ОРМОН-ХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
КЕЗЕКСИЗ XVII СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 30-апрели № 17/1
Ормон-Хан айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштуктун
Уставын бекитүү жөнүндө
Ормон-Хан айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштуктун Уставын бекитүү боюнча Ормон-Хан айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын маалыматтын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 21, 34-беренелерин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:
1.Ормон-Хан айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштуктун Уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Ормон-Хан айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштуктун Уставы менен иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Регламент, депутаттык этика, укук жана мыйзамдулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Р.Жолдошбеков |
Ормон-Хан айыл аймагынын
жергиликтүү коомдоштуктун
УСТАВЫ
Биз, Ормон-Хан айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштугу , өз аймагыбызда жергиликтүү маанидеги маселелерди өз демилгебиз жана өз жоопкерчилигибиз менен чечүү укугубузду жана милдетибизди сезүү менен өзүбүздүн территориябыздагы жашаган жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрүнүн жана башка жарандардын бузулбас биримдигин, ынтымагын, коомдук тартипти жана тынчтыкты курууну камсыз кылууну, айыл аймагыбызды/шаарыбызды өнүктүрүүнү максат кылып; жергиликтүү коомдоштуктун ички жашоо-тиричилигинин негизги принциптерин жана эрежелерин күндөлүк турмушка киргизүүнү көздөп, ушул уставды кабыл алабыз.
1. Жалпы жоболор
1.1 Ормон-Хан айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштуктун Уставы — жергиликтүү коомдоштуктун жыйындарында (чогулуштарында) же курутайларында талкуунун жыйынтыгы боюнча айылдык кеңештин токтому менен бекитилген, жергиликтүү коомдоштуктун жашоо-турмушун, мүчөлөрүнүн укуктарын жана милдеттерин, жергиликтүү маанидеги маселелерди жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу ишин жөнгө салган негизги документ.
1.2. Устав Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү коомдоштуктун ички жашоосунун негизги принциптерин, мүчөлөрүнүн укук-милдеттерин, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдөгү коомдоштук менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара мамилелерин, анын ичинде бюджеттик процесске катышуусун аныктайт.
1.3. Устав Ормон-Хан айыл аймагында бардык жеке жана юридикалык жактар үчүн аткарууга милдеттүү.
2. Негизги түшүнүктөр
Жергиликтүү коомдоштук - айыл аймагында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары.
Жергиликтүү маанидеги маселелер - жергиликтүү коомдоштуктун жашоосуна тиешелүү маселелер.
Өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар - мамлекеттик органдардан жергиликтүү өз алдынча башкарууга берилген айрым ыйгарым укуктар.
Демилгелүү топтор — жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрү тарабынан түзүлгөн ыктыярдуу бирикмелер (элдик демилге, көйгөйдү чечүү, чогулуш/жыйындарды өткөрүү топтору).
Муниципалдык менчик — жергиликтүү өз алдынча башкаруунун менчиги жана киреше булагы.
Жергиликтүү ченем чыгаруу демилгеси — жергиликтүү актыларды сунуштоо, ченемдик укуктук актылардын долбоорун (токтомдун долбоорун) иштеп чыгууга жана жергиликтүү кеңештин кароосуна белгиленген тартипте киргизүүгө жергиликтүү коомдоштуктун укугу.
Жарандардын чогулушу/жыйындары, коомдук угуулар, муктаждыктарды иликтөө — жергиликтүү маанидеги маселелерди талкуулоо жана чечүү формалары.
3. Айылдык аймактын территориясы
3.1. Административдик-аймактык чек аралардын ичинде жайгашкан жерлерди өзүнө камтыйт.
3.2.Айылдык аймактын территориясы төмөндөгү айылдарды өзүнө камтыйт:
- Кочкор айылы;
- Теңдик айылы;
- Исакеев айылы;
- Көк-Жар айылы;
- Жаңы-Жол айылы;
- Семиз-Бел айыл;
- Кара-Саз айылы;
- Кара-Күнгөй айылы;
- Кара-Суу айылы;
4. Жергиликтүү коомдоштук
4.1. Жергиликтүү коомдоштукту Ормон-Хан айыл аймагында туруктуу жашап, жалпы кызыкчылыктары менен биригип, жергиликтүү маанидеги маселелерди өз жоопкерчилиги астында чечүүгө милдеттүү болгон Кыргыз Республикасынын жарандары түзөт.
4.2. Жаш курагы 16 жаштан жогорку мүчөлөр жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына катышууга тең укуктуу.
4.3. Жергиликтүү коомдоштук эл аралык, республикалык бирликтерге жана ассоциацияларга киргенге укуктуу.
4.4. Жергиликтүү коомдоштук, улуттук, тарыхий, маданий жана башка жергиликтүү салттарды жана өзгөчөлүктөрдү чагылдырган, жергиликтүү кеңештин чечими менен бекитилген расмий символдорду белгилөө укугуна ээ.
5. Жергиликтүү коомдуштуктагы мүчөлүк
5.1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте каттоодон өткөн жаран жергиликтүү коомдоштуктун мүчөсү деп эсептелет.
5.2. Жаран туруктуу же көпчүлүк убакта жаран бир жерде жашаса Кыргыз Республикасынын жарандары, шайлоо жана шайлануу укугусуз, жергиликтүү коомдоштуктун укуктарынан пайдалана алышат.
6. Жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрүнүн укуктары
6.1. Укуктары:
- Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайланууга жана шайлоого;
- демилгелүү топторду түзүү жана долбоорлорду иштеп чыгууга, айылдын муктаждыктарын изилдөөгө, инвестиция тартууга жана сунуштарды киргизүүгө катышуу;
- шайлоолордо жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында иштөөгө катышуу;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана мамлекеттик органдарга арыздар, даттануулар жана маалымат суроолору менен кайрылуу, мамлекеттик жана кызматтык сырлардан башка, маалымат алуу;
- коомдук иш-чараларга, айылдык жыйындарга, коомдук угуулардын, айылдык кенештин сессияларына жана комиссиялардын отурумдарына катышуу;
- башка мүчөлөрдөн Уставды жана мыйзамдарды сактоосун талап кылуу, зарыл болсо укук коргоо органдарына кайрылуу;
- жергиликтүү бюджетти түзүүгө катышуу жана чыгымдар боюнча маалымат алуу;
- ыктыярдуу түрдө жергиликтүү коомдоштук тан чыгуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана коомчулуктун Уставы менен белгиленген башка укуктарды жүзөгө ашыруу.
- жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрүнүн укуктарын чектөөгө жол берилбейт жана чектөө соттук тартипте даттанылышы мүмкүн.
6.2. Милдеттери:
- Конституцияны, мыйзамдарды жана Уставды сактоо;
- башка мүчөлөрдүн укуктарын урматтоо;
- дискриминацияга жол бербөө;
- этникалык жана социалдык конфликттерди алдын алуу;
- жаратылышты жана муниципалдык менчикти коргоо;
- санитардык эрежелерди сактоо;
- жайыт, суу жана коомдук жайлар боюнча эрежелерди сактоо.
- мыйзамдын чегинде белгиленген салыктардын жана жыйымдардын баардык түрлөрүн кечиктирбей өз убагында төлөө;
- турмуш-тиричилик шартын жакшыртууга багытталган баардык коомдук пайдалуу жумуштарга (социалдык багыттагы обьектилерди, жолдорду, көпүрөлөрдү, оңдогон арыктарды, көчөлөрдү, санитария боюнча тазалоого, көрктөндүрүүгө, жашылдандырууга жана башка максаттарында уюштурулган ашарларга) катыша алат;
- калктуу конуштардагы жалпы колдонуудагы жерлерде жүргөндө тазалыкты сактоо;
- калктуу конуштарда мал кармоодо айдоолорду майкандоого, талаадагы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жыйналган түшүмүн керектөөдөн чыгаруу же жок кылуу, бак-дарактарга зыян келтирүүгө жол бербөөгө, санитардык, ветеринардык жоболорду сактоо;
- мал жайууда малды Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» мыйзамына ылайык жайытка чыгарууга, же атайын мал жайууга ылайык жерлерге жайуу;
- ар бир улуттун намысын жана каада-салттарын урматтоого, улуттар аралык ынтымакты, биримдикти чыңдоо, ар бир улуттун маданиятын өркүндөтүүгө көмөк көрсөтүү;
- уруксатсыз аңчылык кылууга жана балык уулоого, жаратылыштагы жапайы жаныбарларга, өсүмдүктөргө бүлгүн салууга жол бербөө;
- үй бүлөлүк салтанаттарды, маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаттарын коомдоштук тар тарабынан кабыл алынган жобонун негизинде өткөрүү.
7. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу
7.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу - жергиликтүү коомдоштуктун жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталган өз кызыкчылыктарындагы жана өз жоопкерчилигиндеги өз алдынча ишмердүүлүгү Конституцияда белгиленген.
7.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жергиликтүү коомдоштук тар тарабынан өкүлчүлүктүү (жергиликтүү кеңештер) жана аткаруу органдары (айыл өкмөтү/шаардын мэриясы) аркылуу, ошондой эле жарандардын түздөн-түз катышуу жолу менен жүзөгө ашырылат.
7.3. Жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрү ошондой эле өз демилгеси, өз каражаттарынын жана башка тараптардын каражаттарынын эсебинен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү аркылуу да жергиликтүү өз алдынча башкарууну ишке ашырышат.
8. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
8.1. Ормон-Хан айылдык аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары - жергиликтүү кеңеш, айыл өкмөтү өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, мыйзамдарынын, башка ченемдик укуктук актыларынын, ушул Уставдын негизинде жалпы калктын атынан ачык жана жергиликтүү коомдоштуктун кызыкчылыктарында жүзөгө ашырышат, анын алдында жооптуу болушат.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (айыл өкмөтү, жергиликтүү кеңеш) Кыргыз Республикасынын жарандарынын мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышууга конституциялык укуктарын ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү боюнча мамлекеттик органдар менен тыгыз өз ара аракетте иштейт.
8.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын жетекчилери, жергиликтүү кеңештин депутаттары мезгил-мезгили менен бирок жылына бир жолудан кем эмес жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрүнүн алдында отчет берип турушат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттин жана жергиликтүү коомдоштуктун алдында жооптуу.
8.3. Айыл өкмөтү маанилүү маселелер боюнча чечим кабыл алуунун алдында, жергиликтүү кеңештин кароосуна жалпы коомдоштук ка тиешелүү чечимдердин долбоорлорун даярдап киргизүү учурунда жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрүнүн пикирлерин жана сунуштарын сурап билүүгө, алар кабыл алынгандан кийин коомдоштуктун мүчөлөрүн кабарландырууга милдеттүү.
8.4. Жергиликтүү кеңеш өзүнүн сессиясынын датасы жана күн тартиби жөнүндө алдын ала жарандарга маалымдоого, алардын сессияга, жыйындарга катышуусуна шарт түзүүгө, ошондой эле кабыл алынган чечимдер боюнча жергиликтүү коомдоштук ты маалымдоого милдетүү. Конституцияга жана мыйзамга каршы келген, улуттук коопсуздукка коркунуч келтирген аракеттерди жасоого укугу жок.
9. Жергиликтүү маанидеги маселелер
9.1.Жергиликтүү маанидеги маселелер – бул айыл аймагынын жашоо-турмушунун тутумунун иштешин жана өнүгүшүн уюштуруу, жергиликтүү коомдоштуктун жашоо тиричилигин жана башка таламдарын канааттандырууну камсыз кылуу үчүн жергиликтүү коомдоштуктун жана анын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагына берилген маселелер.
9.2 Жергиликтүү коомдоштук тар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик органдардын компетенциясына кирбеген жана КР мыйзамдарында карама-каршы келбеген шартта өздөрүнүн географиялык, салттык, этностук, чек-аралык жана башка өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу жергиликтүү маанидеги кошумча маселелерди жергиликтүү коомдоштуктун Уставында белгилөөгө укуктуу.
