Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кабыл алынган датасы
2026-жылдын 11-июну № 567-VIII
Ж.С. Жоробаевди Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басары кызмат ордунан
мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 3-бөлүгүнүн 9-пунктун, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 23-пунктун, 123-беренесинин 1-бөлүгүн жана «Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 9-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м к ы л а т:
1. Жоробаев Жанибек Суюнбаевич Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басары кызмат ордунан 2026-жылдын 11-июнунан тартып мөөнөтүнөн мурда бошотулсун.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары |
|
| Б.А. Ибрагимов |