Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 29-майы № 376
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-майындагы № 267 «Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркын түзүү жөнүндө» токтомуна
өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын резиденттеринин ишинин «Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына шайкештигин контролдоо жана текшерүү механизмдерин өркүндөтүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-майындагы № 267 «Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркын түзүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын Байкоочу кеңеши жөнүндө жободо:
- 7-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
«- ЖТП резиденттеринин ишин талдоонун натыйжалары жөнүндө комплаенс-аудитордун отчетторун угат жана тиешелүү чечимдерди кабыл алат;
- ЖТП дирекциясынын ЖТП резиденттеринин отчетторун жиберүү жана маалымат алмашуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү тартибин жана формаларын бекитет;
- ЖТП дирекциясы ЖТП резиденттеринин отчетторун жана алардын иши жөнүндө башка маалыматтарды жиберүүгө милдеттүү болгон кошумча мамлекеттик органдарды (ЖТП дирекциясынын Уставында каралгандардан тышкары) аныктайт;
- ЖТП резиденттеринин мыйзам бузуулары жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардан келип түшкөн маалыматты карайт жана ал боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алат;
- ЖТП дирекциясынын директорунун сунушу боюнча комплаенс-аудиторду кызматка дайындоону жана бошотууну макулдаштырат.»;
- 10-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
«- ЖТП резиденттеринин иши жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардан алынган маалымат жана комплаенс-аудитордун корутундулары менен таанышууга;
- ЖТП дирекциясынан комплаенс-аудитор тарабынан ЖТП резиденттеринин ишине конкреттүү маселелер боюнча кошумча талдоо жүргүзүүсүн суроого.»;
- 15-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«15. Байкоочу кеңештин чечимдери бардык мүчөлөрдүн жалпы санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар бирдей болуп калган учурда төраганын (төрага жок болгондо – анын орун басарынын) добушу чечүүчү болуп саналат.
Байкоочу кеңештин чечимдери жазуу жүзүндөгү протокол менен таризделет, ага Байкоочу кеңештин жыйыны өткөрүлгөн күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде Байкоочу кеңештин жыйынга катышкан бардык мүчөлөрү кол коёт жана ал ЖТП дирекциясы жана Эксперттик кеңеш тарабынан алардын иши бөлүгүндө аткаруу үчүн милдеттүү болуп саналат.
Байкоочу кеңеш өз компетенциясынын чегинде жана Жогорку технологиялар паркы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык кабыл алган анын чечимдери ЖТП резиденттеринин статусуна, укуктарына жана милдеттерине тиешелүү бөлүгүндө ЖТП резиденттери тарабынан аткаруу үчүн милдеттүү болуп саналат.»;
- төмөнкүдөй мазмундагы 19-пункт менен толукталсын:
«19. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар Жогорку технологиялар паркы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын олуттуу бузулуулары аныкталган учурда ЖТП резиденти статусунан ажыратуу жөнүндө жүйөлүү сунуштарды Байкоочу кеңешке жиберүүгө укуктуу.»;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын резиденттерин каттоо тартиби жөнүндөгү жободо:
- 16-пунктта:
алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«- жылдык бухгалтердик (финансылык) отчеттун тууралыгына жыл сайын милдеттүү аудит жүргүзүүнү камсыз кылуу, анын натыйжасы ЖТП дирекциясына берилет. Кошумча, жылдык бухгалтердик (финансылык) отчеттун тууралыгын тастыктоодон тышкары, аудитордук текшерүү төмөнкүдөй максаттарда жүргүзүлүүгө тийиш:»;
- төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи – тогузунчу абзацтар менен толукталсын:
«ЖТП резидентинин ишинин түрлөрүнө коюлган талаптардын «Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык «Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинде каралган иштин түрлөрүн жүзөгө ашыруудан түшкөн кирешенин 90 %ынан кем эмес киреше алуу бөлүгүндө сакталышын талдоо;
резиденттин ишинин экспорттук багыттуулук талаптарынын «Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык экспорттоонун натыйжасында товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан түшкөн кирешенин 80 %ынан кем эмес киреше алуу бөлүгүндө сакталышын талдоо;
«Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык ЖТП резидентинин пайдасынын 1 %ы өлчөмүндө ЖТП дирекциясына милдеттүү чегерүүлөрдүн өлчөмүн жана толук төлөнүшүн аныктоо;»;
төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
«- ЖТП дирекциясынын же комплаенс-аудитордун суроо-талабы боюнча резиденттин ишинин Жогорку технологиялар паркы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына жана ЖТПда ишти жүзөгө ашыруу шарттарына шайкештигин контролдоо үчүн зарыл болгон, суралган финансылык маалыматты, документтерди жана түшүндүрмөлөрдү суроо-талапты алган учурдан тартып он жумуш күндүн ичинде берүү;
- «Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин талаптарына шайкештикке таасир этүүчү кирешенин (түшкөн акчанын) түзүмүндөгү өзгөрүүлөр, иштин түрлөрү жөнүндө, ошондой эле башка олуттуу жагдайлар пайда болгондугу жөнүндө мындай өзгөрүүлөр (жагдайлар) келип чыккан күндөн тартып он жумуш күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө ЖТП дирекциясына кабарлоо, анын ичинде алардын алкагында виртуалдык активдер жарандык укуктардын объекти катары пайдаланылган, эсептешүү же төлөм каражаты катары виртуалдык активдерди пайдалануу болуп саналбаган каршы берүүнүн (алмашуунун) объекти катары берилген жана (же) алынган жарандык-укуктук бүтүмдөргө катышкан же жарандык-укуктук милдеттенмелерди аткарган учурда кабарлоо;
- комплаенс-аудитордун же ЖТП дирекциясынын суроо-талаптары боюнча финансылык-чарбалык иштин маселелери боюнча түшүндүрмөлөрдү жана кошумча маалымат берүү.»;
- 17-пунктта «VII» деген цифралар «IV» деген цифраларга алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 181, 182-пункттар менен толукталсын:
«181. Эгерде ЖТП резидентинин түшкөн акчасы жок болсо жана эки жана андан көп биринин артынан бири келген кварталдардын ичинде нөлдүк отчет берсе, ЖТП дирекциясы резиденттин ишинин Жогорку технологиялар паркы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына шайкештигин баалоо жөнүндө маселени Эксперттик кеңеш тарабынан кароону демилгелейт.
