Загрузка документа…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 15-июнундагы № 421 токтому менен бекитилди) |
«Бала ырысы» ар айлык жөлөкпулун
берүү тартиби жөнүндө
жобо
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. «Бала ырысы» ар айлык жөлөкпулун дайындоо үчүн кайрылуу тартиби
3-глава. «Бала ырысы» ар айлык жөлөкпулун дайындоо жана кайра эсептөө тартиби
4-глава. Мониторинг жана жоопкерчилик
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул «Бала ырысы» ар айлык жөлөкпулун берүү тартиби жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган балдарга төрөлгөндөн баштап алар үч жашка чыкканга чейин берилүүчү «Бала ырысы» ар айлык жөлөкпулга (мындан ары – «Бала ырысы» ар айлык жөлөкпулу) кайрылуу, дайындоо жана төлөө тартибин аныктайт.
2. Бир эле учурда эки жана андан көп бала төрөлгөндө «Бала ырысы» ар айлык жөлөкпулу ар бир балага өзүнчө дайындалат. «Бала ырысы» ар айлык жөлөкпулун алууга укуктуу ар бир балага өзүнчө арыз берилет.
3. «Бала ырысы» ар айлык жөлөкпулунун каржылоо булагы болуп республикалык бюджет эсептелет.
4. «Бала ырысы» ар айлык жөлөкпулунун өлчөмү райондук коэффициенттерди эсепке алуу менен эсептелет.
5. «Бала ырысы» ар айлык жөлөкпулун дайындоо жөлөкпулдун бул түрүнө кайрылганга чейин каза болгон балдарга карата жүргүзүлбөйт.
6. «Бала ырысы» ар айлык жөлөкпулун дайындоо үчүн кайрылуу мөөнөтү баланын төрөлгөн күнүнөн тартып үч жылдан ашпоого тийиш.
7. Ушул Жобонун максаттары үчүн төмөнкүдөй аныктамалар колдонулат:
арыз ээси – «Бала ырысы» ар айлык жөлөкпулун дайындоо үчүн кайрылган Кыргыз Республикасынын жараны, кайрылман же жөлөкпулдарды берүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген, эл аралык келишимдин колдонулушу жайылтылган мамлекеттин жараны, же болбосо Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык таризделген ишеним каттын негизинде аракеттенген анын ишенимдүү адамы;
«Бала ырысы» ар айлык жөлөкпулун алуучу – ар бир төрөлгөн, асырап алынган, камкорчулукка алынган жана аны менен чогуу жашаган ар бир балага алар үч жашка толгонго чейин «Бала ырысы» ар айлык жөлөкпулун алуучу ата-энесинин (асырап алуучулардын, камкорчулардын/убактылуу камкорчулардын) бири;
калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган – калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү аймактык бөлүмдөр – социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү;
калкты тейлөө борборлору (мындан ары – КТБ) – калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук мекемесинин аймактык бөлүмдөрү.
2-глава. «Бала ырысы» ар айлык жөлөкпулун
дайындоо үчүн кайрылуу тартиби
8. Бир эле учурда төмөнкү шарттар сакталганда дайындалуучу «Бала ырысы» ар айлык жөлөкпулун дайындоо үчүн кайрылуу укугуна ата-энелер, асырап алуучулар, камкорчулар, убактылуу камкорчулар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарынын талаптарына ылайык таризделген ишеним каттын негизинде аракеттенген ишенимдүү адамдар, алардын социалдык-экономикалык абалына жана алар тарабынан мамлекеттик жөлөкпулдардын башка түрлөрүн алуусуна карабастан ээ болушат:
1) бала төрөлгөн күндөн тартып жана ал үч жашка чыкканга чейин;
2) үч жашка чейинки курактагы баланын жөлөкпул алуучу менен чогуу жашоосу.
9. Ишенимдүү адам – ата-энеси (асырап алуучу, камкорчу) жүйөлүү себептер боюнча убактылуу жок болгон учурда «Бала ырысы» ар айлык жөлөкпулун дайындоо жана (же) алуу үчүн кайрылганда анын кызыкчылыктарын коргоого Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык таризделген ишеним каттын негизинде ата-энеси (асырап алуучу, камкорчу) тарабынан ыйгарым укук берилген жеке жак.
