Загрузка документа…
|
| 2-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-апрелиндеги № 185 токтомуна )
|
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Республикалык медициналык-социалдык экспертизалоо борбору жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-июну № 394 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Республикалык медициналык-социалдык экспертизалоо борбору (мындан ары - РМСЭБ) Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин (мындан ары - Министрлик) медициналык-социалдык экспертизанын мамлекеттик контролдоо функцияларын жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу ведомстволук түзүмү болуп саналат.
2. РМСЭБ өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Министрликтин чечимдерин жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. РМСЭБ практикалык эксперттик жана медициналык-социалдык ишти, ошондой эле медициналык-социалдык экспертиза мекемелерин илимий-методикалык жана окуу-методологиялык коштоону жүргүзгөн көп профилдүү эксперттик мекеме болуп эсептелет.
4. Майыптыгы бар адамдарды экспертизалоо жана реабилитациялоо маселелери боюнча РМСЭБдин корутундусун аткаруу менчигинин түрүнө карабастан мекемелер, ишканалар, уюмдар үчүн милдеттүү болуп саналат.
5. РМСЭБ Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өз аталышы менен мөөрү, ошондой эле башка мөөрлөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары, казыналык системасында эсептери бар юридикалык жак болуп саналат. РМСЭБдин мүлкү мамлекеттик менчик болуп саналат жана ага оперативдүү башкаруу укугунда бекитип берилет.
6. Толук расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Республикалык медициналык-социалдык экспертизалоо борбору" мекемеси";
- расмий тилде: "Учреждение "Республиканский центр медико-социальной экспертизы при Министерстве труда, социального обеспечения и миграции Кыргызской Республики".
Кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "РМСЭБ";
- расмий тилде: "РЦМСЭ".
РМСЭБдин уюштуруу-укуктук формасы - мекеме.
7. РМСЭБдин юридикалык дареги: Бишкек шаары, Москва көчөсү, 194.
8. РМСЭБде 27 аймактык медициналык-социалдык эксперттик комиссия (мындан ары - МСЭК) иштейт.
2-глава. РМСЭБдин максаттары
9. РМСЭБдин максаты медициналык-социалдык экспертизаны өз убагында жана сапаттуу камсыз кылуу, ишке жөндөмдүүлүгүн баалоо жана организмдин функцияларынын туруктуу бузулууларынан улам тиричилик аракеттеринин чектелишин баалоонун негизинде күбөлөндүрүлүүчү адамдын социалдык коргоо чараларына муктаждыгын белгиленген тартипте аныктоо болуп саналат.
3-глава. РМСЭБдин негизги милдеттери
10. РМСЭБдин негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- тиричилик аракеттеринин чектелишинин түзүмүн жана даражасын белгилөө, күбөлөндүрүлүүчү адамдын реабилитациялоону кошкондо, социалдык коргоонун ар түрдүү чараларына муктаждыктарын аныктоо. Тиричилик аракеттеринин чектелиши - бул организмдин түзүмүнүн жана функцияларынын ишиндеги жеке бузулууларды жеңип, адам кабылган активдүүлүктү жүргүзүүдөгү кыйынчылыктар;
- ден соолугунун абалына ылайыктуу кесипти тандоо үчүн күбөлөндүрүлүүчү адамдын кесиптик эмгекке жөндөмдүүлүгүн жоготуу даражасын баалоо жана майыптыгы бар конкреттүү адам үчүн жумуш ордун ылайыктоо;
- медициналык-социалдык экспертизанын сапатын өркүндөтүү.