9.3. Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү коомдоштуктун өз ара мамилелеринин тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамы, башка ченемдик укуктук актылары, ошондой эле жергиликтүү коомдоштуктун уставы менен белгиленет.
9.4. Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн натыйжалары боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү коомдоштуктун жарандардын демилгеси боюнча өз алдынча түзүлгөн топтору тиешелүү аймактын жергиликтүү коомдоштугу на отчет берет.
10. Жергиликтүү коомдук уюмдар
10.1. Жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрү аймакты өнүктүрүү максатында ардагерлер, аксакалдар, аялдар жана жаштар башка коомдук уюмдарды түзүүгө укуктуу.
10.2. Бул уюмдардын уюштуруу формалары ушул Уставда же алардын ички жоболорунда аныкталат.
- Жарандардын тикелей эрк билдирүү формалары
11.1. Жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрү маанилүү жергиликтүү маселелер боюнча курултайларды, жыйындарды (чогулуштарды) жана коомдук угууларды өткөрүүгө укуктуу.
11.2. Жыйындардын жана курултайлардын кабыл алынган сунуштамалары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кароого жиберилет.
11.3. Коомдоштуктун мүчөлөрү менен кеңири талкуулоону талап кылган жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу үчүн жергиликтүү коомчулук төмөнкү тикелей эрк билдирүү формаларын колдонууга укуктуу:
- жыйындар (чогулуштар);
- коомдук угуулар;
ушул Уставда каралган башка формалар.
11.4. Тикелей эрк билдирүүнүн формалары коомчулуктун ачык-айкындуулугун жана мүчөлөрдүн кеңири катышуусун камсыз кылууга багытталат.
11.5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аймактын жашоо тиричилигин уюштуруу, социалдык-экономикалык пландаштыруу жана калкка кызмат көрсөтүү үчүн жергиликтүү маанидеги маселелерди чечет (КР “Жергиликтүү мамлекеттик админристрация жана жергиликтүү өз алдынча башкару жөнүндө” Мыйзамы, (27-берене).
11.6. Мамлекеттик органдардын ыйгарым укугуна кирбеген жана мыйзамдарга каршы келбеген, жергиликтүү коомдоштук өзүнүн өзгөчөлүктөрүнө (географиялык, салттык, этностук ж.б.) жараша кошумча маселелерди жергиликтүү коомдоштуктун Уставында аныктоого укуктуу.
12. Жергиликтүү ченем чыгаруу (элдик) демилгеси
12.1. Жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрү жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча токтом долбоорун демилгелөө укугуна ээ. Жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрү тарабынан ченем чыгаруу демилгеси тартибинде иштелип чыккан жана айылдык кеңешке киргизилген токтомдун долбоору милдеттүү түрдө демилгечилердин жана башка кызыкдар тараптардын өкүлдөрүнүн катышуусунда каралууга жатат.
12.2. Чет элдиктер, эркиндигинен ажыратылган, мыйзамсыз аракетке жөндөмсүз жарандар демилгеге катыша албайт.
12.3. Элдик ченем жаратуу демилгени ишке ашырууга Кыргыз Республикасынын бардык аймагында - шаарда же айыл аймагында согуштук же өзгөчө кырдаалдар киргизилген шарттарда жол берилбейт.
12.4. Ченем жаратуу демилгеси иретинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келген жергиликтүү кеңештин токтомунун долбоорлору жергиликтүү кеӊешке киргизилбейт.
13. Демилгелүү топтун иши
13.1. Жергиликтүү кеңештин токтомунун долбоорун демилгелөө жана киргизүү тууралуу сунуш менен чыккан жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрү элдик демилгени ишке ашыруу үчүн курамы 7-11адамдан турган демилгечи топту түзүшөт.Айыл аймагында жашап турган жана 18 жашка чыккан жергиликтүү коомдоштуктун мүчөсү демилгечи топтун мүчөсү боло алат (Демилгечи топтун мүчөлөрүнүн саны жергиликтүү коомдоштуктун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ыктыяры менен белгиленет).
13.2. Демилгечи топ токтомдун долбоорун демилгелеген жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрүнүн керектүү санынын колу коюлгандыгын тастыктаган баракчаларды топтоп бүткөндөн кийин токтомдун долбоорун жергиликтүү кеңешке киргизет.
Жергиликтүү ченем жаратуу демилгесине укуктуу жергиликтүү коомдоштуктун калкынын саны 20001ден жана андан жогору шаарларда жана айылдык аймактарда 1000 адамды, калкынын саны 6001ден 20000 ге чейинки шаарларда жана айылдык аймактарда 600 адамды, калкынын саны 6000ге чейинки шаарларда жана айылдык аймактарда 300 адамды түзөт.
13.3. Токтомдун долбоорун кароо тууралуу арызга төмөндөгүлөр кошо тиркелет:
- токтомдун долбоорун жергиликтүү кеңештин кароосуна киргизүү тууралуу чечим кабыл алынган демилгечи топтун жыйналышынын протоколу;
- токтомдун долбоорунун тексти, ошондой эле анын электрондук версиясы;
- маалымкат-негиздеме;
- жергиликтүү кеңештин мурда кабыл алынган токтомуна өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор киргизилген учурда салыштырма таблица;
- төмөндөгү маалыматтар (жергиликтүү коомдоштуктун мүчөсүнүн фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы, жашаган (туруктуу) жери, паспортунун сериясы жана номери, жергиликтүү кеңешке демилгечи топ даярдаган токтомдун долбоорун киргизүү үчүн коюлган колу) камтылган кол коюу барагы.
13.4. Элдик демилге иретинде жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрү тарабынан киргизилген жергиликтүү кеңештин токтомунун долбоору жергиликтүү кеңеш тарабынан милдеттүү түрдө эң жакынкы өтө турган кезектүү (кезексиз) туруктуу комиссиянын жыйынында жана жергиликтүү кенештин сессиясында каралууга жатат. Аталган долбоорду жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиясынын жыйынында жана сессиясында кароо демилгечи топтун мүчөлөрүнүн милдеттүү түрдө катышуусу менен жүргүзүлөт.
13.5. Жергиликтүү кеңеш мөөнөтүнөн мурда ишин токтоткон учурда жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрү тарабынан киргизилген токтомдун долбоору өз күчүн сактап калат жана жаңы чакырылыштагы жергиликтүү кеңеш тарабынан каралууга жатат.
13.6. Элдик демилге укугун эркин ишке ашырууга күч колдонуу, коркутуу, бурмалоо же бөгөт коюу аракеттери мыйзам боюнча жоопкерчиликке тартылат.
14. Элдик жыйын (чогулушту)
14.1. Элдик жыйын (чогулуш)жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча жергиликтүү коомдоштуктун пикирлерин эске алуу, айыл өкмөтүнүн башчысынын жана айылдык кеңештин депутаттарынын маалыматтарын угуу жана талкуулоо максатында өткөрүлөт.
14.2. Элдик жыйын (чогулуш)бир көчөнүн, кварталдын, кичи райондун же айылдын жашоочуларынын катышуусу менен өткөрүлөт жана анын жыйынтыгында сунуштар кабыл алынат.
14.3. Элдик жыйын (чогулуш)ачык-айкын өткөрүлөт. Түшкөн суроолорго жана сунуштарга мүмкүнчүлүккө жараша ошол жерде жооп берилет, жооп берүүгө мүмкүн болбогон учурда алар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан 3 күндүн ичинде каралып, жыйынтыгы жазуу жүзүндө билдирилет.
14.4. Элдик жыйындарды (чогулуш)өткөрүүгө байланышкан чыгымдар жергиликтүү бюджеттин эсебинен жабылат.
15. Элдик жыйында (чогулуш) каралуучу маселелер
15.1. Элдик жыйында (чогулуш) төмөнкү маселелер каралат:
- жергиликтүү коомдоштуктун уставынын долбоору жана ага өзгөртүүлөр;
- аймакты өнүктүрүү программалары жана пландары (СЭӨП ж.б.);
- айылдын, көчөнүн, кварталдын көйгөйлөрүн чечүү боюнча биргелешкен аракеттер;
- этностор аралык ынтымакты бекемдөө жана алдын алуу иштери;
- муниципалдык менчикти пайдалануу маселелери;
- коммуналдык кызматтар жана тарифтер боюнча сунуштар;
- көрктөндүрүү, турак жай жана инфраструктура маселелери;
- курулуш, архитектура жана башкы план маселелери;
- элдик демилгелер;
- айыл өкмөтүнүн башчысынын жана айылдык кеңештин депутаттарынын отчеттору;
- административдик-аймактык өзгөрүүлөр боюнча маселелер;
- жергиликтүү коомдоштуктун жашоосуна байланышкан башка маселелер.
16. Элдик жыйынды (чогулушту) өткөрүүнүн демилгеси жана мезгилдүүлүгү
16.1. Элдик жыйын (чогулуштар) айыл өкмөтүнүн башчысы, жергиликтүү кеңеш, депутаттар же жергиликтүү коомдоштуктун демилгеси менен, бирок жылына эки жолудан кем эмес өткөрүлөт.
16.2. Кечиктирилгис маселелер боюнча чогулуштар шашылыш тартипте алдын ала кабарлоо менен чакырылышы мүмкүн.
16.3. Демилгелүү топтун минималдуу саны жергиликтүү коомдоштук жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аныкталат.
16.4. Демилге жазуу жүзүндө айыл өкмөтүнүн башчысына же айылдык кеңештин төрагасына берилет.
17. Элдик жыйынды (чогулушту) өткөрүү жөнүндө кайрылуу
17.1. Кайрылууда жыйынды (чогулушту) өткөрүүнүн негиздемеси, болжолдуу катышуучулардын саны, өткөрүлүүчү орду жана каралуучу маселелер көрсөтүлөт.
17.2. Кайрылуу 14 күндүн ичинде каралат.
17.3. Кайрылуу мыйзам талаптарына туура келбеген учурда, же маселени башка жол менен чечүүгө мүмкүн болсо, чогулушту өткөрүүдөн баш тартылышы мүмкүн.
17.4. Жыйынды (чогулуш) өткөрүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.
18. Элдик жыйынды (чогулушту) уюштуруу
18.1. Жыйынды (чогулушту) өткөрүү жөнүндө чечимде өткөрүлүүчү орду, датасы, убактысы жана күн тартиби көрсөтүлөт.
18.2. Жашоочуларга жыйын (чогулуш) боюнча маалымат кеминде 5 күн мурда маалымдалат.
18.3. Айыл өкмөтү жыйынды (чогулушту) уюштурууну, катышуучулардын эркин келүүсүн, протокол жүргүзүүнү жана жыйынтык документтерди даярдоону камсыз кылат.
19. Элдик жыйынды (чогулушту) өткөрүүнүн тартиби
19.1. Жыйында (чогулушта) төрага жана катчы шайланат, күн тартиби көпчүлүк добуш менен бекитилет.
19.2. Жыйында (чогулушта) баяндамалар угулат, суроолор жана сунуштар айтылат.
19.3. Чечимдер жана сунуштар ачык добуш берүү менен жөнөкөй көпчүлүк добуш аркылуу кабыл алынат.
19.4. Жыйындын (чогулуштун) жыйынтыктары протокол менен таризделип, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүлөт.
19.5.Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кабыл алынган сунуштар боюнча бир айдын ичинде калкка маалымат берүүгө милдеттүү.
19.6. Жыйындын (чогулуштун) укук ченемдүүлүгү катышуучулардын минималдуу саны менен аныкталат, ал жергиликтүү коомдоштук тарабынан белгиленет.
20. Коомдук угуулар
20.1. Коомдук угуулар - жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча калктын пикирин угуу, сунуштарды жана сын-пикирлерди алуу максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын демилгеси менен өткөрүлүүчү ачык талкуу.
20.2. Коомдук угуулар калктын талкууланып жаткан чечимге болгон мамилесин аныктоого, жарандардын суроо берүүсүнө, сунуш киргизүүсүнө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин жакшыртууга багытталат.
20.3. Коомдук угуулар жергиликтүү коомдоштуктун пикири өзгөчө мааниге ээ болгон маселелер боюнча өткөрүлөт.
20.4. Коомдук угуулар төмөнкү маселелер боюнча өткөрүлүшү мүмкүн:
- жергиликтүү бюджетти түзүү жана аткаруу;
- өнүктүрүү программаларынын жана пландарынын долбоорлору (СЭӨП, ж.б.);
- муниципалдык менчикти башкаруу;
- коммуналдык кызматтарга тарифтерди бекитүү;
- жергиликтүү коомдоштуктун жашоо-турмушуна байланышкан башка маселелер.
20.5. Коомдук угуулар, мүмкүн болушунча, бир гана маселе боюнча өткөрүлөт.
20.6. Коомдук угуулар жергиликтүү бюджет жана өнүктүрүү программалары боюнча милдеттүү түрдө, ал эми тарифтер жана башка маселелер боюнча зарылчылыкка жараша өткөрүлөт.
20.7. Коомдук угууларды уюштуруу жана өткөрүү шаардык мэрия, айыл өкмөтү тарабынан жүзөгө ашырылат жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланат.
20.8. Коомдук угуулар катышуучулардын минималдуу саны камсыз болгондо укук ченемдүү болуп саналат. Катышуучулардын саны жергиликтүү коомдоштук жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аныкталат.
21. Коомдук угууларды өткөрүүнүн тартиби
21.1. Коомдук угуунун датасы, орду, убактысы жана талкуулануучу маселеси алдын ала аныкталып, калкка жарыяланат.
21.2. Талкуулануучу документтердин долбоорлору коомдук угууга чейин калкка маалымат жеткирилет.
21.3. Коомдук угууда алып баруучу жана катчы дайындалып, сунуштар жана пикирлер протоколго киргизилет.
21.4. Коомдук угунун жыйынтыгы протокол менен таризделип, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан эске алынат.
21.5. Айыл өкмөтү коомдук угунун жыйынтыктары жөнүндө 10 күндүн ичинде калкка маалымат берет.
22. Жергиликтүү коомдоштуктун жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышуусу
22.1. Жергиликтүү коомдоштук жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө айыл өкмөтү жана жергиликтүү кеңеш менен өз ара аракеттенүү аркылуу катышууга укуктуу.
22.2. Жергиликтүү коомдоштуктун катышуусу муктаждыктарды биргелешип иликтөө, талкуулоо жана артыкчылыктуу маселелерди аныктоо аркылуу жүзөгө ашырылат.
22.3. Муктаждыктарды биргелешип иликтөө калктын ой-пикирин эске алуу менен өнүктүрүү программаларын жана пландарын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга багытталат.
22.4. Жамаааттын муктаждыктарын биргелешип иликтөө процессине төмөнкүлөр катыша алышат:
- жынысына, расасына, улутуна, тилине, туткан динине, кызматтык жана мүлктүк абалына көз карандысыз 18 жашка толгон жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрү;
- мамлекеттик уюмдардын, ишканалардын, мекемелердин, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнүн, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын, коомдук бирикмелердин ж.б. өкүлдөрү;
- жергиликтүү кеңештин депутаттары;
- шаардык мэриянын, айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлери.
23. Жергиликтүү коомдоштуктун негизги принциптери:
- Жергиликтүү коомдоштук элдин биримдигин, ынтымагын, коомдук тартипти жана тынчтыкты сактоону, жашоо шартын жакшыртууну максат кылат.
- Аймакта жашаган элдин үрп-адаттын, салттын сактап, заман талабына ылайык өнүктүрөт.
- Ар бир коомдоштук мүчөсү коомдук жашоого активдүү катышууга, эрежелерди сактоого, жергиликтүү бийликке талап коюу менен бирге жардам берүү.
- Аймактын өнүгүшүнө салым кошуу — коомдоштуктун толук кандуу жашоосунун негизги шарты.
23.1. Жергиликтүү коомдоштук ты уюштуруунун жана активдештирүүнүн эрежелери:
- Жергиликтүү коомдоштук жарандардын демилгеси жана ыктыярдуулугу менен төмөндөн жогору карай (үй, көчө, кварталдан айыл же шаарга чейин) түзүлөт. Катышуу таанышуу жана маалымат алмашуудан башталып, талкууга, андан кийин биргелешкен ишке өтөт.
- Биринчи этапта жашоочулар чогулуп таанышып, аймактагы көйгөйлөрдү аныкташат жана аларды чечүүгө даяр активдүү жарандар тандалат.
- Жергиликтүү коомдоштуктун мүчөсү – шарттарды жакшыртуу үчүн бийликке гана талап коюу эмес, коомдоштуктун ишине өз алдынча активдүү катышууну да талап кылат.
- Демилгечи жана активдүү жарандар жолугуп, тажрыйбалуу башка коомдоштук тар менен таанышып, алардын ишин үйрөнүшөт.
- Бардык катышуучулар менен бирге эмгек акциясы (тазалоо, көрктөндүрүү, оңдоо) өткөрүлөт.
23.2. Жергиликтүү коомдоштуктун ички жашоо-тиричилигинин эрежелери:
- Уставда мыйзамда так аныкталбаган же ишке ашыруусу татаал болгон, ошондой эле жергиликтүү бийликтин түз компетенциясына кирбеген маселелерди чечүү тартиби белгилениши мүмкүн.
Ички эрежелерди бузган учурда төмөнкү жаза чаралары колдонулат:
- эскертүү;
- эрежелердин бузулушун каттоо өндүрүү иштери коомдоштуктун кичи кеңеши тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте жүргүзүлөт.
23.3.Калктуу конуштарда мал, ит, мышык жана канаттууларды кармоо эрежелери:
- Мал-жандыктарды жана канаттууларды кармоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана тиешелүү эрежелерге ылайык жүргүзүлөт.
- Ар бир кожолук малын, ит-мышыгын өз убагында каттоодон өткөрүп, ветеринардык кароодон жана эмдөөдөн өткөрүүгө милдеттүү.
- Мал ээлери малын айыл өкмөтү белгилеген жайыттарга, көрсөтүлгөн мөөнөттө гана жаюуга тийиш.
- Жаныбарларды көчөлөрдө, сейил бактарда, аянттарда жана эс алуу жайларында бош багууга тыюу салынат. Ит-мышык кожоюну менен жипке байланган абалда болушу керек.
- Кароосуз калган жаныбарлар зыян келтирсе, эскертүү берилет.
- Тыюу салынган жайыттарга мал жаюуга, белгиленген убакыттан кеч же эрте көчүүгө болбойт. Кароосуз мал убактылуу кармоочу жайга айдалат.
- Айылдарда малды көзөмөлдөө үчүн бада уюштурулат. Эгинге же жер тилкелерине зыян келтирилсе, мал ээси же бадачы мыйзам чегинде жоопкерчилик тартат.
23.4. Калктуу конуштардагы жалпы пайдалануудагы жерлердин эрежелери:
- Жалпы пайдалануудагы жерлер – бардык адамдар эркин пайдалана алган коомдук аймактар.
- Жолдор, көчөлөр, тротуарлар, парктар, скверлер, аянттар, таштанды жайлары, көп кабаттуу үйлөрдүн подъезддери, лифттер, чердак, подвал, үйдүн айланасы, көлмөлөр жана пляждар кирет.
- Бул жерлерди тазалоо жана сактоого жергиликтүү эл биргелешип жооп берет.
- Жалпы пайдалануудагы жерлердин чек-аралары так аныкталууга тийиш.
- Бул жерлерди жеке менчикке сатууга тыюу салынат.
- Убактылуу соода же тамак-аш жайларын коюуга уруксат берилиши мүмкүн.
- Жалпы пайдалануудагы жерлер өз багытына ылайык колдонулушу керек.
3.5. Калктуу конуштарда сугат суусун биргелешип пайдалануу эрежелери:
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары калкты сугат суусу менен камсыз кылууга милдеттүү.
- Суу пайдалануучулар болуп жарандар, уюмдар жана жеке жана юридикалык жактар эсептелет.
- Сугат суусу огородду, там арканы, эгинди жана малды сугаруу үчүн пайдаланылат.
- Айыл өкмөтү суу пайдалануучулар ассоциациясы (СПА) менен бирге сууну бөлүштүрөт, сугаруу убактысын жана кезектүүлүгүн бекитет жана көзөмөлдөйт.
- Сууну туура жана сарамжалдуу пайдалануу үчүн мураб дайындалат.
- Сууну максатсыз же ысырап менен пайдалануу эрежени бузуу болуп эсептелет жана айып пул салынат. Бузуу жоюлбаса, суу пайдалануу укугу чектелет.
- Бул укук бузуулар үчүн айып пулдар тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү органдар тарабынан салынат.
23.6. Калктуу конуштарда ичүүчү сууну биргелешип пайдалануу эрежелери:
- Ичүүчү сууну колдонуу “Ичүүчү суу жөнүндө” КР Мыйзамы менен жөнгө салынат.
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылууга милдеттүү.
-Ичүүчү суу менен камсыздоо айылдарда тиешелүү мекеме тарабынан келишимдин негизинде жүргүзүлөт.
-Суу керектөөчүлөр ичүүчү суунун сапаты жана анын стандарттарга ылайыктыгы жөнүндө маалымат алууга укуктуу.
Абоненттер милдеттүү:
- суу эсептегичти (водомерди) орнотууга, сактоого жана тоңуудан коргоого;
- керектелген суу үчүн эсептегичтин көрсөткүчү боюнча өз убагында акы төлөөгө.
- Суунун сапаты кооптуу болсо, тиешелүү кызматтар калкты дароо кабардар кылууга тийиш.
- Бул укук бузуулар үчүн айып пулдар тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү органдар тарабынан салынат.
23.7. Жергиликтүү коомдоштуктун жалпы кызыкчылыгындагы иш-чараларга катышуу эрежелери:
- Коомдоштук тык иш-чаралар жарандардын руханий, физикалык жана социалдык муктаждыктарын калыптандыруу, элди бириктирүү жана ынтымакты чыңдоо үчүн өткөрүлөт.
- Бул иш-чараларга ишембиликтер, эмгек акциялары, маданий (майрамдар, фестивалдар, концерттер, жарманкелер) жана спорттук иш-чаралар кирет.
- Иш-чаралар коомдоштуктун сунуштарынын негизинде айыл өкмөтү/мэрия менен макулдашылып, алдын ала бир жылдык план боюнча уюштурулат. Зарыл болсо планга өзгөртүү киргизилет.
- Иш-чаралар жөнүндө маалымат (максаты, убактысы, орду ж.б.) уюштуруучулар тарабынан кулактандыруу, WhatsApp топтору жана башка жолдор менен коомдоштук ка жеткирилет.
- Ишембиликтер жана эмгек акциялары – жалпы кызыкчылыктагы расмий иш-чаралар болуп саналат жана тазалоо, оңдоо, көрктөндүрүү менен катар коомдоштук тык жоопкерчиликти күчөтөт.
- Коомдоштук мүчөлөрү мындай иш-чараларга катышууга милдеттүү. Катышууга мүмкүн болбосо, үй-бүлө мүчөсүн жиберүү же акча/тамак-аш менен компенсациялоо мүмкүн.
23.8. Калктуу конуштарда коомдук тартипти сактоого катышуу эрежелери:
- Коомдук тартипти сактоо ички иштер органдары менен коомдоштуктун биргелешкен аракеттери аркылуу жүргүзүлөт.
- Жергиликтүү коомдоштук тар жергиликтүү бийлик менен бирге коомдук тартипти сактоого катышат.
- Ар бир калктуу конушта ыктыярдуу негизде 10–15 адамдан турган элдик дружиналар түзүлөт.
- Айылдык/шаардык кеңеш дружинаны каттайт жана ички иштер органдары менен бирге мүчөлөрүнүн укук-милдеттерин түшүндүрүп, күбөлүк жана айырмалоочу белги менен камсыз кылууга көмөк көрсөтөт.
- Элдик дружина патрулдук маршруттарды жана графикти түзөт: жайкысын – дем алыш күндөрү, чукул кырдаалда – күн сайын.