Ишенимдүү адамдын катышуусу менен жөлөкпулдарды дайындоо жөлөкпул алуу укугун ишенимдүү адамга өткөрүп берүүгө алып келбейт. «Бала ырысы» жөлөкпулу ишеним кат берген ата-энеге (асырап алуучуга, камкорчуга) дайындалат.
10. «Бала ырысы» ар айлык жөлөкпулун дайындоо үчүн зарыл болгон документтер:
1) ИЖНди көрсөтүү менен ата-эненин паспортунун же кайрылмандын күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
2) ИЖНди көрсөтүү менен баланын (балдардын) туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
3) бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда жайгашкан калктуу конушта, өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарында туруктуу жашагандыгын ырастоочу жашаган (турган) жери боюнча каттоо жөнүндө маалыматтар;
4) «Бала ырысы» ар айлык жөлөкпулуна чет мамлекеттердин күбөлүктөрү менен балдары бар Кыргыз Республикасынын жарандары кайрылган учурда балага таризделген Кыргыз Республикасынын паспорту же Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгы жөнүндө маалымкат;
5) ишенимдүү адам же мыйзамдуу өкүл тарабынан арыз берилген учурда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
– паспорт;
– Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте таризделген ишеним кат;
– балага мыйзамдуу өкүлдү дайындоо жөнүндө соттун чечими;
6) кайрылман статусуна ээ адам тарабынан арыз берилгенде чет мамлекеттин жаранынын паспорту жана анын нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик же расмий тилдеги котормосу берилет. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача белгиленбесе, мыйзамдарда каралган учурларда көрсөтүлгөн документтер консулдук легалдаштырылууга же апостилдештирилүүгө тийиш.
11. «Бала ырысы» ар айлык жөлөкпулун дайындоо жөнүндө арыз, социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен форма боюнча төмөнкүдөй берилет:
1) «Түндүк» электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы (мындан ары – «Түндүк» ЭВӨС) аркылуу электрондук форматта.
«Түндүк» ЭВӨС аркылуу арыз берүүдө ушул Жобонун 10-пунктунда көрсөтүлгөн документтер жана маалыматтар автоматтык түрдө суралат жана мамлекеттик маалыматтык системаларда жана мамлекеттик маалыматтык ресурстарда, аларда тиешелүү маалыматтар болгон учурда чагылдырылат.
Ушул Жобонун 10-пунктунда көрсөтүлгөн документтер жана (же) маалыматтар «Түндүк» ЭВӨСтө жок болгон учурда аларды санариптештирүү жана мамлекеттик маалыматтык системаларга жана мамлекеттик маалыматтык ресурстарга белгиленген тартипте киргизүү үчүн арыз ээси жашаган (турган) жери боюнча КТБга кайрылат;
2) ушул Жобонун 10-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин көчүрмөлөрүн тиркөө менен жашаган (турган) жери боюнча социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү аймактык бөлүмгө:
– «Түндүк» ЭВӨС аркылуу арыз берүүгө мүмкүн болбогондо;
– ишенимдүү адам тарабынан;
– асырап алуучу тарабынан;
– камкорчу (убактылуу камкорчу) тарабынан;
– кайрылман статусу бар адам тарабынан.
12. «Бала ырысы» ар айлык жөлөкпулун дайындоо үчүн кайрылганда бул жөлөкпул дайындалып жаткан адамдын иш жүзүндө жашаган жери «Түндүк» ЭВӨС аркылуу алынган каттоо эсеби жөнүндө маалыматтардын негизинде аныкталат.
13. «Бала ырысы» ар айлык жөлөкпулун дайындоо үчүн кайрылган күн болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) «Түндүк» ЭВӨСтө арыз катталган күн;
2) ушул Жобонун 10-пунктунда каралган бардык документтер берилген шартта социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү аймактык бөлүмгө арыз берилген күн.