182. Ушул Жобонун 181-пунктунда каралган кароонун натыйжалары боюнча Эксперттик кеңеш резиденттин иш жүзүндөгү чарбалык ишинин жана (же) Жогорку технологиялар паркы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына шайкештигине таасир этүүчү башка жагдайлардын бар же жок экендиги жөнүндө корутунду чыгарат.»;
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын дирекциясынын уставында:
- 12-пункт төмөнкүдөй мазмундагы он сегизинчи, он тогузунчу абзацтар менен толукталсын:
«- ЖТП резиденттери тарабынан берилүүчү отчеттордун жана маалыматтардын, ошондой эле Дирекцияда болгон башка маалыматтардын негизинде жүзөгө ашырылып жаткан иштин Жогорку технологиялар паркы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына туура келбей калуу тобокелдиктерин аныктоо жана Эксперттик кеңеш менен Байкоочу кеңештин кароосу үчүн материалдарды даярдоо максатында ЖТП резиденттеринин ишине мониторинг жана аналитикалык баалоо жүргүзөт;
- өз компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы жана башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен ЖТП режимин кыянаттык менен пайдалануунун алдын алуу максатында, анын ичинде маалымат алмашуу, жүйөлөштүрүлгөн кайрылууларды (суроо-талаптарды), анын ичинде ЖТПнын конкреттүү резиденттеринин отчетторуна жана маалыматтарына кошумча талдоо жүргүзүү жөнүндө сунуштарды кароо жолу менен ЖТП режимин колдонуу менен байланышкан маселелер боюнча өз ара аракеттенет;»;
- 13-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
«- Дирекция тарабынан анын функцияларын ишке ашыруунун алкагында алынган ЖТП резиденттеринин иши жөнүндө документтерди жана маалыматтарды Жогорку технологиялар паркы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Байкоочу кеңештин чечимдеринде каралган учурларда жана тартипте, маалыматты, жеке мүнөздөгү маалыматты коргоо жана мыйзам менен корголуучу башка сырлар жөнүндө мыйзамдардын талаптарын сактоо менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматына жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматына маалыматтык тартипте жиберүүгө. Дирекция тарабынан берилүүчү маалымат жана документтер ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан өздөрүнүн компетенциясынын чегинде жана аларга жүктөлгөн функцияларды жүзөгө ашыруу максатында гана пайдаланылат.»;
- 16-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
«- комплаенс-аудитордун ишин уюштурууну жана Дирекциянын ЖТП резиденттеринин ишин контролдоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат, ошондой эле резиденттердин отчетторунун аталган органдарга багытталышын координациялайт;
- Байкоочу кеңеш менен макулдашуу боюнча комплаенс-аудиторду кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот.»;
- 21-пунктта «Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинде аныкталган ЖТПнын ишинин түрлөрүнө» деген сөздөр «Жогорку технологиялар паркы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 28-пунктта «Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинде саналган иш түрлөрүнө» деген сөздөр «Жогорку технологиялар паркы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 41-глава менен толукталсын:
«41. Комплаенс-аудитор
281. Комплаенс-аудитор ЖТП дирекциясынын кызмат адамы болуп саналат, ал Байкоочу кеңеш менен макулдашуу боюнча Дирекциянын директору тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
282. Комплаенс-аудитор төмөнкү талаптарга туура келиши керек:
- экономика, финансы же бухгалтердик эсеп чөйрөсүндө жогорку билимдин болушу;
- Кыргыз Республикасынын аудитордук иш жөнүндө мыйзамдарына ылайык аудитордун квалификациялык сертификатынын болушу;
- комплаенс-контроль жана ички контроль же мыйзамдардын, финансылык отчеттун жана салыктык жөнгө салуунун талаптарынын сакталышын талдоо менен байланышкан тобокелдиктерди башкаруу чөйрөсүндө кеминде беш жыл кесиптик иш тажрыйбасы;
- ЖТП резиденттери менен кызыкчылыктардын кагылышуусунун жоктугу.