- Элдик дружина милиция жана аксакалдар соту менен тыгыз иштеп, коомдук коопсуздук боюнча маалымат алмашып турат.
23.9. Жергиликтүү коомдоштук та адеп-ахлакты, салт-санааны жана коомдук биримдикти бекемдөө эрежелери:
- Каада-салттарды жана үрп-адаттарды сактоо – коомдоштук та ынтымакты, тынчтыкты, адеп-ахлакты жана улуттук баалуулуктарды (меймандостук, боорукердик, мекенчилдик ж.б.) бекемдөө.
- Жаш муунду ыймандуулукка, адептүүлүккө, жоопкерчиликке, улууларды сыйлоого жана эл-журтка кызмат кылууга тарбиялоо.
- Саат 22:00дөн 07:00гө чейин турак жайларда, ага жакын аймактарда, коомдук жана социалдык мекемелерде ызы-чууну күчөтүүгө тыюу салынат.
- Жылына бир жолу “Айыл аймагынын күнү” өткөрүлүп, жетишкендиктер, жалпы коомдоштук мүчөлөрү менен белгиленет.
- Бул эрежелерди аткарбоо үчүн уставга ылайык жоопкерчилик каралат
23.10. Үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн эрежелери:
- Коомдоштук баланын төрөлүшү, кыз узатуу, келин алуу, кудалашуу, конок күтүү жана белек берүү сыяктуу үй-бүлөлүк салтанаттарды улуттук салтка ылайык, заман талабына жараша өткөрүүнү колдойт.
- Үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби коомдоштук мүчөлөрүнүн пикирлери жана мыйзамдарда көрсөтүлгөн эрежелер эске алынып, жыйындарда жана курултайларда жобо иштелип чыгып, бекитилет. Ысырапкорчулукка жана ашыкча мактанууга жол берилбейт.
- Мыйзамдарды жана Президенттин Жарлыктарын жетекчиликке алып, салтанаттын убактысы, орду, узактыгы, катышуучулардын саны, автоунаалар, союлуучу мал жана белектер боюнча так чектөөлөр коомдоштук тарабынан аныкталат.
23.11. Маркумду акыркы сапарга узатуу жана эскерүү иш-чараларын өткөрүү эрежелери:
- Маркумду акыркы сапарга узатуу жана эскерүү иш-чаралары коомдоштук мүчөлөрүнүн пикирлери эске алынып, ашыкча шаңданууга жана мактанууга жол бербөө максатында жыйындарда жана курултайларда жобо иштелип чыгып, бекитилет.
- Маркумга байланышкан иш-чараларга сөөк коюу, кыркылык жана аш берүү кирет.
- Мыйзамдарды жана Президенттин Жарлыктарын жетекчиликке алып, ысырапкорчулукка жол бербөө үчүн бул иш-чаралардын убактысы, орду, узактыгы, союлуучу малдын саны, белек жана тартуулардын түрү менен көлөмү боюнча так чектөөлөр коомдоштук тарабынан кабыл алынган жобонун негизинде аныкталат.
23.12. Жергиликтүү коомдоштук та пикир келишпестиктерди жана чыр-чатактарды чечүү эрежелери:
- Коомдоштук өз аймагындагы жана ички жашоого байланышкан пикир келишпестиктерди жана чыр-чатактарды кароого укуктуу.
- Чыр-чатактар ар кандай себептерден чыгышы мүмкүн жана алар терс да, оң (көйгөйдү чечүүгө жардам берген) мүнөздө да болот.
- Эки же андан көп топтун ортосунда чыр чыкса, аны кароо үчүн калыс топ түзүлөт. Калыс топко жергиликтүү кеңеш, айыл өкмөтү/мэрия, аксакалдар соттору, ардагерлер, аялдар жана жаштар кеңештеринин өкүлдөрү кирет.
- Калыс топ тараптарды кезеги менен угат, суроо-жооп уюштурат жана ачык талкуу жүргүзөт. Топтун мүчөлөрү пикирлерин билдирип, улуусунун жыйынтык чечими менен бүтүм чыгарат.
Эгер тараптар макул болбосо, жаңы калыс топ түзүлүп, маселе кайрадан ошол эле тартипте каралат.
23.13. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомдук түзүмдөрдүн отчетторун угуунун эрежелери:
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана эл тарабынан шайланган же түзүлгөн коомдук уюмдар мыйзамдарда жана жоболордо көрсөтүлгөн тартипте эл алдында отчет беришет.
- Отчет угуу убактысы коомдоштук (кичи кеңеш) жана жергиликтүү бийлик тарабынан элдин пикири эске алынып, жарым жылда же жылына бир жолу белгиленет. Отчет берүү күнү жана убактысы алдын ала жетекчилерге жана элге кабарланат.
- Отчетторго коомдоштуктун бардык аймактарынан өкүлдөрдүн катышуусу камсыздалат жана суроо-жооп жана талкуу жүргүзүлөт. Жыйынтыгы боюнча «канааттандырарлык» же «канааттандырарлык эмес» деген баа берилет.
23.14. Жергиликтүү коомдоштуктун башка коомдоштук тар менен алака жүргүзүүсү:
- Коомдоштук коңшулаш же башка жергиликтүү коомдоштук тар менен ынтымакта жашоо, кызматташтык, чарбалык жана башка маселелер боюнча алака түзө алат.
- Ушул Уставга жана катышуучу коомдоштук тардын уставдарына, ошондой эле жазуу жүзүндөгү же оозеки макулдашууларга ылайык жүргүзүлөт.
27. Жергиликтүү коомдоштуктун өнүктүрүү жана кайрымдуулук фонду
Фондду түзүү жана каржылоо:
- Коомдоштуктун мүчөлөрү ыктыярдуу түрдө белгиленген өлчөмүндө өздөрүнө салык салып, фондго салым кошушат.
- Бул маселе коомдоштуктун чогулуштарында, квартал, көчө жана көп кабаттуу үйлөрдүн жыйналыштарында талкууланып чечилет.
Кошумча салымдар:
- Фондго коомдоштуктун мүчөлөрү гана эмес, башка жеке адамдар жана юридикалык жактар да салым кошо алышат.