14. Арыз ээлери социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү аймактык бөлүмдөрдөн «Бала ырысы» ар айлык жөлөкпулун дайындоо жана алуу маселелери боюнча түшүндүрмөлөрдү алууга укуктуу.
15. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлери балдарды социалдык коштоону жүргүзгөн социалдык кызматкерлер менен биргеликте төрөлгөндөн үч жашка чейинки курактагы балдары бар жана турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөргө зарыл болгон социалдык, укуктук, психологиялык-педагогикалык, медициналык жардам көрсөтүшөт.
Аталган жардам балдардын келечектүү өнүгүүсүн колдоого жана ага көмөк көрсөтүүгө, үй-бүлөнүн тарбиялык потенциалын чыңдоого, ата-энелердин, камкорчулардын жана баланы тарбиялоо жана багуу үчүн жооптуу болгон башка адамдардын көндүмдөрүн жана мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүгө багытталган.
Жардам көрсөтүү үй-бүлө менен жекече иштөө планына жана (же) баланы коргоо боюнча жекече планга ылайык иш-чараларды аткаруу мөөнөттөрүн жана жооптуу адамдарды көрсөтүү менен жүзөгө ашырылат.
3-глава. «Бала ырысы» ар айлык жөлөкпулун дайындоо жана
кайра эсептөө тартиби
16. «Бала ырысы» ар айлык жөлөкпулун дайындоо үчүн документтер төмөнкүдөй түзүлөт:
1) арыз электрондук түрдө берилгенде «Түндүк» ЭВӨС аркылуу;
2) арыз кагаз түрүндө берилгенде «Социалдык камсыздоонун бирдиктүү системасы» автоматташтырылган маалыматтык системасы (мындан ары – СКБС) аркылуу.
17. Социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү аймактык бөлүм «Түндүк» ЭВӨСтүн жана СКБСтин базасында арыз ээси тарабынан берилген маалыматтардын аныктыгын жана толуктугун текшерет.
18. Социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү аймактык бөлүм жок болгон же тактоону талап кылган документтер жана маалыматтар жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда жана калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда «Түндүк» ЭВӨС аркылуу бир жумуш күндүн ичинде маалыматтарды сурайт.
19. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу «Кызмат» мамлекеттик мекемеси жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен биргеликте маалыматтык системалар аркылуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймактарында калктын жана үй чарбаларынын эсебин жүргүзүүнү, ошондой эле «Санарип аймак» автоматташтырылган маалыматтык системасында камтылган маалыматтардын толуктугун, аныктыгын жана актуалдуулугун камсыз кылат.
Ушул пунктта көрсөтүлгөн маалыматтар «Бала ырысы» ар айлык жөлөкпулун дайындоо жөнүндө арыздарды каттоодо арыз ээсинин жашаган (турган) жерин, анын ичинде бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда, ошондой эле өзгөчө статусу бар айрым чек арага чектеш аймактарда жайгашкан калктуу конуштарда жашагандыгын ырастоо үчүн колдонулат.
20. «Түндүк» ЭВӨС аркылуу маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн алкагында «Бала ырысы» ар айлык жөлөкпулун дайындоо жөнүндө арыздарды каттоодо социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкүлөр жөнүндө маалыматтар келип түшөт:
1) балдардын фамилиясы, аты, атасынын аты;
2) балдардын туулган датасы;
3) ата-энесинин (асырап алуучулардын, камкорчулардын) жана башка мыйзамдуу өкүлдөрүнүн жарандыгы;
4) баланын фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөртүү;
5) баланын идентификациялык жеке номеринин (мындан ары – ИЖН), анын ичинде асырап алуу, туулган күнүн өзгөртүү же ИЖНдеги каталарды оңдоо учурларында өзгөрүшү.
21. Калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган «Бала ырысы» ар айлык жөлөкпулун дайындоо үчүн кайрылган үй-бүлө мүчөлөрүндө ИЖНдин болушун ырастайт.
22. Жаңы электрондук арызды каттоого төмөнкүдөй учурларда жол берилбейт:
1) жаңы арыздын маалыматтарына дал келген баланын фамилиясы/аты/атасынын аты менен «Бала ырысы» ар айлык жөлөкпулун дайындоо жөнүндө мурда катталган арыз болгондо;
2) мурунку ИЖНи менен «Бала ырысы» ар айлык жөлөкпулун дайындоо жөнүндө мурда катталган арыз болгон учурда баланын ИЖНин өзгөртүүдө (асыроого, туулган күнүн өзгөртүүгө, ИЖНдеги каталарды оңдоого байланыштуу);
3) «ЖААК» автоматташтырылган маалыматтык системасында баланын туулгандыгы тууралуу жазуу акты өчүрүлгөндө, анын негизинде социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан «Бала ырысы» ар айлык жөлөкпулу дайындалган жана чегерилген жана ал төлөнүп берилген.
23. «Бала ырысы» ар айлык жөлөкпулун дайындоо же дайындоодон баш тартуу жөнүндө чечим социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү аймактык бөлүм тарабынан «Бала ырысы» ар айлык жөлөкпулун дайындоо жөнүндө арыз катталган күндөн тартып 5 (беш) жумуш күндөн ашпаган мөөнөттүн ичинде документтерди текшерүүдөн кийин кабыл алынат.
«Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу электрондук арыз берген учурда, «Түндүк» ЭВӨС «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу электрондук билдирүү жөнөткөн күндөн тартып бир жумуш күндөн кечиктирбестен «Бала ырысы» ар айлык жөлөкпулун дайындоону же дайындоодон баш тартууну автоматтык түрдө камсыз кылат.
24. Социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү аймактык бөлүм «Бала ырысы» ар айлык жөлөкпулун дайындоо же дайындоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып арыз берүүдө (кагаз түрүндө) арыз берүүчү тарабынан көрсөтүлгөн маалымдоо ыкмасынын тандалышына жараша арыз ээсине кабыл алынган чечим жөнүндө СМС-билдирүүлөр же жоопту арыз ээсинин электрондук почтасына жөнөтүү аркылуу бир жумуш күндүн ичинде билдирет.
25. «Бала ырысы» ар айлык жөлөкпулун дайындоого жана төлөөгө байланыштуу талаш маселелер келип чыккан учурда аталган маселе Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана шаар мэрияларынын алдындагы Мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө жана төлөө жөнүндө жарандардын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча комиссия (мындан ары – Комиссия) тарабынан каралат. Комиссия жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
26. «Бала ырысы» ар айлык жөлөкпулун дайындоодо жана төлөөдө арыз ээлери жазуу жүзүндө жана электрондук түрдө жазылган кайрылуу менен, арыз же даттануу менен, анын ичинде электрондук билдирүүлөр мамлекеттик системасы аркылуу берилген Комиссияга кайрылууга укуктуу.
27. Арыз ээлери Комиссиянын чечими менен макул болбогон учурда сот тартибинде даттанууга укуктуу.
28. «Бала ырысы» ар айлык жөлөкпулу кайрылган айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып балдар үч жашка чыкканга чейин дайындалат.
29. «Бала ырысы» ар айлык жөлөкпулун төлөө социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен тиешелүү келишим түзүлгөн банкта ачылган алуучунун эсебине акча каражаттарын чегерүү жолу менен накталай эмес формада жүргүзүлөт.
30. «Бала ырысы» ар айлык жөлөкпулунун өлчөмүн кайра эсептөө СКБСга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жолу менен төмөнкүдөй учурларда автоматтык түрдө жүргүзүлөт:
1) жөлөкпулдун жаңы өлчөмүн белгиленген тартипте аныктоодо;
2) эмгек акыга кошумча акылардын коэффициентин белгилөөдө, өзгөртүүдө же алып салууда, анын ичинде жөлөкпул алуучунун жашаган жерин өзгөртүүдө, эгерде жаңы жашаган жери боюнча калктуу конуштарда эмгек акыга жана башка социалдык төлөмдөргө кошумча акылардын башка коэффициенти белгиленсе.
31. «Бала ырысы» ар айлык жөлөкпулун жаңы өлчөмдө дайындоо эгерде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен башка дата аныкталбаса, тиешелүү өзгөртүүлөр болгон айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып жүргүзүлөт.
32. «Бала ырысы» ар айлык жөлөкпулун төлөө төмөнкүдөй учурларда токтотулушу мүмкүн:
1) алуучу Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары туруктуу жашоого чыгып кеткенде;
2) «Бала ырысы» ар айлык жөлөкпулу чектелген бала (балдар) каза болгондо (өлгөндө);
3) баланы толук мамлекеттик камсыздоого өткөрүп бергенде;
4) «Бала ырысы» ар айлык жөлөкпулу дайындалгандан же төлөнгөндөн кийин аныкталган жалган документтердин негизинде төлөмдөрдү алууну караган, жөлөкпулду негизсиз дайындоо фактыларын аныктоо;
5) «Бала ырысы» ар айлык жөлөкпулун алган бала (балдар) үч жашка толгондо.
4-глава. Мониторинг жана жоопкерчилик
33. «Бала ырысы» ар айлык жөлөкпулун дайындоого жана төлөөгө, арыздардын талаптагыдай каралышына мониторинг жүргүзүү жана контролдоо социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген тартипте «Түндүк» ЭВӨС жана СКБС аркылуу социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
34. Төрөлгөндөн үч жашка чейинки балдары бар, оор турмуштук кырдаалда турган үй-бүлөлөргө мониторинг жүргүзүү зарылчылыгына жараша, бирок үч айда бир жолудан кем эмес, социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен тартипке ылайык турмуштук оор кырдаалда турган балдардын маалыматтарын эсепке алуунун автоматташтырылган маалыматтык системасын пайдалануу менен жүргүзүлөт.
35. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу «Кызмат» мамлекеттик мекемеси менен биргеликте квартал сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 15ине чейин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймагындагы калкты жана үй чарбаларын талаптагыдай эсепке алууну, ошондой эле «Бала ырысы» ар айлык жөлөкпулун алуучулардын жашаган (турган) жери, анын ичинде бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда, өзгөчө статусу бар айрым чек арага чектеш аймактарда жайгашкан калктуу конуштар жөнүндө маалыматтар бөлүгүндө «Санарип аймак» автоматташтырылган маалыматтык системасындагы санариптик жазуулардын автоматташтырылган контролун, аныктыгын жана актуалдуулугун камсыз кылат.
36. «Бала ырысы» ар айлык жөлөкпулун туура эмес дайындоого алып келген анык эмес маалыматтарды берген адамдар, ошондой эле «Бала ырысы» ар айлык жөлөкпулун туура эмес дайындоого жана төлөөгө күнөөлүү кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө же кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
37. «Бала ырысы» ар айлык жөлөкпулун алуучулар төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) 5 (беш) календардык күндүн ичинде социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү аймактык органга ар айлык жөлөкпулду төлөөнү токтотууга алып келүүчү жагдайлардын келип чыгышы жөнүндө кабарлоого;
2) жөлөкпулду мыйзамсыз дайындоого же төлөөгө алып келген жагдайлар аныкталган күндөн тартып алты айдын ичинде ар айлык жөлөкпулдун ашыкча алынган суммасын, анын ичинде төмөнкүдөй учурларда ыктыярдуу түрдө кайтарып берүүгө:
– анык эмес документтер же маалыматтар берилген учурда;
– калкты жана үй чарбаларын эсепке алуунун, ошондой эле жөлөкпул алуучулардын жашаган (турган) жери жөнүндө маалыматтардын аныктыгын жана актуалдуулугун текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча мыйзам бузуулар аныкталган учурда;
– жөлөкпул алуучунун эмгек акысына жана башка социалдык төлөмдөргө кошумча акылардын коэффициенти белгиленген калктуу конуштан мындай коэффициент болбогон же башка өлчөмдө белгиленген калктуу конушка көчүп кеткен учурда.
Ыктыярдуу түрдө кайтарып берүүдөн баш тарткан учурда ашыкча төлөнгөн сумма сот тартибинде өндүрүлүп алынат.