283. Комплаенс-аудитор ЖТП резидентинин ЖТП ишинин түрлөрүнөн айырмаланган иштин түрлөрүн жүзөгө ашыруу фактыларын аныктоо, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын башка бузууларды аныктоо максатында төмөнкү функцияларды аткарат:
- ЖТП резиденттери тарабынан берилген аудитордук корутундуларга аларда камтылган маалыматтын аныктыгы жана толуктугу боюнча талдоо жүргүзөт;
- ЖТП резиденти статусуна туура келбеген ишти жүзөгө ашыруу белгилерин же салык салынуучу базаны төмөндөтүү фактыларын аныктоо боюнча ЖТП резиденттеринин финансылык отчетторун талдайт;
- ЖТП резиденттеринин ишинин «Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4, 6-беренелеринин талаптарына туура келүүсүн текшерет;
- мүмкүн болгон салыктарды жана (же) социалдык чегерүүлөрдү төлөөдөн качууну, салык базасын төмөндөтүүнү жана (же) ЖТП режимин колдонууда негизделбеген артыкчылыктарды алууну далилдеген белгилерди жана (же) жагдайларды аныктайт, анын ичинде алардын алкагында виртуалдык активдер жарандык укуктардын объекти катары пайдаланылган жана эсептешүү же төлөм каражаты катары виртуалдык активдерди пайдалануу болуп саналбаган каршы берүүнүн (алмашуунун) объекти катары берилген жана (же) алынган жарандык-укуктук бүтүмдөргө катышкан же жарандык-укуктук милдеттенмелерди аткарган учурда;
- ЖТП резиденттеринин киреше түзүмүн билдирилген иштин түрлөрүнө туура келиши боюнча талдайт;
- Дирекциянын директоруна, Эксперттик кеңешке жана Байкоочу кеңешке берүү үчүн ЖТП резиденттеринин финансылык жана аудитордук отчетторун талдоонун натыйжалары жөнүндө корутундуларды даярдайт;
- ЖТП резиденттеринин ишинде аныкталган мыйзам бузуулар жана четтөөлөр жөнүндө маалыматты тиешелүү чараларды көрүү үчүн Дирекциянын директоруна жиберет;
- ЖТП резиденттеринин ишине байланышкан маселелерди кароодо Эксперттик кеңештин жана Байкоочу кеңештин жыйындарына катышат;
- ЖТП резиденттеринин ишин финансылык контролдоого байланышкан маселелер боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенет;
- Байкоочу кеңеш үчүн ЖТП резиденттеринин финансылык абалы жана иши жөнүндө аналитикалык отчетторду даярдайт;
- Ушул Уставга ылайык ЖТП резиденттери жөнүндө отчетторду жана маалыматтарды даярдоону жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга өз убагында жиберүүнү камсыздайт;
- Дирекциянын директорунун тапшырмаларына жана Байкоочу кеңештин чечимдерине ылайык ЖТП резиденттеринин ишин комплаенс-контролдоого байланышкан башка функцияларды жүзөгө ашырат.
284. Комплаенс-аудитор өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, «Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, аудитордук иш жөнүндө мыйзамдарды, салык мыйзамдарын, ушул Уставды жана Дирекциянын директору тарабынан бекитилүүчү кызматтык нускаманы жетекчиликке алат.
285. Комплаенс-аудитор төмөнкүлөргө укуктуу:
- ЖТП резиденттеринен комплаенс-контролду жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон кошумча маалыматты жана документтерди суроого;
- ЖТП резиденттеринен алардын финансылык-чарбалык ишинин маселелери боюнча түшүндүрмөлөрдү алууга;
- мыйзамдарда белгиленген тартипте ЖТП резиденттери жөнүндө маалымат алуу үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга кайрылууга;
- Дирекциянын директоруна, Эксперттик кеңешке жана Байкоочу кеңешке ЖТП резиденттеринин ишин контролдоону өркүндөтүү маселелери боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- ЖТП резиденттеринин ишин текшерүүлөргө катышууга.
286. Комплаенс-аудитор даярдаган корутундуларынын тууралыгы жана негиздүүлүгү үчүн Кыргыз Республикасынын эмгек жана башка мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.»;
- 6-глава төмөнкүдөй мазмундагы 361-пункт менен толукталсын:
«361. ЖТП резиденттеринин ишине байланышкан документтерди жана маалыматтарды иштеп чыгуунун жана жиберүүнүн белгиленген тартибинин жана мөөнөттөрүнүн, ошондой эле маалыматтын купуялуулугун камсыз кылуу боюнча талаптардын бузулушуна күнөөлүү болгон Дирекциянын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын эмгек жана башка мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.».
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 2-июнундагы № 40 (3800) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |