3) адам өзгөчө оор кылмыш жасаган учурда, эгерде ал өзгөчө оор кылмыш үчүн мурда соттолгон болсо.
4. Кылмыштардын рецидивин таанууда төмөнкүлөр эске алынбайт:
1) атайылап жасалган анча оор эмес кылмыштар үчүн соттуулук;
2) он сегиз жашка чейинки курактагы адам тарабынан жасалган кылмыштар үчүн соттуулук;
3) эгерде пробация же өкүмдү аткарууну кийинкиге калтыруу жокко чыгарылбаса жана адам жазаны өтөө үчүн эркиндигинен ажыратуу жайларына жиберилбесе, ал боюнча пробациялык көзөмөл (пробация) колдонулган же болбосо өкүмдү аткарууну кийинкиге калтыруу берилген кылмыштар үчүн соттуулук, ошондой эле ушул Кодекстин 95-беренесинде белгиленген тартипте алып салынган же жоюлган соттуулук;
4) адамга эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган жаза дайындалган кылмыштар үчүн соттуулук.
5. Кылмыштардын рецидиви ушул Кодексте каралган негиздерде жана чектерде кыйла оор жазага алып келет.
Эскертүү. Кыргыз Республикасында да кылмыш деп таанылган жосун үчүн адамдын чет мамлекеттеги соттуулугу кылмыштардын рецидивин таанууда эске алынат.»;
2) 50-берене төмөнкүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын:
«Эскертүү. Кызматы боюнча милдеттерди аткаруу деп кызмат адамынын кызматтык нускама, локалдык ченемдик актылар же башка ченемдик укуктук актылар менен аныкталган эмгектик функциянын алкагында аракеттерди аткаруусу түшүнүлөт.
Кызмат адамы кызмат орду боюнча милдеттерин аткаргандыгы, ошондой эле ага кызмат орду боюнча жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаргандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылууга тийиш эмес, буга өзү же болбосо башка адамдар үчүн пайда жана артыкчылыктарды алуу максатында жасалган, ушул Кодекстин 336-347-беренелеринде каралган жосундар кирбейт.»;
3) 57-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Уюшкан топтун же кылмыштуу коомдоштуктун курамында кылмыштардын коркунучтуу жана өзгөчө коркунучтуу рецидивинде кылмыш жасаган же болбосо ушул Кодекстин 312-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган кылмышты жасаган адам ушул берененин 1-бөлүгү боюнча кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулууга тийиш эмес.»;
4) 67-берененин 4-бөлүгүнүн 2 жана 3-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын;
«2) эркиндигинен ажыратуу түрүндө жазаны мурда өтөгөн жана рецидивде же коркунучтуу рецидивде жасалган кылмыштар үчүн кайрадан соттолгон адамдарга, ошондой эле эркиндигинен ажыратуу түрүндө жазаны мурда өтөгөн жана белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга кайрадан соттолгондорго - катуу тартиптеги түзөтүү абактарында;
3) кылмыштардын өзгөчө коркунучтуу рецидивинде жасалган кылмыштар үчүн соттолгон адамдарга, ошондой эле өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдарга, эркиндигинен өмүр бою ажыратуу түрүндөгү жазасы ырайым кылуу тартибинде эркиндигинен ажыратууга алмаштырылган адамдарга - өзгөчө тартиптеги түзөтүү абактарында;»;
5) 74-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
«11) кылмыштардын рецидивинде кылмыш жасоо;»;
6) төмөнкүдөй мазмундагы 751-берене менен толукталсын:
«751-берене. Кылмыштардын рецидивинде жазаны дайындоо
1. Рецидив, коркунучтуу рецидив жана өзгөчө коркунучтуу рецидив үчүн жазаны дайындоодо жасалган кылмыштардын саны, мүнөзү, оордугу жана кесепеттери, ошондой эле мурдагы жазанын түзөтүү таасири жетишсиз болгон жагдайлар, жана жаңы кылмыштардын мүнөзү, оордугу жана кесепеттери эске алынат.
2. Рецидив үчүн жазанын өлчөмү жасалган кылмыш үчүн каралган максималдуу жазанын жарымынан аз эмес, коркунучтуу рецидив үчүн - үчтөн экисинен кем эмес, ал эми өзгөчө коркунучтуу рецидив үчүн төрттөн үчүнөн кем эмес болууга тийиш.»;
7) 82-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
«11) коркунучтуу же өзгөчө коркунучтуу рецидивде жасалган кылмыштар үчүн соттолгондорго;»;
8) 89-берене төмөнкүдөй мазмундагы 41-пункт менен толукталсын:
«41) кылмыштардын рецидивинде кылмыш жасагандыгы үчүн;»;
9) 122-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 19-пункт менен толукталсын:
«19) кылмыштардын коркунучтуу же өзгөчө коркунучтуу рецидивинде жасалган -»;
10) 130-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
«5) кылмыштардын коркунучтуу же өзгөчө коркунучтуу рецидивинде жасапса-»;
11) 141-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 15-пункт менен толукталсын:
«15) кылмыштардын коркунучтуу же өзгөчө коркунучтуу рецидивинде -»;
12) 154-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:
«6) кылмыштардын коркунучтуу же өзгөчө коркунучтуу рецидивинде жасалса -»;
13) 155-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
«5) кылмыштардын коркунучтуу же өзгөчө коркунучтуу рецидивинде -»;
14) 159-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:
«7) кылмыштардын коркунучтуу же өзгөчө коркунучтуу рецидивинде -»;
15) 162-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 8-пункт менен толукталсын:
«8) кылмыштардын коркунучтуу же өзгөчө коркунучтуу рецидивинде -»;
16) 165-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:
«7) кылмыштардын коркунучтуу же өзгөчө коркунучтуу рецидивинде -»;
17) 166-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:
«6) кылмыштардын коркунучтуу же өзгөчө коркунучтуу рецидивинде -»;
18) 167-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:
«6) кылмыштардын коркунучтуу же өзгөчө коркунучтуу рецидивинде -»;
19) 168-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 9-пункт менен толукталсын:
«9) кылмыштардын коркунучтуу же өзгөчө коркунучтуу рецидивинде -»;
20) 169-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
«5) кылмыштардын коркунучтуу же өзгөчө коркунучтуу рецидивинде жасалган -»;
21) 180-берененин 3-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүктөрүндө каралган, баланы уюшкан топко же кылмыштуу коомдоштуктун курамына, же болбосо оор же өзгөчө оор кылмышты жасоого тартуу менен байланышкан жосундар, ошондой эле коркунучтуу же өзгөчө коркунучтуу рецидивде жасалган кылмыштар -»;
22) 205-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
«4) кылмыштардын коркунучтуу же өзгөчө коркунучтуу рецидивинде -»;
23) 206-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
«4) кылмыштардын коркунучтуу же өзгөчө коркунучтуу рецидивинде -»;
24) 207-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
«3) кылмыштардын коркунучтуу же өзгөчө коркунучтуу рецидивинде -»;
25) 208-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
«3) кылмыштардын коркунучтуу же өзгөчө коркунучтуу рецидивинде -»;
26) 209-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
«5) кылмыштардын коркунучтуу же өзгөчө коркунучтуу рецидивинде -»;
27) 221-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
«5) кылмыштардын коркунучтуу же өзгөчө коркунучтуу рецидивинде жасалган -»;
28) 222-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
«4) кылмыштардын коркунучтуу же өзгөчө коркунучтуу рецидивинде —»;
29) 226-беренеде:
а) 2-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып пул салууга же мүлкүн конфискациялоо менен же ансыз эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.»;
б) 3-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«мүлкүн конфискациялоо менен же ансыз, үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.»;
30) 241-берененин 3-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып пул салууга же мүлкүн конфискациялоо менен же ансыз, үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же ансыз эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.»;
31) 252-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүктөрүндө каралган, төмөнкүдөй жасалган жосундар:
1) адамдардын тобу тарабынан;
2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;
3) ок атуучу куралды, ок-дарыларды, жардыруучу түзүлүштөрдү, жарылуучу, уулуу, ууландыруучу, радиоактивдүү заттарды же ядролук, химиялык, биологиялык жана массалык кыргын салуучу куралдын башка түрлөрүн колдонуу менен;
4) стратегиялык объекттерге карата;
5) оор же өзгөчө оор залал келтирүү менен;
6) уюшкан топ тарабынан;
7) кылмыштуу коомдоштуктун курамында;
8) кылмыштардын коркунучтуу же өзгөчө коркунучтуу рецидивинде –
мүлкүн конфискациялоо менен он эки жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга же болбосо өмүр бою эркиндигинен ажыратууга жазаланат.»;
32) 253-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
«5) кылмыштардын коркунучтуу же өзгөчө коркунучтуу рецидивинде -»;
33) 262-берененин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Оор же өзгөчө оор кылмыштарды жасоо үчүн кылмыштуу коомдоштукту түзүү, ага тете мындай коомдоштукту же ага кирген түзүмдүк бөлүмдөрдү жетектөө, ага тете оор же өзгөчө оор кылмыштарды жасоо үчүн пландарды жана шарттарды иштеп чыгуу максатында уюштуруучулардын, уюшкан топтордун жетекчилерин же башка өкүлдөрүнүн бирикмесин түзүү, ошондой эле кылмыштардын коркунучтуу же өзгөчө коркунучтуу рецидивинде -»;
34) 267-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
«3) кылмыштардын коркунучтуу же өзгөчө коркунучтуу рецидивинде -»;
35) 268-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
«3) кылмыштардын коркунучтуу же өзгөчө коркунучтуу рецидивинде -»;
36) 271-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:
«7) кылмыштардын коркунучтуу же өзгөчө коркунучтуу рецидивинде -»;
37) 280-берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
«3. Төмөнкүдөй жасалган бейбаштык:
1) уюшкан топ тарабынан;
2) кылмыштуу коомдоштуктун курамында;
3) кылмыштардын коркунучтуу же өзгөчө коркунучтуу рецидивинде –
беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.»;
38) 282-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
«4) кылмыштардын коркунучтуу же өзгөчө коркунучтуу рецидивинде -»;
39) 286-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
«4) кылмыштардын коркунучтуу же өзгөчө коркунучтуу рецидивинде -»;
40) 327-берененин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып пул салууга же мүлкүн конфискациялоо менен же ансыз үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.»;
41) 331-беренеде:
а) 3-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«мүлкүн конфискациялоо менен эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен он жылдан он эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.»;
б) 4-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«мүлкүн конфискациялоо менен үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен он эки жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.»;
42) 368-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
«5) кылмыштардын коркунучтуу же өзгөчө коркунучтуу рецидивинде -».
3-берене
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине («Эркин-Тоо» гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
346-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 51-пункт менен толукталсын:
«51) айыпталуучунун аракеттеринде кылмыштардын рецидивин моюнга алуу үчүн негиздер барбы;».
4-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 12-июнундагы № 43 (3803) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2026-жылдын 30-апрелинде | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |