Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-майындагы № 369 токтомуна) |
Күйүүчү-майлоочу материалдарды импорттоо жана сатуу боюнча ишти жүзөгө ашырган субъекттерге субсидияларды берүүнүн убактылуу тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Убактылуу тартип Кыргыз Республикасынын аймагында күйүүчү-майлоочу материалдарды импорттоо жана сатуу боюнча ишти жүзөгө ашырган субъекттерге күйүүчү-майлоочу материалдардын чекене бааларын турукташтыруу максатында субсидияларды берүү механизмин аныктайт.
Ушул Тартиптин колдонулушу күйүүчү-майлоочу материалдарды импорттоону жүзөгө ашырган субъекттерге жайылтылат.
2. Субсидиялар тиешелүү финансылык жылга каралган каражаттардын чектеринде республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен берилет.
3. Субсидиялар төмөнкүлөргө гана берилет:
1) ТЭИ ТН 2710 12 110–2710 12 900, 2710 19 110 0–2710 19 150 0, 2710 19 2500, 2710 19 290 товардык позицияларында классификациялануучу мотор бензиндерине (Аи-92, Аи-95);
2) ТЭИ ТН 2710 19 310 0–2710 19 480 0, 2710 20 110 0–2710 20 190 0 товардык позицияларында классификациялануучу дизель отунуна;
3) ТЭИ ТН 2711 11 000 0 – 2711 19 000 0, 2901 10 000 1 товардык позицияларында классификациялануучу автомобиль отуну катары пайдаланылуучу суюлтулган көмүр суутек газына.
2-глава. Субсидияларды берүүнүн шарттары
4. Субсидиялар күйүүчү-майлоочу материалдарды контракттар боюнча сатып алынган бааларына жараша аларды импорттогон жана саткан субъекттерге берилет.
5. Төмөнкү субъекттерге субсидиялар берилбейт:
1) жоюлуу же банкроттук процессинде турган;
2) чекене бааларды негизсиз жогорулатууга жол берген;
3) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 3, 183-беренелерине ылайык жеңилдетилген салык салынууга тийиш болгон субъекттер тарабынан импорттолгон күйүүчү-майлоочу материалдар бөлүгүндө.
6. Субсидиялардын өлчөмү белгиленген баанын 20 пайызынан ашпоого тийиш.
3-глава. Субсидияны эсептөө тартиби
7. Субсидиянын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен аныкталган баа менен Турксиб жана Сары-Агач темир жол станцияларынын жеткирүү базисинде импорттоодо күйүүчү-майлоочу материалдардын контракттарга жана эсеп-фактураларга (инвойс) ылайык наркынын ортосундагы айырма катары аныкталат.
8. Субсидиялардын суммасы импортко КНСти эске алуу менен аныкталат.
9. Субсидиянын өлчөмү күйүүчү-майлоочу материалдарды импорттогон датага карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында аныкталат.
4-глава. Маалыматтарды берүү жана субсидияларды
которуу тартиби
10. Субсидия алуучу субсидияларды алуу үчүн отчеттук айдан кийинки айдын 25ине чейин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматына жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына төмөнкү маалыматтар тиркелген өтүнмөнү жөнөтөт:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен аныкталган баа менен Турксиб жана Сары-Агач темир жол станцияларынын жеткирүү базисинде импорттоодо күйүүчү-майлоочу материалдардын контракттарга жана эсеп-фактураларга (инвойс) ылайык наркынын ортосундагы айырма катары субсидиялардын суммасынын эсеби;
2) импорттун көлөмү жөнүндө маалыматтар;
3) товар коштоочу документтердин көчүрмөлөрү;
4) контракттар жана эсеп-фактуралар (инвойс) боюнча наркы;
5) Турксиб жана Сары-Агач темир жол станцияларынын жеткирүү базисине чейинки транспорттук чыгымдар боюнча ырастоочу документтер;
6) импорттоодо КНС төлөнгөндүгү жөнүндө ырастоочу документтер;
7) банктык реквизиттер.
11. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы ушул Тартиптин 10-пунктунда каралган өтүнмөнү келип түшкөн күндөн тартып 5 (беш) жумуш күндүн ичинде карайт жана аны Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин төрагалыгы алдындагы ведомстволор аралык жумушчу топко жөнөтөт.
Ведомстволор аралык жумушчу топтун курамына Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчилеринин орун басарларынан төмөн эмес өкүлдөрү киргизилет.
12. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин буйругу менен субсидияларды алуучулардын өтүнмөлөрүн кароо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун курамы жана ишинин регламенти бекитилет.
13. Субсидияларды алуучулардын өтүнмөлөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынан жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан келип түшкөн күндөн тартып ведомстволор аралык жумушчу топ тарабынан 3 (үч) жумуш күндүн ичинде каралат.
14. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинен ведомстволор аралык жумушчу топтун оң корутундусу жана субсидияларды алуучулардын өтүнмөлөрү келип түшкөн күндөн тартып 2 (эки) жумуш күндүн ичинде субсидияларды которот.
15. Субсидиялар субсидияларды алуучулардын банктык эсептерине которулат.
5-глава. Жоопкерчилик
16. Субсидияларды алуучу берилген маалыматтардын аныктыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
17. Жалган маалыматтарды берүү, субсидияларды негизсиз алуу жана ушул Тартиптин шарттарын бузуу фактылары аныкталган учурда, субсидияларды алуучу тиешелүү билдирүү алган күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде алган каражаттарды республикалык бюджетке кайтарып берүүгө милдеттүү.
18. Каражаттарды ыктыярдуу түрдө кайтаруудан баш тарткан учурда өндүрүү сот тартибинде жүргүзүлөт.