Каттоо:
- Фонд «Коомдук фонд» катары коммерциялык эмес уюм болуп, мамлекеттик каттоодон өтүп, мыйзамга ылайык иштейт.
Фонддун каражаттарын колдонуу:
- Каражаттар жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жана кайрымдуулук иштерине жумшалат.
Долбоорлор ар түрдүү багытта болушу мүмкүн:
- Ишкерчилик (Бизнес-Инкубатор);
- өнөр жана кесипке үйрөтүү;
- адеп-ахлактык тарбиялоо.
Долбоорлорду тандоо жана каржылоо:
- Конкурстук комиссия (абройлуу адистер жана жергиликтүү кеңештин депутаттары) долбоорлорду карайт.
- Жактырган долбоорлор фонд тарабынан каржыланат.
24. Биргелешкен мониторинг жана баа берүү
24.1. Жергиликтүү коомдоштуктун артыкчылыктуу маселелерин чечүүдө ачыктыкты жана айкындыкты камсыз кылуу максатында биргелешкен мониторинг жана баа берүү жүргүзүлөт.
24.2. Биргелешкен мониторинг жана баа берүүнүн максаттары:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине жана муниципалдык кызматтардын сапатына баа берүү;
- социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларынын, долбоорлордун жана демилгелердин ишке ашырылышын көзөмөлдөө;
- кызматтарды жана иш-аракеттерди жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- этностор аралык мамилелерге мониторинг жүргүзүү.
24.3. Биргелешкен мониторинг жана баа берүү үчүн жергиликтүү кеңеш жумушчу топторду түзүүгө укуктуу.
24.4. Жумушчу топтордун курамына жергиликтүү кеңештин депутаттары, демилгелүү топтордун өкүлдөрү, жарандык коом жана жергиликтүү коомдоштуктунн мүчөлөрү кире алат. Курамы жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилет.
24.5. Жумушчу топтор:
- маалыматтарды жана документтерди талдоого;
- сурамжылоолорду жүргүзүүгө;
- долбоорлордун жана кызматтардын аткарылышына мониторинг жүргүзүүгө;
- сунуштамаларды берүүгө укуктуу.
24.6. Биргелешкен мониторинг жана баа берүүнүн жыйынтыктары калкка жеткиликтүү түрдө жарыяланат жана талкуулоого чыгарылышы мүмкүн.
25. Муниципалдык менчик
25.1. Муниципалдык менчик - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында, пайдалануусунда, тескөөсүндө турган, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кирешелерин алуучу булак катары кызмат кылуучу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун иш-милдеттерин жүзөгө ашырууга зарыл жергиликтүү коомдоштук тардын менчиги.
25.2. Жергиликтүү коомдоштук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылуу жолу менен муниципалдык менчикти башкарууга жана тескөөгө түздөн-түз катышат, бул кайрылуулар тийиштүү чараларды кабыл алуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан милдеттүү түрдө каралышы керек.
26.3. Муниципалдык менчикке кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк, акча каражаттары жана Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамында каралган башка мүлктүк укуктар кирет.
26.4. Муниципалдык менчик объекттеринин реестри жүргүзүлөт жана ал жарандар үчүн жеткиликтүү болот.
27. Жергиликтүү бюджет
27.1. Жергиликтүү бюджет – жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилет жана айыл өкмөтү тарабынан аткарылат.
27.2. Жергиликтүү бюджет кирешелерден жана чыгашалардан турат жана Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык түзүлөт.
27.3. Жергиликтүү бюджеттин долбоору жана анын аткарылышы ачык каралат, алар боюнча коомдук угуулар өткөрүлөт.
27.4. Бекитилген бюджет жана аткаруу боюнча отчет расмий түрдө жарыяланат.
28. Сыйлоо чаралары
28.1. Сыйлоо үчүн негиздер:
-Уставдын талаптарын үлгүлүү аткаруу;
- Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө активдүү катышуу;
- Жеке жана үй-бүлөлүк үлгүлүү жүрүм-турум;
- Кайрымдуулук жана спонсорлук ишмердүүлүк;
- Аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошуу;
- Коомдоштук ка кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууга катышуу;
Сыйлоо түрлөрү:
- Алкыш жарыялоо;
- Баалуу белектер, акчалай сыйлыктар, грамоталар;
- Ардактуу наамдар:
- “Мыкты үй-бүлө”, “Үлгүлүү үй”, “Үлгүлүү көчө”, “Үлгүлүү айыл/шаар”;
- Шаардын ардактуу атуулу ”, “Айыл аймактын ардактуу атуулу”;
- Ардак тактага илүү, Ардак китепчесине киргизүү;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына көрсөтүү.
Сыйлоо тартиби:
Сыйлоого сунуштоо: жашоочулар чогулушу, аксакалдар соту, коомдук уюмдар, шаар/айылдык администрация, жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан.
Жогорку наамдардын өзгөчөлүгү:
- Айылдык аймактын ардактуу атуулу” – эң жогорку наам;
- Өнүгүүгө өзгөчө салым кошкондорго берилет.
28.2. Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жигердүү катышкан жарандарга моралдык жана материалдык сыйлоо чаралары колдонулушу мүмкүн.
28.2. Сыйлоо чараларын колдонуу тартиби шаардык мэриянын, айыл өкмөтүнүн жана айылдык кеңештин чечимдери менен аныкталат.
29. Уставды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
29.1. Кызмат адамдары Уставды бузган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
30. Уставды кабыл алуу жана өзгөртүү тартиби
30.1. Устав жыйындарда же курултайларда талкуулангандан кийин жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алынат (өзгөртүлөт, толукталат) жана депутаттардын көпчүлүк добушу менен бекитилет. Уставга өзгөртүү жана толуктоолор коомдоштуктун мүчөлөрүнүн же жергиликтүү кеңеш депутаттарынын кеминде үчтөн бири тарабынан демилгелениши мүмкүн.
30.2. Устав белгиленген тартипте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында милдеттүү түрдө каттоодон өтөт. Уставды бекитүү жөнүндө ченемдик укуктук акт расмий жарыялангандан кийин уставдын тексти менен бирге Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмүнө Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жөнөтүлөт.