4-глава. РМСЭБдин функциялары
11. РМСЭБ төмөнкүдөй функцияларды жүргүзөт:
1) адамдын ден соолугунун абалын гана эмес, анын психологиялык жана социалдык бейпилдигин баалап, майыптуулукту белгилөө үчүн республиканын бардык жарандарынын күбөлөндүрүүдөн өтүүдө бирдей мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылат, ошондой эле социалдык коргоонун ар түрдүү чараларына муктаждыгын белгиленген тартипте аныктайт;
2) күбөлөндүрүүдөн өткөн жана аймактык МСЭКтин чечимине макул болбогон жарандардын даттанууларын карайт, алар негиздүү деп таанылган учурда бул чечимдерди өзгөртөт же жокко чыгарат;
3) аймактык МСЭКтин чечимине даттанган же алардын жолдомосу боюнча жогорку кесипкөй адистердин консультацияларын, изилдөөнүн өзгөчө татаал атайын түрлөрүн колдонууну жана РМСЭБдин консультативдик корутундусун талап кылган учурларда жарандарды күбөлөндүрүүдөн өткөрөт;
4) өз демилгеси боюнча аймактык МСЭКте күбөлөндүрүүдөн өткөн жарандарды кайрадан күбөлөндүрүүнү (контролдоону) жүргүзөт жана жетиштүү негиздемелер болгондо алардын чечимдерин өзгөртөт же жокко чыгарат;
5) күбөлөндүрүү жүргүзүлгөн учурда:
- майыптыктын бар экендиги фактысын, майыптыктын келип чыккан себептерин, мөөнөттөрүн жана убактысын белгилейт;
- кесиптик эмгекке жөндөмдүүлүгүн жоготуунун деңгээлин (пайыз менен) аныктайт;
- өндүрүштө бөөдө кырсыктардан жабыркагандардын жана кесиптик оорулардын медициналык, социалдык жана кесиптик реабилитациялоого, ошондой эле жардамдын кошумча түрлөрүнө муктаждыгын аныктайт;
6) иштин белгиленген чөйрөсүндө илимий изилдөөлөрдү жүргүзөт;
7) медициналык-социалдык экспертиза жаатында адистерди кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча иш-чараларды жүргүзөт;
8) аймактык МСЭКтерге методологиялык жана уюштуруучулук-методикалык жардам көрсөтөт, медициналык-социалдык экспертиза жана иштин белгиленген чөйрөсүндө майыптыгы бар адамдарды социалдык коргоо жаатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бирдей колдонууну камсыз кылат;
9) медициналык-социалдык экспертизадан өткөн жарандар жөнүндө маалыматтардын электрондук базасын түзөт, майыптыгы бар адамдардын демографиялык курамына мамлекеттик статистикалык байкоо жүргүзөт;
10) майыптуулукка алып келген факторлорду изилдөөгө катышат жана калк арасында майыптыктын деңгээлин төмөндөтүүгө багытталган программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча сунуштарды киргизет;
11) Министрликке медициналык-социалдык экспертиза кызматынын практикалык ишине илимий иштеп чыгуулардын натыйжаларын, эксперттик-реабилитациялык диагностиканын жаңы технологияларын, ошондой эле РМСЭБдин алдынкы тажрыйбасын киргизүү жөнүндө сунуштарды киргизет;
12) Министрликке медициналык-социалдык экспертиза боюнча илимий-изилдөө жана тажрыйбалык-конструктордук иштерди жүргүзүүгө мамлекеттик заказды түзүү боюнча сунуштарды киргизет;
13) майыптыгы бар адамдардын медициналык реабилитациялоону кошкондо, комплекстүү реабилитациядан өтүүсүнө көмөк көрсөтүү жана дарылоо-профилактикалык адистештирилген жана жогорку технологиялык медициналык жардам көрсөтүү боюнча иш-чараларды жүргүзөт;
14) социалдык коргоонун аймактык органдары, саламаттык сактоо уюмдары, жумуш менен камсыз кылуу кызматтары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, медициналык-социалдык экспертиза жана майыптыгы бар адамдарды реабилитациялоо чөйрөсүндө иш жүргүзгөн окуу жайлар, уюмдар менен өз ара аракеттенип иш жүргүзөт;
15) саламаттык сактоонун дарылоо-профилактикалык уюмдары үчүн РМСЭБдин иш багыттары боюнча конференцияларды, семинарларды, лекцияларды өткөрөт;
16) аймактык МСЭКтин ишин координациялайт жана контролдойт;
17) майыптыгы бар адамдарды медициналык-социалдык экспертизалоого тиешелүү маселелерди Министрликтин коллегиясынын кароосуна киргизет.
5-глава. РМСЭБдин укуктары
12. РМСЭБ төмөнкү укуктарга ээ:
- саламаттык сактоо органдарынан жана мекемелеринен, ишканалардын администрацияларынан комиссиялардын иши жана медициналык-социалдык эксперттик чечимди кабыл алуу үчүн зарыл болгон маалыматтарды алууга;
- күбөлөндүрүүдөн өтүүчү адамдарды диагнозун тактоо жана калыбына келтирүүчү дарылоо, кошумча медициналык текшерүүдөн өткөрүү үчүн дарылоо-профилактикалык мекемелерге, ошондой эле медициналык-социалдык реабилитациялоо борборлоруна жиберүүгө;
- саламаттык сактоо уюмдарынан аймактык МСЭКге жиберилген медициналык документтерди талаптагыдай тариздөөнү жазуу түрүндө талап кылууга, кайра текшерүү аркылуу алардын аныктыгын жана объективдүүлүгүн контролдоого;
- менчигинин түрүнө карабастан ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга белгиленген тартипте барууга, майыптыгы бар конкреттүү адам үчүн жумуш ордун баалоо жана ылайыктоо үчүн иштин өндүрүш жерлерин, өндүрүштүк жана кызматтык жайларды кароого;
- медициналык-социалдык комиссиялардын ишине тиешелүү маселелер боюнча отчеттор, статистикалык жана башка материалдар менен таанышууга;
- майыптыгы бар адамдардын социалдык абалынын жакшыруусун жана алардын социалдык жеңилдиктерди алуусун контролдоого активдүү катышууга;
- майыптыгы бар адамдардын укуктарын кысымга алган, реабилитациянын жеке программаларын, анын ичинде жумушка орноштуруунун сунушталган мүнөзүн аткарбаган ишканалардын, уюмдардын кызмат адамдарына административдик жана экономикалык таасир берүү үчүн укук коргоо органдарына материалдарды берүүгө;
- РМСЭБдин ишинин маселелери боюнча ишканалар, мекемелер, уюмдар жана жарандар менен келишимдерди түзүүгө;
- аймактык МСЭКтин эксперттик кеңештеринин жыйындарына катышууга.
6-глава. РМСЭБдин ишин уюштуруу
13. РМСЭБди жогорку медициналык билими, медициналык-социалдык экспертиза уюмдарын кошкондо, саламаттык сактоо уюмдарында 10 жылдан кем эмес иш стажы бар, Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин (мындан ары - министр) сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу директор жетектейт.
14. РМСЭБдин директору:
- РМСЭБди жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүн жетектейт жана жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын өз убагында жана сапаттуу аткарылышы, ага берилген укуктарды жана жүктөлгөн милдеттерди талаптагыдай ишке ашыруу, анын ичинде отчеттук маалыматтын аныктыгы, финансылык-чарбалык иштин ченемдеринин сакталышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- жогору турган мамлекеттик органдардын чечимдеринин талаптагыдай аткарылышын камсыз кылат;
- өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде буйруктарды чыгарат жана көрсөтмөлөрдү берет, алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат;
- РМСЭБдин түзүмүн, штаттык расписаниесин, ошондой эле РМСЭБдин кеңейтилген эксперттик комиссия жөнүндө жобону жана анын курамын министрдин бекитүүсүнө киргизет;
- Кыргыз Республикасынын бардык мекемелеринде жана уюмдарында, соттук жана башка инстанцияларда, ошондой эле өзүнүн компетенциясынын чегинде эл аралык уюмдарда РМСЭБдин атынан чыгат;
- эмгек мыйзамдарына ылайык РМСЭБдин кызматкерлерин, аймактык МСЭКтин төрагаларын жана кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот, кесиптик квалификацияны жогорулатууну уюштурат, мыйзамдуулуктун, кызматтык жана аткаруучулук тартиптин, ички эмгек тартиби эрежелеринин сакталышы боюнча чараларды көрөт, сыйлоо жана тартиптик жоопкерчиликке тартуу маселелерин, ошондой эле кызматты өтөөгө байланышкан башка маселелерди чечет;
- өз компетенциясынын чегинде РМСЭБдин локалдык ченемдик актыларын, ошондой эле так отчеттуулук бланктарынын үлгүлөрүн бекитет;
- РМСЭБдин жана аймактык МСЭКтин кызматкерлеринин кызматтык нускамаларын бекитет;
- РМСЭБдин жана аймактык МСЭКтин иш планын, көчмө жыйындардын графиктерин жана кызматкерлердин эмгек өргүүлөрүнүн графиктерин бекитет;
- жогорку кесипкөй адистердин зарыл болгон консультацияларын жана изилдөөлөрдүн атайын түрлөрүн колдонууну талап кылган күбөлөндүрүүнүн талаш-тартыштуу (комиссиянын чечими менен майыптыгы бар адамдардын макул эместиги) жана татаал учурларын караган тажрыйбалуу врач-эксперттердин ичинен эксперттик комиссияны бекитет;
- эмгек жана социалдык коргоо чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча өтүнмө ээлеринин, алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн, иш берүүчүлөрдүн аймактык МСЭКтин чечимдерине макул болбогон чечимдерин кароо үчүн РМСЭБдин кеңейтилген эксперттик комиссиясынын курамын бекитет;
- иш кагаздарын жүргүзүүнүн ченемдеринин сакталышын, документтердин сакталышын жана аларды белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын улуттук архив фондуна сактоого өткөрүп берүүнү камсыз кылат;
– коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү жана иштөөсүн камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- жүктөлгөн милдеттерге жана жогору турган органдардын чечимдерине ылайык башка ыйгарым укуктарды аткарат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-июну № 394 токтомунун редакциясына ылайык).
15. РМСЭБдин директору жок мезгилде анын милдеттерин Министрликтин чечимине ылайык РМСЭБдин эксперттеринин бири аткарат.
16. РМСЭБ жана аймактык МСЭКтер саламаттык сактоо уюмдарынын дарылоо-профилактикалык жана окуу мекемелеринин жайларына ижара акысын төлөбөстөн же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген иш үчүн зарыл болгон шарты бар жайларга жайгашат.
7-глава. Корутунду жоболор
17. РМСЭБдин чыгымдарын каржылоо республикалык бюджеттин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүргүзүлөт.
18. РМСЭБдин иши Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык кайра уюштурулган же жоюлган учурда токтотулушу мүмкүн.
19. РМСЭБдин иши токтотулган учурда документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.