Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 18-марты № 318-VIII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты
Акимбаева Гульнара Орозбековнаны Конституциялык мыйзамдар,
мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана
Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин төрагасы
кызмат ордуна шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Акимбаева Гульнара Орозбековна Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин төрагасы кызмат ордуна шайлансын.
2. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 17-декабрындагы № 9-VIII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Акимбаева Гульнара Орозбековна – “Ынтымак - Мекенчил” депутаттык тобунан, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин төрагалыгына;”.
3. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 15-VIII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пункттун 1-пунктчасынын бешинчи абзацында “Адилет Кыргызстан” депутаттык тобунан” деген сөздөр “Ынтымак - Мекенчил” депутаттык тобунан” деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларынын орун басарларын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 16-VIII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пункттун 1-пунктчасынын экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
2026-жылдын 31-мартында https://kenesh.kg/kg/law-activity/resolutions/7492 расмий сайтында жарыялынды
Төрага | М.А. Маматалиев |